"ҮМҮТ ӨЧӨТ,
ҮМҮТ КАЙРА ЖАНАТ..."
Кыргыз оппозициясынын айдыңында Исмаил Исаковдун сотунан кийин соттордун тили менен айтканда "жаңы жагдайлар" ачылууда. БЭК түзүлүп, коомдук парламент аракет кылып келаткан мезгилден бери аздыр-көптүр айтыла калып жүргөн "1993-жылдагы алгачкы Конституцияны калыбына келтирмейинче Кыргызстандагы азыркыдай баш-аламандыкты оңдоого, укуктук жолго салууга эч болбой калды" деген идеяны ишке ашыруу колго алына баштады. Бул боюнча "Кыргызстанды сактоо", "Элдик кеңеш" деп аталган кыймылдардын Кайрылуусу коомчулуктун назарына ташталды. Ал кайрылууга И.Исаковдун адвокаты, экс-спикер Мукар Чолпонбаев, А.Бекназаров жетектеген ревоюциялык комитеттин тең төрагасы Роза Нурматова өңдүү инсандар кол коюшкан.
Бул эки кыймылдын мындай кайрылуу менен чыгуусуна БЭКтин саясий жетекчилигинен ак бата берилген-берилбегени алардын иши. Бирок, ансыз да башы бирикпей, бийлик тарабынан ортолоруна тымызын чок ташталып, оппозициянын бүлбүл жанып турган отуна опозициячыл болумуш этип жүргөн журналисттер да суу сээп жатышканы өкүнүчтүү.
Ушул кайрылуудан кийин оппозиция журтунда чийки май жеген абал түзүлгөндөй. Анткени, БЭКтин негизги көңүлү Исмаил Исаковго чыгарылган адилетсиз сот өкүмүн Жогорку аскердик сотто жокко чыгарып алууга жетишүүгө, Балыкчыда эркинен ажыратылгандардын өкүмүнө берилген аппелляциялык арызды оң чечүүгө, Петровка окуясы боюнча айыпталып жаткандарды толук актоо аракеттерине бурулуп жатса, бул эки кыймылдын жаңы аракеттери бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай болуп, "негизги иштен алагды кылуу эмеспи" деген суроо жаратты. Ал турмак айрым алабарман саясатчы сөрөйлөр, өңгүл-дөңгүл басылмалар "эки кыймылдын бул аракетинин артында Ак үйдүн кулагы кылтыйып турат" дегенге чейин барышты.
Чынын айтыш керек, оппозиция ушул тапта "ала каптын кагынчык" деп, болгон потенциалын, дүр-дүйнөсүн төгүп, "алдыдагы жылдарда боло турган президенттик шайлоого кандай форматта барсак, бала Бакиевди ээрге отургузбоо үчүн эмне кылсак?" деп сынган тепшисинин тегерегинде ой чогултуп, акыл калчап жаткан убагы. Бул эми алардын стратегиялык иши.
А азырчы?
Дегинкиси, БЭК президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандагы оппозициялык кыймылдын ана башчылык милдетин дагы деле ийгиликтүү аркалап келатабы? БЭКтин өзөгүн түзгөн СДП "Ата Мекен" партиясы менен биригип, бир партия болобуз деп чыкты эле, ал "той" качан болоор экен?
Баалардын кымбатташы боюнча "Ата Мекен" жалпы элдик тынчтык акциясынын башында болобуз деди эле? Ал акция И.Исаковдун камалышына нааразы болгондордун ачкачылык акциясына же болот деп күтүлүп жаткан алайлыктардын жөө, атчан, машиначан жүрүштөрүнө аралаш уюштурулганы жатабы?
БЭКтен бөлүнүп учкан "Ак Шумкардын" чабыты да Ала Тоо аймагын аралай албай жаткандай. Эч нерсе тээп түшүрө албаган "ак шумкар" же караңгыда гана учуп чыгып, чычкан алган үкү болуп калганбы?
