Алтын чыры
Чолпон Асанова
(башы өткөн сандарда)
Аял бар үй кандай сонун, бардыгы өз ордунда, тыкан жана таза. Үй ичи жаңы эмеректер менен жасалгаланыптыр. Түркүн идиштердеги өсүп аткан гүлдөр үйдүн көркүнө көрк кошуп, өзүнчө бир сулуулукту жаратат экен. Зайыр тартынбай бөлмөлөргө баш багып чыкты. Ал аңгыча Айдай конок алдына дасторконун жайнатты. Экөө чайга олтурушту.
- Чайга карасаң, Зайыр.
- Алып атам, чынын айтсам, өзүмчеө толкунданып жатам.
- Эмнеге?
- Эми тагдыр деген кызык нерсе экен да. Бир кезде сенин каттарыңды күтүп жүргөнүмдө, минтип жолугаарымды билген эмесмин.
- Мен деле сени издеп келет деп такыр күткөн эмесмин. Өзүмчө сүйүнүп жатам.
- Чынбы?
- Чын дилимден айтып жатам - Айдай кызарып кетти да, жүзүн жылмаюу аралап, анан күлүп жиберди.
- Сага күлгөн жарашат экен.
- Кудай күлүп жүргөнгө жеткирсин. Сен жолдон чарчап келдиң. Курсагың, ачкандыр. Тартынбай тамактан алып олтур.
- Тамак табылаттыр... Азыр ойлоп атам да, сен болбосон, мен кайда барат элем, кимди издейт элем? Дагы жакшы сен бар экенсиң, тагдыр сага бекеринен жолуктурбагандыр...
- Балким. Мен деле жалгызмын да. Негедир акыркы учурларда жалгыздыктан тажап жүргөм. Жалгыздыктын азабын жакшы эле тарттым көрүнөт.
- Эми жалгыз эмессиң,- деп ойлойм. Жаныңда мен болом. Мен сенин тирегиң болом, жөлөгүң болом, кор кылбайм. Өмүрүмдүн акырына чейин урматтап өтөм. Бул менин эркекче сөзүм- деген кебинин акырында үнү дирилдеп барып, көзүнө кадимкидей жаш айлана түштү. Турмуштун миң катаал, миң татаал мыйзамы, күтүлбөгөн бурулуштары эрки темирдей бекем адамды дагы жашык кылып коет турбайбы. Ушу азыр Зайырдын тээ бир мезгилде энесине эреркеп ыйлагандай, Айдайына да эчкирип-эчкирип ыйлагысы келди. Бирок, өзүн карманды. Айдай болсо, небак көзүнө жаш алган эле. Аял киши назик келип, кайгырса да, кубанса да көз жашына күчүн чыгарат эмеспи.
- Зайыр, мен чынында сенден ушундай кепти күткөн эмесмин. Мени кечирип койчу, бул кубанычтын көз жашы... Менин ушундай талкаланган тагдырым менен ким аялдыкка алат деп ойлочумун. Дегеле, бул жөнүндө ойлонуу дагы мен үчүн өтө оор эле. Эми билбейм. Абакта олтурган беш жыл бүтүндөй өмүрүмдү
кара боёкко боёп салгандай туюлчу. Ошондуктан, эч кимден мындай сөздү күткөн эмесмин. Азыр чынында уккан кулагыма да ишенбей турам.
- Айдай, сен жакшы адамсың. Ошончо жыл мага каттарың менен дем-күч, кайрат берип келдиң. Экөөбүздүн тагдырыбыз окшош, экөөбүздү тең талкалашкан. Биз өзүбүз эмес, кимдир бирөөлөр үчүн талкаланганбыз. Биз экөөбүз биригип алып, турмуштан уттурганыбызды кайра утушубуз керек. Экөөбүздун колубуздан келет, жаңы турмуш баштайлы. Сен мага жок дей көрбө, алтыным. Менин сенден башка эч кимим жок. Мен сага тирек болоюн, сен мага тирек бол. Экөөбүз тең жетимбиз, экөөбүздү тең, эч ким күтпөйт, эч ким издебейт. Эки жетим биригип, эгиз бололу, телегейи тегиз бололу. Сен мага ишенесиңби, Айдай?
- Ишенем, Зайыр. Ишенем... Бирок, сен мени жакшы билбейсиң да. Балким, мен начар аялдырмын...
- Жок, сенин жакшы аял экениңди билем, жүрөгүм менен туюп турамын. Эң башкысы ортодогу урмат-сый. Калган бардык нерсени түзүп, жасап алсак болот.
Жайнаган дасторкон унутта калып, экөө эзилише сүйлөшүп олтурушту. Сөздөрү түгөнбөй койду. Түн бир оокумда Айдай суу жылытты.
- Зайыр, сен бир чайканып албайсьңбы? Жолдон чарчадың да, жуунуп алсаң жакшы уктайсың.
- Мейли сенин айтканыңдай болсун. Сен мага суу куюп бересиңби?
- Эгер каалап жатсаң куюп берем.
- Албетте, каалап жатам...
Зайыр сууга бир чайканып сергий түштү. Анан Айдайдын төшөгүнө кулады. Төшөктү эки бөлөк салып кылыктанган жок, Айдай. Анткени аял катары мындай бакытты жылдап күткөн эле. Эми ошол бакыт маңдайлаш келгенде, кесирленгиси келбеди. Анын бул оюн Зайыр айтпаса да жакшы түшүндү. Айдай көптөн бери сактап жүргөн жакшы атырын себинип, жаңы ич кийимдерин кийип, атайын жарыкты өчүрүп анан төшөккө акырын жатты. Алгач экөө тең жакындашууга батынган жок. Экөө төшөктүн эки четинде терең дем алып жатышты. Ал учурда бир төшөктүн ичиндеги эки жүрөк сүйлөшүп жатты. Зайыр Айдайды өзүнө имерилте кучактап, эриндеринен аймалап өөп жатты. Аялдын жагымдуу жыты Зайырдын денесин магдыратып, эс-учун жоготкондой абалга келтирди. Айдай болсо эркектин кучагында денеси оттой жалындап күйүп, балкып эрип баратты... Бул мүнөттөр абактан чыккан экөөнүн эң бактылуу мүнөттөрү эле..
Эртеси экөө күн көтөрүлүп калганда, бир төшөктө бактылуу болуп ойгонушту.
(Уландысы
кийинки санда)

Чолпон Асанова