"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
Эгерде сизге кылмыш, жарандык, экономикалык, административдик иштер боюнча адвокаттар, юристтер керек болсо "Адвокат профи" фирмасына кайрылыңыз. Жогорку деңгээлде укуктук кызмат көрсөтүүгө, шарты туура келсе Кыргызстандын кайсы жерине болсо да барууга биздин кызматкерлер ар дайым даяр.

Тел: (0543) 19-43-10, (0312) 31-33-68

Жоопко ким тартылат?

Ош - Бишкек жолунда карама - каршы келе жаткан машинанын айдоочусу жол эрежесин бузуп,иним айдап бара жаткан машинаны сүзүп, материалдык чыгымга учуратты. Машинадагы туугандарыбыздын ден соолугуна да зыян келтирилди.Машинени "сүзгөн" айдоочу мыйзам чегинде кандай жоопко тартылышы керек ?
Султанбек Жаныбеков,
Жалалабад облусу.
Жооп:
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 242-беренесинин негизинде:Транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежесин бузуп, транспорт каражаттарын же дагы башка мүлктү материалдык зыянга учуратуусу, - кийин транспорт каражаттарынын материалдык зыянын же ошондой эле өлчөмдөгү залал келтирилген дагы башка мүлктү калыбына келтирүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмдө административдик айып салууга алып келет.
- Транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежесин бузуудан жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтириши,- эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө административдик айып салынышына же кийин жабырлануучунун ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу менен бир жылдан эки жылга чейин транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.
- Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпегендер тарабынан жасалганда,- эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө ата - энесине же аларды алмаштырган адамдарга административдик айып салууга алып келет.


Элчилик эмне кызмат аткарат?

Саламатсыздарбы,
"Алиби" гезитинин жамааты!
Мен мектеп окуучусумун. Келечекте жакшы бир кесиптин ээси болуп, элимдин жакшылыгына жараган адамдардан болсом деп кыялданам.Учурда окуу менен эле чектелбестен, бош убактымды компьютер үйрөнүүгө, бийге жана ырга арнайм. Ошондой эле кыргызча чыккан гезиттерди окуганга да убакыт бөлөм. Бир нече гезиттердин окурманымын. Бирок, айрым гезиттер интернеттеги эле жаңылыктар менен чектелип жатканы кандай?
Ал эми сиздердин "Адвокат профи"+ ар кандай кеңештер" деген рубрикаңыздар жагат. Себеби, андан билбеген же кызыккан суроолорго жооп алсаң болот экен. Анда эмесе, сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалай отуруп, өзүмдүн суроомду узатайын.

- Чет өлкөдө жайгашкан Кыргызстандын элчиликтери эмне жумуш аткарат?
Айжамал Керималиева,
Токтогул району
Жооп:
Саламатчылык, Айжамал. Биздин божомолубуз боюнча, Сиз келечекте элчилик кызматта иштөөгө кызыгат окшойсуз. Кандай болгон күндө да, ойлогон ой-максатыңызга жетиңиз демекчибиз.
Чет өлкөдө жайгашкан Кыргызстандын элчиликтери:
1.Визаны кандай алуу керек, анын кандай типтери болот жана баалары жөнүндө маалымат берет.
2.Визаны алууга канча убакыт кетери жана 3)визаны жаңыртуу жолдору менен тааныштырат.
4.Чет өлкөгө келген жарандарга катталуу мөөнөттөрүн жана туруктуу жашоо эрежелерин түшүндүрөт.
5.Элибиздин тилин, салт-санаасын унутпоого байланышкан маданий иш-чараларды жүргүзөт. Кыргыз мамлекети менен ал мамлекеттин досчулугун чыңдоодо жана ар тараптуу келишимдерди түзүүдө мамлекеттик кызматчыларга көмөк көрсөтөт.
Жумушсуз мигранттарга жумуш таап бергенге жана турмуштун оор абалына кабылгандарга жардам берет.
Чет өлкөгө элчилик кызматка 5 жылдык мөөнөт менен Президент өзү дайындайт.




Мас айдоочу
канча айып төлөйт?

Автоунааны мас абалында башкарып бара жаткан адам кармалса, канча өлчөмдө айып салынышы мүмкүн ?
Таалай Үсөналиев,
Бишкек шаары

Жооп:
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 238-беренесинин негизинде, айдоочулардын транспорт каражаттарын мас абалында айдоосу - эсептешүү көрсөткүчүнүн 10 дон 20 өлчөмүнө чейин, башкача айтканда, 1 миң сомдон 1500 сомго чейин административдик айып салууга же соттун чечими боюнча бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.


