Укук коргоочулар тынчсызданат!

АКЫРЫНДАП ӨЛТҮРҮҮ - АНЫК КҮНӨӨ
Кыргызстандын укук коргоочулары өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилип, зынданга салынгандардын абалы жана шарты адам чыдагыс жайгдайда экенин айтып чыгышты.

- Киши чыдагыс шарттарда адамдар жан таслим болушууда,- дейт"Атуулдук коом коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова.
Бул борбордун кызматкерлери жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө камалган адамдардын азыркы абалы - азап тартуунун эле өзү деп белгиленди.
1998-жылдан, өлүм жазасына мораторий жарыялангандан тартып адам чыдагыс шартта кармалгандардын 70ке жакыны өлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө зынданда 200дөн ашуун кылмышкерлер кармалууда. Алардын жарымы катуу режимдеги колонияларда , калган жарымы камераларда күн кечиришүүдө.
1998-жылдарда өлүм жазасына буйрулгандар өзгөчө режимдеги колониялардын жоктугунан улам тергөө изоляторлорунда кармалып турган. Камера деп аталган жайлардын аянты - 2х3 метр, ал жайда 3төн 5 адам жашайт. Алардын кай бирлери полдо жатып укташат, ушул эле жерде ажаткана, ичүүчү суу түтүгү, жуунучу жай орун алган.
2005-жылдын 29-декабрында президент К.Бакиевдин указы менен мораторий улантылып, акыр аягында өлүм жазасы биротоло алынып ташталды. Бул -КР Конституциясынын жаңы редакциясы менен толук күчүнө кирди.
2008-жылдын январынан мартына чейинки Жогорку сотто эң жогорку жазага кириптер болгон 133 кылмышкердин 105ине автоматтык түрдө өмүрүнүн акырына чейин абакта отурууга өкүм чыккан. Ошентип, мурда өлүм жазасына буйрулгандар соттук акыйкаттык териштирүүлөрдөн кол жууп калган.
Бирок, кылмыштуулук боюнча мыйзамдар канчалык гумандуулукка сугарылбасын, баары бир соттук практиканын жүзү жумшарган жок. Өмүрүнүн акырына чейин абакка отургузууда соттор баштагы категорияларын өзгөртпөй , өлүм жазасына буйругандай эле өкүм чыгарууда, анан да, мындай өкүмдөрдүн саны күндөн күнгө өсүүдө.
2007-жылы 19, 2008-жылы-12, 2009-жылдын 1-январынан 20 майына чейин - 4 адам дал ушул өкүм менен зынданга түшкөн.
Соттон кийин бул адамдар СИЗО камерасына камалат. Ал жакта тамак -аштан мүчүп, медициналык кароодон өтпөй, деги эле адам чыдагыс шартка тушугат. Ошол себептүү камалгандардын арасында кургак учук менен ооругандар уламдан улам көбөйүүдө. Жыйынтыгында, узак жылдар бою биротоло ден соолугунан ажырап, мүңкүрөп барып көз жумушат. 2008-жылдын 29-декабрында укук коргоо уюмдарынын, коомчулуктун, кылмышкерлердин туугандарынын нааразычылыктарына карабай, эркинен өмүрүнүн акырына чейин ажыратуу боюнча жаңы Закон кабыл алынган. Анда - мурдагы өлүм жазасын өмүрүнүн акырына чейин абакта отургузууга алмаштыргандар жана өмүрүнүн акырына чейин абакка камалгандар Кыргызстанда өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясы негизделгенче, түзөтүү жайларынын тергөө изоляторлорунда жана камера тибиндеги жайларда кармалып турат деп бекитилген.
Укук коргоочулар белгилегендей, мыйзамдын бул нормасы КР Кылмыш-аткаруу кодексинин 45- беренесине карама-каршы келет. Ошондой эле КР ККсынын 19- беренесинин 1-бөлүмү, 41-беренелеринде бул өкүм адамдык ар-намысты басынтып, кыйноолор менен коштолбошу керек. Бир да адам гумандуулуктун чегинен чыга тебеленбеши керек.
Өткөн жылы каражаттын жетишсиздигинен атайын түрмөлөр курулбай калды. Жаңы-Жердеги бул максатта казылган аңдар курулуш жүрбөй эле ошол бойдон токтоп турат.
Мунун өзү - өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылгандар башка кылмышкерлердин жанында эле жашап жатат дегендик.
Бул жерде дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай бар: өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилгендер деле башка кылмышкерлердей укуктарга ээ жана ал БУУнун стандарттарына туура келиш керек. Ошол эле КР ККнын 50-беренесинде "өмүрүнүн акырына чейин абакка отургузуу - мунапыс менен 30 жыл абак менен алмашса болот" деп айтылат. А биздеги абактардын адам чыдагыс шартында аны 20 жыл деп алмаштырса болчудай. Анткени, ошол жыйырма жылга чыдап жашап берүү үчүн да шарттын жоктугу баятан бери айтылып жатпайбы.
Эң жогорку жаза деген өлүм жазасын алып таштагандан кийин өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыроо эң каардуу өкүмгө айланып кала берди. Ошол эле замат өлтүрүп, жанын албаса да, бул жазаны гумандуулук деп айтканга биздин өлкөнүн шартында ооз барбайт. Кордоп, кыйнап, азапка салып акырындап өлтүрүп отуруу - бул керек болсо, өлүм жазасынан да жаман болуп жатпайбы.
Нурбүбү БӨДӨШОВА,
"Алиби"




