"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
НИКЕ - ЖАРАНДЫКТЫ ӨЗГӨРТӨБҮ?
Саламатсыздарбы? "Алиби" гезитинин жамааты.
Мен сиздерге Ысык - Көл облусунун Тоң районунан жазып жатам. Сиздердин гезитти колума алгандан бери окурман катары кызыгуум арта баштады. Мындан ары дагы алган багытыңар түз болуп, калемиңер курчуй берсин. Ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалоо менен бирге суроомду узата берейин. Кийинки учурларда кыргыз кыздарынын чет өлкөгө турмушка чыгуулары көбөйүп баратат. Мени кызыктырганы бул болуп турат: Ал кыздар чет өлкөлүк жаран менен никеге турганда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготобу же өзгөрбөй эле калабы ?
Эрнис Тилекматов,
Тоң району.


Жооп:
Саламатчылык Эрнис. Сиз берген суроо - аябай жакшы суроо болду. Сиздин сурооңузга "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын 8 - беренесинен жооп алсак болот. Ал беренеде, "Никеге турууда же нике бузууда Кыргыз Республикасынын жарандыгы өзгөрбөйт" деп айтылат.
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никеге турушу, ошондой эле андай никени бузушу, алардын жарандыгын өзгөртпөйт.
2. Жубайлардын биринин жарандыгынын өзгөрүшү экинчисинин жарандыгынын өзгөрүшүнө алып келбейт.
3. Никенин бузулушу ошол никеден төрөлгөн же жубайлар асырап алган балдардын жарандыгын өзгөртүүгө алып келбейт.


ЭЛЕКТРОНДУК КЫЛМЫШКА ЖАЗА БЕРИЛЕБИ?
Саламатсыздарбы "Алиби" гезитинин кызматкерлери. Мен сиздерге Кара-Балта шаарынан жазып жатам. Сиздердин гезитти сатып алып окуганымдан бери, окурман катары кызыгуум арта баштады. Ар бир макалага зор эмгек жумшалганы байкалып турат. Мындан ары дагы алган багытыңар түз болуп, калемиңер курчуй берсин. Ишиңиздерге чоң -чоң ийгиликтерди каалоо менен бирге суроомду узата берейин.
Менин электрондук почтамды бузуп кетишиптир. Укук коргоо органдарына кандайча арыздансам болот ?
Гүлзана Дайырбекова Кара - Балта шаары.


Жооп :
Саламатчылык Гүлзана.
Жарандык укуктук жагдайда жоголгон, бузулган, же уурдалган буюм-тайымдар үчүн доомат коюуга болот. Эгерде интернет жөнүндө айтып жатсаңыз, ага эч кандай укуктук статус азырынча жок. Бирок, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 28 - бөлүмүндө "Компьютердик маалымат кылмышы"- деп аталгандарга эки берене жооп берет.
Биринчи, 290-берене боюнча: Компьютерге вирус таратуу, компьютердеги баалуу деп эсептелген маалыматты көчүрүп алуу же жок кылуусу жана компьютердин иштөө түйүндөрүн бузса, иштөө программаларды алмаштырып салса -материалдык чыгымдар ордуна келтирилип, кечирим суратылат, же болбосо, эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин айып салынат, же болбосо үч жылга чейин эркинен ажыратылат.




АЛЬТЕРНАТИВАГА АКЧА ТӨЛӨЙБҮ?
Ассолому алейкум "Алиби" гезитинин кызматкерлери.
Мен сиздерге Талас облусунун Кара-Буура районунан жазып жатам. Сиздердин гезитти өтө кызыгуу менен күтүп окуйм. Себеби " Адвокат профи"+ ар кандай кеңештерди берүү" рубрикаңар, аябай жагат. Анда чыккан суроо-жооптор турмуш тиричиликте жакшы сабак болчудай. Билбеген маселеңди суроо берип билип алсаң, укуктук жактан сабаттуу болушуңду шарттайт. Ошол себептен, кийинки мезгилдерде "Алиби" гезитин чогултууга кызыгуум арта баштады. Анда эмесе, сиздердин ишиңиздерге чоң-чоң ийгиликтерди каалап, суроомду узата берейин. Биринчи суроом мындай, биздин мамлекетте армияга кызмат өтөөдө, альтернативдик кызмат качан башталган ?
Экинчи суроом, 2009 - жылдан баштап альтернативдик кызматта өзгөрүүлөр болду дейт, дегеле ал боюнча канча жылга канча акча төлөш керек ?

Манас Кененбаев
Кара - Буура району.





