Мүйүздүү болом деп...

Биз ким элек, ким болдук?
"Мандалак" делинип романтикалык боек менен кештеленген "революциянын" болуп өткөнүнө жакында туптуура беш жыл толду. Арийне, азыр "революциянын" алгачкы күндөрүндөй болуп эл ичинде келечектен чоң үмүт кылып өнтөлөгөндүктүн бири да жок, сабыры суз, шаабайлары түшкөн. Эл ичинде "март революциясына" карата толук иренжүү маанайы пайда болду. "Түстүү" азап-тозоктон качан кутулабыз, деги кутулаар күн болоор бекен деп сабырсызданган эле эл. Бу күндөрү "2005-жылдын 24-мартында чындап эле "элдик революция" болгонбу же баналдуу мамлекеттик төңкөрүштү башыбыздан кечирдикпи?"- деген дилемма актуалдуулугун жоготкон. Себеби, ар кандай революция коомдук-саясий түзүлүштү түп тамырынан бери өзгөртүп түзүүгө алып келе турган прогрессивдүү тарыхый окуя болору жөнүндөгү жөнөкөй чындыкка элдин көзү жетти. Өлкөнүн беш жыл аралыгында басып өткөн кыска тарыхый жолу революциянын талаптарына жооп береби, ырастай алабы? Тилекке каршы, суроого оң жооп табуу кыйын. Революциялык прогресстин ордуна саясий-социалдык кедеринен кетүүнүн, туташ коррупциянын, бир үй-бүлөнүн диктатурасынын орношунун, адам укуктарынын кадам сайын бузулушунун, саясий куугунтуктун, сөз эркиндигине жасалган зордук менен зомбулуктун, элдин массалык түрдө жакырданышынын гана күбөсү болуп жатканыбыз жалган эместир. "Демократия жана калыс шайлоо" деген ураан менен өткөн "революциянын" орду орто кылымдагы курултайларды калыбына келтирүү менен аяктаганы көп беймаза ойлорго түртпөй койбойт. Кыргызстанда " революция" дегениң чын-чынына келгенде номенклатура кландарынын бийлик үчүн, экономикалык-финансылык ресурстарга ээлик кылуу үчүн өз ара күрөшүнүн натыйжасы экенине эл кеч болсо да түшүнө баштаган учур келди. А.Акаевди алмаштырган К.Бакиевди бийликке түштүк кландары алып келгендиги ачык айтыла баштаганы буга айгине далил. Ал эми, жеке кызыкчылыктарды биринчи орунга койгон номенклатуралык кландардын "революциясы" болсо эч качан элдин жашоосунун жакшырышына өбөлгө түзө албастыгы айтпаса да түшүнүктү эмеспи.
"Түстүү революция" жөнүндөгү мифтин этегине эрмешип колдон чыгаргысы келбегендер, б.а. 24-мартта мамлекеттик төңкөрүш болуп өткөнүн мойнуна алгысы келбегендер саналуу кишилер. Күн өткөн сайын катары сейректеп да барат. Аларга "революциянын" аркасы менен мантыгандар, ташы жогору кулап ооматы келгендер кирет. Атап айтсак, Үсөн Сыдыков менен анын жандоочусу Нур уулу Досбол, Бакиевдердин үй-бүлөсү, бийликтин азыркы "түстүү" өкүлдөрү-парламенттеги "Ак жол" фракциясы менен анын сателлити болгон коммунисттер тобу, Д.Үсөновдун өкмөтү, "чөнтөк" соттор. Ырас, март окуясына активдүү катышып, бирок кийин номенклатуранын жылуу уясынан сыртка сүрүлүп калып, оппозиция лагерине өткөндөрдүн арасында да "революциянын" бир кыйла тарапкерлери бар. Алар Ү.Сыдыков сыяктуу төгүлүп- чачылбаса да беш жыл мурдагы мамлекеттик төңкөрүштү "революция" катары мүнөздөшкөндөн танбай келишет. Булардын катарына өткөндөгү кетирген кемчиликтерин моюнга алгысы келбей көжөлгөндөрдү, Кылмыш кодексиндеги мамлекеттик төңкөрүш жөнүндөгү статьясынын көтөрүлүп, барсайып көөп чыгышынан сестенип чочулагандарды, болбосо экс-президент Аскар Акаевке жеке кусаматтары барларды киргизсе болот.
"Мандалак революциясынын" курулай миф экендигин ачык далилдеген окуя - 23-24-марттагы күн тийген жердин күкүктөрүнөн турган 700 делегаттын слету болду. "Ынтымак курултайында" президент К.Бакиев чыгып сүйлөп, азыркы учурда батыштын демократиялык моделине негизделген шайлоо системасы эскирип, тамтыгы чыкты, Кыргызстан үчүн "кеңешме демократиясы" алгылыктуу деп жарыялады. Президенттин бул "тарыхый сөзү" бурмаланган адилетсиз шайлоого каршы "элдик нааразычылыктын" толкунунда бийликке келген адамдын беш жыл ичинде канчалык деңгээлде трансформацияга дуушар болгонун, беш жыл ичинде өлкө "демократия аралчасынан" "кеңешме демократиянын" чүмбөтүнө жашынган тоталитаризмге алып келген жолду басып өткөнүнүн ачык күбөсү болуп бере алат. Кыскасы, "мүйүздүү болобуз деп, кулактан айрылганыбыз" кадиксиз.

