Мыйзам алкагында

Былтыр 26-апрелде 4 жашар наристе кыздын укугун коргоп Петровкада эл көтөрүлүп, жергиликтүү бийликке жана укук коргоо органдарына нааразычылык билдиришкен. Натыйжада "башаламандык уюштурган" деген айып менен "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, "Болуш" коомунун төрагасы, укук коргоочу Сапар Аргынбаев, укук коргоочу Уран Рыскулов камакка алынган. Алардын көк жыттанган сыз абакта жаткандарына жакында бир жыл толот. Андан бери август айында башталган сот процесси "Чубактын кунундай чубалып" отуруп, аягына келип жетти. 26-мартта камактагы үч азаматка мамлекеттик айыптоочулар сегиз жыл жаза мөөнөтүн берүүнү суранышты.

Ак ийилет, бирок сынбайт!
Булекбаев, Аргынбаев, Рыскуловдор сегиз жылга соттолобу?

Ишти караган Москва районунун судьясы Феликс Марлес. Мамлекеттик айыптоочулар Москва райондук прокурору Малдыбаев, Чукулдаев, Турдумамбетов. Соттолуучулардын жактоочулары Нина Зотова, Азимбек Бекназаров, Сартбай Жайчыбеков жана Типеров болуп, аларды коомдук жактоочулар коштоодо.
Сотто негизги 240 күбө көрсөтмө беришип, алардын ичинен соттолуучуларга каршы көрсөтмө берген 18 студент 23-мартта өткөн соттук териштирүүдө башта соттолуучуларга каршы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышты. Мындайды күтпөгөн мамлекеттик айыптоочулардын көздөрү алайып, алапайларын таппай калышты. Себеби, алардын негизги ишеничтери, акыркы үмүттөрү ушулар эле. Буга чейинки күбөлөрдүн бардыгы жана күрттөр соттолуучулардын күнөөлүү эмес экендиктерин айтып беришкен. Сотто көрсөтмө берген студент Азамат Такырбашев башта берген көрсөтмөсүнөн баш тартып гана тим болбостон, протоколдо тиркелген түшүнүк кат "менин колум менен жазылган эмес"-деп оозду ачырды. Буга чейин Такырбашевди мамлекеттик айыптоочулар "окуусунан келе албайт" деген сыяктуу ар кандай шылтоолор менен процесске келтирбөөгө аракет жасап келишкен. Москва райондук прокурору Малдыбаев күбө Такырбашевдин күтүлбөгөн көрсөтмөсүнөн улам, студентке чабуул коюп коркутуп, "эртең окууңдан четтетилесиң" дегенге чейин барды. Мындан улам "Ак ийилип, бирок, сынбасы" анык экендиги билинип, камактагылардын күнөөсүз экени айдан ачык болуп калганы дагы бир ирет далилденди.
Бир жылга жакындап калган Петровка окуясы боюнча соттук териштирүү учурунда жактоочулардын жана коомдук жактоочулардын сотко келтирилген өтүнүчтөрүн канааттандыруудан ишти караган судья Ф.Марлес баш тартты. Өз кезегинде ал жактоочулар тарабынан келтирилген эң негизги өтүнүч Ички иштер министри Конгантиевдин, премьер-министр Данияр Үсөновдун, мурдагы аким Сыйдановдун, "Ак жолчу" депутаттар Сидоренконун, Поповдун сотко күбө катары келип көрсөтмө берүүсүн процесстин аягында карап көрөөрүн билдирген. Соттун аягында бул өтүнүч да четке кагылып, Москва райондук прокурору Малдыбаев "министр да сурак бермек беле" деген жообун билдирип, анын пикирин судья да баш ийкеп колдоду.
Прокуратура, УККнын кызматкерлери, укук коргоо органдары өз учурунда Булекбаевди, Аргынбаевди, Рыскуловду башаламандыктын негизги күнөөлүүлөрү катары көргөзүүнү аракет кылышып, Петровка айылын үймө-үй кыдырып, аларга каршы көрсөтмө жаздырууга катуу аракеттерди көрүшкөн. Ошону менен катар эң негизги далил - Петровка окуясы боюнча тартылган видео-тасмалар жок кылынган. Мына ушундай көз будамайлоо менен мамлекеттик айыптоочулар 26-мартта жарыш сөзгө чыгышып, соттон Булекбаевге, Аргынбаевге, Рыскуловго "башаламандыкты уюштурган"-деп сегиз жылга, "Петровка окуясында курал колдонгон" деген негизде айыпталып жаткан Князь Кальяшов менен Сулейман Хасановго 10 жыл жана башаламандыктын баштоочусу катары айыпталып жаткан Элмира Маматкановага 6 жыл жаза мөөнөтүн чектөөнү сурашты. Ал эми соттолуучулардын жактоочулары камактагылардын күнөөсү эч бир негиз менен далилденбегенин айтышса, коомдук жактоочулар Петровка окуясынын чыгышына ошол учурда кызматтта отурган жергиликтүү бийлик күнөөлүү экенин билдиришти.
Кандай болгон күндө да ишти караган судья Феликс Марлес бардык фактыларды жана далилдерди карап, мыйзамды сыйласа камактагы үч азамат толук акталып чыгат деген үмүт бар. Эгерде сотко жогору жактан көрсөтмө келсе, анда камактагылар генерал Исмаил Исаковдун тагдырын кайталаары шексиз. А балким өкүм эчак эле даярдалып, Феликс Марлестин папкасында жаткан чыгаар?
Сегиз жыл дегенди укканда селт этип чочуган Уулболсун апа тыныгууга чыгып, сай-сөөгү сыздап нааразычылыгын билдирди.
Уулболсун АРГЫНБАЕВА:
- Уулум Сапар Аргынбаевдин камакта жатканына бир жыл болуп калды. Ден соолугу да начарлап кетти. Сотто күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнөн улам, уулум акталып чыгат го деген ишеним пайда болуп жаткан. Бирок прокурорлордун Кудайдан коркпой сегиз жыл сураганы - алардын чектен чыкканы жана наадандыгы. Алар мендей болгон энелери бар экенин унутушту. Эгерде уулум чын эле күнөөлүү болсо анда мен башкача сүйлөйт элем. Күнөөсүз жерден жазалоо, бул жүрөгү жок гана кишинин колунан келет. Азыр Кудайга ишенип, тиленип отурабыз. Анткени, мыйзамды көзгө илбей, башаламан болгон заманда ар ким өз билгенин жасап жатпайбы. Эмне деп айтышты да билбей калдым. Бакиевге бир нече жолу кайрылдым эле бирок, жооп болгон жок. Эмнеси болсо да Кудайдын айтканын көрөбүз. Эгерде уулум соттолуп кетсе, Бакиевдин өз абийирине койдум.
Петровканын таштай муздак маданият үйүндө өтүп жаткан соттук териштирүү 30-мартта - бүгүн уланып, соттолуучуларга акыркы сөз берилет. Эмнеси болсо да кыргыздын үч патриотунун тагдыры аз күндө чечилет.