Жооп :
Алейкум ассолом Манас. Сиздин сурооңуз дагы жакшы суроо болду.
1. Биздин мамлекетте армияга кызмат өтөөнүн альтернативдик жолу 1992-жылдын 16-декабрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын "Альтернативалык (аскердик эмес) кызматы" Мыйзамынын негизинде, жарандар 1993 - жылдын апрель айынан тартып альтернативалык кызматка чакырылып башташкан.

2. 2007, 2008 - жылдары альтернативалык кызмат өтөгөн кызматчылар көрсөтүлгөн Мыйзамдын негизинде иштеп тапкан эмгек акысынын 20% (жыйырма пайызын) Коргоо Министрилигинин атайын эсебине которуу жолу менен жүргүзүп келген.
3. 2009 -жылдан тартып альтернативдик кызматка чакырылган кызматкерлер, 2009 - жылдын 9-февралында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү" ----мыйзамынын негизинде кызмат өтөөдө.
Альтернативалык кызматтын мөөнөтү отуз алты айды ( 3 жылды) түзөт. Акча төлөмдөрүнүн өлчөмү альтернативтик кызматынын баардык мезгилинде 120 эсептик көрсөткүчтү түзөт.б.а. ( 12 000 (он эки миң) сом болот.





ООРУЛУУЛАР ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?
Саламатсыздарбы, "Алиби" гезитинин жамааты.
Мен сиздерге Нарын облусунан жазып жатам. Сиздердин укук жаатында көптөгөн кеңешиңиздерди окуп, бир топ нерселерди билип калдым. Анан да, өзүмдүн суроомду берейин деп, сиздерге атайын кат менен кайрылып отурам. Эмесе, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Менин суроом : Кийинки кездери угуп калып жүрөм, венерикалык оорулардын түрлөрү көбөйдү деп. Ал ооруну ооздуктап, андай ооруларды жугузуп, таркаткандарга салым кошкон адамдарга мыйзам чегинде кандай жоопкерчиликтер бар ?

Чолпон Султангазиева
Нарын шаары.



Жооп:
Саламатчылык Чолпон. Сиздин сурооңузга түшүндүм. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 118 - беренесинин негизинде ,Өзүнүн оорусун биле туруп, башка бирөөгө венерикалык оорууну жугузгандыгы үчүн - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо үч жылга чейин эркинен ажыратат. Ушул эле берененин экинчи пунктунда айтылгандай - мурда ушул эле берене менен соттолгондор тарабынан жогорудагылар кайра кайталанса, эки же андан көп кишиге жугузса же жашы жете электерге жугузган болсо - анда ал беш жылга чейин эркинен ажыратылат.


ЭРЕЖЕНИ БУЗДУМБУ?
Ассолому алейкум, "Алиби" гезитинин кызматкерлери.
Сиздердин гезитте укук маселелерине көбүрөөк басым жасалганы мени дагы аябай кубантып отурат. Укук мыйзамдарын түшүнө бербеген адамдарга жакшы жардам болчудай. Эмесе, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалоо менен бирге өзүмдүн суроомду узата берейин. Азыркы заман-шартка байланыштуу бир коммерциялык фирмада айдоочу болуп иштейм. Менин ишим жол жүрүүгө байланыштуу болгондуктан, шаарда ары-бери көп жүрөм. Кээ бир күндөрү МАИ кызматкерлери жөн эле токтотуп текшере беришет. Эрежени буздумбу?-деп сурасам, "Сен катуу ылдамдыкта келе жатасың" дешет. Ошентип, менде мындай суроо туулуп жатат. Белгиленген ылдамдыктан ашып кетсе канча өлчөмдө айып төлөөгө туура келет ?
Султанбек Четинбаев, Сокулук району.


Жооп :
Аллейкум ассолом Султанбек. Сиздин сурооңузга түшүндүм. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 232- беренесинин негизинде, Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20км/саатка чейин ашып кетиши - эсептешүү көрсөткүчтүн бир жарым өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет. Ал эми белгиленген ылдамдыгынан 20км/сааттан да көбүрөөк ашса - эсептешүү көрсөткүчтүн экиден үчкө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынат же үч айдан алты айга чейин транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет. Ал эми белгиленген ылдамдыгынан 40км/сааттан да көбүрөөк ашса - эсептешүү көрсөткүчтүн сегиз өлчөмүндө административдик айып салынат же алты айдан бир жылга чейин транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.

Даярдаган Алмазбек САБЫРБЕКОВ,
"Алиби"