Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

  Мезгил мерчеми

Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"
- Мукар мырза, учурда саясий абал оор болуп турат. Мунун себеби эмнеде?
- Бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан иштерине жалпы кыргыз эли нааразы. Нааразычылык социалдык жана экономикалык жактан чыгып, эл өтө кыйналууда. Эл кыйынчылыктардын эмненин негизинде пайда болуп жаткандыгын толук түшүнбөй жатат.
Кыргызстандын экономикасынын деңгээли төмөн. Мунун эң биринчи көрсөткүчү болуп,бюджетке кирип жаткан кирешенин кайсы тармактан түшкөнү болуп саналат. Эгерде ошол бюджетке түшүп жаткан кирешенин аз бөлүгү салыктан, ал эми көп бөлүгү бажы төлөмдөрүнөн түшө турган болсо, анда бул өнүгүп жаткан өлкөнүн катарына кирет. Тескерисинче, бажыдан түшүп жаткан кирешелер аз болуп, салыктан түшкөн кирешелер көп болсо, анда бул экономикасы өнүкпөй, токтоп, стагнацияга түшкөн экономика деп эсептелет. Биздин Кыргызстандын азыркы абалы ушундай. Бажыдан түшкөн киреше салыктан түшкөн кирешеге караганда жогору.
- Биз бай өлкө болбосок, эмне себептен Кыргызстандын чек арасынан товарлар ары-бери өтүп турат?
- Мунун эң жөнөкөй жолу бар. Бийликтин официалдуу билдиргенине караганда,Кыргызстандын бир миллионго жакын адамдары чет мамлекеттерде мигрант болуп иштеп, ошол жактан жан багууда. Алар бул жактагы туугандарына иштеп тапкан акчаларын салып жатышат. Биз эсепке кирбей калган акчаларды кошпогондо, банктар аркылуу которулуп келип жаткан акчалардын суммасы бир жылда бир жарым миллиард долларга чейин жетет. Бул республикалык бюджеттин өлчөмүндөгү акча. Көбүнчө Кыргызстан чет мамлекеттерден келип жаткан товарлардын эсебинен жашап жаткандыгы көрүнүп турат.
Экинчи чоң маселе - Кыргызстанда кайсы эл байлыкка ээлик кылат жана кайсы элдин турмушу жакшы? Кыргызстандагы турмуш-шарты эң төмөн эл - кыргыздар. Жакырлардын эң көбү да кыргыз улутундагылар. Жумушсуздардын бардыгы кыргыздар. Ал эми мамлекеттик структурада иштебей туруп, "прихватизация" учурунда басып алган адамдардын, кара жумушта иштеген алдуу-күчтүү адамдардын дээрлик бардыгы Кыргызстандан чыгып кетишкен. Мунун бардыгы чоң трагедияга алып келүүдө. Ал эми экинчи жагы, Кыргызстандын аз да болсо иштеп турган чоң-чоң ишканалары, кен байлыктарынын бардыгы чет элдиктердин колуна өткөн. Мисалга алсак, Канттагы, Күрмөнтүдөгү цемент заводдору казактарга тиешелүү. Кызыл-Кыядагы цемент заводун кытайлар салып жатат. Ошондой эле "Кум-Төр" алтын кени, "Жер-Үй" алтын кени, "Андаш" алтын кени, булардын бүт бардыгы чет мамлекеттерге тиешелүү. Ал гана эмес, эң көп темир запасы бар Жетим-Тоо да кытайларга арендага өтүүдө. Азыркы кезекте энергетика системасын, ошону менен бирге суу энергетикалык ресурстарын да чет мамлекеттердин карамагына өткөрүп берүү маселеси турат. Мына ушундай абалда кыргыз элинин келечеги жокко эсе болуп жатат. Ушундай маселелерди бүгүнкү бийлик кыргыз элинин кызыкчылыгына чечпегендиктен, учурда абал абдан курчуп турат.
- Мындай абал дагы канчага созулат?