Үсөн Касыбеков




Орусия ММКларынын акыркы убакта кыргыз бийлигинин саясатын кескин сындап жатышы эмнени билдирет?
Касым НАМАЗБЕКОВ, СССР жана Россия ТИМинин ардактуу дипломаты:
- Бул нерсе кыргыз бийлигинин Россия менен мамилеси начарлаганын билдирет. Негизи башынан эле орус бийлиги Кыргызстанды теңине албай келет. Буга биринчи кезекте орустар эмес, өзүбүз күнөөлүүбүз. Россия биздин башкы өнөктөш болгондон кийин мамилени тез арада калыбына келтиришибиз керек. Анткени, алар биздин жүз миңдеген мигранттарыбызды багып атат.


Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, саясатчы:
- Бакиев орус бийлигинин ишениминен кетти. Жинине тийип жатат. Себеби, тегерегине жөөттөрдөн, аферисттерден команда курап алды. Орустарды алдап, 300 миллион доллар алып, аны жөөттөр ээлик кылган банктарга салып, каалагандай башкартып жатканы Путинди чоочутуп баштаса керек да. Бул, менимче, Бакиевге карата Орусия бийлигинин ачык күрөшкө чыкканын билдирет.


Равшан ЖЭЭНБЕКОВ,
АКШдагы Түндүк
университетинин
проректору:
- Россия Кыргызстандын тарыхый жана геосаясий өнөгү. К. Бакиев ушул мамилени, өзүнүн калпычылыгы менен жокко чыгарды. Россия К. Бакиевдин жана анын жакындарынын ким экендиктерине толук көздөрү жетти жана мындан ары Россия К. Бакиевди өнөк катары карабай тургандыктарын билдирип атышат.


Алмамбет
ШЫКМАМАТОВ,
саясатчы:
- Мурда орустар Бакиевге комуздун күүсү менен эскертип келишсе, эми ачыктан-ачык чабуулга өттү. Буга чейин Грузиядан башка КМШдагы бир дагы мамлекетке Орусия массалык маалымат каражаттары мынчалык жабышкан эмес. Менимче, бул конфликттин биринчи этабы гана. Мындан кийин Орус бийлиги биздин ал жакта жүргөн мигранттарды кысымга ала башташы мүмкүн.


Жыргалбек
ТУРДУКОЖОЕВ,
саясий серепчи:
- Бул деген бүгүнкү бийликтин, көп векторлуу Тышкы саясатынын натыйжасы. Бир жолу алдаса мейли эле, бирок кайта-кайта эле Москванын далысына канжар сайгандай болуп атпайбы. Анан Россия деле тажайт да мындай эки жүздүүлүктөн. Эгер орустар кысымын уланта берсе биз бардык жактан блокадада калышыбыз мүмкүн.

Адилет Айтикеев