email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак
кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
29-январь, 2010-ж.:
1-бет
Максим Бакиевге Орусияда 18 кылмыш иши козголдубу?
2-бет
КУРУЛТАЙГА КУШ КЕЛГИЛЕ
3-бет
Депутаттын унаасы кырсыктады
4-бет
Аалам айдыңында
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, общественный деятель
Бессилие власти

6-бет
Анвар Алиевди өлтүргөндөр эркиндиктеби?
7-бет
Мыйзам - буйлалаган "төөбү"?
8-бет
Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, коомдук ишмер:
"Айыл өкмөтүнөн баштап, президентке чейин биригишти"

9-бет
Детектив болуу оңой эмес
10-бет
"Черныйлар, белыйлар аркылуу, көзүңдү тазалап коебуз дешти…"
11-бет
Cапардагы жарандын укугу корголот
12-бет
АППАК КАГАЗ
- АКТЫКТЫН БЕЛГИСИДИР…

13-бет
Кыргыз Республикасынын
президенти К.С.БАКИЕВге
КАЙРЫЛУУ

14-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
15-бет
Бийлик жана кримбийлик
16-бет
НАБАТ


п»ї

  Ханзаадага каар төгүп...

Максим Бакиевге Орусияда 18 кылмыш иши козголдубу?
Орусияда кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевге тиешелүү ишканалар текшерилип жатканын КМШ институтунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси Александр Князев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Кыргыз президентинин катчылыгы болсо саясат таануучунун бул маалыматын жокко чыгарууда.

Саясат таануучу А. Князевдин журналисттерге билдиргени боюнча, кыргыз президентинин уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевге тиешелүү делген Орусиядагы ишканалардын баары текшерүүдөн өтүп, аларга байланыштуу Орусияда Максим Бакиевге тиешелүү же үлүшү бар ишканалар токтотулуп, 18 кылмыш иши учурда козголгон: "Бул кылмыш иштер өтө жогорку деңгээлде, Орусия өкмөтүнүн жана президенттик администрациясынын көзөмөлүнө алынгандыктан, кыргыз тараптын аны теске салуу аракети оңунан чыкпай келе жатат" - деп кошумчалады.
Орусия жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнүп, кылмыш иши козголгон ишканалардын бири -"Алтын" холдинги. Белгилүү болгондой, жыл аяктаарда Орусиянын коопсуздук кызматы "Алтын" холдинг жетекчилерин камакка алып, кымбат баа буюмдар чек арадан кандайча өткөнүн териштире баштаган. "Ханзаадага жакындыгы бар" делген кылмыш иштин бири "Фининфор" аттуу компаниянын өкүлү Александр Чесноковго каршы козголгон. Ал 1 млрд. 387 млн. рубль мыйзамсыз киреше алган деп айыпталган. Ал эми "Фининфор" компаниясынын Кыргызстандагы өнөктөштөрү болсо "Азиауниверсалбанк", "Ысык-Көл инвестбанк", "Аманбанк" экени белгилүү. "Азиауниверсалбанк" Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү агенттигинин, фондунун эң жакын өнөктөшү.
А. Князевдин маалыматын адегенде эле президенттин катчылыгы четке какты. Катчылыктын жетекчисинин орун басары Максим Каганер "саясат таануучу Князев мырза бул маалыматтарды эч кандай документ менен далилдебеген соң, анын сөзүн комментарийлеп кереги жок. Ал көп учурда ар кандай маалыматтарды айтып жүрөт, ошондуктан, биз ага ишенбөөчүлүк менен мамиле кылып келебиз" маанайында жалпы кыргыз бийлигинин пикирине ыктаган сөзүн жарыя кылды.
Аталган маалымат боюнча 24kq маалымат агенттигине Максим Бакиев өзү маек куруп саясат таануучунун маалыматын таптакыр жокко чыгарып, "бул катардагы эле мени каралоого ойлонуп табылган уламыштардын бири. Биздин Кыргызстанды өнүктүрүүгө кылып жаткан аракеттерибиз кимдир бирөөлөргө жакпай жатса керек. Менимче бул маалыматты тараткан саясат таануучу ашкере эмоцияга алдырып жиберген" деди да, сыпайы гана "апапакмын" деп алакан жайды. Бирок, Александр Князев жөн жай жүргөн киши эместиги, ири мамлекеттин атайын кызматына жакындыгы бар экендиги байма-бай айтылып келет. Демек "жел" бекер жүрбөсө керек. Бул маалыматты талдоочулар "Максим Бакиевге тиешеси бар ишканаларга кылмыш иши козголду" деген маалыматтын артында чоң геосаясий оюндар жатат. Максим Бакиев алгачкы сапарын Кытайга жасашы жана жогорку чыңалуудагы "Датка-Кемин" электр линиясын куруу, ГЭСтер үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча аякта сүйлөшүүлөр жүргүзүүсү Москванын "кызганыч" сезимин күчөтүп, "компрамат" согушун баштоого алып келип жатышы ыктымал" деген пикирлерин айтууга да үлгүрүштү.
Кадырбек Темир






Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0129_1.htm on line 62

Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0129_1.htm on line 62

Warning: include(): Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0129_1.htm on line 62








??.??