кытайлар
Кара-СууНУ ЭЭЛЕЙ БАШТАДЫ
"Кытайлар Кара-Суу айылына кайрадан келип жашап атышат" дегендеринен аталган айылга барып калдым. "Калк калп айтпайт" дегендей, кытайлар үй салып жашап да алганы чын экен. Бул көйгөйлүү маселе боюнча айыл тургундары жана айыл округунун башчысы Жакшылык Нуркасымов менен маектештим.


Жерин сактап калууга аракет кылгандар
"Ак булут жүргөн асманың,
Ажайып сендей таппадым.
Аргымак чапкан асыл жер,
"Арашан", "Арпа", "Ак-Сайың" - деп Ат-Башы районунун кулуну, акын Шайлообек Дүйшеев жазгандай, чындыгында эле кооз. Кооздугуна суктансам, жергиликтүү тургундар: "Жайында көрсөң мындан да кооз, кереметтигинен кеткиң келбейт. "Босого", "Ак-Сай", "Арпа" аттуу кооз жерлерибиз бар. Бизге так, туура маалымат жетпегендиктенби, айтор, "Жетим-Тоо", "Ак-Сай", "Арпанын" тагдырынан ушул күнгө чейин кабарыбыз жок. Биздин угушубузга караганда, алар сатылып кетиптир. Байлыгыбыз - жайлоо, тоолор болсо, келечегибиз балдар эмеспи. Аны барктабаган чиновниктерге нааразы болуп, тынчтык митингди уюштуруудабыз. Кезегинде биз ишеним артып шайлап алган депутаттарыбыз сессияда уктап отурушат. "Таттуу уйкудан" ойгонуп кетип, кооз жерлерибизди сатканга чоң салым кошууда. Кен байлыктарыбызды, жерибизди сактап калалы" деп демилге көтөрүп жатабыз.

Кытайлардын жашашына кара-суулуктар каршы
Бул көйгөйлүү маселеге тургундар тескери көз карашта. "Кытайлардын келип жашап жатканына кандай көз караштасыз?" деген соболго "каршыбыз" деп чырылдашат. Баарынын ой-пикири, жооптору коендой окшош болгондуктан, бир гана адамдын пикирин берели деп чечтик. Бактыгүл Сарыбаеванын айтымына караганда кытайлар "жол оңдойбуз" деп келгенине 15 күн болгон. Бирок, жумушчу топ эмес, инженер, бригадирлери гана келген. "Кытайлар түбөлүк жашап алышабы" деп чочулайбыз. Бирок, жогору жактагылар "макул" деп атса, биз эмнени чечебиз?
Кытайлар айыл өкмөтүнө кайрылса, алар айылдагы бош үйлөрдү көрсөтүшүптүр. Жактырган үйүн ижарага алып жашап жатышат. Айылда жумуш жок болгондуктан, тургундар үйүн ижарага берип, "кичине болсо да тыйын-тыпыр кылып алалы" деген тилек менен беришсе керек" деди.

Кытайларга үйүн ижарага берген Бермет
Ижарага берген Берметти таап, аны менен да баарлаштык. Ал буларды билдирди: "Биздин үйдө карта чийген чоңдор жашап жатат. Жетекчиси Япониялык киши экен. Жумушчу топ Калинин (Ак-Талаа) айылынан ижара алышат экен. Кытайлар өздөрүнүн майрамы өткөндөн кийин, "Бишкек-Торугарт жолун курабыз" деп ушул жылдын февраль айынын орто чендеринде эле келишкен. Бирок, азырынча эч нерсе деле кылыша элек. Алардын айтымына таянсак, 3 жыл, жыл сайын кыш түшкөнгө чейин иштешип, көктөмдө кайра чыгышат".

