Жол азабы, көр азабы

"Автоунааларга кошумча паспорт алынбаса, техкароодон өткөрүлбөйт"

Шаар ичиндеги автоунаалардын, коомдук транспорттордун күн санап өсүп жаткандыгына байланыштуу, көптөгөн көйгөйлөр жаралып келет. Бул туурасында жана автоунааларга кошумча паспорт алуу боюнча коомчулукка кененирээк маалымат берүү максатында КР ИИМнин Бишкек шаардык Ички Иштер Башкы Башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугунун көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Саркулов Ыманалы Кадырбаевич менен байланышып, тиешелүү суроолорубузга жооп алдык.


- Ыманалы мырза, учурда автоунааларга паспорт алуу жүрүп жатат. Мунун максаты эмнеде жана кандай болуп алынат?
- Паспорт алууну толук жеткиликтүү кылып түшүндүргөндө, техникалык паспорт бул - транспорт каражатын каттоо күбөлүгү болуп саналат. Азыркы киргизилип жаткан нерсе - бул транспорт каражатынын паспорту болуп эсептелинет. Каттоо күбөлүгү бир жолу берилет. Автоунааны сатып алганда күбөлүктүн негизинде ээси ким экени такталат. Чет өлкөдөн келген автоунаалар учетко коюлганда транспорттук каражаты тууралуу күбөлүк менен паспорт экөө чогуу берилет. Күбөлүк бир берилгенден кийин да кайра алмаштырылып турат. Ал эми паспортто көрсөтүлгөн атайын бөлүмчөлөр боюнча биринчи-экинчи ээлери жазылып кете берет. Эң ыңгайлуу жагы, мисалы: мен автоунаа сатып ала турган болсом кайсы жылкы автоунаа, моторунун кубаттуулугу канча, Кыргызстанга качан келгени, Кыргызстанга келген күндөн баштап канча ээси алмашты, мына ушунун бардыгы паспортто жазылуу болот. Ал эми мурдагы тех-паспортто автоунааны сатып алган адам өзүнө чейинки ээси ким экендигин, Кыргызстанга качан келгендиги тууралуу маалыматка ээ эмес болучу..
- Сиздин оюңузча, бул пайдалуубу же эптеп эле адамдардын чөнтөгүн кагып алуубу?
- Пайдалуу гана эмес, дүйнөлүк практикадан алынган нерсе. Бизден башка бардык мамлекеттерде бул система колдонулат. Ошол эле Россияда, Германияда бар. Биз да алардын практикасына жакындап, ошол системага киргизип жатабыз.
- Паспортту кандай кылып алышат?
- Паспорт алуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Ошол себептүү, милдеттүү түрдө кошумча паспорт алынышы керек. Күбөлүктөрү бар болгон күндө да азыр сөзсүз паспорт алынышы керек. Эгер быйылкы жылдын ичинде паспорт албаса, анда автоунаасы техникалык кароодон өтпөйт. Автоунаа техникалык кароодон өтпөсө, анда аны айдап жүрүүгө болбойт. Биз ал автоунааны кармайбыз. Кармаган күндө техникалык кароодон өтпөсө ага тийиштүү административдик чаралар колдонулат. Ошого байланыштуу, 2010-жылда техникалык кароодон өткөрүү миссиясы башталды. 31-июлга чейин автоунаанын ээлери сөзсүз түрдө кошумча паспортту алуулары керек. Андан кийин гана техникалык кароодон өтө алат. Ошол эле убакта азыр деле келишим менен жүргөндөр бар. Айдаганга жана колдонгонго, сатканга жана банкка койгонго уруксат деген эки түрдүү келишим болот. Айдап жүрүүгө берилген келишимдин негизинде экинчи же үчүнчү киши паспорт ала албайт. Генералдык келишимдин негизинде гана экинчи, үчүнчү адам каттоо бөлүмдөрүнө кирип паспорт ала алат. Андан сырткары, азыркы учурда бардык жерде автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү пункттары бар. Шаймандарды бардык жерге койдуртуп жатабыз. Техникалык кароодон транспортту өткөрүү пункттары бар. Ошол пункттарга келип да паспорт алууга болот.
- Аны алуу үчүн канча акча керектелет?
- Паспорттун өзү - 320 сом турат. Андан сырткары, процедуралар: бланк басат, компьютердик кызмат бар. Ошонун бардыгын кошкондо 400 сомдон ашыгыраак болуп кетет.
- Бул жаңы киргизилген системага элдин көз карашы кандай болууда? Нааразычылыктар жокпу?
