Байланыш балекети

"Кыргызтелекомдун" тегерегиндеги афера
Тарифтер тууралуу айта берип тил тешилди, жаза берип гезит беттери түтчүдөй эмес. Ошондой болсо да, баштагандан кийин аягына чыгып коёлу. Февраль айынын биринчи жумасы байланыш тармагы күтүүсүз сюрприздерге бай болгону маалым. Айтсак, стратегиялык чоң мааниге ээ объектилердин бири "Кыргызтелеком" ААКсынын 78 пайыз акциясы (контролдук пакети) кайсы бир консорциумга сатылды. Кыргызстандын сатылбаган кайсы байлыгы калды? Мунун эмнеси сюрприз дээрсиз. Анда сөз башынан болсун.

"Кыргызтелеком" ААКсынын акцияларын сатууга жарыяланган тендерде тутумуна төрт компания (ТОО "Инвестиционная компания К.С.Д." (Казакстан), "Нимиско Холдингс Ко. Лимитед" (Кипр), "Колимиар Холдингс Ко. Лиимтед" (Кипр) жана ОАО "Ала-тоо кени" Кыргызстан) кирген концорциум жеңип алган. ИА REGNUMдун билдиришинче, булардын ичинен кыргызстандык ОАО "Ала-Тоо кенинин" айланасында түшүнүксүз дал келбестиктер чоң суроолорду жаратат. Юридикалык жактардын каттоо базасында "...Уюштуруучу-укуктук формасы: Ассоциация водопользователей" деп көрсөтүлгөн. Кызыгы, суу пайдалануучулар менен "Кыргызтелекомдун " кандай байланышы бар экендигинде". Ошентип, 78 пайыз пакет акцияга башталгыч баа 1, 628 млрд. сом деп белгиленип, жыйынтыгында 1, 788 млрд. сомго (болжол менен 40 млн. АКШ доллары) сатылган.
Мунун баарын саймедиреп айтып жатканыбыздын себеби, айланып келип бул үлкөн объекттин көзөмөлүндө турган өлкөдөгү байланыш кызматынын ар тараптан бирден эле кымбатташында. Эмесе бул тармакты үч бөлүккө бөлүп карап көрөлү.
1. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында "AKИpress" агенттиги "Өкмөт "Кыргызтелеком" ААКсы тармагында жергиликтүү сүйлөшүүлөр үчүн мүнөттүк эсептөө системасын киргизгени жатат" деген билдирүү тараткан.

Эске сала кетчү нерсе, андан бир аз мурун 20-январда "Кыргызтелеком" ААКсынын Бишкек шаардык филиалынын б.а. БГТСтин гендиректору Аскар Баратбаев ""24kg" агенттигинде берген маалымат жыйынында "Электроэнергия менен жылуулукка тарифтердин өсүшүнөн компаниянын чыгымдары көбөйгөнү менен Кыргызстанда байланыш кызматынын , анын ичинде стационардык телефон байланышы үчүн абоненттик төлөмдүн баасы көтөрүлбөйт" деп билдирген.

Ал эми 15-февралда болсо, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында Байланыш агенттигинин директорунун орун басары Чынгыз Бекташев бул маселе боюнча эл өкүлдөрүнө түшүндүрмө берген. Көрсө, азыркы 63 сом өлчөмүндөгү абоненттик төлөм компаниянын чыгымдарын жаппайт экен. Кимисине ишенебиз? Чынгыз мырзанын айтымында, акыйкаттык үчүн жаңы тарифтердин үч түрү иштелип чыгыптыр. Булардын боорукерлигине тан бербей коё албайсың. Калктын аз камсыз болгон катмары мурдагыдан аз төлөп калуу мүмкүнчүлүгү бар экен. Анда сунуш кылынып жаткан ошол үч тарифке көңүлүңүздөрдү буралы.