Сотторду Ким соттойт?
2009-жылдын январь айында массалык маалымат каражаттары КР сотдепартаментинин жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иш козголгону жөнүндө маалымат таркаткан: кыргыз элин таң калтырып, өкмөттүн бюджетинен 6 миллион сом жеп коюптур деп. Убакыт өткөн сайын ал кылмыш иши да унутулуп кыскара баштаган, эч ким сот жообуна тартылбай, кызматтан бошошуп, башка жылуу-жумшак кызматтарга которулушуп кетишкен.

"Манастан Чубак кем бекен?" дегендей, Аламүдүн районунун сотторунун кызматкерлери да жооп бербей турганын билишип, өз билгендерин жасашкан. Бир эле мисал келтирели, кеңсе начальниги Суусар Ашакеева бир нече айлар бою иштебеген кызматкерлерди табелге иштеди деп жазып, акчасын алып жүрдү.
Мунун баары сотторго белгилүү. Эч бир сот ооз ачып айталбайт, сотторду же соттун төрагасын ооздуктап алганбы?
Кайсы сот айта алат: Бизде короо шыпыргыч Ж. Давлетчинова менен электрик А.П.Старых өз милдеттерин аткарып жүүрүштү деп. Ашакеева Суусардын сиңдиси А. Жуманалиева соттун секретары деп эсептелинип - архивде иштейт, ал эми секретарь-катчы Н.А.Токбаева ким экени билинбейт.
Соттун төрагасы Э.Н.Мамытов мындай майда иштерге көңүл бурганга убактысы жетишпей жаткандыр, өтө маанилүү иштерди карап, мисалы:
2009-жылы соттордун отчету боюнча Аламүдүн райсотуна 1511 административдик иш түшүптүр, анын ичинен Э.Мамытов 507 иш карап, ал эми Балагазы Аида 176 - экөө биригип 683 иш карашкан. Калган 7 сотко бөлгөндө - 119дан иш тиет экен.
Ал эми кылмыштуулук боюнча 700 иш түшкөн. Э.Мамытов -159, А.Балагазы 179, ошентип экөө 338 иш караса, калган 7 сотко 49дан иш тиет экен.
Жарандык иш боюнча 1200 иш каралса, анын 40ын Э.Мамытов өзү, А.Балагазы 60, калган 7 сот 157ден иш караган болуп чыгат.
Канча иш каралса да Э.Мамыров менен А.Балагазы гезиттердин бетинен түшүшпөйт, "сот үйүбүздү тартып аферист квартиранттарга алып берип койду" дешип бир нече жылдап соттошуп жүрүшкөндөр бар. Алардын бирөөсү - Махмудинова, экинчиси оорулуу Рыбак менен Вилесова. Экөө тең кокуйлап ыйлап, сотторду айлап - жылдап каргап ушул күнгө чейин үйүн ала албай соттошуп жүрүшөт...
Мына ушундан улам: Сотторду соттой тургандар барбы? - деген суроо чыгып отурат.
Роза Шеренова,
укук коргоочу