Таарынбагыла туугандар

Атрибуттарды өзгөртпөсө, мамлекет оңолбойт
Өз мамлекетин түптөгөн ар бир улуттун башкаларга таанытуучу өзгөчө атрибуттук белгилери болот. Ага желек, герб, гимн сыяктуулар кирет. Бул белгилер башкаларга эле таанытпастан, жарандарга дем, шык берип, патриоттуулугун өстүрөт. Жалпы коом түзөлүп, улуттун духун көтөрүп турат. Алардын орду мамлекет үчүн өтө зор.

Кыргыз улуту дагы өз өлкөсүнүн түндүгүн алгач көтөргөндө өз желегин, гербин, гимнин кабылдаган. Тандоо мезгилинде талаш-тартыш, ызы-чуулар болгон дешет. Акырында баары бир пикирге келип, ортосуна күн түшүрүлгөн кызыл желекке, гербке жана азыркы гимнге токтолушуптур. Бирок, 20 жылга чукулдаса дагы мамлекеттик символдор элге сиңбегени турмуш чындыгына айланып отурат. Дээрлик элдин көпчүлүгү жактырбаганына күбө болуп келебиз. Маалымат каражаттарынан дагы айтылып келе жатат. Сынды туура кабылдаганыбыз оңдур, себеби, айтылган пикирлердин баары жүйөлүү кептер. Мүмкүн ошол учурда шашылыш кабыл алынгандыр. Же башка алгылыктуу нерсенин жогунан улам болгондур. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, оңдоп койгондон эч нерсебиз кемип калбайт. Кайра жакшы жакка багыт алаарыбыз турган иш.
"Желекке түшүрүлгөн күн - "күнкараманын" образын берип калган, ошондон улам элдин бары күнкарама, күнтийген жердин күкүгү болуп кетти" - дегендерди бүгүнкү турмуш чындыкка чыгарып койду. Гербдеги бүркүт чымчыкка окшоп калганын эч кимибиз жашыра албайбыз. Ал эми гимндеги ката сөздү илимпозунан баштап дыйканына чейин айтып келишүүдө. Эмнени тилесек, Жараткан ошону кабыл кылат. Бул чындык. Биз, жалпы Кыргызстандыктар гимндин текстине камтылган ыр саптарын кайталап, жерибизге жакшылыкты тилешибиз керек. Бирок, негизинде андай болбой, тескери ырдап жатабыз. Буларга терең тотололу.
Мисалы, желекти Манастан алышканын айтышат. Манас эпосунда "Көк асаба, кызыл туу" делет. Асабанын түсү кызыл эмес, көк деп турат. Туу деген башка нерсе. "Туу сайдык", "туу байладык" деген сөздөр бар. Маселен Памир кыргыздарында мүрзөнүн башына коюлган таякка чүпүрөк байлаганды, туу байладык дейт. Ал эми Туу сайдык дегенине караганда ал таякча. Демек, туу деген - асабанын таягы же анын башына узун кылып байланган кичине ак же кызыл кездеме. Асаба болсо башка. "Асабасын желбиретип" делет.
Сөздүн күчү болот. Сөз менен мактап отуруп көптүрүп, урушуп отуруп өлтүрүп койсоң болот. Анын касиети ушунда. Бирөө эмес жалпыбыз гимнди ырдап, анда жазылгандай кыргыз жерине "бейкуттукту" тилеп келебиз. Айтканыбыз кабыл болуп, кутубуз качып, жакшы жолго түшалбай келебиз. "Бей" деген сөз тескери маанини туюндурат. Бейкут деген сөз куту жок дегенди билдирет. Мисалы, бейпайда - пайдасы жок, бейөкмөт - өкмөттүк эмес, бейсарамжал - сарамжалсыз, бейрасмий - расмий эмес, бейбаш - башыжок (тентек маанисинде) ж.б. Анан эле кантип бейкут деген сөз жакшы мааниде болуп калсын?
Тилегенибиз кабыл болооруна дагы бир далил. Былтыр бийлик билермандары Кыргызстандын ордосу болгон Бишкектин борбордук аянтына Манастын душмандарынын эстелигин орноткону баарыбыздын эсибизде. Көрдүңүздөр, андан жарым жыл өтпөй Манас эпосу ЮНЕСКОго Кытайдын атынан катталып кетти. Жакында дагы бир нерсеге күбө болдум. Балээни өзүбүз чакырат окшобойбузбу. Керим Турапов агабыз созуп жүргөн жалпы кыргыздын борбор калаасы Бишкектин мыкты гимни бар. Жалпы жарандарга тиешелүү десек аша чаппайбыз. Борбор баарыбызга тийштүү эмеспи. Ал гимнде "Келип сенден бакыт табышат, Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр" деген сап бар экен. Ырдаганыбыздай эле дүйнөгө батпай жүргөн шылуундардын баары Бишкекке келип бакыт таап жатыптыр. Акаев, Бакиев бийлигинин койнуна кирген бөтөндөр биздин Бишкектен баар табышыптыр. Жеп-ичип баса берген башка улуттарды ак коёлу, Березовский, Бирштейин, Белоконь, Каганер, Гуревич, Надель, Елисеев дегендерди кайда катабыз?
Зулпукаар Сапанов




