КАТ
"Саламатсыңбы, Сүйүн! Алгач, ден соолугуңду сурайын, эч жериң оорубай-этпей эле жүрөбү? Иштериң кандай? Арадан нечен жылдар агылып өтсө да, сага бүгүн батынып кат жазып жатканыма өзүм да таңмын. Бул кат мындан жыйырма жыл мурун жазылыш керек эле... Анда деле ушул маанини камтымак. А бирок, анда мен башка элем. Жаш элем, курч элем, сага деген ыза-таарынычтан жүрөгүм өрттөнүп турган чагым эле. Тагдырдын кыйчалыш түшүп калган жолун өзүм эле түздөп кетем, өткөндөргө кайрылбайм, а жолуккан кыйынчылыктарды алыс алып ыргытам деп жүрүптүрмүн... Балким, кайсыдыр бир деңгээлде ал аракетим аткарылгандыр, а бирок, тагдырыма тартылып, кайра кайып учуп кеткен сен сезимимдин тээ түпкүрүнө биротоло орун-очок алып кала берериңди, калганда да дарыланбас дартка айланып калаарыңды анда билбептирмин.
... Ошо түнү кеч келдиң. Кээде ошентип кечигип калмайың бар эле, а бирок, ушу бүгүн жүрөгүм алда-нени сезгендей алып-учуп эле өзүмдү коерго жер таппай кайсалана бердим...кайсалана бердим. Кызымтал экенсиң. Эки жаштагы Эрнисти эмизип отургам. Эшиктен кирип эле мага эч нерсе дебей, уулуңду эңкейип жыттадың. Арактын жытына аралашып, жагымдуу француз духиси мурдума "бурр" эте түштү.Мындай духини себинген жөнөкөй, карапайым аял эмес экенин ошондо эле сезгем. Башымды буруп кеттим. А сен Эрнисти колуңа алып эркелетип, ошону менен перзентиңден кечирим сурагандай жалынып-жалбарып жаттың.
- Курсагың ачкандыр?..
Сени карабай, стол үстүнө тамак коюп атып сурадым.
- Жок,-деп алып кайра чочуп кеттиң,- Ооба...
Алдыңдагы тамакты деле жеген жоксуң. Ары түртүп, бери түртүп, бир чыны чай ичтиң да туруп кеттиң
...Ал түнү уктаган жокмун. Жүрөгүм жүз жеринен тилинип, аруу махабатымды капысынан кимдир бирөөгө алдырып жибергениме көзүм жете өксөп, сени жоктоп аттым. Жанымда, бир төшөктө жаткан сени жоктогонума аликүнчө өкүнөм. Ошол түнү сезимим кара кийип, сенделип жалгыз чыктым турмуш белесине. Тирүү турган сени көөмп, армандуу кошок коштум. Балалык бал күндөрүмдү, таттуу таңдарымды, буурул кечтеримди, деги койчу, сени менен байланыштуу бардык нерселерди чогултуп туруп өрттөп аттым. Жыңайлак жүгүрүп, бутума тикен кирип, тээ адырдан бери үйгө чейин артына көтөрүп келген кичинекей сары баланы - сени жоктодум! Он жыл бою бир партада чогуу отуруп, ойносо - оюнга тойбой, көрүп туруп кусаланып, кучагыңда туруп сагынган күндөр кошо өрттөлдү...
Ошондо туура эмес кылганыма кийин өкүнүп калдым. А бирок, анда ызалап кеткен сени кечире албай кара мүртөздүгүм жеңип кетпедиби.
Ххх
Айтпадымбы, ал түндөн кийин сезимим муздай түшкөнүн, негедир сен да менден алдыстай түшкөнсүдүң. Ортобуздагы уулубузга эле тиешелүү нерселерди сүйлөшкөнүбүз болбосо, экөөбүз көз-көрүнөө алыстагандан алыстап бараттык. Акыры бир нерсе болчудай жүрөгүм болкулдай берген. А бирок, анын капысынан болоорун билген эмесмин.
Телефон чырылдап калды. Алдым. Трубканын тиги учунан мага тааныш эмес бир аялдын үнү чыкты.
- Алло, саламатсызбы?
- Саламат...
- Сиз - Кымбатсызбы, Сүйүндүн жубайысызбы?
- Ооба, бул ким болду экен?
- Менин ким экениме кызыкпай эле коюңуз. Андан көрө, күйөөңүздүн эмне кылып жүргөнүнө көз салсаңыз боло...
- А сиз мага эмне дегени турасыз?
- Мен сизге бир чындыкты айтып койгум келет. Күйөөңүз сиздин көзүңүзгө чөп салып жүрөт.
Тиги мага бейтааныш эле аялдын минтип айтканы жүрөгүмдү өрттөп кетсе да, өзүмдү токтоо кармадым.
- А сизге анын кандай тиешеси бар?
