Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргызстандын элине,
чет өлкөлөрдө жүргөн жүз миңдеген мекендештерге,
дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөрдүн
мамлекет башчыларына, парламенттерине,
Европарламентке,
эл аралык уюмдарга,
массалык маалымат каражаттарына

КАЙРЫЛУУ

КР президенти К.Бакиевге

ТАЛАПТАР

Кыргызстандын кадырлуу калкы,
урматтуу кыргыз улуту, четте жүргөн
мекендештер!


Биз, Бишкекте, Алайдын Сопу Коргонунда, 2010-жылдын 13-күнүнөн баштап саясый ачкачылык жарыялагандар, бакиевдер орноткон үй-бүлөлүк кандуу тоталитардык диктатурага, саясый репрессияга, массалык террорго, элди азапка салган экономикалык, турмуш-тиричилик агрессияга каршы ачык күрөш аракеттерин жандандыруу үчүн чыктык.
"Мен сиздин кадрдык, ички жана тышкы саясатыңыз менен макул эмесмин" деп Бакиевге тартынбай арыз жазып, кызматтан өз ыктыяры менен кеткен, оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын башчыларынын бири, Кыргызстанга опол тоодой эмгеги сиңген генерал И.Исаковду саясый себеп менен 8 жылга түрмөгө салып, генералдык даражасынан ажыратуу; Петровкада Э.Булекбаевди, С.Аргынбаевди, У.Рыскулбековду саясый тапшырма боюнча соттоо; Балыкчыда 18 адамдын саясый себеп менен жазаланышы - массалык террордун, тоталитардык диктатуранын далили.
Кыргызстанда кадам сайын элдин, адамдын Конституциялык эркиндиктери, укуктары бузулуп, тепселип атат. Сот, Жогорку Кеңештин басымдуу көпчүлүгү үй-бүлөлүк диктатурадан көз каранды. Баалардын асмандап өсүшү ансыз да жетимиш пайыздан ашыгы жакыр жашап аткан элди уламдан улам азапка салып атат, калктын турмушу мындан ары ого бетер алааматка дуушар болот. Өлкөнүн стратегиялык өндүрүш мекемелери, табигый байлыктары тонолуп, канталамайга учурап, мамлекетти башкарып жаткандардын-уурулардын, коррупционерлердин менчигине айланып, капчыгына түшүп баратканын биз, кыргызстандыктар гана эмес, дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары да айгинелеп атат.
Бүгүн Кыргызстанды Ата - журттун саткындары, башка мамлекеттердин жарандары, эл аралык шумпайлар башкарып атат.
Бакиевчилер, Freedom House уюмунун баасы боюнча, кечээ "демократиялык аралчасы" аталган Кыргызстанды эркиндиги жок өлкөгө айландырды, коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдө төртүнчү орунга жеткирип, Ата - мекенибизди шерменде кылды. Муну биз, кыргызстандыктар, өз көзүбүз менен көрүп, акылыбыз, жүрөгүбүз менен туюп атабыз.
Урматтуу жамы журт, кадырлуу калайык калк, сен үчүн деп жүрөгү жалындап жанган, улуттун келечегин сактоо үчүн, эл татыктуу турмушка жетсин деп, диктатурага, репрессияга каршы тайманбай, чечкиндүү күрөшүп жаткан чыгаан уул, кыздарыңарды биринин артынан бирин соттоп, түрмөгө камап атканын көрүп, билип туруп билмексен болуп, коркуп отура бербе. "Эл башына күн түшсө, эл тилеген эр келет, эр убайын эл көрөт" деген "Манастагы" улуу сөз, ыйык жоопкерчиликтен тайба.
Ляппайчылык, дүжүрлүк, маңкурттук, кайдыгерлик коомду жойлоп, далайлардын рухун түшүрүп, кайратын кайтарып атат.
Кыргызстанды кыйратып, кууратып аткан уурулардын, бакиевдердин кулу болуп калуу коркунучу каптады. Ойгонгула, бириккиле!
АТА - МЕКЕН КОРКУНУЧТА!

Биз адилеттик бар өлкөлөрдүн башчыларына, парламенттерине, Европарламентке, Бириккен Улуттар Уюмуна жана башка эл аралык бирикмелерге, массалык маалымат каражаттарына:
- Эркиндик, конституциялык укуктар жок, эли диктатуранын, репрессиянын, коррупциянын, канталамайдын алааматына туш келген Кыргызстанга чын ыкласыңар менен көңүл буруп, бул азаптан кутулуу үчүн көмөк көрсөткүлө,-деп кайрылабыз.
Президент К.Бакиев!
- Саясый репрессияны, бакиевчил террорду, Кыргызстандын байлыгын канталамайга, элди азапка салууну токтот!
- Саясый туткундарды: И.Исаковду, Э.Булекбаевди, С.Аргынбаевди, У.Рыскуловду, Балыкчыда соттолгон 18 адамды актат!
- Алайлыктарды - сопукоргондуктарды зордук-зомбулукка алууну, репрессиялоону, террордоону токтот!
Бул максаттар үчүн биз мындан ары да чечкиндүү күрөшө беребиз!