- Учурда азыркы бийлик саясий абалдан чыгуунун жолу деп башкаруу системасын реформалоону көрсөттү. Алып карасак, чын эле реформа жүрүүдөбү же жокпу? Эгерде жалпы эл, анын ичинде ар бир жаран "мен ушул мамлекеттин ээсимин" десе, ар бир адамдын шайлоого, шайланууга толук укугу сактала турган болсо, анын үнү эл, мамлекет, мамлекеттик органдар, бийлик тарабынан угула турган болсо мамлекет өнүгүп, демократия калыбына келет да, эл эртеңки күнүнө ишенип жашап, иштейт. Бүгүн андай ишенүү жок. Бүгүнкү биздин мамлекеттик башкаруу системабыз тоталитардык башкаруу, үй-бүлөлүк башкаруу системасына өттү. Коррупцияланган башкаруу системасына өттү. Криминалдашкан башкаруу системасына өттү. Муну менен биз жакын аранын ичинде курч саясий абалдан чыгып кетебиз деген ойдон алысмын.
- Ал эми жүргүзүлүп жаткан реформалардын түпкү багыты кайда?
- Биздин президентибиз Курманбек Бакиев жалпы элге "мен башкаруу системасын бүт бойдон жаңыртып, демократияга жол ачам" деп жарыя кылды. Демократияга кантип жол ачылат? 2009-жылдын 14- декабрдагы Жогорку Кеңешке жолдогон Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбоору аны көрсөтүп турат. Ал долбоордо кандай деп айтылат?
Биринчиден, президент өзүнүн алдында өзү каалагандай мамлекеттик органды, анын ичинде элдик кеңешти түзө алат деген укук берип атат. Мындай укук буга чейин Кыргызстанда бирөөнө да берилген эмес. 1996-жылы Акаев да реформа аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизген кезде жазылган:Кыргыз Республикасынын президенти аткаруу бийлиги тарабында мамлекеттик органды түзө алат деп. Андан кийин 2007-жылдагы референдумда Бакиев аны өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын президенти мамлекеттик органды түзө алат дейт. Кайсы бийликтин бутагында экенин ачык көрсөткөн эмес. Мына ошондо эле хандык бийликке жол ачылган. Азыр ачык эле президенттик кеңешмени түзө алат деп көрсөтүп койду. Ошол кеңешме жөнүндөгү жободо президент тарабынан эч ким менен макулдашпай туруп, кеңешпей туруп, эл менен сүйлөшпөй туруп бекитип берет деди. Биз ал жобо кандай болоорун күтүп, кандай болоорун сезип эле турабыз. Анткени Конституцияга өзгөртүү киргизбей туруп, Конституцияга карама-каршы келген мамлекеттик башкаруу структураларын түп-тамырынан бери түзүп таштады. Анын бири - президенттин алдында түзүлгөн мамлекеттик кеңешчи. Ал Конституцияда каралган эмес. Ал Кыргызстанда жашаган бүт укук коргоо органдарын жана аскердик күчтөрдүн иштерин көзөмөлдөп, аларды жеке түзө ала тургандыгы көрүнүп турат. Демек,президенттин полномочиесин, укуктарын булар алып койгону жатат.
Экинчиси, борбордук өнүктүрүү агентствосу түзүлдү. Анын жобосуна келе турган болсок, бул агенттик Кыргызстандагы бүт экономиканын тагдырын чечет экен. Ал - Кыргызстандагы кен байлыктардын эсебин алуу, ишканалардын эсебин алуу, кимдин чөнтөгүндө канча акча бар экендигинин эсебин алуу, мына ушулардын бардыгын изилдеп, аныктап туруп аларды тарапка багыттай тургандыгын чечет. Ошол эле мезгилде агенттик Кыргызстандагы кадр маселесин, башкача айтканда, кимди кайсы кызматка коерун да чечет экен. Эгер андай боло турган болсо президент кайда барат? Өкмөттүн эмне кереги бар?
