Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

Кыргыз Республикасынын
Президенти
К.С. Бакиевге

Урматтуу Курманбек Салиевич!

"Манас" дастанынын ЮНЕСКО тарабынан Кытай Эл Республикасынын энчиси катары каттоого алынышын кыргыз эли чак түштө түшкөн чагылгандай кабыл алды. Жалпы коомчулуктун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн "кыргыздын касиети, куту болгон Манасыбызды кытайларга ушинтип оңой эле тарттырып жиберебизби?" деген тынчсыздануу - нааразылык каттары жалпыга маалымдоо каражаттарында көп эле жарыяланып жаткандыгын байкап, көрүп турсаңыз керек. Интернеттеги төмөнкүдөй маалыматтардын көбөйө башташы, ансыз да араң турган коомчулукту ого бетер козутууда. Мисалга, кытайдын "Жэньминь жибао" он-лайн газетасына жарыяланган көп маалыматтардын бирин келтире кетели (06.01 2010). Анда мындай деп жазылат: "Манас" вместе с "Гэсэриадой" и "Джангаром" называются тремя эпосами национальностей Китая. "Манас", главным образом, распространен в Кызылсу - Киргизском автономном округе, в степи Текес, в других районах компактного проживания киргизов в Синьцзян-Уйгурском автономном районе /СУАР, Северо-Западный Китай/, а также в Кыргызстане, Казахстане и Таджикстане". Маалымат кандай өңүттөн берилип жаткандыгы комментарийге муктаж эмес экендиги көрүнүп турбайбы.
Маселе ушундай коюлуп жатканда КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Маданият агентчилиги "Манасты" эми эки мамлекеттин атынан чогуу каттатууга келишим түзүп атабыз" деп атышы кудайга жагабы? Анда титулдук кыргыз калкынын атынан Кыргызстан деген эгемен мамлекет болуп тургандыгыбыз кайсы? Мисалы, биз кытай маданиятына тиешелүү "Дао дэ Цзин" же Конфуцийдин чыгармаларын "кыргызстандыкы" деп жаткан жокпуз го. Кытай мамлекети андайга жол бермек да эмес.
"Манас" эпосу биздин ата-бабалардан мураска калган, баа жеткис байлыгыбыз экендиги талашсыз. Ошол эле БУУ 1995-жылы эпосубуздун 1000 жылдыгын өткөрүүгө шарт түзүп, бүт дүйнө элдеринин алдында "Манас" кыргыз элине гана тиешелүү экендигин таанып, тастыктап бербеди беле. Эми БУУга караштуу түзүм болгон ЮНЕСКОнун бул чечими мурдагысына каршы келип жатпайбы! Дүйнөдөгү 2 миңден ашык элдердин арасынан жалгыз гана кыргыздар миллиондогон сап дастанды жатка төгүп айта алат. Миңдеген жылдардан бери атадан балага, муундан муунга өтүп келе жаткан руханий бул байлыгыбыз көздүн карегиндей аздектеп сактоого, кеңири пропагандалоого муктаж. (Иш чаралардын мерчемдери тиркелет). "Манас" эпосун КЭРде чыгаруу, таратуу үчүн кытай мамлекети 55 миллион юань (1,5 миллион АКШ долларынан ашык) акча каражатын бөлгөн.
Биз ушул маселе боюнча кыргыз бийлигинин так позициясын билгибиз келет. "Манасыбызды" кайтарып алууга ЮНЕСКОго тиешелүү талап коюп, ушул иштин башында мамлекет башчысы катары өзүңүз туруп, кыргыз элинин намысын алдырбашыңызга ишенебиз. Манас элдик кыймылдын өкүлдөрүн кабыл алууңузду өтүнөбүз!

