"Где деньги, Зин"?

Россиянын 300 миллион доллардык кредитинин чоо-жайы
"Ынтымак курултайы" деп аталган чогулма өтүп жаткан учурга оро пара россиялык ММКда сүйлөшүп алгансып Бакиевдердин кланы менен анын парламент менен өкмөттөгү жагымпоз малайларына каршы информациялык жапырт жаңырыгы башталып кетти. Прессанын күтүлбөгөн бул чабуулу "Ак үйдүн" айтканын кылып, айдаганына басып турган Кыргызстандын информациялык талаасынын кескин өзгөрүшүнө дуушар кылды. Өлкөдөгү болуп жаткан окуяларды чар тараптуу чагылдырууга бел байлап, бийликке кылапат кылганга жараган көз каранды эмес жергиликтүү маалымат булактарынын баш көтөргөнүн улам жалпыйта жыга чаап бейгам жаткан "Ак үйдүн" секретариатын кыйла дүрбөлөңгө салып таштаганы анык. Россиялыктардын информациялык жапырыгы кулакты жырып баш бербей кеткен агын суудай болуп бийликтин шаштысын кетирип тыштаганы байкалды. Сындын жебеси Максим Бакиевдин, сицилия мафиясы менен чырмалышканы үчүн эл аралык аферист деген атка татыган президенттин үй бүлөсүнүн жеке финасылык консултанты Е.Гуревич жана анын "MGN Group" компаниясынын, президенттин уулунун бизнес-компаньону М.Надель жана анын АзияУниверсалБанкынын дарегине жамгырдай дабырап жаап турду дейсиң, четте баам салып турган бөлөк бөтөн киши деле жанынан түңүлбөй кое алмак эмес. Прессаны түкшүмөлгө салган башкы маселе-Россиянын 300 миллион доллардык жеңилдетилген кредитинин Кыргызстанга киргенден кийинки тагдыры белгисиз, кумга сиңгендей болуп дайын дареги жок кетишине байланышып жатты. Ырас эле чакан республика үчүн оңбогондой чоң акча болгон 300 миллиондун кайда каңгып адашып жүргөнү элге ачык айтылбай жаап жашырылып жатса, же анын дареги финансылык-кредитордук келишимге ылайык Москванын өзүнө бир ооз билдирилбесе Россия прессасынын акчанын артынан издөө салганы түшүнүктүү болор. Анан да РФнын элчилигинин биринчи секретары В.Скрынник 300 миллион доллар льготтук кредит мандемдүү фондулардын башкаруусуна өткөнү жөнүндө билдирүүсү Россия прессасынын информациялык чабуулуна өбөлгө түзгөнү анык. Журналисттер жоголгон кредиттин дарегин президент К,Бакиевдин уулу үчүн атайы түзүп берген Максимдин финансы-өнөржай империясы ЦАРИИ жана анын структуралык бир бөлүгү болгон өнүгүү фондусунан, ошондой эле Кыргызстандын кирешелүү тармактары менен фондунун активдерин чарк имерип башкарууга үлгүргөн "MGN Groupтун" башында турган Е.Гуревич менен өлкөнүн капиталын аккумилациялай баштаган АУБдун кожоюну М.Наделдин шектүү "ишмердиктеринен" издей башташты. Жоголгон кредит чынында эле мына ушул уюмдардан табылышы мүмкүн болчу. М.Бакиевдин өлкөнүн финансылык-экономикалык орчундуу ресурстарын жеке өз көзөмөлүнө алган соң россиялык кредиттин башка тарапка "адашып кетип калышы" кыйын деп чечти россиялык пресса.