Сопу Коргондо, Бишкекте саясый ачкачылык жарыялагандар:
1. Ы.Жумабаева (81 жашта)
2. О.Турганбаев (72 жашта)
3. К.Турганбаев (71 жашта)
4. Ү.Турганбаева (74 жашта)
5. Т.Жусуева (69 жашта)
6. М.Абдуллаева
7. А.Жунусова
8. Ж.Исаков
9. Ш.Кошомбердиева
10. А.Бердиева
11. А.Капарова
12. З.Калыева
13. Ж.Бөкүшева
14. А.Жолдошева
15. Б.Турсунбаева
16. С.Бердиева
17. Б.Турганбаева
18. С.Кыштообаева
19. Т.Тойчиева
20. Т.Тургуналиев
21. Д.Шадыбеков
22. А.Койчиев
23. Д.Аттокуров
24. Ч.Жуматаев
25. Ч.Матиев
26. Б.Усупова
27. К.Карымшаков
28. Ө.Үмөталиев
29. К.Карабаев
30. Т.Токтосунов
31. А.Турганбаев
32. Р.Башкулова
33. А.Курманов
34. А.Шыкмаматов
35. Бактыбек Нуралы уулу




Коомдук Парламенттин
БИЛДИРҮҮСҮ
Коомдук Парламенттин жана бириккен оппозициянын мүчөсү генерал Исмаил Исаковдун үстүнөн сот процесси 9 айдан ашуун убакыт созулду. Соттук териштирүү маалында козголгон кылмыш иши толугу менен жокко чыкты. Аскер прокуратурасы тарабынан Исаковко коюлган күнөөнүн үч эпизоду тең далилденген жок.

Соттун жүрүшүндө аскер техникасын мыйзамсыз сатып жиберген, ошону менен өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген деген факт жокко чыгып, аскер кызматкерлеринин балдарына жаңы жылдык майрамды жана министрликте маанилүү иш чараларды уюштурууга акча каражатын бөлүп берүү толук мыйзам чегинде экендиги тастыкталды. Бул фактылар боюнча коюлган күнөө алынып ташталды.
Коюлган күнөөлөрдүн үчүнчү эпизоду - баласына кызматтык квартира берген фактысы гана калды. Соттук териштирүү маалында генерал Исаков өз баласына квартира бөлүп берүүгө катышпаганы, андай буйрук бербегени, андай өтүнүч менен эч кимге кайрылбаганы белгилүү болду. Ошондой эле ал "Бишкек Курулуш" ишканасынын генералдык директору Молдобаевге дагы мындай өтүнүч менен кайрылбаганы такталды. Генерал Исаковдун уулу армиянын офицери катары кызматтык квартира алууга кезекте турганы да такталды. Мындай жагдайларды соттун жүрүшүндө генералдар Борубаев менен Югай күбө катары тастыкташты, алар өз көрсөтмөлөрүндө генерал Исаков министр катары аларга квартира маселеси боюнча кайрылбаганын айтышты. Аскер кызматкери Руслан Исаковго квартира бөлүп берүү чечимин алар өз алдынча кабыл алганын да айтышты, анткени анын өзүнүн үйү жок болгондуктан квартирага укугу бар болучу.
Ал окуядан бир аз убакыт өткөндөн кийин, 2007-жылдын сентябрь айында, генерал Исаковко квартира бөлүштүрүүдө калыстык болбой калды деген маалымат жетет. Мындай маалыматты уккандан кийин ал өзүнүн буйругу менен баласы жашап турган квартираны министрликтин карамагына алып, башка көп балалуу аскер кызматкерине бөлүп берген.
Ошентип, соттун жүрүшүндө бул эпизод боюнча дагы кылмыш составы жок экендиги анык болду. Анткени кылмыш кылууга атайын ой болгон эмес, жабыр тарткан жак жок, ошондой эле келтирилген зыян жок. Биз Исаков акталат деп күтүп жатканбыз. Бирок Бишкек гарнизондук соту Кылмыш-жаза кодексин түздөн-түз бузууга барды да айыптоочу өкүм чыгарды. Генерал Исаков 8 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылып, генерал-лейтенант аскер наамынан ажыратылды.
Генерал Исаковко карата чыккан өкүмдүн акылга сыйбас катуулугу, ушундай эле адилетсиз өкүмдөр Коомдук парламенттин мүчөлөрү, Петровка айылындагы тополоңго байланыштуу жалган дооматтар менен камакка алынган Эркин Булекбаевке, Уран Рыскуловго жана Сагын Аргымбаевге карата да чыгарылышы ыктымал деген тыянакка негиз берет. Ал эми Балыкчыдагы окуялар боюнча 18 киши жазыксыз соттолушту, алар болгону шайлоо күнү бийликтен акыйкаттыкты талап кылышкан болучу.
Коомдук Парламент төмөнкүдөй тыянак чыгарат:
- Генерал Исаковду сот жообуна тартып камакка алуунун негизинде саясий себептер жатат, анткени ага карата кылмыш иши ал Коопсуздук Кеңешинин катчылык кызматынан өз ыктыяры менен кеткенине, ошол маалда Ак үйдүн саясатына макул эмес экендигин ачык айтканына жооп иретинде козголгон;
- Өлкөдө саясий репрессия күчөп бара жатат, бийлик мыйзам чыгаруу жолу менен саясий жана жарандык укуктарды чектеп, журналисттерди сабап жана коркутуу менен сөз эркиндиги жок кылынууда. Журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшү, журналист Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салынышы, журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү биздин өлкө жалпы террордук режимге бара жатканын айгинелеп турат.

Коомдук Парламент талап кылат:
- Генерал Исмаил Исаков боштондукка чыгарылсын;
- Петровка айылындагы тополоңго байланыштуу жалган дооматтар менен камакка алынган Эркин Булекбаевге, Уран Рыскуловго жана Сагын Аргымбаевге боштондук берилсин;
- Бийликке каршы пикир айткан саясий ишмерлерди, журналисттерди жана коомдук уюмдардын лидерлерин куугунтуктоо токтотулсун, коркутуу жана кишинин ден соолугуна жана өмүрүнө кол салуу саясатынан баш тартылсын.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??