Учур талабы

Детектив болуу оңой эмес
Детектив десе, биз Батыш Европа, Американын кинофильминдеги Пуаро, Коломбо, Шерлок Холмсту элестетип, алардын кыраакылыгына, тапкычтыгына, интуициясынын күчтүүлүгүнө таңданып, дем чыгарбай көргөнүбүз эсиңизде чыгар, замандаш.

Эми жыл өткөн сайын ал нерсе Кыргызстанда да кеңири жайылып, детективдердин кызматына кайрылгандар көбөйүүдө. Аны учур өзү көрсөттү. Детективдин милициядан бир айырмачылыгы - өздөрүнө кайрылган адамдын аты-жөнү, эмне көйгөй менен келгендигин ачыкка чыгарбайт. Бардыгы купуя сыр бойдон сакталат. Башкы мыйзамы мына ушундай. Алардын бири - борборубуздагы "Адьютант" детективдик коргоо агенттиги. Биздин төмөндөгү макала аталган агенттиктин директорунун орун басары, детектив Болот Сабыровдун баяндап берген окуяларынын негизинде даярдалды.

Ууру паспортун түшүрүп алган
Бизге көп адам кайрылып, телефон чалышат. Алардын басымдуусу дайынсыз жоголгон адамдын туугандары, жакындары. Үй-бүлө маселеси боюнча да көп кайрылат. Агенттиктин кызматкерлери аткарган ишке кардардын көбү ыраазы болушат. Айрым убакта кылмыш фактылары менен иш жүргүзүүгө туура келет. Милициянын колу жетпеген ишке биз жардам беребиз. Албетте, ишти аткарып жүргөндө ар кандай тоскоолдукка учурайбыз, маалымат топтоодо кыйналабыз. Бирок ага карабастан кардардын өтүнүчүн аягына чейин аткарып беребиз. Агенттикке мурда милицияда иштеп кеткендер, өз ишин мыкты билген, бай тажрыйбага ээ кызматкерлер эмгектенет. Бүгүнкү күндө милициядан тышкары детективге кайрылса, иликтөө иштери тез жана натыйжалуу аяктарына элдин көзү жете баштады. Дагы бир жагдай, жарандарыбыз тиешелүү органга же жакындарына айтууга мүмкүн болбогон көйгөйү менен детективдердин кызматынан пайдалана алышат.
Азыр уурулук көбөйдү. Мисалы, эң жөнөкөй жана жеңил уурулукту айтсак: бизге үйүнө ууру киргенин билдирип, шаарыбыздын бир тургуну кайрылган. Барганыбызда үйдүн ичи үч көтөрүлүп, 10 миң доллар, алтын зергер буюмдары жана көзгө урунтууу магнитафон, кийим -кечелер жоголгону аныкталды. Баарынан кызыгы, ууру кылмыш кылган жерге паспортун түшүрүп алган. Биз паспорттун негизинде бул кылмышты 5 мүнөттүн ичинде ачып койдук.

Алдамчы акыры
кармалды
Биздин "Адьютант" агенттиги супермаркеттердин коопсуздугун дагы камсыз кылат. Учурда чоң-чоң дүкөндөрдө алдамчылык күчөдү. Жакында ушундай бир кылмыш ишинин бетин ачтык. Тагыраак айтканда, акчага "сындырып" кетмей. Болгондо да бир эле маалда 5 миң сомго чейин кассадагы кыздарды алдап коюшат. Кылмыш кылгандар шылуун, профессионалдар экен. Ал сатуучу кыздын ишеничине кирип, анын көзүнчө эле кассага колун салып, акчаны калп эле санамыш болуп, анан "сындырып" коюп жүргөн. Акыры алдамчы жигит кармалып, күнөөсүн мойнуна алды. Ушундан улам маркеттин сатуучуларына, өзгөчө кассада отурган кыздарга атайы инструктаж берип, жол-жобону үйрөтүп жатабыз. Буюрса, мындай алдамчылык жоголот деген ишеним бар.
Ошондой эле оңой оокат эңсеп дүкөндөрдө уурулук кылгандар көп. Бир жолу көп эпизод уурулук жасаган адамдарды кармадык. Иликтөө иштерин жүргүзө келгенде, булар 7 маркеттен уурулук кылгандыгы аныкталып, көбүнчө кымбат баадагы кофе жана спирт ичимдиктерин билгизбей чөнтөккө салып кетип жүрүшкөнү белгилүү болгон. Дүкөндөрдө кирип-чыккан кишилерге, кыймылга байкоо салган атайы видеокамералардын орнотулганына карабастан ушинтип уурулук жасашат да анан колго түшүп, кылган ишине өкүнүп, бармак тиштегендер жок эмес.

