Байсалов Исманкулов жөнүндө

ПАВЛЮКТУ КЫРГЫЗ УКК
КЫЗМАТКЕРИ ӨЛТҮРГӨНҮ ЧЫНБЫ?
(Уландысы. Башталышы
газетанын өткөн санында)

"Мурзилка" Суталинов жөнүндө же дагы бир нерселер туурасында
Муну келеке сөз дейин десең - каяктагы келеке? Жалаң эле цинизм.
"Мурзилка" М.Суталинов ушу тапта УККнын формалдуу башчысы жана Исманкуловдун начальниги болгону менен ИИМди башкарып турганда тескерисинче мунун эң башкы айыптоочусу болучу. 2006-жылдын январь айындагы "Дело №" гезитиндеги интервьюсунда Суталинов минтип айткан:
- Муратбек Абдыбекович, Алдаяр Исманкулов деген интеллигент чекист, сыртынан караганда кылмышкерге такыр эле окшобойт го. Өзүңүз да парламентте аны жаштардын тилине салып типтүү ботаник, китепти көп окуган жана "Агент национальной безопасности" киносун ийне - жибине чейин көргөн деп мүнөздөбөдүңүз беле? Бул айткандарыңыз сиз коюп жаткан олуттуу шектенүүлөрүңүз менен шайкеш келбей жатат го?
- Ооба, сөгүнгөндү билбеген, үч тилди чаккан, теплица шарттарында чоңойгон бул бала "крутой" болууну чечиптир. Ошондон улам 1996-жылы да, азыр да илинип калды. Мен ушуларды эске алгам жана мындан эч кандай карама-каршылыкты көргөн жокмун. Анын жанынан курал алынгандыгы - бул факт. Биз карапайым адамдардын чөнтөгүнө курал таштай койбосок, УККнын офицерине кантип антмек элек. Н.Коноев менен тааныш экендиги да факт. Бир тууган Коноевдер менен мунун байланышы ошол жылдардан бери үзүлгөн эмес деп болжолдоп жатабыз. Биз Исманкуловдун изине 1996-жылдагы кылмыш иштен улам түшүп отурабыз. Ал иш учёт жана көзөмөлдөн жашырылып коюлган экен, ал боюнча да кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Исманкулов кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы туурасындагы маалыматтарды кимдир бирөө ИИМдин маалыматтык борборунан жок кылып, ал эми Коноевдин маалыматтарын жок кылганга башы жетпептир.
- Табылган бул кылмыш ишин кайрадан иликтейсиздерби?
- Бул боюнча прокуратура чечим чыгарат. Биз бул эки кылмыш ишин бириктирүү зарыл деп эсептейбиз.
- Сиз парламентте Исманкулов 2004-жылы бир казакстандык адамдан көп акча тартып алганын айттыңыз эле. Ошол адам ИИМге эмне үчүн эми кайрылып жатат?
- Анын айтуусунда, Кыргызстанда кимдир бирөө ага жардам берет деп ишенбей калыптыр. Исманкуловдун УКК кызматкери экендиги аны ушул ойго түртсө керек. Азыр гана кайрылып жаткандыгынын себеби - Исманкулов кармалгандыгын ММКдан окуп билиптир. Сыягы, маалымат берүүчү андан башка да адамдар чыгат окшойт.
