Кайрылуу

Элдин үнү президент К.С. Бакиев менен Башкы прокуратура үчүн далил боло алабы?
"Сиз Акаевдерден ушундай кордук көрдүңүз беле?"
(Башы 6-бетте)
Урматтуу президент! Булар сиздин жаштарга карата жасаган саясатыңызбы?
Төртүнчүдөн, коррупционерлердин баары министр, аким, губернатор болуп, Акаевдин убагында ичип, жеген чиновниктер бүгүн деле жыргап отурушат. Булар сиздин коррупцияга жана коррупционерлерге карата жүргүзгөн күрөшүңүзбү?
Мындан тышкары, бүгүн чындыкты бетке айткан, кыргыз эли үчүн күйгөн инсандардын үстүнөн саясий куугунтуктар токтобой келет. Тактап айтканда, И.Исаков, А.Жекшенкулов, У.Барктабасов, Р.Жээнбеков жана К.Кадыровдордун үстүнөн мыйзамсыз, оор статьялар менен жасалма кылмыш иштери козголгондору, Балыкчы окуясы боюнча эч күнөөсү жок биздин жердештердин соттолушкандары күбө.
Балыкчы окуясы боюнча кыскача токтолсок, ошол 23-июль, президентти шайлоо күнү чынында бийлик тараптан шайлоо эң ыплас өтүп жатканын көргөн эл өзүлөрү Балыкчыда чогулуп башташкан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Асанакунов жана К.Кадыровду чакырышкан. Эл чакыргандан кийин алар келишип, "эч кандай мыйзам бузууларга барбагыла, мыйзам чегинде гана иш алып барабыз" дешкенине карабастан миңге жакын чогулуп турган элге карата бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз күч колдонушкан, тактап айтканда тим эле террористтер чогулуп алгансып, моджахеддерди кармагансып атайы куралдарды колдонушкан. (Кийин уксак Бишкектен келген СПЕЦНАЗдар экен), шумовой гранаталарды ыргытышып, сабап, ошол жерден отуздай баланы Балыкчы ГОВДсынан кармап кетишкен (кийин 19ун калтырышып, калганын чыгарышкан). Кинолордон, телевизордон деле көрүп жатабыз го, террористтер менен деле сүйлөшүп, койгон талаптарын угуп, такыр мыйзам чегинен чыгып баратканда гана күч колдонгондорун. Биз эмне, террористтердей дагы кадыр баркыбыз жокпу, же бүгүнкү бийлик көл эли менен такыр эле эсептешпей калганбы деп башыбыз ооруп жатат.
Курманбек Салиевич! Чынында Балыкчыда 23-июль күнү көбүнчө пенсиядагы улгайып калган адамдар жана кыз-келиндер чогулушкан эле, бизге окшогон жаштар чогулганда окуя такыр башкача болмок, анда бизди эч ким токтото албайт болчу. Кары-жашы, аял-эркегине карашпай сабашкандары аз келгенсип, биздин агабыз Кубанычбек Кадыровду Балыкчы ГОВДсына күч менен алып киришип, ал жерден Бишкектен келген СПЕЦНАЗ Кубанычбек агабыздын кадыр-баркын, ар-намысын тепсешип, колуна күч менен наручник кийгизишип, дубинка менен сабашып, "чөгөлөп кечирим сура" дегенде Кадыров "силерден чөгөлөп кечирим сурагандан көрө мени ушул жерден эле атып салгыла" деп моюн сунбай койсо, камалган балдардын баарысын жерге жаткызышып, аларды дагы сабап баштаганда, Кадыров "балдарга колуңарды көтөрбөгүлө, булардын эч кандай күнөөсү жок, сабасаңар мени сабагыла" деген. Көрдүңүзбү, Курманбек Салиевич, бизде орустар айткандай "беспредел" болуп жатканын, элестетип көрсөңүз, ГОСДУМАНЫН депутатын ГОВДга алып киришип СПЕЦНАЗ сабап жатканын!!! Чындап айтканда, Курманбек Салиевич, Акаев заманында дагы мындай болгон эмес. Сиз оппозицияда жүргөндө Акаевдерден ушундай кордук көрдүңүз беле? Сиз керек болсо дубинка менен таяк жемек турсун, манты жеп отурган жерден президент болуп калгансыз. Керек болсо Бекназаров СИЗОдо отурганда мындай кордукту Акаев дагы көрсөткөн эмес.
