ИИМ
билдирет
Чоң "тентектерге" тергөө жүрүүдө
Ленин райондук опер кызматкерлеринин жүргүзгөн операциясында Ысык-Ата районунун жашоочусу 28 жаштагы Я.Р, Бишкек шаарынын жашоочусу 29 жаштагы Ж.Р кармалды. Кармалган эргулдар өткөн 2009-жылдын 7-августунда Бишкек шаарындагы Л.Толстой көчөсүндөгү дүкөндү күч колдонуу менен тоноп кетишкен. Учурда "чоң тентектерге" тергөө жүрүүдө.


Маңзаттын азабы
ИИМдин наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 5-мартта Ош шаарынан шаардын жашоочусу Х.Аны 159гр героин менен кармашты. Ага удаа 6-мартта Кара-Суу районунун Фурхат айылынын жашоочусу И.Днын үйүн тинтүүгө алганда 5кг гашиш табылган.
Баткен облусунун укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн опер-иликтөө учурунда Ош шаарынан "Деу-Матиз" маркасындагы автоунаасы менен Кызыл-Кыштак айылынын жашоочусу А.Р кармалган. Автоунааны тинтүүгө алган маалда ичинен 3кг 975гр гашиш табылган.
Учурда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча тергөө иштери башталды.


Жасалма акчадан абайла
Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Бишкек ШИИБнин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын жашоочусу П.Б жана Б.Зны саат 11ден 40 мүнөт өткөн кезде Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу жайларынын биринен жасалма 1000 орус рублин алмаштырып жаткан жеринен колго түшүрүштү.


Баштыктагы курал
Бишкек ШИИБнин кызматкерлери мыйзамсыз курал сактаган Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүнүн жашоочусу К.Гны колго түшүрүштү.
К.Гны тинтүүгө алган учурда колундагы баштыгынан номери өчүрүлгөн 16-калибрдеги курал табылган.


Айла жоктон айымдар…
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн опер-иликтөөсүндө Москва-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек шаарынын тургуну 32 жаштагы айымды шектүү деп кармап, тинтүүгө алган учурда 55гр гашиш табышкан. Ошондой эле милиция кызматкерлери Бишкек шаарынан Жалал-Абаддык К.Г айымды маңзат менен шугулданат деген шек менен колго түшүрүштү. Көрсөтүлгөн фактылар боюнча баңгизат менен шугулданган айымдар сурак беришүүдө.


Адам өмүрүнө забын болгон автоунаа
6-мартта түнкү саат 12ден 40 мүнөт өткөндө Л.Толстой көчөсүнүн 10-үйүнүн жанынан белгисиз автоунаа Ысык-Көл районуна караштуу Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын жашоочусу К.К айымды коюп кетип, кырсык болгон жерден изин суутуп качып кеткен. Көлдүк айым кырсык болгон жерден жан берген. Жол коопсуздугу кыймылынын кызматкерлери жүргүзгөн опер-иликтөөсүндө кылмышка тиешелүү "Фольксваген-Гольф-3" автомашинасы табылып, айдоочусу колго түшкөн.

Издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды
5-мартта саат 19дар чамасында Бишкек ШИИБнин кылмыш-иликтөө тобунун жүргүзгөн операциясында Ысык-Ата районунда мурда соттолгон, учурда түзөтүү колониясынан качып кетип, издөөдө жүргөн К.И кармалды.


Майрам алдында
7-мартта Бишкек шаарынын клиникаларынын бирине Ак-Тилек жаңы конушунун жашоочусу бычактан жаракат алып, оор абалда жеткирилген. Изи сууй электе Свердлов РИИБнүн опер-тергөө тобу тарабынан кылмышка шектүү адам кармалып, тергөө башталды.


Телефонго көзү күйгөн "телибайлар"
Свердлов РИИБнүн кызматкерлери тарабынан тоноо фактысы боюнча Бишкек шаарынын эки жашоочусу кармалды. Алар 25-февралда саат 13 төр чамасында Сүйүмбаев көчөсүнөн күч колдонуу менен жашы жете элек С.Тнын эки уюлдук телефонун тартып алышкан. Учурда каракчылар алган буюмдарын кайтарып берип, тергөө абагында сурак берип жатышат.


Оңой оокат олжо болбойт
Каракол шаардык ИИБнин кызматкерлери изи сууй электе кылмышка шектүү Ак-Суу районунун үч тургунун кармашты. Эргулдар 5-мартта Каракол шаарынын Кутманалиев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен күч колдонуу менен Түп районунун жашоочулары Н.К жана Д.Снын уюлдук телефондорун тартып алышкан.


Кан кое бербейт
2009-жылы 15-октябрда Сокулук айлында Фрунзе-Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен Сокулук айылынын тургундары Л.Г жана Р.Анын өлгөн денелери табылган. Маркумдардын баш-сөөгү жанчылган. Укук коргоо органдарынын жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн негизинде кылмышка шектүү делип, 1989-жылы туулган Сокулук районунун жашоочусу О.А кармалды. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.


Майрам күнү бычакталды
8-мартта түнкү саат 12:00дө Сокулук районунун ооруканасынын травмотология бөлүмүнө бычактан жаракат алган К.Н жеткирилген. Сокулук РИИБнүн аймактык милициясынын ыкчам аракетинин негизинде изи сууй элек кылмыштын бети ачылып, кылмышка тиешелүү адам колго түштү. Учурда көрсөтүлгөн факты боюнча кылмыш иши козголду.


Уюлдук телефонго "ашык" болгон каракчы
Сокулук РИИБнүн кызматкерлери тарабынан каракчы кармалды.
7-мартта саат 20:00 чамасында Сокулук районунун жашоочусу У.А. Ново-Павлов айылынан күч колдонуу менен К.Кнын уюлдук телефонун алып качкан. Изи сууй электе каракчы кармалып, жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши башталды.


Майрамдагы маанай
8-мартта Чүй облустук кылмыш иликтөө тобу изи сууй электе кылмышка шектүү Аламүдүн районунун жашоочусу М.Сны колго түшүрүштү. М.С. 7-мартта саат 20:00 чамасында Аламүдүн айылынан М.Рдин "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автоунаасын айдап качкан. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.


Аймактык милициянын азаматтыгы
Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБнүн аймактык милиция кызматкери тарабынан изи сууй электе мал уурулук менен шугулданган Токмок шаарынын жашоочулары Б.К, БЖ жана Бишкек шаарынын тургуну У.М кармалды. Оңой олжону көздөгөн шумпайлар 8-мартта Тоң районуна караштуу Оттук айылынан бооз бээни уурдап кетишкен. Аймактык милициянын ыкчам иликтөөсүнүн негизинде уурулар уялбай сурак беришүүдө.


Даярдаган
Назгүл МАМЫТОВА,
"АЛИБИ"