Дайынсыз жоголгондорго издөө салынат
Агенттикке дайынсыз жоголгон уул-кызын же тууганын таап берүүнү суранып кайрылгандардын саны арбын. Алсак, бир кыз ата-энесине таарынып сыртка чыгып кеткен боюнча үйүнө кайрылып келген эмес. Ана келет, мына келет деп байкуш ата-эне сарсанаага батып таң атырат. Күн артынан ай өтөт, өз алдынча издеп көрүшөт. Көрдүк-уктук деген киши жок. Акыры кызынын жоголгонун органга кабарлашат. Бирок мында дагы жыйынтык болбойт. Ошондо кызынын жоголгонуна үч ай болгондо ата-эне агенттикке кайрылган. Биз өзүбүздүн метод, ыкчам иш-аракет, тажрыйбабыздын негизинде достору, курбулары аркылуу чыгып, жарым сааттын ичинде ата-энесине кызды таап бергенбиз. Күйүткө баткан ата-эненин кубанычына чек жок эле.
Казакстанга эч ким менен кеңешпей, айтпай кетип калган балдар кездешет. Бул мамлекетте да биздин байланыштар бар. Мен мурда ИИМ, УККда иштеп кеткенмин. Ошондуктан кээде эски байланыштарга чыгып, алардын жардамына таянабыз.
Балам жоголду деп үч-төрт ата-эне агенттикке кайрылган эле. Көрсө, балдар ата-энесине билдирбестен акча иштеп тапканы кетип калышыптыр. Кызматкерлерибиздин тынымсыз иш-аракеттеринен улам аларды үч айдан кийин Казакстандан тапканбыз. Бизге ИИМдин көмөгү чоң. Алар бизге, биз аларга жардам берип, көп ишти үзүрлүү аяктайбыз.
Анан дагы детектив экениңди уккан кишилер: "Кимдир-бирөөнү өлтүрүп же жазалап, артынан аңдып берүүнү сурангандар болобу?" деп кызгып сурашат. Биз мындай сунуштар түшсө кабыл албайбыз жана дароо милицияга кабарлайбыз.

Полиграфты алдайм деп ойлобо!
Полиграфтын ("детектор лжи") мааниси өтө зор. Биз ушул аппараттын жардамы менен киши өлтүрүү кылмышын ачканбыз. Негизинен полиграфты алдоо эч мүмкүн эмес. Канчалык ага алданбайм деп өз күчүнө аябай ишенген киши деле баары бир реакция жасап, алдырып коёт. Детектор 97 пайыз чындыкты көрсөтөт. Азыр бизге көптөгөн мекеме-фирмалар кайрылып, кадрларды тандоодо полиграф менен текшерип берүүнү өтүнүшүүдө. Ошондой эле туугандар арасында уурулук же башка кылмыштын түрү болсо, милиция кызматына кабарлабай, чын-төгүнүн териштирип, күнөөкөрдү таап бергиле деп бизге кайрылышат.
Баса, белгилей кетчү нерсе, полиграфтын текшерүүсүнөн өтүү үчүн ал кишинин макулдугу керек. Анын макулдугу болмоюнча биз детекторго мажбурлап отургуза албайбыз.
Даярдаган
Назгүл Мамытова