- Тиешеси деле жок, а бирок, сиздей чырактай жанды алмаштырып атканга ичим ачышат. Мага ишенбесеңиз, азыр эле дачаңыздарга кетишти, үстүнөн чыгасыз... -деп, ошол замат трубканы коюп таштады. Эмне кыларымды билбей эле отуруп калдым. Эгер мурда эч нерседен шектенбей эле жүрсөм,бул аялдын сөзү мага анчалык таасир этмек эмес. Өзүмдүн сезимим өрттөнүп жүргөн убакта...
Токтоно албадым. Бир сыйра ыйлап да алдым. Эмне кыларымды билбей, жакын курбум Алияга чалдым. Жаңы эле уккан сөзүмдү айтып шолоктоп жибердим.
- Азыр барып калам,- деди курбум.
Жарым саатта жетип келген курбум алгач "кой, бузукунун тилине кирбе" дегени менен, шолоктогонума боору ачып, Сүйүнгө жини келди окшойт: "Жүр, кеттик!" деп шар кетти. Өзү да эркек мүнөз болучу. Уулумду алып Алиянын машинеси менен биздин Беш-Күңгөйдөгү дачабызга тез эле жетип бардык.
... Отурупсуңар. Стол үстү түркүн дүйүм даамга толо. Коньяк, винону... жартылатып коюпсуңар. Мени көрүп эле тура калдың. Өңүң жууган чүпүрөктөй болуп кубара түштү. А тиги төрдө жарым-жартылай жылаңач отурган начальник аял манчыркап, мени карап мыскылдай жылмайды.
- Жаным, үйдөн сүйлөшөлү,- деп алдымды тородуң.
- Эмнени сүйлөшмөк элек. Болоору болуптур да...-деп артыма шарт бурулдум.
- Жаман коңшу жер коруйт, жаман катын эр коруйт...- деп какшыктай сүйлөгөн тигил аялдын сөзү менин жүрөгүмө канжардай сайылды. Ага кантип учуп жеткенимди да, стол үстүндө жаткан бычакты кантип алганымды да билбейм...Кан шыркырай түштү. Бирпастын ортосунда будуң-чаң болуп кеттик. Бир жагынан сен, бир жагынан Алия келип мени араң токтоттуңар. Каяктан чыккан жапан күч экенин билбейм. Ушунча күчтүү, ушунчу зулум болуп чыга келиптирмин. Бет алдымда тиги аял кыркырап жатып жан берди...
ХХХ
- Мунун баарына мен күнөөлүүмүн. Сен уулубузду эптеп чоңойт. Мен сенин алдыңда жууса кеткис күнөөгө баттым,- деп милицияга барып, аялдын өлүмүн өз мойнуңа алдың. Сотко да барган жокмун. Төшөктө бүк түшүп жаттым. Эч кимди көргүм да, билгим да келген жок. Сени ошентип 18 жылга кесип жиберишти.
Ошону менен ортобуздагы байланыш биротоло үзүлдү. Тууган-туушкандарың канча жолу келди, сен үчүн кечирим сурашып, эч бир моюбай койдум. Эгер бир эле сенин күнөөң болсо, анда кечирет белем? Сени кызганып барып, адам өлтүрүп алганыма өзүмдү өзүм кечире албай келем... Менин биротоло таштай болуп катып калганымды билип, сен да мага куш тилиндей кат жаза албадың. Уулуңду мага, мени Кудайга тапшырып коюп кайтпас сапарга жөнөп кеткендей болдуң. Ушинтсем жеңил болот болуш керек дедиң окшойт.
Жеңил болдубу, оор болдубу, айтор, бир мезгил өтүп кетти. Уулуң чоңоюп, кыз жандап... дегендей. Жакында уктум, түрмөдөн чыгып айылга барганыңды. Аябай жаман арыктап, жүдөп алыптыр дешти. Эч ким менен деле дурустап сүйлөшпөйт, дудук сымал бир чекитти карап отурганы отурган. Түндөй түнөрүп, оозунан махоркасы түшпөйт... дешти.
Жылдарга басылып, бүтө жаздап калган жаранын карты кайрадан сыйрылды. Ошондо дачага ыйлап жетип барбасам, мындай окуя болбойт эле да. Күнүмкү азгырыкка алданган сен мени эч качан таштап кетмек эмессиң. Ооба, баары бир сен мени сүйчүсүң да. Дал ошон үчүн адам өлтүрүүнү өз мойнуңа алып, өз күнөөңдү жуугуң келди. Күнөөңдү жуудуң...бирок, аттиң, өзүңдүн өмүрүң менен...Өмүрүң менен болбогондо эмне болду, бүт жакшылыгыңдын баары менен кош айтышып, түнт, көр дүйнөнү тандап алганың ошо да!
Мен сени кечирдим. Балким, сен мени кечире албассың! Кантсе да көзмө-көз отуруп бир сүйлөшсөк болот эле. Өмүр деген өтүп, чачтар буурул тартып баратат. Дагы канча өмүр калды, ким билет? Сенин Жаның."
Бул кат айылдык почтага келип түшкөн күнү айылдын четиндеги көрүстөндө жаңы мүрзө казылып аткан. Ал катты Сүйүн менен кошо көмүштү...

Нурбүбү БӨДӨШОВА