Конституцияда президентке жана Жогорку Кеңешке берилген ыйгарым укуктардан башка мамлекеттик башкаруунун бардык милдеттери өкмөттө каралат деп жазылып турат. Демек Конституция боюнча өкмөт Кыргызстандын элинин, Кыргызстандын ар бир жаранынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү. Эгерде укук коргоо органдарынын бардыгы мамлекеттик кеңешчиге баш ийип кала турган болсо, экономикалык иштер жана мамлкеттик кадрлардын бардыгы борбордук өнүктүрүү агентствосуна тийиштүү болуп кала турган болсо, анда өкмөттүн чече турган маселеси жок. Демек өкмөт- бул президенттин, борбордук өнүктүрүү агентствосунун жетекчисинин, мамлекеттик кеңешчинин буйруктарын аткарып бере турган, эгер ал буйруктар элдин кызыкчылыгын колдобой кала турган болсо таяк жегенге чыдай турган бир баланын оюну сыяктуу гана органга айланып калды. Мына ушулардын баарын жасап алгандан кийин президент Конституцияга эми өзгөртүү киргизүүнү көздөп жатат. Ал андан ары тереңирээк барып, өзүнүн мураскорун даярдоонун жолун ачууда. Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү жобонун экинчи пунктунда жазылып турат: Эгерде президент кандайдыр бир себептер менен өзүнүн милдетин аткара албай калса, анын милдетин президенттик кеңешме аныктаган адам аткарат. Конституция боюнча, эгер президент өзүнүн милдеттерин аткара албай калса анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Биз азыркы парламент туура эмес, легитимсиз шайланган деп айткан күндө да Конституциялык мамлекеттик орган - Жогорку Кеңеш. Анын төрагасы - депутаттар шайлаган төрага. Демек ал калп болсо да, чын болсо да элдин өкүлү. Мына ошондуктан калп болсо да чын болсо да эл тарабынан шайланган президенттин ыйгарым укуктары ал өзүнүн милдетин аткара албай калган кезде сөзсүз түрдө эл шайлаган, элдин өкүлү болгон Жогорку Кеңешке, анын төрагасына өтүшү керек. Ал эми азыр сунушталып жаткан долбоор боюнча президент өзү дайындаган адамдар аныктаган адамды мураскор кылып коет экен. Ачык айтканда, Бакиев өз баласына жол ачып жатат деп эсептейбиз. Эгерде эл менен эсептешпей туруп, элдин мүдөөсүн укпай туруп, демократияны калыбына келтирбей авторитардык режим улантыла бере турган болсо, бийлик өзүн жалаң гана куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин күчү менен өз бийлигин кармап тура турган болсо, бул бийлик көпкө узабайт. Бийлик өлкөдөгү ар бир жарандын жүрөгүнөн жылуу сезим таба алганда гана, күчтүү болот. Эгер таба албай турган болсо мылтыктын күчү менен, укук коргоо органдарынын колундагы таяктын күчү менен бийлигин бекемдей албайт.
- Мукар мырза, азыркы бийликке элдин ачкачылык акциясына чыгышы таасир бере алабы?
- Менин оюмча, башка цивилизациялуу өлкөлөрдө, демократиясы бар мамлекеттерде ачкачылык жарыялоо абдан таасирдүү. Болгондо да бир адам эмес, көптөгөн адамдардын ачкачылык жарыялоосу бийликти өтө түйшөлдүрүш керек эле. Буга бийлик өтө маани берүү керек эле. А бүгүнкү биздин бийлик адамдар өлүп жатабы, ооруп жатабы, ачка жатабы алар менен иши жок. Эл өзүнчө, бийлик өзүнчө жашап жаткан маалда булардын ачкачылык жарыялоосу бийликке эч кандай таасир бербейт. Анткени бийлик алардын ооруп калаарына, мүмкүн Шералы Назаркуловго окшоп өлүп калаарына кейип да, маани да берип койбойт.
(уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Назгүл Мамытова




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??