Туратбек Мадылбеков,
БЭКтин курултайлардын коопсуздугун камсыздоо комитетинин жетекчиси
- Туратбек агай, буга чейинки массалык нааразычылык акцияларында, мисалы апрель митингисинде болгон провокацияны билебиз, айта кетсеңиз, азыр кандай провокациялар болушу мүмкүн деп ойлойсуз?
- Т.М. Эми провокациянын түрлөрү көп. Мисалы, уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнө, жетекчилерине жашыруун аңдуулар жүрүп, коркутуп үркүтүү иштери, чогулуш болгон жерге өздөрүнүн адамдарын гражданский кийимдерди кийгизип эл арасынан ызы-чууларды пайда кылат. Ар кандай жасалма коом жана кыймылдар түзүп аралаштыруу. Анан ошолорду колдонуп ичтен ыдыратуу аракеттери ж.б.у.с. аракеттер. БЭКтин курамындагы айрым уюмдардын активдүү мүчөлөрүнө финансы булактарын да ачып берип, аларды өтө ыплас иштерге пайдаланышы мүмкүн. Мындай методду көбүнчө атайын кызматтар уюштурушат да. Азыркы убакта атайын кызматтар ошондой методду колдонуп, жасалма түрдө ошондой кырдаалды түзө турган болсо, бул чоң тополоңго айланып кетпейт деп эч ким кепил боло албайт. Андайда кырсык болуп бей-күнөө адамдар жабыркайт. Анткени жергиликтүү курултайлардын уюштуруучуларынын чатак чыгаруу кызыкчылыгы жок. Ошол себептен 7-апрелде өтө турган жергиликтүү курултайларга кылдаттык менен даярдыктар көрүлүп жатат. Коопсуздук жана тартип маселесин укук коргоо органдарынын ардагерлери менен элдик дружиналар колго алууда. Бул ишке ички иштер министрлигинин жергиликтүү органдары да активдүү катышып тартипти сактоону камсыздандырышы керек деп эсептейм.
Салима Жакшылык кызы




  Уктуңбу, кыргыз!

"Чыгышэлектро" ит бекерге сатылды
Бийлик менен элдин ортосундагы ажырым чиеленишкен чегине жетти. Элдин айтканына бийлик көнбөй, бийликтин жасаган ишине эл ыраазы болбой, ортодо от күйүшпөй калды. Кошоктолгон кризистерди башына үйгөн "үйбүлө" эмне кылаар айласын таппай, коомду экиге бөлүп коюшту. Кимиң кыйын таризинде куралдуу күч менен курчанып, өзүнүн каалаганын жасаганга өттү.


