Аалам айдыңында
ХАМИД КАРЗАЙ
КАБАТЫРЛАНАТ
Ооганстандын шайлоо комиссиясы 22-майга белгиленген кезектеги парламенттик шайлоону бир катар себептерге байланыштуу сентябрдын 18ине которду. Ал эми президент Хамид Карзай шайлоонун мурда белгиленген мөөнөттө эле өтүүсү үчүн аракеттенгени менен Ооганстанда аскери бар өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн көбү былтыр августтагы шайлоону булгагандай бурмалоолорго жол бербеш үчүн добуш берүүнүн кийинкиге калтырыла турушун жакташыптыр. Тактап айтканда, андагы августта азыркы президент Карзайдын жеңиши күмөн болсо да, экинчи мөөнөткө бийликте калуусуна жол ачылган эле.Тобоо, биз эле десек, бу - шайлоонун шайтан оюндарына ооган акалар да биротоло ооп алышкандай...


ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТЕР ЭЛДИ ОЙЛОЙТ
Америка Кошмо Штаттарында Гаитидеги жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам иретинде өткөрүлгөн "Гаити үчүн үмүт" соопкерчилик марафонунда 57 миллион доллар каражат топтолду.
Ар бир киши атайын байланыш аркылуу атактуу ырчыларга, артисттерге, коомдук жана саясий ишмерлерге телефон чалып, алар менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк алышты. Ага Бред Питт, Клинт Иствуд, Жек Николсон, Мадонна, Стиви Уандер жана башка кино,шоубизнес жылдыздары катышты.
Телемарафондон түшкөн акчанын баары гаитиликтер үчүн жардам коруна которулду. Бул фондду экс-президенттер Билл Клинтон менен кенже Жорж Буш уюштурушкан.
Мына, эл деп соккон жүрөктөр... Экс болуп калганына карабай, дале калк камында жүрүшкөнүн караң эй! Эл башында турганы менен өз камын ойлогон президенттер, ушулардан үлгү алыңдар.


УМИДА АКЫЙКАТТЫКТАН ҮМҮТ ЭТЕТ
Өз өлкөсүндө таанымал адамдардан болгон, Өзбекстандын алгачкы аял-фотосүрөтчүсү, оператор-документалист Умида Ахмедованын үстүнөн кылмыш иши ачылып, сотко өткөрүлүшү күтүлүүдө. Ал өзүн эч качан оппозицияда болгон эмесмин, саясаттан алыс кишимин деп эсептейт. Болгону, ал кийинки тасмаларын жана сүрөт-китебин Швейцариянын элчилигиндеги Гендердик өнүгүү прогарммасынын алкагында жасаган. Ачык айтканда, "Эркектер менен аялдар салт-санааларда" деген тасмасында кыздык темасын көтөргөн. Ал эми бул өлкөдө гендер маселеси боюнча эмне жарыяланбасын, анын баары мамлекеттик органдан уруксат алышы керек экен. А тактап айтканда, Ахмедовага алгач былтыр декабрда, парламенттик шайлоого даярданып жатканда кылмыш иши козголгон эле. Бирок, шайлоого эч тиешеси жок деп билдирет өзү. Анда бул аял акаларынын алдында неден жазып, неден жаңылды десең?


ФАШИЗМДИН КУРМАНДЫГЫ
БОЛГОН ЖУРНАЛИСТ
Орусияда адвокат Станислав Маркелов менен журналист Анастасия Бабурованы улутчул жаштар атып кетишкенине бир жыл болду. Журналист Бабурованын Украинада жашаган ата-энеси башта кызынын жазгандарына анча деле маани беришпегенин айтып, көп нерсеге көзү эми гана жеткенине өкүнүшөт. Жакында "Новая газетада" жарыяланган катта орус бийликтерин мамлекетте фашизм идеологиясы бар экенин моюнга алууга чакырышты бул ата-эне. Өмүрүнүн аягына чейин фашизм менен күрөшкөн Станислав менен Анастасияннын өлүмү - Орусияда улутчулдук, фашизм идеологиясы канчалык күчөп кеткенинин далили дешет алар.

Даярдаган Нурбүбү Бөдөшова