Курманбек Салиевич, ошондо, чынында, биз, жаштар чечкиндүү кадамдарга дайын элек, бирок Кубанычбек агабыз токтотуп койгон "кереги жок, убагы келгенде жооп беришет, кан төгүлүп кетет" деп. Бир чети азыр, жаштар, өкүнүп жатабыз баш ийбөөчүлүктү ошондо башташ керек эле деп, бирок азыр деле кеч эмес деп эсептейбиз. Анысы аз келгенсип, кийин Кадыровдун жана Балыкчыда камалгандардын үстүнөн түшкө кирбеген оор статьялар менен кылмыш иштерин козгошкондоруна күйдүк. КТРден мурунку Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев тергөө иштери аяктап, соттун чечими чыга электе эле "Кадыровдун күнөөсү чоң, бери эле жагы 10 жылга кетет" деп айтканы эмнени каңкуулайт? Же Кадыров өзү айткандай буйрукту сиз бергенсиз го, болбосо мыйзам боюнча адам өлтүргөн кылмышкерди дагы соттун чечимисиз бирөө дагы күнөөлүү деп айтууга эч кандай укугу жок эмес беле.
Эгерде Жогорку Кеңештин депутатына ушундай мамиле кылып жатса, анда бизге окшогон карапайым элдин шору экен да, алардын таламын ким талашат? Сиз эмне себептен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын гаранты катары үн катпайсыз?
Жердешибиз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Кадыровду 23-июль күнү милиция кызматкерлери уруп-сабаганы боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын корутундулары турса дагы, эмнеге анын арызы боюнча күнөөлүү адамдар бүгүнкү күнгө чейин жоопко тартылбай келет? Жок дегенде Кадыровдун арызы боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейин жеткизип кийин актап жиберсеңер деле жарашмак "күнөөлөрү далилденген жок" деп, соттор өзүңүздүн колуңузда болгондон кийин.
Урматтуу президент!
Эмне себептен 2005-жылдын 24-мартында болгон окуялар боюнча кылмыш иши козголбойт? Эмне үчүн Банктарды тоноп, райондук жана облустук администрацияларды басып алуулар, талап-тоноолор, өрттөмөйлөр башаламандык боюнча кылмыш иши козголбойт? Эмне үчүн?
Ошол революцияны уюштургандардын биринчи катарында сиз тургансыз, эмне үчүн сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголбойт? Мыйзам алдында баары бирдей болуш керек эмеспи? Эмне үчүн Үсөн Сыдыковдун, Нур уулу Досболдун, О. Малеванаянын жана башкалардын үстүнөн кылмыш иштери козголбойт дагы, кичинекей Балыкчы окуясы боюнча кылмыш иши козголот?
Такыр эле логика жок болуп жатпайбы. Же Кадыров өзү айткандай "бул бала элди көтөрүп жиберет экен, чара колдонгула" деп сиздин буйрук бергениңиз чын беле?
Урматтуу президент! Кыргыздар "осурган кыз, осурбаган кыздын бетин тытыптыр" дегендей, шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, фальсификация кылып өткөнүңүз аз келгенсип ( ОБСЕ ж.б. уюмдар дагы фальсификация болду деп жыйынтык чыгарышкан) өзүңүздүн элиңизге карата күч колдонуп, уруп сабаганды кандай түшүнсөк болот же "Народ баран, президент чабан" деген ойдосузбу?
