Жаңы курмандык:

"Ачык саясат", "Назар"
"Назар" жана "Ачык саясат" гезиттеринин жабылышына карата дүйнөлүк абройлуу маалымат каражаттары өз пикирлерин байма-бай билдиришүүдө. Алардын пикиринде "Ачык саясат", "Назар" гезиттерин көз карандысыз жана башка ММКларды кыргыз бийлиги чындыктан корккондугу үчүн жаап, элге жеткирбей жатат.

Унчукпоого буйрук берилди.
Кыргызстандын бийликтери
ылайыксыз ММКларды жаап жана тосуп жатат

"Эки оппозициялык гезит жабылып, дагы бир гезиттин нускасы толугу менен тартылып алынган. Ошондой эле, бир нече маалымат сайттарына кирүүгө жол жок жана көз карандысыз үналгыны уктуруу токтотулган. Мунун баары Жоогазын революциясынын беш жылдыгынын алдында болуп отурат. Ал революциянын натыйжасында Кыргызстандын бийлигине президент Курманбек Бакиев жана аны колдогон "Ак жол" партиясы келген. Республиканын жетекчилеринин демократиялык баалуулуктарды карманабыз деген тынымсыз жана олуттуу билдирүүлөрүнө карабастан өлкөдө цензура күчөй баштады.
Учурдагы "оозду жабуу" учкундары өлкөдөгү кезектеги саясий сезондун башталышы менен түздөн-түз байланыш. Буга чейин болжолдонгондой акыркы мезгилдерде Кыргызстандагы жашоо-шарт оорлогондугуна байланыштуу март айынан тарта оппозиция өз тарабына көп сандаган жарандарды тартууга аракеттике өтүшкөн. Жаңы жылдан тарта коммуналдык төлөмдөргө, кызматтарга жана азык-түлүктөргө баалар жогорулап, жаңы салыктар киргизилген.
Цензуранын чокусу март айынын экинчи бөлүгүнө туш келди.
Чет элдик блогерлердин арты менен MGN групптун башчысы Евгений Гуревичке мафия менен биргеликте "акчаларды адалдаган" деп Италияда издөө жарыяланганы белгилүү болду.
Кыргыз бийлигинин финансылык консултантынын Италиялык мафия менен байланышынын болушу - албетте, чатак. Кыргызстандагы белгилүү сайттар бул теманы чагылдырууда кашаңдык кылышты. Ошол эле учурда Кыргызстанда Ferghana.ru, Centrasia.ru жана Paruskg.info интернет-ресурстары жабылып калды. "Азаттык" үналгысын уктуруу боюнча айтарлык маселелер пайда болду.
Бийликтин аракеттерине Орусиянын элчилиги, ОБСЕ жана бир катар Өкмөттүк эмес уюмдар нааразычылык билдирип чыгышты. Бирок, аларга бийлик эч кандай жооп кылган жок.
Цензурага байланыштуу окуя муну менен эле чектелген жок. 17-мартта Бишкекте өткөн оппозициянын курултайынын алдында оппозициялык эки гезит - "Назар" жана "Ачык саясат" "Адилеттүү жаза- мамлекеттүүлүктүн негизи" деген макала баскан. Анда автор Кыргызстандын президенти кызматка мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында келген жана мамлекеттик менчикти туугандарына мыйзамсыз бөлүп берген деп бекемдейт. Башкы прокуратура макаланы окуп, ал материал президенттин абийирине, ар-намысына жана беделине шек келтирет деп эсептеп, сотко берген. А сот 18-мартта гезитти Кыргызстанда таратууга жана басууга тыюу салды.
Григорий Михайлов
"Независимая газета" 23.03.2010