o Биринчиден, Бириккен Улуттар Уюму менен ЮНЕСКОдо "Манас" дастаны Ала-Тоолук кыргыз элинин байыртан келе жаткан улуттук рухий дөөлөтү катары, жалпы Кыргызстан калкынын атынан таанылып, тийешелүү тартипте юридикалык күчкө ээ болушу керек. Бул багытта Сиздин атыңыздан атайын документтер даярдалып, тийиштүү дипломатиялык жана саясий ресурстарды колдонуу керектиги айкын. Мамлекетке таандык позиция эл аралык аренада чечкиндүү түрдө айтылышы керек.
o Экинчиден, "Кыргыз - Манас эли", "Манас" - кыргыз дөөлөтү" деген сыяктуу ураандар жалпы журтубузга таркатылып, ар бир айылда, шаарда, көчөдө көрктүү жарнактар илинип, фестивалдар өткөрүлүп, кинотасмалар тартылып, китептер чыгарылып, илимий-изилдөө иштери жанданып, мектеп программаларында жаңыча окутуу шарт катары киргизилсин.
o Үчүнчүдөн, "Кыргыз таануу - Манас таануу" Улуттук Борбору түзүлүп, аны мамлекет тарабынан каржылоо маселеси бышып жетилди. Ушул Борбордун алкагында манасчылык өнөрүн мамлекет колго алып, манасчылардын мектебин ачуу, азыр саналуу гана калган манасчыларыбызды социалдык коргоого алып, айлык-маяна чектеп берүү да өктөм мезгил талабы. Манас темасына арналган эл аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференциялар жана форумдар байма-бай өткөрүлүүсү зарыл. Ошол иш чаралардын алгачкысы 2010-жылдын май айына чейин өтүлсө, максатка ылайык болор эле.
o Төртүнчүдөн, Борборубуздун түштүк жакасында жайгашкан "Манас айылы" шаарчасына жан киргизилип, жарашкан боз үйлөр тигилип, элдик шаң-салтанат, улуттук руханий иш-чаралардын чордону болуу менен, мамлекеттик маданий жана туристтик борборго айланса. Спирттик ичимдиктерге, чылымдардын түрлөрүнө "Манас" атынын коюлушуна тыюу салынса, ал эми "Манастын" атын алып жүргөн чоң-чоң чарба субъекттерине (эл аралык "Манас" аэропорту, "Манас" банкы ж.б.) эпосту даңазалоо иштерине демөөрчүлүк кылуу милдеттендирилсе.
o Бешинчиден, жети дубан Ала-Тоо аймагында "Манас" дастанынын каармандарынын айкелдери тургузулса. Өлкөдөгү тарыхий ыйык жерлер картага түшүрүлүп, коргоого алынса, "Манас" саябан бактары ачылса, Манастын наамындагы сыйлыктар мектептерде уюштурулса, элибиздeги аруулуктун, рухий жана маданий бийиктөөнүн өзөктүү иштери катары улуттук идеологиянын жанданышына өбөлгө түзмөк.
o Алтынчыдан, "Манастын" колдогу 84 варианты бүт толук басылып, ошону менен бирге, бирдиктүү (канондошкон) варианты тандалып чыгарылып, бет ачарлары өткөрүлүп, чет тилдерге сапаттуу которулуп, дүйнө элдерине "Ала-Тоолук кыргыз калкынын дөөлөтү" катары таратылып, ЖМКлар аркылуу байма-бай даңазаланса.
o Жетинчиден, илимий жана аян булактарынан алынып жаткан манасий маалыматтар жеке гана өз алдынча коомдук уюмдардын эмес, мамлекеттин да көзөмөлүндө, камкордугунда болуп, элибиздин рухий саламаттыгынын шарты болушу үчүн, 1995-жылы өткөрүлүп, дүйнөгө даңазаланган "Манас-1000" сыяктуу кеңири иш чараларынын жанданышы абдан зарыл. "Манасты" айткан инсандар, "Манас" жана тарых байланыштары жөнүндө атайын илимий изилдөөлөр жыйынтыкталышы керек.
Сизди терең урматтоо менен,