Администрациялык
камоо деген эмне?
Администрациялык камоо канча күнгө созулат жана кимдерге колдонулушу мүмкүн эмес ?
Акылбек Болотов
Токмок шаары

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 38 - беренесине ылайык :
1. Административдик камоо он беш суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.





2. Административдик камоо райондук (шаардык) соттун судьясы тарабынан, ал эми өзгөчө же согуштук абал шарттарында коомдук тартипке шек келтиргендиги үчүн ошондой эле аскердик комендат же ички иштер органынын башчысы тарабынан үч суткага чейинки мөөнөткө аныкталат.
3. Администрациялык камоо он сегиз жашка толо электерге, кош бойлуу аялдарга, он төрт жашка чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткандарга, ошондой эле биринчи жана экинчи топтогу майыптарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.


Тарых танбайт

Ааламдагы адам - карышкырлар

Белл Соренсон Ганнесс
1859-жылы бул жарыкчылыкка келип, элүү жашка жетпей каза болгон Белл бир нече ондогон жылдар бою адамдарды өлтүрүп келген. Аялдардын анык акылдан адашуусу жана каары - анын образын ачат. Ал бир да күн иштеген эмес, ал эми бүт чыгашаларына өзүнүн эле туугандарынын өлгөндөн кийинки камсыздандыруу төлөмдөрүн жумшаган. Ошентип, бул аял 40 кишини тиги дүйнөгө атказып жиберген.
Салмагы 91 кг, бою 173 см. болгон аял өзүнүн "өндүрүшүн" күйөөсү менен балдарынан баштап, андан кийин башка эркектерди өлтүрө баштаган. Анын кандуу колунан бул аялга эркек катары көзү түшүп, үйлөнүүнү сунуш кылгандардын баары кырылган. Кара тумшук жесирдин кандайча өлгөнү сыр бойдон кала берген: бир күнү эле кылмышкер аял жок болуп кеткен, андан кийин аялдын башы жок денеси табылат. Бирок, ал дене Беллдикиби же жокпу, алигиче белгисиз бойдон калууда. Себеби, экспертизалык материалда ДНКсы аныкы экендиги далилденген эмес.

Андрей Романович Чикатило.
Чикатилону биздин окурман журту жакшы билет. Жердиги украин бул кан ичер "Ростовский Потрошитель", "Красный Потрошитель" жана "Ростовский мясник" деген ысымдарга ээ болгон. Ал 12 жылда 52 адамды өлтүрүп тынган. 1978-1990-жылдардын аралыгында анын колунан ондогон аялдар менен балдар жан таслим болгон. Аялдарды зордуктап, кыйнаган. Өлүп бара жаткандардын кандай кыйналганын карап туруп ал жыргалга баткан. 1994-жылы 58 жаштагы Чикатилону көк желкеге атып өлтүрүшкөн.

Джон Вейн Гейси(кичүүсү)
Ушул эле 1994-жылы май айында дагы бир кан ичерди өлүм жазасына буйрушуп, укол менен түбөлүккө уктатышкан. 52 жаштагы Джондун алты жылдын ичинде 33 баланын өлүмүнө катыштыгы бар экенин далилдешкен. Бирок, анын курмандыктары андан да көп экенин азыр да айтышат. Аны кармаган соң Гейсинин үйүнүн подвалынан адамдын 27 сөөгүн табышкан. Калган өлүктөр дарыядан табылган. Бул маньякка "Клоун Пого", ""Клоун киши өлтүргүч" деген ысым - балдар майрамдарында сары кепчач кийип алып клоун болуп көңүл ачканынан улам берилген.

Харольд Фредерик Шипман
Дүйнөдөгү эң колу кандуу киши өлтүргүчтөрдүн катарына киргендердин бири ушул "Фред". Сот анын колунан өлүм тапкандардын санын 250 деп аныктаганы менен, чындыгында андан да көп болгон. Бул үй-бүлөлүк врач улам кийин "Өлүм врачы" деп аталып калган. Өзүнө кайрылган пациенттерди, көбүнчө аялдарды ал укол салып эле а дүйнөгө атказа берген. Аны өмүр бою түрмөгө отургузушкан. Бирок ал алты жыл отурган соң өз камерасында асынып өлгөн.
"Алиби" пресс