Спорт майданында
МИЛЛИОНДУ КИМ УТАТ?
Москва шаарында Эл аралык Prince Open кубогу үчүн өткөрүлүп жаткан турнирде кыргыз бильярдчылары кимдер менен беттешээри айкын болду. Россиядагы бильярд спортун өнүктүрүү Ассоциясынын билдирүүлөрүнө таянсак, биздин бильярдчы Камалиддин Есидинов россиялык спорт чебери Сергей Тузов менен алгачкы ирет беттешет. Дагы бир кыргызстандык Антон Нетесов Калининграддан келген Вадим Белоглазов менен ойнойт. Турнирдин байге кору 1 миллион рублди түзөт.


ИНТЕРНЕТТЕГИ БЕТТЕШҮҮ
Шахмат боюнча "Украина-Кыргызстан. Достук кубогу" интернет-матч бир эле убакта Бишкекте жана Украинанын Луга облусунда болуп өттү.Мында жаш шахматчылар интернет аркылуу эле шахматтык беттешүүлөрдү өткөрүштү. Матчтын максаты - шахмат оюнун жайылтуу, спорт чеберчилигин жогорулатуу менен Украина жана Кыргызстандын ортосундагы достукту чыңдоо болуп эсептелет. Ар бир тараптан мектеп жашындагы үч кыз, үч бала 25 мүнөттөн эки партия беттешет.


ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫ
Х1Х Азия чемпионатынын алдында өткөрүлүп жаткан беттешүүлөрдө кыргызстандык үч мушкер жеңилүү ызасын тартууга үлгүрүштү. Чемпионат алдындагы беттешүүлөр Тегеранда өткөрүлгөн.
60 кг. салмактагы Нурсултан Исаков сириялык Мухамед Насух Алмаханиге, 69 кг. салмактагы Исламжан Далибаев менен Нурдин Маткасымов кытай Янху Хуангу менен инди Сумитов Сангвенге утулушту.
Азия чемпионатында булардан тышкары Мирбек Шеров (51 кг.), Руслан Камилов (54 кг) жана Нурсултан Пазылов (57 кг.) Кыргызстандын намысын талашмакчы.


МАКСИМ - КЫЙЫН ЧАБУУЛЧУ
Кыргызстан чемпионатынын өткөн жылдагы эң кыйын чабуулчусу Максим Кретов бул сезондо "Дордой" (Бишкек) командасынын намысы үчүн оюнун улантат.
Россиялык чабуулчу сезондор аралыгында Россиянын бир нече Премьер-Лига командаларынын кароосунан өткөн. Бирок, алган травмаларынан улам бир да командага кире албай калган. Түркияда өтүүчү беттешүүгө "Дордойго" кошулуу үчүн ал Москвадан учуп кетет.


ЧЕМПИОНДУК ТИТУЛ КИМГЕ БЕРИЛЕТ?
Ирандын Исфахан шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында "АУБ Алтын-Таш" командасы ирандык "Фулад" командасы менен футзал оюну боюнча беттешүү өткөрөт. АУБдун машыктыруучусу Олег Гевленко чемпион титулу үчүн ат салышкан оюнчулардын даярдыгы эң жакшы деп белгилеген.