Кыргыздан кытайды артык баалаган айыл башы
Кара-Суу айыл округунун башчысы Жакшылык Нуркасымовго кайрылып, учурдагы көйгөйлүү маселелер, "Жетим -Тоо", "Ак-Сай", "Арпа" жана тариф маселеси боюнча сүйлөштүк.
- Жакшылык мырза, кытайлар кайрадан келип жашап жатканын жергиликтүү тургундар айтышууда, деги алардын максаты эмне?
- Учурда жети кытай Ат-Башыда жашап жатат. Алардын максаты - Бишкек-Торугат жолун куруу. Буюрса, апрель айынан баштап жумушчу топ ишке киришет деп турабыз. Алар айылдан бир кабат үйдү ижарага бир жылдык келишимдин негизинде алышты. Алгач үй маселеси боюнча кайрылышканда, айылдагы бош үйлөрдү сунуштасак, көңүлдөрүнө төп келгенин тандашты. Башында үй ээлери "айына 20 миң сом" дешкен. Акырында 13 миң сом деген чечимге келишип, эки тараптуу келишим түзүлдү. Үй ээсине 156 миң жүз сом санап беришти. Тамак-ашын, жылуулугун өздөрү камсыздап жашап жатышат.
- Алардын жашашына эл нааразы экен. Ага көңүл бурдуңуздарбы?
- Баарынан да Бишкек-Торугарт жолунун кызыкчылыгын жогору коюубуз зарыл. Кытайлар каржылап жаткандан кийин, аларга жол курдуруп алганыбыз туура. "Иш 2010-жылдан башталып, 2013-жылы бүтөт" дешүүдө. Бишкек-Торугарт жолу бүтүп калса абдан жакшы болот. Жол азабынан кутулабыз. Кытайлар убактылуу иштеп да, жашап да кетишет. Андыктан, биздин айылдын тургундары аларга нааразы болбой турганы дурус.
- Негизги каржылоочу булак кытайлыктар болсо, анда айылда жумушсуз жүргөн жаштарды жумушчу топко кошсо болот беле?
- Ар бир инвестор акчаны жөн бербегендиктен, өздөрүнүн жумушчу тобу болот. Дагы бир нерсени баса белгилей кетсек, кытай менен кыргызды иштеген жагынан салыштырууга болбойт. Кыргыздардан кытайлар иштерман, күжүрмөн болушат.
- "Жетим -Тоо", "Ак-Сай", "Арпа" сатылып кетти" деп теңиртоолуктар толкуп турат. А сиз буга не дээр элеңиз?
- Бул чыр былтыр башталган. Ошол кездеги губернатор Өмүрбек Субаналиев элди тыйып, "кытайлар үч күндө көчүп кетсин" дегенде, чыр-чатак ошол замат басылган. Болбосо, эл депутаттарга да ишенбей, чоң чыр чыкмак. Ал маселе боюнча эл дагы эле ишенбей, тынчыбай атат. ММКлар "сатылган жок" деп айтып, жазууда. А мен болсо "сатылган жок" деп айта албайм, күмөнмүн...
- Электр энергиясынын кымбатташына кандай карайсыз?
- Кымбатчылыктан эл кыйналып атат. Пенсия, жөлөк пул, айлык алгандар туруштук бергени менен айлыксыз отургандарга кыйын эле болууда. Биздин айылда эч жерде иштебеген 247 түтүн бар. Андыктан, аларга тарифтин көтөрүлүшү кыйла эле кыйынчылыкты алып келүүдө. Элдин дүрбөлөң түшкөнү да мына ушундан болсо керек.

"Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса..."
Ооба, айткандай эле жолдун шылтоосу менен алгач ижарада жашаган кытайлар Кара-Сууну мекендеп калышса не демекпиз ? Же казактарга Каркыра жайлоосу, пансионаттар сатылгандагыдай чырылдап кала беребизби?... Минтип журт башында турган жетекчилерибиз ийинди куушуруп "күмөнүм бар" деп атса, карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн ким жооп берет?! Мейли, кытайлар бизден кыйын, эмгекчил, күжүрмөн болсо деле кыргыздардан жумушчу топко кошсо жаман болбойт эле. "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегендей, бийлик башындагылардын оюна кыргыз элинин, анын ичинен Ат-Башы районунун тургундарынын кызыкчылыгы келчү учурду күтөбүзбү?..

Кундуз Исмаилова,
Бишкек- Ат-Башы-Бишкек