Назгүл
МАМЫТОВА




  Крим-кырдаал

Колго түшкөн коенду кое берген оңобу?
Жакында эки өзбек жараны кыргыз-өзбек чек арасын бузуп кирүүгө далалат жасап, бирок кыргыз чек арачыларынан ок жеп бири каза таап, экинчиси аман калып, Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилген. 10-март күнү түнкү саат 9дар чамасында ооруканада жаткан өзбек качып кеткен.
Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жолдошевдин айтканына караганда, качкынды кийинки операцияга камдап жатышкан. Аны кайтарып, эки аскер жоокери жанында болгон. Бирок, качкын качаар маалда эки жоокердин бири куш уйкуга кетип, бири коңшу бөлмөдө отурган. Качкын кайтаруучулардын жоктугунан пайдаланган жана оорукананын эшигин талкалап чыккан. Шаардык милициянын айтуусу боюнча, качкын атайын палатада күбө катары кайтарууда болгон.
Айрым маалыматтарга караганда качкындын колуна кишен салынган эмес. Ошону менен бирге анын качып кетүүсүнө жанында кайтарып жаткан чек арачы жоокер жардам кылган. Качкын эшикте атайын күтүп турган автоунаага түшүп кеткенин күбөлөр көрүп калышкан. Учурда анын кайда экендиги тууралуу маалыматтар жок. Кандай болгон күндө да бул жерде биздин жергиликтүү чиновниктерибизге коңшу өлкөдөн кысым болгон көрүнөт. Анткени өзбек туугандар өздөрүн бизге теңебей өйдө көрөт эмеспи.

УУКнын кызматкерлери соттолду
Улуттук Коопсуздук Кызматынын эки кызматкери соттолду. Алар Ош облустук УУКнын СИЗОсунан качкан кылмышкерлерге жардам берген деген айып менен күнөөлөнүшкөн.
2009-жылдын 17-ноябрында УУКнын Оштогу СИЗОсунан "Джихада ислам тобунун" үч адамы качып кеткен. Качкан кылмышкерлерге жардам берген деп УУКнын СИЗОдогу атайын кызматкерлери А.Жумабаев, С.Кыдыров шектелген. Аларга карата козголгон кылмыш иши аскер сотунда каралып, Жумабаевге 10 жыл, Кыдыровго 11 жыл жаза мөөнөтүн чектеди. Чын-чынына келгенде, бул иштин артында лөктөр турган жокпу? УККнын СИЗОсунан кылмышкерди качыруу катардагы кызматкердин колунан келчү иш эме-ееес.