- Эң негизги нааразычылык бул - паспорт алууда кезек күтмөй болууда. Учурда автоунааларына паспорт алуу үчүн адамдар көп болуп, кезекке туруу абдан көп кыйынчылыктарды жаратууда. Андан сырткары, буга чейин машине айдап, сатып, сатып алып жүргөн адамдардын көпчүлүгү бул системаны түшүнүү менен эле кабыл алышууда. Себеби, алар буга чейин машине алып жатканда Кыргызстанда жүргөн машинеби, техникалык абалы кандай, канча киши колдонду, ээси канча жолу алмашылды деген сыяктуу маалыматтарды биле алышчу эмес. Азыр эми бир гана кагаз менен баарын билүүгө болот. Машинени сатып алып жатканда же сатып жатканда толук маалымат алганга толук мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат десек болот.
- Мурда сатылып алынган автоунаалар МАИ кызматынын каттоо бөлүмүнө карачу эле. Азыр да сиздерге карайбы?
- Ооба, мурда бизге карачу. Учурда автоунааларды алып, сатуу боюнча каттоо Мамлекеттик каттоо кызматына толук өткөрүлүп берилген. Мындан ары бул биздин система эмес.
- Учурда шаардык МАИде инспектор кыздар кызмат кылышууда. Жол коопсуздугун сактоо боюнча алардын жетиштүү деңгээлде билими барбы?
- Жалпысынан, азыр бизде көчөгө жыйырма инспектор кыз ишке чыгып жатат. Биздин максат - кыргыздын кыздары башка мамлекеттин кыздарынан кем калбай иштөөсүнө шарт түзүү. Жыйырма кыздын бардыгынын жол коопсуздугун сактоо боюнча атайын билими жок болчу. Биз бул боюнча толук билим берип келдик. Учурда дагы кошумча окутууларды, практикаларды жүргүзүп жатабыз. Бардык кыздар жол кыймылын бузган айдоочуларга протокол түзгөндү, айдоочулар менен кандай мамиле кылышты билип, үйрөнүп калышты.
- Акча алганды да үйрөнүп жатышса керек?
- Азырынча бизге инспектор айымдар акча алгандыгы тууралуу маалыматтар түшө элек.
- Учурда шаар ичинде автоунаанын саны кескин түрдө көбөйүп кетпедиби. Ошого байланыштуу жол эрежесин бузгандардын да саны саат сайын өсүп жаткандай...
- Атайын статистикалык маалымат боюнча беш жыл мурда Бишкек шаары боюнча 80-90 миңдей автоунаа каттоодон өткөн болсо, азыркы күндө Бишкек шаарында 140 миңден ашык автоунаа каттоодон өткөн. Бул - Бишкек шаарында эле жашаган адамдардын автоунааларынын каттоодон өткөнү. Андан сырткары, Кыргызстан боюнча каттоодон өткөн автоунаалардын 10-20%ы Бишкек шаарында жүрүп жатышат.
- Транспорттун саны көп болгондугуна байланыштуу, сиздин оюңузча, шаардын жолдору талапка жооп береби? Балким жол эрежелеринин көп бузулуп жатканына ушул маселе себеп болуп жүрбөсүн?
- Туура айтасыз. Мунун да себеби бар десем болот. Анткени, биз машине туура эмес жерге токтоп жатат деп айтып жатабыз. Анын бардыгына протокол жазып, айып салынат. Бир жагынан биз буга түшүнөбүз. Анткени, айдоочу айласыздан туура эмес токтотуп алат. Машинени койгонго, токтотконго жер жок. Себеби, жолдорубуз транспорттун көптүгүн көтөрө албай жатканына түшүнүп турабыз. Ошол эле убакта, азыр бизге чоң маселе жаратып жаткан Ош, Аламүдүн, Орто-Сай базарлары. Башында, союз учурунда базарларды куруу шаар четине пландаштырылган. А азыркы күндө ал базарлардын бардыгы шаар ортосунда жайгашып жатат. Союз убагында Ош базарына бир суткада 1000 машине келсе, учурда базарга бир саатта канча машине кирип жатканын биз эсептей да албай калдык. Ошончо транспортту киргизүүгө базардын шарты да талапка жооп бербейт. Курулуш документи боюнча "Беш-Сары" - кабаттуу автомашина токтотуучу жай болуп салынган. "Берекеттин" жертөлөсү да автомашина токтотуучу жайга ылайыкталган. Бирок тилекке каршы, ал жерлердин бардыгы учурда арендага берилип, кожоюндары эптеп эле акча табууну көздөп жатышпайбы. Бул маселе - жалгыз гана МАИ чече турган иш эмес. Биз муну комплекстүү карашыбыз керек. Мисалы, архитектура, мэрия, МАИ, райондук администрация - мына булардын бардыгы чогулуп чече турган глобалдуу маселе.