- Парламенттин кийинки отурумдарында "курал көтөргүч" деген жаңы сөз уктум. Кылмышкерлердин куралын сактап жүргөн күч структураларынын кызматкерлерин ушинтип аташат экен. Сиз андайлар менен кез келдиңиз беле? Исманкуловду да ошондой "курал көтөргүч" деп эсептейсизби?
- Ал "курал көтөргүч" болгон-болбогонун биз азырынча айта албайбыз. Бирок, маанилүү бир деталга көңүл буруш керек -Исманкуловдон алынган тапанчада октун үнүн басуучу сайча жасалган экен! Тартип сактоо органында иштеген адам мындай куралды алып жүрсө, же аны кимдир бирөөгө сала коюш үчүн, же кайсы бир учурда колдонуу үчүн гана алып жүрөт. "Курал көтөргүч" деп биз колго түшүрө элекпиз, бирок органдардын, мунун ичинде милициянын айрым кызматкерлери ушундай иш аткарат деген бизде оперативдүү маалымат бар.
- Исманкуловдон алынган курал кайсы бир адам өлтүрүүлөргө "катышты" деп ушул убакка чейин белгисиз болуп жатканы эмнеликтен? Экспертиза ушунчалык узак жүргүзүлөбү?
- Бул суроо аскер прокуратурасына тиешелүү, биз азыр иликтөөнүн жүрүшүнө кийлигишпейбиз. Бирок, Исманкулов аскер кызматкери болгондугу үчүн тергөөнү жүргүзбөй жатасыңар деген дооматтар орунсуз. КПКны (Кылмыш-процессуалдык кодекс) кылдат окуй турган болсок, аскер прокуратурасы аскердик кылмыштарды тергейт. Ал эми КЖКнын 241-беренеси (куралды мыйзамсыз сактоо) мындай кылмыштарга кирбейт. ИИМдин тергөөсүн дал ушул тергөөгө кошсо болот.
- "Немецкая волна" радиосу 26-январда "Республикада криминалдык топторду куралсыздандыруу жана камоо боюнча жашыруун операция башталды. Алардын бир тобу куралсыздандырылды. Акматбаев менен парламенттин бир катар депутаттарынын жана УККнын жогорку тепкичиндеги кызматкерлердин түздөн-түз байланышы билинди" деген сенсациялуу маалымат таратты. Ушул чынбы?
- Аны, жарандардын ой - сезимине таасир этүүчү маалыматтык согуш десек болот. Мунун каяктан чыгып жатканы табышмак. Биз көп эле операция жүргүзөбүз, бирок ошол күнү эч кандай (жашыруун) операция болгон эмес. Ал эми биз айткан адам баарыбыз көрүп-билгендей, пресс-конференцияны Аки - пресс агенттигинде берген.
- Баса, ошол адам жөнүндө: сиз прокурордун сот процессиндеги позициясы боюнча кескин сын айттыңыз эле. Биринчи Май райондук соту актоо өкүмүн чыгаргандан кийинки сиздин таасирлериңиз кандай?
- Эч кандай трагедия болгон жок, алдыда Бишкек шаардык жана Жогорку соттор бар...

