Күрттөр күйгүздү го
Башпрокурор зөөкүрдү кечирбейт
Көк-Жаңгак окуясы боюнча үч соттун иши каралууда. Бул жакта сегиз жашар кыздын зордукталышынан кийинки чатактын чыгышына себеп болгон окуяга байланыштуу Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясынын иши боюнча Башкы прокуратура Соттор кеңешине кат жиберди. Бул тууралуу маалымдаган Баш прокурор Н.Турсункуловдун айтуусунда, 8 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы жигитти эки жыл мурда жазасын жумшартып, эркиндикке чыгаруу тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү да Жогорку сот бутагына берилди. Ал эми секелекти зордуктаган жигиттин өзүн өмүр бою түрмөгө камоону прокуратура соттон өтүнөт. Быйыл январда сегиз жашар кызды зордуктаган деген шек менен кармалган Хамза Шоруев 2007-жылы Сузак райондук соту тарабынан зордуктоо беренеси менен 6 жылга түрмөгө кесилген. Кийин аны Жалал-Абад облустук соту жазасын эки жылга чейин азайтып, баш коргоо чарасын өзгөртүү менен эркиндикке чыгарган.
Ошону менен катар, Баш прокурор Нурлан мырза Петровкада 4 жашар наристени зордуктаган А.Осмоновдун жазасыз, ээн-эркин жүрүшүнө шарт түзүп берген Москва РИИБнүн тергөөчүсү менен начальниктин орунбасарына карата кылмыш иши козголгонун, учурда алардын иши сотто каралып жатканын билдирди.
Ал эми укук коргоо органдарынын өз ишине кайдыгер мамиле жасагандыгынан улам Петровка чатагы чыгып, анын кесепетинен кыргыздын үч патриот жигити соттолуп жатканы жөнүндө прокурор мырза ооз ачкан жок.




Журналисттен колуңду тарт!
Ташиевдин өлүмү боюнча сот уланат
Ноокат райондук соту Алмаз Ташиевге байланышкан кылмыш ишин кароону улантат. Бул туурасында Алмаз Ташиевдин жактоочусу Таир Асанов билдирди. Анын айтымында, 17-февралдагы соттук процессте Исанов айыл округунун мурдагы аймактык инспектору Шүкүрбек Нурматов жана Жаңы-Базар милиция бөлүмүнүн мурдагы нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулу суралат. Алар кызматынан ашкере пайдаланып, журналистке кол көтөрүп, катуу сабашкан, анын кесепетинен Ташиев каза тапкан деп айыпталууда.


Кыл көпүрө
Акыйкатчы "Ак жолго" отчет берди
Акыйкатчы Турсунбек Акун "Ак Жол" фракциясынын депутаттарынын алдында отчет берди. Депутат Алишер Сабиров Акыйкатчынын адам укуктарынын бузулушун азайтуунун ордуна, ага байланыштуу келип түшкөн арыздарга кат аркылуу жооп берүү менен иш жүргүзгөнүн сындады. Ошондой эле депутат парламент кабыл алган айрым мыйзамдарды Акыйкатчы сынга алып, четке кагып келе жатканын да туура эмес деп билдирди. Ал эми депутат Гүлнара Дербишова Акыйкатчынын отчетуна канааттангандыгын билдирип, адам укугун коргоо институтуна кайрылган каттардын 30%ына жооп берилгенин кубаттоого алды. Ал эми Акыйкатчынын айтуусуна караганда, көпчүлүк адам укугу бузулган учурлар Акыйкатчы иститутунун кийлигишүүсүнөн кийин иликтөөгө алынып, аягына чыгып жатыптыр. Ошону менен катар Акыйкатчы Орусиянын түрмөлөрүндө 195 кыргызстандык жаран жатканын, Орусиядагы кыргыз элчилигинин жардамы менен 8 кыргыз чыгарылганын, мындан тышкары улутчул такырбаштардын колунан кыргызстандык 13 мигрант каза тапканын билдирди. Бул туурасында Акыйкатчы институту тарабынан 10 окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр кармалган. Ал эми калган үчөөнө байланыштуу тергөө жүрүп жатат дейт Акун мырза.