(Бир кезде Исмаил Исаков мүчө болуп жүргөн, генерал партиядан да, мамлекеттик кызматтан да кеткенден кийин үстөлүн Үсөн аке (Сыдыков) жалгыз мыкчып отуруп калган "Жаңы Кыргызстан" партиясы жөнүндө кеп жок деңизчи.)
Оппозиция бириге албай, орток бөлүм табалбай, лидерлери биринен бири кыйынсынып, бири-биринен кечирим сурай албай жаткан ушундай шарттарда алардын кемчилигин көрсөтүп, акыл-кеңештерин айтып, башын бириктирген кутман карыялар түгөнүп калганбы?
Кептин кыябы келип калды - оппозицияга жакса да, жакпаса да акыл-кеңешин айтып жүргөн бир карыя бар. Ал - экс-депутат Бегиш Ааматов. Анын пикирин оппозициябыз дегендер кабыл алабы-жокпу - алардын иши. Б.Ааматов минтет:
"Азыркы оппозициядагылар же өздөрүнүн программаларын өзгөртүшү керек же саясий аренадан кетиши керек. Экөөнүн бирөө. Алар өзүлөрү тазаланышы керек. Тазалана албаса, программасын өзгөртө албаса, Кыргызстандын эли буларды ээрчибейт. "Улам эле башыбыз менен дубал сүзө беребизби. Балыкчыдагыдай, Кызыл-Аскердегидей болуп түрмөгө түшө беребизби. Улам митингге чыгарасыңар, эмне жыйынтык таап бердиңер" деш керек Кыргызстандын эли."
Ушинтип айрылыш жолдо турган оппозициянын көңүлүн сурап, кеп-кеңеш, жардам берүү керекпи же алар быкшытып-түтөтүп жагалбай жаткан отко суу себүү керекпи? Ушундай шартта ар ким өз дарамет-деңгээлине жараша аракет кылат. Ак үйдүн жетинчи кабатынан биринчи кабатына чейинки ар бир кабинетте адилеттик үчүн оппозицияга жан тарткандар тымызын жардам берип иштеп жатканын да билебиз. Коргоо, Ички иштер, каржы, бажы, коопсуздук кызматтарында иштеп жаткандардын бардыгы эле Бакиев бийлигинин "айдап кел-байлап кел" деген буйруктарын кыңк дебей аткаруучу маңкурттар эмес. Алар да учурун келтирип адилеттик үчүн зарыл иштерди жасап жатат. Ал турмак океандын ары жагында иштеп, Американын күч-кубаттуу болуусуна салык төлөө менен салым кошуп жүрүшкөн Кыргызстандын эмгек мигранттары "Ата Журт" деген коомго баш кошуп башташыптыр. Европадагы өлкөлөрдө иштеп,жашап жүргөн кыргыз жарандары ал коомго биригүүгө бел байлашканы билинди. Азыр бийликке эң башкы оппозиционер - бул калдайган калың журт.
Түгөлбай агабыз (Казаков) Акбар экөө (Рыскулов) КПССтин кызыл камчысы элдин үстүндө үйрүлүп турган учурда эле "Насыйкат" деген күүгө жаңы өмүр берип, "үмүт өчөт,үмүт кайра жанат" деп элдик насил-нарк, дух, рухтун өчпөстүгүн даңаза кылып, күүгө экинчи өмүр тартуулашкан. Анын сыңары, оппозицияны, элди, журналисттерди азыркы кандуу бийлик кол-буттан алып, башка-көзгө койгулап, атып,куйкалап, ак жерден түрмөгө салып, адилеттик издеген элдин эркин сындыруу жолуна өтүп алган шарттарда, ырасында эле бийликтин каршысында турган тарап жаңыча аракеттенүүлөрү зарыл го. "Үмүт өчөт,үмүт кайра жанат..."
Машакбай РАХМАНКУЛОВ
"Алиби"