Даярдаган
К.МОЛДОКУЛОВ




"ИА REGNUM Новостинин" суроолоруна Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин экс - катчысы Мирослав Ниязовдун жообу
"Улуттук - патриоттук кыймылдарды уюштуруу зарыл"
(Башы 5-бетте)
Орус тилине кысым көрсөтүп сүрүп чыгаруу туура эмес болор. Себеби бул тилдин байлыгы дүйнө таанууну кеңейтип жана тереңдетип, улуттук лексикабыздын кем- карчын толуктайт. Орус тили аркылуу биз дүйнөлүк адабияттын классикасын тааныдык. Илим менен техника, медицина, билим берүүнү үйрөндүк. Анын үстүнө орус тили тарыхый мурастын ажырагыс бир бөлүгү болуп калды, ошондуктан ага кылдат мамиле зарыл.
- ИА REGNUM Новости: Демек, сиз Кыргызстанда орус тилинин колдонула беришине макул экенсиз да?
- Мен мамлекеттүүлүктүн калыптануусунун символун элестеткен кыргыз тили менен маданиятынын ырааттуу жана тынымсыз өнүктүрүүсүнүн жактоочусумун. Кыргыз тили республикада эң кеңири колдонулушу керек. Бирок ушунун өзү кыргыздар өзү менен өзү болуп, башка тилдерге, маданиятка, динге карата келишпес маанайда болсун дегендик эмес. 1,5 миллиарддуу Кытай бүгүнкү мезгилде англис тилин терең жана ар тараптуу үйрөнүп жатат. Дүйнөлүк экономикалык зор процесстерге активдүү аралашып жаткан бул өлкөнүн жарандары англис тилин билүү алардын алдында зор артыкчылык берээрин жакшы түшүнүшөт. Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ болгон Кытай мамлекети дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикти өзүнө сиңирип жана бардыгын кытай тилине которуп алууга чама-чаркы жетпей жатат. Андан көрө англис тилин үйрөнүп алуу жөнөкөй жана ишенимдүү экен. Ооба, азыркы шарт дал ушундай. Эгерде биздин жаштарыбыз алдыга койгон максаттарында иштери ийгиликтүү болсун деп, өз мүмкүнчүлүктөрүн мындан да кеңейтебиз дешсе, орус жана англис тилдерин кошумча билүүлөрү милдеттүү шарттардын бири болушу керек. Бул алардын аң- сезимин кеңейтип, дүйнөлүк өнүгүүнүн тенденцияларын билип, замандын шары менен бирге кадамдоого жол ачат. Ошондуктан бир гана тил билүү менен чөйрөнү чектеп коюу алысты көрө биле албагандык.
- ИА REGNUM Новости: Ушул айтылгандарыңыздан улам мамлекеттик тил боюнча комиссиянын ролун кандайча элестетесиз?
- Мамлекеттик тилди турмушка ашыруу боюнча саясатты иштеп чыккан, кыргыз тилин өнүктүрүү жана киргизүү боюнча программанын алкагында түрдүү ведомстволор менен илимий мекемелердин ишмердүүлүгүн координациялаган, ал боюнча иш чаралардын аткарылышын көзөмөл кылган орган зарыл деп ойлойм.
- ИА REGNUM Новости: Президенттикке кандидаттардан мамлекеттик тилди билүүсү боюнча экзамен алууга кандай карайсыз?
- Бул - иштеп жаткан президентке бир топ коркунучтуу жана ыңгайсыз талапкерлерди ээрден шыпырып түшүү үчүн башынан ойлонуштурулган демилге. Комиссия өзүнө мүнөздүү эмес маселени чечип, элдин каалоо тилегин бир чечим менен алмаштырып коёт. Мамлекет башчылыгына талапкерлер студенттерге окшоп экзамен тапшырууга барып жатканы мени таң калтырат. Бул беделди түшүрүүчү болбогон эле жорук. Тилди канчалык жакшы билген менен ал- адамдын саясий жана социалдык канчалык зирек экендигин айгинелей алчу нерсе эмес. Мамлекет башчысынын кызматына реалдуу талапкерлер - булар элге кеңири белгилүү коомдук саясатчылар, ошондуктан комиссия эмес, өз тандоосун шайлоочулар көрсөтүүсү керек. Бүтүндөй Кыргызстандын элинин тарыхын учурдагы бийлик башындагыларга бөйпөңдөгөн бир ууч лингвисттердин чечип коюшу туура эмес.
- ИА REGNUM Новости: Ушул тапта көптөгөн кыргыздар эне тилин билишпейт эмеспи. Бул боюнча эмне дей аласыз?
- Советтер Союзунун учурунда адамдардын бүтүндөй бир мууну улуттук тилдер дээрлик керектелбеген доордо өсүп жетилгенин унутпайлы. Союздук республикалардын жергиликтүү калкы орус тилине активдүү аралаштырылган мезгил ошондой эле. Ошондуктан аларды басмырлап жана шылдыңдаган орунсуз болор. Биз бардыгыбыз оор басырык бололу, анткени тил маселесин бир эле саатта чече коюу мүмкүн эмес. Орус тилдүү чөйрөдө өсүп чоңоюшкан биздин көп тилдүү жарандарыбыз бүгүн өздөрүнүн эне тилин билбей калгандыгын сезип, ушуга байланыштуу өздөрүн көп учурда ыңгайсыз сезишет. Адамдын дал ушундай ыңгайсыз абалга туш болуусу алардын акырындап өзүнүн эне тили менен маданиятына жакындашуусуна түрткү болуп жатат.

Которгон М.РАХМАНКУЛОВ