Россиянын өкүм информациялык чабуулуна туруштук бере албай калган көрүнбөйбү, акыры өнүгүү фондусунун башчысы И.Чудинов 300 миллион доллардын сырынын чеке белин болсо ачыкка чыгарууга аргасыз болду. И.Чудиновдун айтымында 300миллион доллар төмөнкү тартипте жайгашырылган экен: 100 милилион доллар Камбар-Ата 2 долбоорун кредиттөө үчүн корогон, 17 миллион доллар Кыргызстандын коммерциялык банктарынын депозитинде жайгаштырылган, 130 млрд сом коммерциялык банктардын башкаруусуна берилген, 171 млн 590 миң сомдук каражат Улуттук банк, "Азия Универсал Банк" менен "KICB" нин эсептеринде, акырында 1 млрд 83 млн. сом Улуттук банк менен "АзияУниверсалБанктын" карамагына түшкөн. Сыртка чыгарылып кеткен баалуу кагаз түрүндөгү акча жок дейт И.Чудинов. Жабырата айтылган бул цифралар И.Чудиновдун оозунан чыккан акчалардын жылаңач гана сан эсеби экени түшүнүктүү дечи. Өнүгүү фондусунун башчысынын айтканына айткандай шыр эле ишенип кетүүгө эч болбойт. Тилекке каршы И.Чудиновдун отчетунун чындыгын аныктап чыгуу укугу бар өлкө ичинде эч бир олуттуу орган түзүлгөн эмес. Максимдин финансылык империясы барыбызга маалим, парламентке да, өкмөткө, деги Кыргызстандагы бир да бийликке баш ийбейт. ЦАРИИ өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген б.а. кой деген кожосу, ай деген ажоосу да жок мамлекеттик деңгээлдеги автономдуу корпорациянын катарына кирет. Өнүгүү фондусу тейлеген акча каражаттардын басымдуу бөлүгүн Россиянын Борбордук банкы 2 миллиард рубль суммасындагы каражаттарды будамайлап алып чыгып кеткен б.а. макрөө акчаны адалдаган деп айып тагып иликтөөгө алган М.Наделдин мандемдүү АУБда жылуу жай тапканы көп ойлорго жем таштабай койбосу анык. Ырас, формалдуу болсо да өнүгүү фондусунун ишин көзөмөлдөп турат делинген структура бар. Ал башында айтылуу М.Эшимканов турган өнүгүү фондусунун байкоо кеңеши. Асиресе байкоо кеңеши "Ак үйдүн" буйругу менен жапма челек режимде түзүлүп, курамына күн тийген жердин күкүктөрү киргизилгени шектенүүнү жаратпай койбойт. Системдик оппозициянын бир дагы өкүлү киргизилбегенине байланыштуу кеңешке ашкере ишеним артып жиберүү кыйын. Сөз чындыгынан бузулбайт, азыркы мезгилдин саясый Иудасы, кыргыздын саясый элитасындагы чыккынчылыктын символу деген атка татыган, сымаптай мөлтүлдөгөн М.Эшимканов менен анын орун басары, бийликтин жагымпоз малайына айланышкан коммунисттердин лидери И.Масалиевден байкоо кеңеши адилеттүү адал иш алып барат, өнүгүү фондусу боюнча обьективдүү текшерүү ишин жүргүзөт деп үмүт артпай эле койсо деле болор. Деги эле "желтый" журналист М.Эшимкановдун байкоо кеңешинин башчысы катары финансы иштердеги компотенттүүлүгүндө чоң шек бар.
Ошентип, И.Чудиновдун Максимдин өнүгүү фондусу боюнча жумгакталган формалдуу отчету Россия тарапты алымсындырып жибербеси айкын. Кредитор үчүн Кыргызстандагы өнүгүү фондусу акча кирип дайынсыз жоголуп кеткен "кара тешик" бойдон кала берери талашсыз. Москваны ишендирүү үчүн кредиттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылып жатканын аныктоо боюнча мамлекеттер аралык аудитордук комиссиясын түзүп, анын ишинде толук айкындуулукту камсыз кылуу талап этилет. Тилекке каршы, кыргыз бийлиги буга макулдугун берип жиберери арсар. Ошол эле М.Эшимканов ооз толтуруп мактаган финансылоонун жаңы ыкмасы менен иш алып барган, улуттук экономиканы стратегиялык тармактарын стимулдаштырууда чечкиндүү салым кошуп жатат деген өнүгүү фондусу Россиядан сүтүн жылына 0,75%ке көтөрүп алып, ал эми Кыргызстандын ичинде экономиканы финансылоого келгенде үстөгүн 23%төн 27% ке дейре асмандатып көтөргөнүн айтсак, Россиялык кредиттин чоо-жайы ачык болор эле. Фондунун кредиттик бул ишмердүүлүгүн примитивдүү чайкоочулук менен сүткордук, ачыктан ачык акчадан акча туудуруп оңой пайда табуунун жолу деп ала жылкыны өз аты менен атаган жөндүү болор.
Үсөн Касыбеков