ИИМ
билдирет
Сейфиңде канча акча бар?
Уурулуктун да түрлөрү болот экен. Биздин 27 жаштагы замандашыбыз майда акча үчүн адамдардын чөнтөгүнө колун салбай, түз эле сейф уурдаганга өтүптүр. Ал өзүнүн эч жерде катталбаган ИЖ-18Е 20 - калибрлүү мылтыгы менен Нарын шаарындагы "Чолпон" май куюучу станциянын операторун коркутуп, акча талап кылган жана акча салынган сейфти өз шериктери алып чыгып кетүүгө аракеттенишкен. Шектүү адамдардын актомашинасы табылып, Нарын шаарынын 23 жаштагы тургуну У.У. кармалган.

Коррупционер-милиционер...
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пара берүүнү талап кылган милиция кызматкерлери да жок эмес экенин факты өзү ашкерелеп отурат. Нарын облусунун Жумгал РИИБнин башчысынын орун басары он миң сомду оң чөнтөгүнө солоп жатканда кармалып, катуу уят болду. Улуттук коопсуздук кызматкерлери бетин ачкан бул кылмыш боюнча иш козголду. Алиги коррупцияңдын бир түрү ушундай беле...


"Амириң" абдан коркунучтуу го...
Ар бир тармактын өз лидери болот. Ош облусунун Араван РИИБнын кызматкерлери "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун лидерин - "амирин" аныктады.
Радикалдык ислам идеясын Ош облусунун Араван районунун аймагында көптөгөн жылдар бою таратып, үгүт иштерин жүргүзүп келген 31 жаштагы Ю.Рдин үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, экстремисттик маанайдагы эки китеп, төрт брошюра, дисктер, чакырыктар табылган. Ушул эле айылдын дагы бир жашоочусу 30 жаштагы С.И. да өз үйүндө ушул эле маанайдагы китеп-журналдарды катып, тымызын үгүт иштерин жүргүзүп келгени айкын болду. Тактап айтканда, 32 китеп менен 7 диск анын үйүнөн табылды. Бүт китептер алынып, теологиялык эксперттөөчүлөргө берилди жана бул факт боюнча кылмыш иши козголду.


Уурулук - кесип эмес да
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери тарабынан эки адам уурулук менен кармалган. Алар Сары-Талаа жайытынан Г. Рысмамбетованын сегиз коюн уурдап кеткен. Ошондой эле алар Ала-Бука капчыгайынан Т. Абриновдун жети коюн бөктөрө качышканы иликтөөлөрдө калкып чыга келди. Кармалгандардын бири - мурда соттолгон. Иш десе - ишке тойбой турган убагында бирөөнүн малына көз артып, уурулук менен жан баккысы келгендер дин үстүнөн кылмыш иши козголгону турат. Алар - уурулук кесип эмес экенин билишпесе керек.

Кыргыздарды маң кылгысы келген кимдер?
Бу, кыргыздарды маң кылып, алсыратып түбүнө жеткиси келгендер толтура. Жакында эле ордобуз Бишкекте чет элдик төрт жаран кармалып, алардан чоң көлөмдөгү маң заттары, ошондой эле чек арадан контрабандалык жол менен өткөрүлгөн, эч кандай документ-сокументи жок эле дары-дармектер алынды. Кыргыз Республикасынын аймагында булардан табылган маң заттарын сатууга тыюу салынгандыктан, кармалгандар мыйзамдуу түрдө жооп берери анык. Ошентсе да, баарын мыйзам коргоочулар эле коргоп берет деген баягы камырабастык мамилени таштап, кимдер келип, бизди каякка түртүп жатканын сергек түшүнүүгө аракет кылган оң го. Кармалгандардын атуулдугу такталууда.

"Бекбекейди" бек айтыш керек эле...
Уурулук менен шугулдангандар Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Түп райондорунан кармалды. Ак-Терек айылынын тургуну Б.Бейшекеев атын, Балбай айылынын тургуну М.Шанддрыгин уюн уурдатып милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Кылмыш ишинин изи сууй электе ыкчам аракеттенгендиктин натыйжасында уурдалган мал табылып, экөөсү тең өз ээлерине кайтарылып берилген. Мээнет менен тапкан мал кайра колуна тийгендер ыраазы болуп отурушат. Кантсе да, "Бекбекейди " бек айтып, "укуругум долоно" деп өз короосуна сак болуу керектигин алар эми билишет.

Башка элге батпайсыңбы?
Өз үйүңдөн жети кадам алыс чыкканда эле мусапырга айланасың дечү беле. Кырктын кырына келип калган Кыргызстандын жараны бакыт издеп Маскөөгө барса, анын башын жарып "балнийсага" жаткызып ташташыптыр. Кимдер дебейсиздерби? 16-17 жаштардагы эле боз балдар - мектеп окуучулары. Тактап айтканда, Маскөөнүн түштүк-батышында жайгашкан Старобицевской көчөсүндө он чакты өспүрүм бир кыргызды тепкилешип качып кетишкенин орус ММКлары жазып чыгышты. РФ КЖКсы боюнча 213-статьяга туура келген "хулиганчылык" менен айыпталып жатышкан балдардан бычак, улутчулдук тематикасындагы видеожазуулары бар мобилдик телефондор алынган. Мына сага, "башка элди батырбай, балдар чыгат дечү эле" деген ушубу? "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деп эле кучак жайган биз экенбиз го, атаңгөрү!

Жасалма "Токтогулдан" абайлаң!
Каякка барсаң да -"самопал". Арагың да, тамагың да, саясатың да... Ал эми кыргыздын улуттук валютасы болгон сомуңду "самопал" кылып колдон жасай коюш иттен оңой белем. Ордонун батыш тарабынан орун алган Көк-Жар конушунан жасалма жүз сомдуктарды соодалап жаткан адам кармалды. Октябрь РИИБнын кызматкерлери тарабынан Чүй проспектинен дагы бир жигит жасалма акча менен колго түшүрүлгөн. Башкасы го - башка, акчанын бетине түшүрүлгөн демократ атабыз Токтогулдун сүрөтүн кантип келиштирип тартышты экен, чычымдар!

Ау, туыскандар, алдандыңарбы?
Чектен чыккан алдамчылыгы менен капканга түшкөндөр да жок эмес. Сөздүн түз эле маанисинде ушундай. Кыргызстандын каржы полициясынын кызматынын пресс-кызматы билдиргендей, кыргыз жараны А.Э. коңшу казак туугандардын ишенимине кирип, ээлеринин макулдугусуз эле сегиз автомашинаны Кыргызстандын аймагына алып келип сатып жиберген. Ошентип, казак туыскандарды жалпы эсеп менен 74400 доллар зыянга кириптер кылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтенүүдө.

Даярдаган
Нурбүбү Бөдөшова
"Алиби"