Караколдуктар милицияга ишенет
9-март күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин басма сөз борборунда ИИМнин илим изилдөө борборунун начальниги милициянын полковниги Ш.С.Мамыров, аймактык тескөөчү милиция бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги А.М.Молдокматов, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча ОБСЕ программасынын башкаруучусу Е.А.Черенков, аймактык тескөөчү милиция бөлүмүнүн ОБСЕ программасы боюнча кеңешчиси Тармо Вийкма жана көз карандысыз "Социнформбюро" компаниясынын өкүлү катышкан пресс конференция болуп өттү. Бул пресс конференцияда Каракол шаарынын жашочуларынын ШИИБүнө болгон көз карашын, коомдук пикирин, социалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө ойлор айтылды. Бул изилдөө Каракол шаарында экинчи жолу өткөрүлдү. Тактап айтканда, 2006-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде Каракол шаарынын жашоочулары укук коргоо органдарына чоң ишеним көрсөтүп, алардын аткарган жумуштарына жакшы баа беришкен. Мисалга алсак ШИИБү коомчулуктун алдында ишеними 15,8 %дан 45,1%га чейин өскөн. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты М.Конгантиев төмөнкүлөрдү белгилеп кетти: "Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, Каракол шаарынын милициясына - шаардын жашоочуларынын ишеними 3 жылдын ичинде 30%га өсүп отурат. Албетте бул "Кыргыз милициясы сиздер менен жана сиздер үчүн" деген ураандын үстүндө иштегендин жыйынтыгы деди. Ошондой эле аймактык тескөөчү милициялардын ишин андан ары өркүндөтүү үчүн жаңы инструкция иштелип чыккан, бул буйрукка 3-мартта кол коюлганын билдирди.


КУТТУКТАЙБЫЗ!!!
"АЛИБИ" гезитинин кызматкери
Райымбеков
Таалайбекти туулган күнү менен куттуктайбыз! Кааларыбыз: чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат жашоо. Үй-бүлөң менен бактылуу өмүр сүрүп, алдыга койгон ой-максаттарың орундалсын.
"АЛИБИ"
гезитинин
эмгек жамааты.