Калктын чыркыраганын чымындай көрбөгөн бийлик "Чыгышэлектрону" дагы сатып тынды. "Түндүкэлектр" менен "Кыргызтелекомду" ордуна кой деген элдин талабына ушундай жооп беришти. Итбекер кетти. Болгону 1 миллион 200 миң долларга пулдашыптыр. Сатып алган баягы эле "ЧаканГЭС" компаниясы. Бул компания кимге таандык экени буга чейин түзүк эле айтылды окшойт. Эгемендүүлүктөн бери энергетиканы сызга отургузган шылуундар менен бүгүнкү үй бүлөнүн кулагы чыгып турганын эл жаттап деле бүтүштү. Аны кайталай берүүнүн кажети калбады. Кеп башкада болуп жатыр, булар элди такыр көзгө илбей калганында. Митинге чыккандарды камаганына карабай, колунда куралы жок карапайым караламан менчиктештирүүгө каршылыгын дурус эле билдирбеди беле. Кычыраган кыштын ызгаарына карабай Нарын эли катар-катар митингдерди өткөргөнүнө карабай, билгениңди кылгын таризинде "Чыгышэлектрону" майкандашканы акылга сыйбаган эле иш болду. Тилекке каршы, түбүң түшкүрлөр коомчулуктун кабатырлыгын чымынчалык көрбөй, "сат-сат" саясатын үзүрлүү улантууга киришкени өтө өкүнүчтүү. Бул "биз көрсөткөндөй жашайсың" муштумунун көрсөтүлүшү экени жашыруун болбой калды.
Элдин толкуну эми күчүнө кирет окшоп калды. Буга чейин айрым жерлерде, өзгөчө нарындыктар ачык пикирин билдиришкен. Атургай алар бир эле эмес, катар-катар митингдерди уюштурушту. Башка региондордо, айрыкча түштүктө басым-кысым күчтүү болгондон уламбы, элдин башы бир жерге бириге элек. Бирок, уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Эл араласаң нааразылык кокодон экенин илгиртпей сезесиң. Нарындагы митингдерден кийин эстерине келишээр, сатылгандар ордуна келип, баалар төмөндөөр деген тилек менен отурган элдин үмүтү "Чыгышэлектро" сатылгандан кийин биротоло өчтү окшойт, 7-апрелде Элдик Курултайлар кайсы жерде болоорун сурап кайрылгандар өтө көбөйдү. БЭК ага кызуу даярдыктарды көрө башташты.
Бийликтин жогоркудай кадамы эки нерсени билдирип турат. Биринчиси, болору болду, бийликтен кеткиче сатып-сатып калалы деген ыкчамдык, шашылуу. Экинчиси, колдорунан коко тыйын келбейт, оппозицияны сындырдык, башка регион тынч, болгону Нарындан 1000 (өздөрүнүн айтуусу боюнча) адам чыгып жатат, аны басып коюу "ерунда" деген сыяктуу. Болбосо чечимдер башкача болмок. Бирок, булардын башка жолу калбаптыр. Элди алдай берип, чындык менен дагы ишендире албай калышты. Элдин талабын аткарып, баласын, инисин кызматтан кетирүү "жоголууга" барабар. Анын үстүнө бийликтин кумарына алдырган алар дагы кет десе эле кетип калбайт. Ыплас иштер да көп жасалды, жазыксыз кандар акты дегендей… Ары-бери калчашып, акырында бир гана мамлекеттик күчкө таянууну моюндашкан өңдөнөт. Элдин, коомчулуктун пикирин эске албастан "Чыгышэлектрону" сатышы муну ачыкка чыгарды.
Ошентип, бийлик менен элдин ажырымы оркоюп, бирине бири карама-каршы болуп калды. Эл менчиктештирүүгө каршы болсо, бийлик сатканын токтотподу. Эл демократиялык принциптерден тайбайлы десе, бийлик Конституцияны мураскерлештирди. Эл сөз эркиндиги десе, бийлик интернет сайттарына кошуп радио-гезиттерди катары менен жабып жатат. Эл эмнени айтса, бийлик ага каршы жасап жатат. Эми бийликтин айтканындай болуп эл жашашы керек же элдин айтканын бийлик аткарышы зарыл. Бул чиеленишкен суроолордун жообу жакынкы күндөрдө табылганы калды окшойт. Ошондо бүгүнкү бийликтин, элдин тагдыры чечилет. Дегеним, эл же бийлик жеңет.
Памир Манас