Кум кулакка!

Пан Ги Мун, БУУнун баш катчысы:
"Президент Бакиевди сөз эркиндигин камсыз кылууга чакырдым"
Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун Борбор Азиядагы сапары башталганда эле, Human Rights Watch уюму Пан Ги Мун аталган аймактагы адам укуктарынын абалы жөнүндө атайын сөз кылат деген үмүтүн билдирген.
Human Rights Watch, атап айтканда, адам укуктарын Борбор Азиядагы эң чалкеш жана зарыл маселе деп атап, баш катчыны бардык өлкөлөрдө жогорку деңгээлдеги жолугушуулар учурунда бул маселени башкы темалардын бири катары сөз кылганга чакырган.
"Эгер Улуттар Уюмунун баш катчысы - дүйнөдөгү эң маанилүү уюмдун жогорку лидери - адам укуктарын козгосо, менимче, бул маселенин мааниси көтөрүлмөк. Баш катчы өңдүү эң мартабалуу адам сөз кылганда адам укуктары жаатындагы проблемалардан аймактагы лидерлерге буйтактап кетүү өтө кыйын болмок", - деп айтылган Human Rights Watch уюмунун чакырыгында.
Ашхабадда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 3-апрелде Бишкекке келди.
Пан Ги Мундун Бишкектеги сапары көз карандысыз маалымат каражаттарынын, укук коргоо уюмдарынын БУУнун Бишкектеги үйүнүн алдында уюштурулган нааразычылык акциясы менен коштолду. "Ачык саясат", "Назар", "Алиби", "Форум" гезиттеринин, "Азаттык" үналгысынын, "Stan Media" телекомпаниясынын жана башка аларга тилектеш маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чогулуп: "Басма сөзгө эркиндик", "Пан Ги Мун менен жолугушууну суранабыз", "БУУ биздин укугубузду коргоого көмөктөш" деген плакаттарды кармап, үн күчөткүчтөр менен, ошол эле чакырыктарды айтып турушту.
Ал аралыкта, нааразычылык акциясы тууралуу кабар Пан Ги Мунга билдирилгендигин, анын атайын өкүлү пикетчилер менен жолугуп, талаптарын баш катчыга жеткире тургандыгын БУУнун Бишкектеги үйүнөн кабарлашты.
Журналисттердин бул нааразычылык акциясы таасир эттиби, айтор БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстандагы сапарында адам укугу жана ММКдагы оор абал негизги темалардын бири болду. Ал президент Курманбек Бакиев менен жолугушуудан соң Кыргызстандын өкмөтү - адам укуктарын сактоонун эл аралык милдеттерин карманышы керектигин кыргыз президентинен өтүнгөнүн журналисттерге маалымдады:
"Президент Бакиев менен жолугушуу маалында - өлкөдө адам укуктары толугу менен корголушу керектигин - буга кирген сөз эркиндиги менен медиа эркиндигин камсыз кылууга чакырдым. Улуттар Уюму үчүн адам укуктарын коргоо эң башкы милдет. Айрыкча, Кыргызстандагы соңку бир нече окуялар адам укуктарын коргоодогу эң орчундуу суроолорду жаратат. Мен президентке айткандай, өлкөдө адам укуктары толугу менен корголушу керек. Ошондой эле кыргыз президентин өлкөдө демократиялык жетишкендиктерди, анын ичинде сөз эркиндигин камсыз кылууда атайын иштерди аткарууга үндөдүм".
Ал ошондой эле, Кыргыз бийлигинин бардык жогорку бийлиги, анын ичинде өкмөт башчы Данияр Үсөнов, мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жана парламенттин депутаттары, спикер Зайнидин Курманов менен жолугушту.
Ал парламентте сүйлөгөн сөзүндө да адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына өзгөчө токтоло кетти.
БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Жогорку Кеңеште жолугушууларды өткөрүп жүргөн чакта, БУУнун делегациясы "Алиби" гезитинин баш редактору, иши токтоп калган "Назар" жана "Ачык саясат" гезиттеринин ээси Бабырбек Жээнбековду, СДПнын фракция жетекчиси Роза Отунбаеваны, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевди, "Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдырасулованы, Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар биримдигинин төрайымы Токтайым Үмөталиеваны, "Stan Media" телекомпаниясынын директору Кирилл Степанюкту жана "Азаттык" радиосунун Бишкек бюросунун жетекчиси Кубат Оторбаевди кабыл алды. "Азаттык" үналгысынын билдиргенине караганда, БУУ тарабынан жолугушууга баш катчынын орун басары Лин Пэскоу, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Ян Кубиш, БУУнун саясий маселелер боюнча департаментинин директору Лиза Буттунгейм жана БУУнун баш катчысынын басма-сөз катчысы Мартин Несирки катышкан. Жолугушууда Кыргызстанда адам укугу тебеленип, сөз эркиндиги кысым, басымга кабылып жатканы, журналисттерге болгон куугунтук, өлтүрүүлөр көбөйгөнү тууралуу сөз болгон.