1)Абоненттик төлөм-40 сом, бирок жергиликтүү сүйлөшүүнүн ар бир мүнөтү 12 тыйын (бул арзан деген тарифи. Салыштыруу үчүн айта кетели, эгер бир күндө 10 мүнөт сүйлөшсөңүз 1сом 20 тыйын, бир айда 36 сом болуп, ага абоненттик төлөмдү кошсоңуз 76 сом болуп жатпайбы).
2)Абоненттик төлөм 80 сом, бул тарифте баштапкы 4 мүнөт бекер, андан кийинки ар бир мүнөт 10 тыйындан эсептелет.
3)Чексиз тарифи-222 сом абоненттик төлөм менен азыркыдай шарт. Биздин "билермандар" эмнени айтса, дүйнөнү, эч болбоду дегенде жакынкы кошуналарды мисал кылмай адаты бар . Андыктан, биз да Орусияда так ушундайча, үч түрдүү тариф сунушталып, калк тарабынан түшүнбөстүктөр менен кошо, күтүлгөндөй оң жыйынтыктарды бербегендигин айта кетсек ашыкча болбос. Бул тууралуу өз кезегинде, орусиялык басылмалар жазышкан. Жөнөкөй элдин калың катмары, жыйынтыгында, телекомдун мындай кызматынан баш тартууга аргасыз болгон. Себеби, керек учурда уюлдук байланыш кызматынан гана пайдалануу алар үчүн арзанга турган.
2. 1-февралдан тартып, өлкөдөгү 4 ири уюлдук байланыш операторлору тарабынан (Megacom, Beeline, Fonex, O!) ар бир ийгиликтүү байланыш үчүн 60 тыйындык төлөм киргизилди. Буга байланыштуу Антимонополдук көзөмөл агенттигинин директору Надырбек Турганбаевдин жообу бул болду : "Уюлдук операторлор жеке ишкердик субъектиси болгондуктан, мыйзамга ылайык, алар бизнесин биз менен акылдашпай эле өз алдынча жүргүзгөнгө укуктуу". Жооп эмес бекен! "Анда сиздин ведомствонун өлкө үчүн зарылчылыгы барбы?" деп сурагың келет.
Андан да кызык жооп өкмөт башчысы Данияр Үсөновдуку болду. Анын айтымында, акыркы 15 жыл аралыгында уюлдук байланыш компаниялары бул тармакка 470 млн. АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция жасаптыр. Мамлекет бир тыйын коротпогон. Ушул убакыт аралыгында байланыш кызматы бир доллардан он центке (он эсе) арзандаптыр. "Бул туурасында эч ким эч нерсе айткысы келбейт.Өкмөт уюлдук операторлордун тариф саясатына кийлигишпейт" дейт өкмөт башчы. Акылыңызга баракелде! Бизде да суроо туулат: ушунча жыл аралыгында уюлдук байланыш кызматын пайдаланчулардын саны он эмес жүз, миң эсе көбөйгөнүн эмне үчүн айтпайсыз? Тариф саясатына кийлигише албаса, анда өкмөт бүгүнкү күндө толук параличке айланганын моюндашыңыз керек эмеспи, Данияр мырза? Эгер 15 жыл мурун уюлдук байланыш байлар үчүн "ыксыз жасалга" (роскошь) болгон болсо, ал азыр күнүмдүк муктаждык. Муну да эстен чыгарбоо абзел.

200-300 пайыз электр жана жылуулукка тарифтери көтөрүлгөндө анчалык кайгырбаган эл өкүлдөрү 60 тыйындык кошумча төлөм киргизилгенде бекеринен ызы-чуу түшүшпөгөн чыгар? Анан кантишсин, байкуштар ар биринде 2-3төн телефон болсо. Ал эле дейсизби? Ашыкча акылдуулары, 60 тыйындын арты менен уюлдук операторлор канча пайда көрүшөөрүн да санап жиберишти. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 4 млн. уюлдук байланыш колдонуучулар бар. Алардын ар бири күнүнө 10 жолу ийгиликтүү байланышка чыкса, бир күндө 24 млн. сом, айына 720 млн., жылына 8, 6 млрд. сом. Муну "Кыргызтелеком" ААКсы сатылган баага салыштырып көрүңүз.

Ошол кезде Katel жана Nexi операторлору өз тармагында мындай кошумча төлөмдөр киргизилбегенин билдиргени бар. Кулагыңызга күмүш сырга. 1-апрелден тарта бул экөө да "кесиптештерине болгон тилектештигинин" урматына, ар бир байланышка 60 тыйындык кошумча төлөм ала тургандыгы маалым болду.

Бул туурасында "Белый парус" интернет гезити :""Кыргызтелекомду" күлкү келерлик баага президенттин уулу Максим сатып алган. Тендерде утуп алды деп айтылып жаткан кыргыз-казак-кипрлик сырдуу концорциуму деле чындап келгенде ушул персонага тиешелүү. Уюлдук байланышка кошулган кошумча төлөм да ушуга байланыштуу. Орусия премьер-министринин аппаратынан бизге билдиришкендей, "Megacom" компаниясы алгач орусиялык инвестор тарабынан 28 млн. АКШ долларына сатылып алынып, кийин ошол эле Максимге тиешелүү жергиликтүү компания тарабынан рейдерлик жол менен басып алынган" деп жазат. Мындайда кыргыз "шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" дечү беле?
3. "Кыргызтелеком" ААКсы сатылды деген кабар тарагандын эртеси бүткүл Кыргызстан интернетсиз калганы маалым. Мунун себебин өлкөдөгү ири интернет провайдерлер "форс-мажордук абал, аварияга" деп түшүндүрүшкөн. Кечээ жакында Бакиевдердин финансылык кеңешчиси делинген Евгений Гуревичтин "Дүйнөлүк аферист экендиги" тууралуу маалымат "кокусунан" Кыргызстанга тарап кеткенден кийин, өлкө провайдерлери "Фергана.ру"," Азаттык", "Центразия", "Белый парус", "Живой журнал" веб-сайттарын жаап коюшту. Албетте, бул сапар эч кандай түшүндүрмө берилген жок. Демек, бир ай мурун Елена Авдееванын : "Курманбек Бакиевдин жогорку технологияларды таратууга байланышкан пландарынын бири да ишке киргизилбейт. Себеби, анын уулуна "Кыргызтелекомду" монополиялоо менен, Кыргызстанды таш доорунда кармап туруу пайдалуу. Биз көргөндөй, монополия аркылуу керек эмес, ыңгайсыз сайттарды KG зонасынан тосуп коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт " деген прогнозу кааласак-каалабасак да чындыкка айланганы калды.

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА