Оюндан от чыгат

Мектептеги рекет. Өлүм жана жаза
Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылындагы Жанадил Тойчубеков атындагы орто мектебинде 2009-жылы 9-класстын окуучусу Нурак Садабай уулу бүтүрүүчү класстын балдарынан оор сокку жеп, бутунан онкологиялык ооруга дуушар болуп, жай айларында каза болгон. Нурак бул жөнүндө өлөөр алдында апасына айтып берип, кат жазып калтырган экен. Мына ошол айыптоо каты сотто башкы далил катары каралды.
Нурактын өлүмү боюнча 2009-жылы октябрь айында алты балага кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен экөө-1991-жылы туулган Абдырасул Абдыбеков менен Данил Данияров камакка алынган. Тергөө материалдарына караганда, алар өздөрүнөн эки жаш кичүү класстын балдарын полдун плинтустары менен сабап, колдорун бириктирип китеп менен уруп, келтектеп, күбөлөрдүн айтымында "муж совет" деген жыйындарды өткөрүп, акча жыйнап келишкен. Бул иш туурасында тергөө жүрүп, сотко өткөрүлгөн. Соттук териштирүүлөр аяктап, өкүм 30-январда угузулду. Бакай-Ата райондук соту Абдырасул Абдыбековду жана Данил Данияровду КР КЖКнын 101-беренесинин биринчи бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, ар бирин үч жылга эркинен ажыратты. Жаза шарттуу түрдө берилип, алардын ар бирине үч жылдан сыноо мөөнөтү белгиленди. Сыноо мөөнөтүндө жаңы кылмыш жасашпаса жана сот аларга жүктөгөн милдеттерди аткарышса, өкүм аткарылбайт. Алардын жүрүш-турушуна көзөмөл жүргүзүү милдети Бакай-Ата райондук жазык аткаруу инспекциясына жүктөлдү.
Өкүм чыгарган судья Альбина Жээнбекова жабырлануучу тарап соттолуучуларды кечиргендиктен жеңил жаза берилгенин эскертип, бул соттук ишти сот катары эле эмес, эне катары да карагандыгын билдирди.






Пара алам деп жаза алышты
Нарын
Нарын областына караштуу Жумгал райондук сотунун мурдагы төрагасы Айтбай Аскалиев кызмат абалынан пайдаланып 25 000 сом пара алган деп айыпталган. Бул иш 2008-жылы Башкы прокуратурада, Улуттук Коопсуздук кызматында иликтенген. Нарын шаардык соту Аскалиевди күнөөлүү деп таап 5 жыл жаза мөөнөтүн чектеди.

Ысык-Көл
Каракол шаардык сотунун судьясы Эмилбек Кененбаев соттук чининен ажырады. Учурда Эмилбек Кененбаев пара алды деген шек менен айыпталып, тергөө жүрүүдө.


Жаңы дайындоолор
Кызматыңар кут болуп, адилет болгула!
Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктунун 3-абзацына ылайык Алжанов Абылбек Асанович беш жылдык мөөнөткө Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун төрагасы болуп, ал эми Асанбаев Болот Султанович Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы болуп дайындалышты.



Акыркы төрт
жылда Кыргызстандын түрмөлөрүндө 26 адамдын өмүрү кыйылды
Өлкөбүздө акыркы төрт жылда түрмөдөн өлтүрүлгөндөрдүн саны 26га жетти. Мындай баш аламандыктарды бийлик абактагыларга көңүл бөлбөй, кайдыгер карагандыктарынан улам келип чыкты десек болот.
1. 2005-жылдын 20-октябрында Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылындагы №31 абакта ал жердин абалын билүү максатында барышкан Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев, ГУИНдин начальниги Полотов, Жогорку Кеңештин эксперти Оморов жана жан сакчы Алыкулов өлтүрүлгөн. Тергөө жыйынтыгында 39 адам кылмыш жообуна тартылган. Алардын ичинен үчөө өмүрүнүн акырына чейинки жаза мөөнөтүнө тартылгандар. Ошону менен катар бул иш боюнча "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев да соттолуп, эркинен ажыратылган.
2. 2006-жылы 6-мартта Молдовановкадагы №1 ШИЗОдо жатышкан Новиков жана Стуков өздөрүнүн каракчылык идеялары менен абактагы Э.Абыловду күрөк менен жанын чыгара токмоктоп өлтүрүшкөн. Э.Абылов айтылуу Рысбек Акматбаевдин жигиттеринин бири болгон.
3. 2006-жылдын 2-майында Москва районуна караштуу Беловодск айылында жайгашкан №16 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Лыгин абактагы А.Бурхановду мыкаачылык менен токмоктогон. Натыйжада А.Бурханов өмүрү менен кош айтышкан. Соттук териштирүүлөрдө Лыгин күнөөлүү деп табылып, өз жазасын алган.
4. 2006-жылдын 23-июнунда Беловодск айылындагы №16 колонияда Ходжебеков абактагы Т.Кушчубаевдин денесине оор жаракат келтирген. Кушчубаев оор соккудан улам каза таап, соттук териштирүүдө Ходжебеков күнөөлүү деп табылып, ага тиешелүү жаза мөөнөтү чектелген.
5. 2006-жылдын 5-июлунда Беловодск айылындагы №16 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Сатыбалдиев жана Хаджиматов абактагы Р.Шайырбековду денесине бычак менен бир канча жолу сайгылашып өлтүрүшкөн. Соттук териштирүүдө экөө тең күнөөлүү деп табылып тиешелүү жаза мөөнөтү чектелген.
6. 2006-жылдын 29-сентябрында Бишкектеги №1 СИЗОдо тергөө камагында жаткан А.Мельников камактагы Т.Касымовдун денесине оор залал келтирген. Натыйжада Т.Касымов каза таап, соттук териштирүүдө А.Мельников өз жазасын алган.
7. 2006-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарындагы №1 СИЗОдо айыпталуучу А.Касымбеков айыпталуучу К.Мусакуновду өлтүргөн. Бул тууралуу жүргүзүлгөн кылмыштык тергөө токтоп, иш жабылып калган.
8. 2006-жылдын 2-ноябрында №35 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Р.Догилев абактагы Сусловдун бычак соккусунан улам каза тапкан.
Булар 2005-жылдан 2009-жылга чейинки абакта өлтүрүлгөндөр. Алардын арасында Рысбек Акматбаевдин оң колу, Карачай ассоциациясынын лидери Исмаил Кочкаров да бар. Аны Петровкада жайгашкан №8 колонияда ошол эле жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Базарбаев сегиз бөлүккө бөлүп, устукандап өлтүргөнү белгилүү. Тилекке каршы, Исмаил Кочкаровдун өлүмүнө себепкер болгон Базарбаев кандайдыр бир себептер менен көзү тазаланып, анын өлүмү да табышмак бойдон калып келет. Исмаил Кочкаров тууралуу гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыздар.





Тарых танбайт

Ааламдагы
адам -
карышкырлар

Геноцид - кыргызча айтканда, тукум курут жана массалык өлтүрүүлөр... канчалык коркунучтуу болсо да адам баласынын тарыхында орун алып келет. Ондогон, керек болсо жүздөгөн адамдардын канына забын болуп, анда да канга тойбой, кармалбай узак убакыт сайрандап жүргөндөрүн айт! Кадимки эле калктын арасында жашап, үй бүлө күтүп өзүнчө түйшүктөнүп жүргөндөй көрүнгөнү менен алардан коркунучтуу жырткыч да жок. Мындайларды адам-карышкыр деп койсо да болчудай. Эс тутумда адамдын алоо кызыл каны менен жазылып, жек көрүүлөрдүн жана кыжырдануулардын бутасына айланган кан ичерлердин жыйырмасын газета окурмандарга аз-аздан сунуш кылмакчыбыз.

Жиль де Рэ
1404-жылы жарык дүйнөгө келген. Өзү деле адам баласы болгону менен эки жүздөй баланын каны анын мойнунда. Шайтандын урматына балакайды курмандыкка чалган бул эки аяктуу айбанды чиркөөдөн четтетип, 1440-жылы дарга асышкан.

Элизабет Батори
(1560-1614-жж.)
"Кандуу герцогиня" деген аты менен тарыхта калган Элизабет өзүнүн төрт жардамчысы менен 600 аялдын өмүрүнө балта чапкан. Анын каарына өзгөчө кыздар кабылчу. Күйөөсү майданда курман болгондо, ага күнөөлүү деп 80 аялды өлтүртүп, бирок алардын күнөөсүн далилдей албай калган. Ошентип, кайра өз сарайынын эле бир капталына камакка алынгандан төрт жылдан соң каза болот.
Элизабет Батори адамзат тарыхында канга эч тойбогон аял-киши өлтүргүч болуп кала берген. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, кыздардын каны толтурулган ваннада жыргап жатып эс алуу анын эң сүйгөн иши болуптур.

Таг Бехрам
(1765-1840 жж.)
Бул адам өлтүргүчтүн мойнуна 50 жылдын аралыгында 1000 кишинин өлүмү илинген. Ачыгын айтканда, Таги Культ деген ат менен белгилүү болгон индиялык банданын лидери ушул Таг Бехрам болуптур.Өз "ритуалдары" боюнча алар жолоочуларды тумчуктуруп өлтүрүшкөн.
"Алиби" пресс