"Манас эл" кыймылынын мүчөлөрү:
1. Асан Жакшылыков, кыргыз эл жазуучусу, кыймылдын теңтөрагасы;
2. Жоомарт Кадыралиев, кыргыз эл сүрөтчүсү, кыймылдын теңтөрагасы;
3. Адаш Токтосунова, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз өкмөтүнө караштуу Улуттук Комиссиянын экс-жетекчиси, теңтөрайым;
4. Кадыр Кошалиев, ЭлТРдин экс-директору, комитеттин жооптуу катчысы;
5. Салима Шарипова , "Умай Эне" партиясынын төрайымы;
6. Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер;
7. Бактыбек Максүтов, "Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы;
8. Султан Мамбеткалиев , Чүй университинин президенти;
9. Жедигер Саалай, Чүй университетинин ректору;
10. Анарбек Усупбаев, "Манас Ордо" коому;
11. Абдылдажан Акматалиев, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту;
12. Карыбек Байбосунов, философ;
13. Эмилбек Каптагаев, "Улуу Биримдик" партиясы;
14. Турдукеева Салтанат, "Айтыш" коому;
15. Чынара Сейдахматова, "Кут Билик" коому;
16. Алмамбет Матубраимов , коомдук ишмер:
17. Жыпара Турсунбаева, "Кырк кыз" коомдук уюму;
18. Кубан Тезекбаев, "Улуу кыргыз Ордо" уюму;
19. Туратбек Акимов, журналист;
20. Бабырбек Жээнбеков, "Алиби" гезити;
21. Кеңеш Дүйшөбаев , коомдук ишмер;
22. Эркин Аманалиев , коомдук ишмер;
23. Бегиш Ааматов , коомдук ишмер;
24. Айбек Бусурманкулов , "Акшумкар Кут" коомдук уюму;
25. Мелис Мураталиев, "Бакдөөлөт" коомдук фонду;
26. Гүлнур Берикбай кызы , "Бакдөөлөт" коомдук фонду;
27. Дөөлөт Нусупов. "Асаба" партиясы;
28. Абды Сариев, жазуучу;
29. Чынарбек Абдыкапаров, коомдук ишмер;
30. Темирбек Токтогазиев, ТРК "Манас жаңырыгы";
31. Асыкбек Оморов , жазуучу;
32. Кабыл Макешов, "Азаттык" үналгысы;
33. Саадат Муратова , манас изилдөөчү;
34. Талантаалы Бакчиев, манасчы, илимпоз;
35. Сабира Сурапова , илимпоз;
36. Кеңеш Айтикеев, космоэнергет;
37. Гүлжамила Шакирова , акын;
38. Асылбек Чолпонбаев, "Асаба" партиясы;
39. Данил Акжолов, "Манас" урпактары" уюму;
40. Ракыя Жусупова, "Эрайым" коомдук бирикмеси;
41. Гүлнара Нурматова, "Алгыр" коомдук фонду;
42. Чынара Шыгаева , "Кулгуна Ата" коомдук бирикмеси;
43. Дилдара Буларкиева, "Беназир" коомдук бирикмеси;
44. Бактыгул Конокбаев, ишкер;
45. Сүйөркан Балтабаева, "Бай жаша" коомдук бирикмеси;
46. Т. Асаналиев, "Бардар бол" коомдук бирикмеси;
47. Нурдан Жуматаев, " Тилектеш" бирикмеси;
48. Рүстөм Кабылбеков, "Мөңгү" коомдук бирикмеси, акын;
49. Анарбек Эстебесов, "Манас жол" эл аралык кыймылы;
50. Темирбек Алымбеков , "Замандаш" журналы, акын,
ж.б. 70 тен ашык адам кол койгон.
Катчы: Сайра Төрөмаматова
Тел. 0778-27-80-33;






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??