Жолугушууга катышкан саясатчы Темир Сариев: "Биздин мамлекет эл аралык уюмдардын алдында бир топ милдеттенмелерди алган. Эгер ал милдеттенмелерден кайтып кете турган болсок, Бириккен Улуттар Уюмунун өзүнүн жол-жоболору бар, аларды колдонот. Мисалы, кээ бир мамлекеттерге алар санкция киргизгенге чейин барып жатышпайбы. Анткени, өздөрүнүн Коопсуздук кеңешинде көтөрүп, бул маселелерди караса, өнүккөн мамлекеттердин жетекчилери, алардын атайын органдары биздин мамлекетке өздөрүнүн катуу талаптарын кое баштайт. Ошол эле, эл аралык каржы уюмдары аркылуу талаптарды коет" деген пикирин билдирди.
Бирок, БУУнун баш катчысынын адам укуктары, ММКлардын айланасындагы үндөөсүнө кыргыз бийлиги кандай жооп кылары белгисиз. Акыркы жагдайларды эске алсак, көз карандысыз ММКларга карата жасалган кысымдар муну менен токтолуп калбайт. Алдыда дагы далай "сюрприздер" бар экенин боолголоо кыйын эмес. Бирок, бийлик "оорууну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деген макалды этибарга албай жаткандай. Аны түшүнүш үчүн да өзгөчө зиректик керек окшобойбу.

Заирбек БАКТЫБАЕВ



Кыргызстандын оппозициясынын Эл аралык коомчулукка билдирүүсү
Урматтуу мырзалар!
Эл аралык коомчулук Кыргыз Республикасында бүгүн алар элдик жана мыйзамдуу бийлик менен эмес, мамлекеттик бийликти тымызын колго алган кландык режим менен иш алып барып жатканын айкын түшүнүп, өздөрүнө отчет бериши керек. Курманбек Бакиев жана анын үй бүлөсүнө бул мүмкүнчүлүктү парламент, андан кийинки ОБСЕ жана башка эларалык уюмдар демократиялык эмес, ыплас деп тапкан президенттик шайлоолордун жыйынтыктары алып берди. Шайлоо жыйынтыктары ачыктан-ачык, карөзгөйлүк менен бурмаланды.
Бирок андан кийин да, Бакиев тарабынан парламент эле эмес, өкмөттү ыйгарым укуктарынан толук ажыраткан конституциялык эмес өзгөрүштөр жасалды. Бийлик, бюджеттик жана мамлекеттин карамагына келип жаткан башка каржы ресурстары, өлкө активдерине ээлик кылуу президенттин уулу жана башка үй бүлө мүчөлөрүнүн колуна салынып берилди. Ал үчүн конституциялык эле эмес, дегеле укуктук статусу жок структуралар түзүлдү. Азыр премьер-министр, министрлер, башка мамлекеттик чиновниктер эч нерсе чечишпейт. Өлкө бюджетин, чет элдик бардык инвестицияларды, чет өлкө жана эларалык уюмдардан Кыргыз Республикасына берилген финансы каражаттарын башкаруу Президенттин уулунун колуна берилди.
Өлкө бюджетин жана гранттык, заем каражаттарын чыгымдоо коомчулуктун көзөмөлүнөн толук алынып, Максим Бакиев жана анын чөйрөсү тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бул бардык каражаттар Максим Бакиев алып келген жеке адамдардын ээлигинде калып, жыйынтыгында Кыргызстан эларалык мафиялык топтордун финансылык алдамчылыктарына малынды.
Бул кылмыш тобу мамлекеттик зор активдерди: энергетика, коммуникацияны шашылыш менчиктештирүүнү жүргүзүп жатат. Бул объектилердин кепилдигинде, аларды колдоо жана өнүктүрүү үчүн убагында Дүйнөлүк банк, Европалык жана Азия банктары, Ислам банкынан, андан тышкары эки тараптуу көмөк линиясы боюнча кредит жана гранттар алынган. Мамлекеттик карыз бул секторго алынган инвестициялардын пайызы менен болжолдуу жүз миллион АКШ долларды түзүп жатат. Кредиттер өлкө атынан алынган, эми карыздар мамлекет, элге илинип, алынган кирешелер бийликтеги үй бүлөнүн чөнтөгүнө түшүп баштады.