Тараза ташында
Санжардын сырдуу өлүмү каралат
Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты 17-февралда Баш прокурор Нурлан Турсункулов "Ак Жол" фракциясынын алдында отчет берип жатып билдирди. Анын айтуусунда "Ак жол" фракциясынын депутаты Санжар Кадыралиевди өлтүргөн жана анын өлүмүнө тиешелүү деген айып менен бир чоң топ кармалып, жоопко тартылган. "Азыр бул иш соттун кароосунда" дейт прокурор мырза.
Санжар Кадыралиев өткөн жылы 14-апрелде Бишкектеги үйүнүн жанынан атып өлтүрүлгөн.


Коррупциялык системага каршы күрөшүү жана
Улуттук кайра жаралуу элдик-патриоттук
революциялык
кыймылынан
Кыргыз элине
расмий кайрылуу
Урматтуу калайык калкым!

Жыйырма жылдан бери чексиз созулуп келе жаткан саясий-экономикалык каатчылыктын кесепеттеринен, кыргыз эли баштарынан ар түрдүү азаптуу жылдарды өткөрүүдө. Анын үстүнө алакандай элибизди бүткүл дүйнөлүк глобализациянын ташкыны менен финансы каатчылыгы да каптап келе жатат. Ушул мезгилдин ичинде Кыргызстанда канча шаарлар, завод-фабрикалар, чарбалар, канча үй-бүлөлөр талкаланып кор болушту. Коррупциянын кесепетинен кыргыз эли гана эмес, мамлекети жоголуу чегине жетип калды, элибиз туш тарапка тентиреп, чилдей тарап кетти.
Чындык менен адилеттүүлүк жоголуп, залимдик менен эки жүздүүлүк, ач көздүк менен мансапкордук күчөп, бийликтегилер гана кудай-теңирин тааныбай көөп, көздөрүн май басып манчыркашууда.
Социализмде деле, капитализмде деле жыргаган жанагы эле бийликте отурган коррупционер-чиновниктер, ал эми азап чегип кыйналган 90% карапайым эл!
Ушунча акыйкатсыздык менен өз элинин жазыксыз кордолуп жатканын кыргыздын кайсы ар-намыстуу-патриот уул-кызы кайдыгер гана карап туралсын! Андайга жол жок! Эгер андай болсо, анда кыргыз элинин келечеги болбойт!
Эгерде, биз өзүбүздү патриотпуз деп эсептесек, андайга эч качан жол бербейбиз, кашык каныбыз калганча элибиздин жаркын келечеги үчүн күрөшөбүз!
2010-жылдын март айында бири-биринен өтө жарышып коррупциялык бийлик менен популисттик псевдооппозиция кыргыз элинин башын айлантып, өз курултайларына саясий чайкоочулук жасап, өз көмөчтөрүнө күл тартуу максаттары менен элдерди чакырышууда.
Биз, булардын эки тарабына тең ишенбейбиз! Себеби, булар, 2005-жылы элди алдап, сатып кетишкендер!
Аскар Акаевге - экс президенттик, кол тийбестик макамын ыйгарып берип, аны менен кошо бүткүл коррупциялык системаны сактап калышкандар.
Кыргыз элин азаптарга салып, шорлотуп келе жатышкан - ички душмандар-ушулар!
Ошондуктан, 2005-жылкы саясий адамчылык кайталанып, бийликке кайра эле ушул алдамчы-шүмшүктөр келип калбасы үчүн, биз кыргыздын чыныгы патриот уул-кыздары менен таза инсандарын Кыргызстаныбыздын жаркын, таза жана эркин келечегин куруу үчүн 2010-жылдын 29-марты күнү саат 10.00 до баштала турган Кыргыз элинин тагдырын чечүүчү, тарыхый курултайга чакырабыз! Курултайда бир гана маселе каралат: "Бизге кандай Кыргызстан керек жана ага кантип жетебиз?"

Урматтуу Кыргыз элим, өлкөбүздүн тагдыры, ал баарыбыздын тагдырыбыз! Эч кимибиздин ушул тапта кайдыгер карап турууга акыбыз жок! Ким азыр кайдыгер болсо, анда ал биздин душманыбыз, демек ал өзүнүн жана балдарынын келечегинин душманы!
Урушта туруш жок дейт, эл.
Эл өзүнүн келечегин өзү чече турган мезгил келди. Элдик курултайга сөзсүз катышкыла!
Курултайга катышыш үчүн (0777) 69-67-48 телефонуна чалып, жазылгыла.


КСКК & УКЖЭПРКнын жетекчиси,
КППнын башкы катчысы Н.А. Нышанов
Бишкек шаары 16.02.2010-ж.