Аалам айдыңында

Тажикстан
ОРУСИЯНЫН МАЖИЛИСКЕ ТИЕШЕСИ ЖОК
Тажикстандын парламентине шайлоо республиканын мыйзамына ылайык өттү. Шайлоочулардын бул өнөктүккө катышуусу 85%дан жогорку чекти көрсөттү. "Мажилиске шайлоого бюллетендерин чыгарууга Орусия тарап каржылык жардамдарын берди" деген айрым ММКлардын жазганына "Мындай болууга мүмкүн эмес. Россия дайыма, кайсы өлкө болбосун, анын көз карандысыздыгын сыйлайт, Биз эч качан кайсыдыр бир мамлекеттин шайлоосуна каржылык жактан тиешебиз болгон эмес жана болбойт" деп орус тарап бул маалыматтарды четке кагат.
Мажилиске талаптанган 217 талапкер 63 мандат үчүн ат салышты. Президент Эмомали Рахмон жетектеген Элдик-демократиялык партиясынан эле 62 талапкер катталган. Ошондо, биздин "Ак жолчулар" сыяктуу да...


Өзбекстан
ЖАРМАНКЕ ЖАШТАРДЫ ШЫКТАНДЫРАТ
"Өзэкспоборбор" улуттук көргөзмө комплексинде инновациялык идея, технология жана долбоорлордун республикалык жарманкеси болуп өттү. Анда беш багыт: өнөр жай, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика, маалымат технологиясы, илим жана билим боюнча 500гө жакын жаңы инновациялык иштер көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, жаш окумуштуулардын, жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана колледждин окуучуларынын рационализатордук иштери да көргөзүлмөкчү. Жарманкенин программасында тегерек стол, семинарлар да өткөрүлмөкчү.


Түркмөнстан
ГАЗ - БАШКЫ САЯСАТ
"Наубукко" газ түтүгү Евразия регионунда башкы энергетикалык долбоор бойдон кала берүүдө. Аны ишке киргизүү - Орусияга көз карандылыктан Батыш өлкөлөрүн сактап калчу жолдордун бири. Мында Орусия сыяктуу эле Иран да четте калып калганына таң калып отурат.
"Наубукко" үчүн газ Азербайжан менен Борбор Азиядан келет. Анын ичинен - Түркмөнстан менен Казахстандан, андыктан, алардын сунушу чечүүчү болуп саналат. Эгер Батыш, Борбор Азия мамлекеттери менен газ жөнүндө келишим түзсө, анда дагы бир маселе келип чыгат: Бул газ канткенде "Наубукко" келип түшөт?
2008-жылдын жазында Баку 1991-1992-жылдары алган газ үчүн эсептешкенде, Ашхабад менен мамиле жакшырды. Түркмөнстанга Гурбангулы Бердымухамедов президенттикке келгенде, бул маселени сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө аракеттенишкен. Бирок, 2009-жылдын июлунда Түркмөнстандын башчысы Азербайжанга таасир эткен чет элдик нефти компанияларына эскертүү берип, эл аралык сотко жетип, компенсация төлөөгө кириптер болчу чалгындоо иштерине киришпегиле деп айткан. Үстүбүздөгү жылдын башында Бердымухамедов Азербайжандын элчисине эки өлкөнүн ортосундагы мамилени нормалдаштыруу - Түркмөнстандын тышкы саясаты экендигин бышыктады.


Америка
ДЭНИЕЛ БЕКЕР КЕЛГЕН ЖОК...
Ашхабаттагы форумга Америкадан Дэниел Стейн келип катышты. Евроазиа регионундагы энергетикалык маселелер боюнча АКШнын атайын өкүлчүлүгүнүн жардамчысы Д.Стейн , бул маселе оңой маселеге кирбестигин белгилеп келип, Азербайжан жана Түркмөнстан менен Америка бул долбоордун үстүнөн биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди. Карачы, океандын ары жагында жаткан гигант өлкө да кичинекей коңшуларыбызга көз артып жатканын. А биз жанында туруп, айрым убакта газсыз калып отуруп калып жатпайбызбы...