Ошол эле учурда тарифтерди эч негизсиз жогорулатуу жана алынган бардык каражаттарды мамлекеттик казынадан кыйгап өтүп, бийликтеги үй бүлөнүн чөнтөгүнө жөнөтүү менен элди карөзгөй талап-тоноо жүрүп жатат. Бакиев жар салган, чет элдик жана эл аралык финансы институттары тарабынан каржыланган калкты колдоо саясаты, элге жүктөлгөн эбегейсиз чыгымдардын онунчу бөлүгүн да жаппай жатат. Андан да жаманы, ал биздин өлкөнүн ансыз да жарды калкын дуушар кылган абийирсиз тоноочулукка жол ачууда.
Мунун жыйынтыктары өлкө жана бийликтеги алдамчыларга жардам бергендер үчүн кайгылуу болорунан эч кандай күмөн жок.
Кыргызстанда рыноктук экономика артыкчылыктарын жана өлкөнүн чарбачылыктын мындай цивилдүү ыкмасына өтүүсүнүн аякталыш зарылчылыгын моюндабаган саясий күчтөр жок. Бирок азыр Кыргызстанда жасалып жаткан бардык менчиктештирүүлөр элге каршы жана мыйзамсыз экенинен, бүгүнкү күнү Бакиевдердин үй бүлөсү ыйгарып алып жаткандардын баары сөзсүз элге кайтарылып берилеринен эч ким шектенбейт.
Өлкөнү тоноо, элди тоноо башкача ой калчагандарды бийликтин тараптын улам күчөп бараткан саясий террору менен коштолуп жатат. Бакиевдик террордун баарына белгилүү курмандыктары жана сыртка чыгып кеткенге мажбур болгондордон сырткаркы репрессия чабыты андан да кеңири жүрүп жатат. Коомчулукка кеңири таанымал эмес миңдеген адамдар эч кандай себепсиз түрмөгө кесилип, саясий көз караштарынын айынан эле эмес, экономикалык себептерден улам, кай бирде жөн гана - Бакиевдердин кимдир бирөөсүнө же анын жакындарына жакпай калгандыгы үчүн да кысымга кабылууда.
"Фридом Хаус", АКШ Мамдептин жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын баяндамалары өлкөдө адам укуктары таптакыр эске алынбай, саясий туткундардын саны өсүп баратканын, журналисттерге зомбулук көрсөтүлүп, үчөө өлтүрүлгөнүн, башкаларга кол салуулар болуп жатканын көрсөтүп жатат.
Президент К.Бакиевдин жоопкерчиликсиз ички жана тышкы саясаты өлкөнү жар кырына алып келди. Кыргыз Республикасынын ички саясий өсүшүнүн алдыдагы аныктоочу тенденциясы мамлекеттик бийлик структуралары толук алсызданышы, социалдык-экономикалык каатчылыктын тереңдеши жана саясий туруксуздуктун күчөшү болуп жатат.
Мындай кырдаалда, Бакиевдин кландык режимине болгон бардык каржылык азыктандыруулар, өлкө мыйзамдарына каршы келгенине карабай мамлекеттик кызматтарга отурган үй бүлө мүчөлөрү менен кандай катнаш болбосун, системалуу бийлик кризисин, өлкөдө кризистик жагдайлардын курчушун жана мамлекеттүүлүк кооптуулугун колдоо, Кыргызстан элинин кызыкчылыктарына каршы багытталган жана кылмыштуу режимди колдоо, мыйзамсыз бийлик мөөнөтүн узартуу дегенди билдирет. Алар юридикалык жактан да, моралдык жактан да кабылданбайт.

Элдик курултай Борбордук аткаруу комитети - Р. Отунбаева,
Бириккен элдик кыймыл - А.Атамбаев,
"Ата Мекен" социалисттик партиясы - Ө.Текебаев,
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы - А.Кодуранова,
"Акшумкар" саясий партиясы - Т.Сариев,
"Улуу Биримдик" улуттук-демократиялык партиясы - Э.Каптагаев,
Кыргызстан Жашылдар партиясы - Э.Булекбаев,
Кыргызстан ардагерлер партиясы - О.Үмөталиев,
"Тандоо эркиндиги" саясий партиясы - В.Лисовский,
Кыргызстан революция кыймылы - А.Бекназаров,
"Биримдик" жаштар кыймылы - Р.Бекназаров,
"Кылым жолу" укук коргоо орган ардагерлеринин кыймылы - Т.Мадылбеков,
Кыргызстан аксакалдар кеңеши - О.Нарбеков,
Саясий туткундарды коргоо боюнча коомдук комитети - Т.Тургуналиев,
Генерал Исаковду колдоо комитети - Б.Мамырова,
"Болуш" укук коргоо ассоциациясы - С.Аргынбаев,
"Ачык саясат" коомдук-саясий гезити - Б.Жеенбеков,
"Форум" коомдук-саясий гезити -
Р. Момбеков,
"Пресс.kg" коомдук-саясий гезити - А.Мониев,
БЭӨ "Интербилим" - А.Сасыкбаева,
"Кылым шамы" адам укугун коргоо борбору - А.Абдырасулова.