" Доо арыз президенттин ар-намысын коргоо үчүн эмес, гезитти жазалоого багытталган"
Кыргызстанда эки оппозициялык гезиттин чыгуусуна тыюу салынып, журналисттерди кысмакка алуу уланууда.
19-мартта Кыргызстанда сот президент Бакиевди "таарынткан" эки оппозициялык гезитти токтотуу боюнча чечим кабыл алды. "Чек арасыз репортерлер" Бишкекти көз карандысыз ММКларга чабуулду токтотууга чакырды.
19-мартта, жума күнү Бишкектин Биинчи Май райондук соту "Назар" жана "Ачык саясат" гезиттин чыгуусун токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу басылмалардын ээси Бабырбек Жээнбеков билдирди. Соттун чечими Башкы прокуратуранын президент Курманбек Бакиевдин ар-намысын жана абийирин коргоо боюнча доо арызы менен байланыштуу.
"ММКларды жазалоо"
Бир нече күн мурун бул эки гезит чет жерде жашаган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун президентке жана анын үй-бүлөсүн сындаган макаласын баскан.
Башкы прокуратура эки басылмага моралдык зыян келтиргени үчүн 5 миллион сом (81,5 миң доллар) төлөө талабын коюуда. Кыргыз укук коргоочулары жана оппозициялык партиялар соттун чечимин сөз эркиндигин чектөө аракети деген ишенимде. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Интерфакс" маалымат агенттигине " Доо арыз президенттин ар-намысын коргоо үчүн эмес, гезитти жазалоого багытталган" деген пикирин билдирди.

Ольга Демидова
"Немецкая волна" 19.03.2010




  АКШ

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин тыюу салынышына тынчсызданууда
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча комиссия (Хельсинки
комиссиясы) жана АКШ конгресси кыргыз бийлигин көз карандысыз жана оппозициялык ММКлардын чыгуусуна тоскоолдук кылбоого чакырды.
17-мартта Комиссия Кыргызстандын бийликтеринин өлкөдөгү сөз эркиндигин басмырлоого багытталган аракеттерин айыптаган билдирүү таратты.
Комиссиянын теңтөрагасы, Мэриленд штатынан шайланган демократ-сенатор Бенджамин Кардин: "Мен Кыргызстандагы ММКлардын абалынын начарлашына, айрыкча "Азаттык" үналгысынын уктурууларынын токтотулушуна өтө кабатырмын" деген пикирин айтты.
Сенатор ошондой эле, көз карандысыз интернет сайттарды, анын ичинде "Азаттык" үналгысынын сайтынын жабылышы, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин кысмакка алуу тенденциясынын бар экендигин билдирет деп белгиледи.
Эсиңерге сала кетсек, бир нече күндөн бери Кыргызстандын жарандары "Азаттык" үналгысынын жана башка маалымат сайттарына кирүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок.
Жакында болсо, өлкөдө көз карандысыз эки басылма -"Ачык саясат" жана "Назар" гезиттери жабылды.

"Голос Америки"
Эрика Марат, бейшемби,18-март 2010




Кыргыз соттору тарабынан тыюу салынган гезиттер башка ат менен чыгууга аркеттенишет
Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан басууга жана таратууга тыюу салынган оппозициялык "Ачык саясат" ("Открытая политика"), жана "Назар" ("Взгляд)" гезиттеринин ээси Бабырбек Жээнбеков "Фергана.РУга" 26-марттан баштап, "Ачык саясат" гезитинин мазмуну менен "Ачык саясат" "Алибиде" мейманда" деп аталып, "Алиби" гезитинин жаңы саны жарыкка чыгарын билдирген. "Алиби" гезити да Бабырбек Жээнбековго тиешелүү. Ал басылманы президент Бакиевдин небереси Асылбек Салиевди "натыйжасы адам өмүрүн алган жол кырсыгына катышы бар болушу мүмкүн" деп жазгандыгы үчүн токтоткон. Сотто гезит уттуруп, басылманын ээси президенттин тууганына 1 000 000 сом төлөп бергенден кийин гана "Алиби" кайрадан жарыкка чыга баштаган. "Назар" гезитинин материалдарын да башка гезиттин бетине жарыялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бабырбек Жээнбековдун айтымында, Кыргызстанда эгер гезит ээсинин позициясы бийликтегилерге күмөн жаратчу болсо, түрдүү шылтоолордун негизинде жаңы саясий гезитти каттоодон өткөрбөйт. "Фергана.РУнун" белгилешинче, Жээнбековго өзүнүн атына жаңы гезит каттатууга мүмкүн эмес. Эскерте кетсек, "Назар" жана "Ачык саясат" гезиттеринин чыгуусуна тыюу салган соттук чечимге Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын президент Курманбек Бакиевдин "ар-намысын жана абийирин коргоп берүү" тууралуу арызы негиз болгон.
Полит.ру 22.03.2010

Даярдаган Заирбек БАКТЫБАЕВ