кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Өлгөндөрдүн убалы кимге?.
2-бет
"ҮМҮТ ӨЧӨТ,
ҮМҮТ КАЙРА ЖАНАТ..."

3-бет
Казактардын азабы
4-бет
Мектептеги рекет. Өлүм жана жаза
5-бет
Ата Мекен коркунучта!
6-бет
Биринчи айлампа аяктап, экинчиси башталат...
7-бет
Тапанча "тамашасы"
8-бет
Адилеттикти орнотууга жардам бериңиз
9-бет
"Жыйырмадагы уулумду өлтүргөн..."
10-бет
"АК ЖОЛЧУ" АЙЫМ ДА АЛДАЙБЫ?
11-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
12-бет
ИИМ
билдирет

13-бет
МИЛЛИОН
14-бет
МЫЙЗАМ ЖАНА
ТАРТИП

15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАПАН
ӨКҮРҮК



п»ї
  Өлгөндөрдүн убалы кимге?.

БУРЯТ ТУУГАНДАРДЫН МУНУСУ ЭМНЕСИ?
Бурятия өлкөсүндөгү Жидин районунда атып өлтүрүлгөн 7 ишкердин үчөө кыргыз жарандары болуп чыкты. Алар - бир туугандар,1977-ж. туулган Захарбек жана 1979-ж. туулган Алибек Жакыповдор, 1976-ж. туулган Тушназарова (аты такталып жатат).
Ичинде атып өлтүрүлгөн 7 ишкердин денеси менен "Истана" деген кичи автобус 30-январдын кечинде Сартокей деген айылдан анча алыс эмес жердеги Торейск сазы деген жерден табылган. Өлтүрүлгөндөрдүн бешөө - аял кишилер. Алардын бардыгы Закаменск деген борбордук базарда иштеп, Иркутскиге товарга тез-тез каттап турушчу экен.
30-январь күнү алар Закаменсктен Иркутскиге жол тартышкан, демек жандарында ири акчалары болгон. Алар менен байланыш ошол эле күнү үзүлгөн. Алар жолдо Петропавловскиде дагы бир аялды ала кетишмек, бирок тигилер келбегенден кийин ызы-чууну ошол аял баштаптыр. Ишкерлер менен байланыш болбой жаткандан кийин, алардын жакындары милицияга кабарлашат. Петропавловканын жашоочуларынын айтымында, машина табылган жерден уюлдук телефон иштебей калат экен. Сыягы, арам ойлуулар ушул жагдайды эске алышкан окшойт.
Болжол менен айтканда, кылмышкерлер алгач айдоочуну атып өлтүрүп, аны ороп автобустун артына ташташкан да, автобусту трассадан эл көрбөй турган жакка айдап барып, калгандарын ошол жактан атышкандай. Кичи автобус Кыргызстандык ишкерлердин бирөөсүнүкү экен.
Адамдардын баары атып өлтүрүлгөн. Сыягы баары 30-январдын түнүндө өлтүрүлгөндөй. Кылмыш болгон жерде ИИМдин жана Бурятиянын тергөө топтору иштеп жатат. 3-февраль күнү окуя болгон жерге дагы бир тергөө тобу барды. Азырынча кеңири маалымат бериле элек.
"Алиби-пресс"





Жаман үйдүн коногу бийлейт
"Эл элди жоолосо - уруш чыгат"
Күрт улутундагы адамдарды Түркия, Ирак, Ирандагы титулдук улуттагылар канча кылымдан бери баш көтөртпөй басып келатканын башыбызга түк чыкканы билебиз. "Байкуш эл экен, бечаралар" деп боорго тартып, курама жыйып журт кылалы деген баягы эле Манас атадай кең пейил кыргыз эли болучу. Кечээ жакында Көк-Жаңгактагы күрттөрдүн бир ээнбаш баласы эми 8 жаштагы кыргыз кызын зордуктап, ага органдар катуу чара көрбөй жатканына ичтери чыкпаган кыргыздардын нааразылыкка чыкканын угуп алып, "күрт туугандарга жакшылык жарашпайт тура" деген чолок ойго чалынат экенсиң. (Москва районундагы Петровка айылына көчүп келип жашап жатышкан күрттөрдүн бир ээнбашы 4 жашар орус кызын зордуктагандан чыккан чырдын арты менен бул окуяга дегеле тиешеси жок кыргыздын 3 жараны ак жерден абакта алигиче акталбай жатканын билбеген кыргыз жок.)
20-январь күнү Көк-Жаңгактын 20 жаштагы күрт жигити, 2007-жылы Сузак райондук соту тарабынан зордуктоо айыбы боюнча 6 жылга кесилип,аны Жалал-Абад облсоту эки жылга чейин азайтып, абакта 1 жыл 1 ай отуруп чыгып келген Хамза Шоруев мектептен келаткан 8 жашар кызды зордуктап таштаган. Шаардык маданият үйүнүн алдына чогулган 300-400дөй адам кылмыш иши боюнча териштирүүнүн жүрүшү менен тааныштырууну,бардык күрттөр Көк-Жаңгак шаарынан апрелге чейин көчүп кетүүсүн талап кылышты.Эгерде алардын бул талабы аткарылбаса Петровка айылындагыдай окуя кайталанып кетиши мүмкүн экендигин эскертишти.
Зордукчул Хамза Шоруевдин атасы да жакында эле баңги зат кылмышына байланыштуу 3 жылга соттолуп кетиши бул үй-бүлөдө сергек жашоо түшкө кирбеген көрүнүш экенинен кабар бербейби?
Такталбаган маалыматка караганда, Көк-Жаңгак шаарында 3 миңге жакын күрт улутундагылар жашашат.
"Эл элди жоолосо - уруш чыгат, эл элди колдосо - ырыс жугат" дейт кыргыз. Тарыхый мекени жок күрт улутундагыларды Улуу Кыргыз колдоп, ырыс жугушуп жашай берели деген асыл тилегине күрттөрдүн жасап жаткан мындай аракети жоолошууга алып келип, уруш чыгарып жибербейби? Анан "айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулуп", Петровкадагы окуянын жаңы варианты кайталанып кетпейт деп ким кепилдик берет? Андай урушту чыгарбоого милиция, прокуратура, сот органдарынын адилет иши бир топ өбөлгө болоор эле. Тилекке каршы, үнү катуу чыккан кыргыздарды кыргыйдай баса калуу, өлтүрүү, түрмөгө салуу, жер ооду кылып жиберүү, ал эми жазага тартылган Хамза Шоруевге окшогондор жеңил-желпи эле жаза алып, эркиндикке чыгып, көнгөн иштерин уланта бербейт деп да айталбасың.
Карим МАМАЖАНОВ.





Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0205_1.htm on line 120

Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0205_1.htm on line 120

Warning: include(): Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0205_1.htm on line 120








??.??