Мындан тышкары, Балыкчы окуясы боюнча Көлдүн аттуу баштуу аксакалдары сизге атайын үмүт менен кайрылышты эле (М.Мамакеев, И.Абдразаков, К.Исаев, С.Иманбеков, Ж.Сааданбеков, Э.Каптагаев ж.б.), ага чейин көп эле жолу көлдүн эли дагы кайрылышты эле, бирок ал кайрылуулар Сиз үчүн чиркей чаккандай да болгон жокко. Биз муну көл элинин бетине түкүрүп койгондой эле мамиле кылдыңыз деп эсептейбиз. Мынча болду, Ысык-Көл облусунун элин жери менен кошо Каркыра жайлоосун, пансионаттар жана жерлерди сатып жаткан учурда Ак-Жолдун кошоматчы депутаттарыңыз менен чогуу Казакстанга сатып жиберсеңиз жакшы болмок.
Урматтуу Курманбек Салиевич! Көл губернатору Кыдык Исаевге биз ушул маселелер боюнча кайрылсак, кабыл албай койду. Ал кишиге биз курултайга даярдык көрүп жүргөндө көчөдөн жолукканбыз, ал бизге "мен Кадыровдун ишин чече албайм, Ак-үйгө кайрылгыла, ошол жактан чечилет", дегенинен сизге кайрылып жатабыз. Мындан тышкары биз курултайга барып, ушул маселени көтөрөлү десек "макул, тизмеге киргизем" деп сөз берип, бирок бизди алдап кетти. Чындыкты бетке айткан жаштар кирбей калдык, "дежурный" жаштарды киригизип коюптур.
Кыдык Исаев өткөн президенттик шайлоодо фальсификация кылып жатып араңдан зорго сизге 60% алып берди эле, эмки шайлоодо сизге 6% дагы алып бере албайт. Чындап айтканда, Кыдык Исаевди көлдө кары-жашы дебей эч кимиси сыйлабайт, кадыр-баркы жок, ишенбесеңиз өзүңүздүн жакын кишиңизге көл элин кыдыртып көрсөңүз түшүнөсүз. Өзүм дегенде өгүздөй кара күчү бар Кыдык Исаев азыркы учурда өзүнүн чөнтөгүн гана кампайтып отурат. Элди ойлогон жери жок, жакында жарылбаса болду.
Жогорудагылардын негизинде биз, Ысык-Көл облусунун жаштары, төмөндөгүлөрдү талап кылабыз!!!
1. Балыкчыда соттолгондорду толугу менен актоону;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадыров Кубанычбекке тиешелүү кылмыш ишин мыйзамга ылайык кыскартууну жана аны Мекенине кайтарып келүүнү. Кадыровду милиция кызматкерлери уруп-сабаган факт боюнча кылмыш ишин козгоп, тийиштүү адамдарга чара көрүүнү;
3. Равшан Жээнбековго тиешелүү кылмыш ишин мыйзамга ылайык кыскартууну жана аны мекенине кайтарып келүүнү;
4. Урмат Барктабасовко тиешелүү кылмыш ишин мыйзамга ылайык кыскартууну жана аны Мекенине кайтарып келүүнү;
5. Исмаил Исаковду жана Аликбек Жекшенкуловду толугу менен соттон актап чыгарууну;
6. Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдык Исаевди ээлеген кызматынан бошотууну жана Балыкчы элеваторун мыйзамсыз казактарга саткандыгы, Кумтөрдөн Ысык-Көл облусунун элдерине которулган акчалардын кайда кеткендигин тактоо үчүн аудитордук текшерүү жүргүзүп, анын үстүнөн кылмыш ишин козгоону;
7. Электр энергияга жана мобилдик байланышка болгон кымбаттоолорду арзандатууну;
8. Каркыра жайлоосун, 4 пансионат жана 52 гектар жерди кайра көл элине кайтарууну;
9. "Түндүкэлектро" жана "Кыргызтелекомду" кайрадан мамлекетке кайтарууну жана башка мамлекеттик стратегиялык обьектилерди менчикке сатууну токтотууну;
Урматтуу президент! Биздин жогорудагы талаптар аткарылбаса, биз чечкиндүү кадамдарга барганга даярбыз. Элге Акаевдердей эксперимент кылганыңызды токтотуңуз, кеч боло электе. Аз да болсо азырынча убакыт бар!!!

Баарыбыз кол койсок барак жетчүдөй эмес, чынында бизде дагы кризис! Бизден башка дагы 260 жаштын колу коюлду деп эсептеп койсоңуздар.