Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Өзбекстан
- Кыргызстандын чек
арасындагы ыйкы
- тыйкылар ырбап барат
Чек арадагы конфликттер бирде басаңдап, бирде күчөп ырбап баратканына далай убакыт болуп калды. Чатак көбүн эсе чек арадан мал өтүп тиги же бу территорияга жайылып калган учурда башталмай адаты бар. Чек арачылар малды барымтага алып, кожоюну "ооз басыртмасын" төлөмөйүн кармап турушу адатка айланып кеткени байкалат. Барымта эки тараптан тең өзүнчө эле бизнеске айланып кеткен.Чек арадагы конфликттин акыркысы - төрт өзбек чек арачыларынын наряды Кыргызстандын территориясына өтүп келгени менен чатак чыгып, ок атылып кыргыз чек арачысынын бири бутунан жаракат алганда болуп өттү деп жарыяланган. Адегенде айып өзүбек чек арачылар тарабынан кетти деген маалымат берилген эле. Кийинчерээк Өзбекстан басма сөзүндө кыргыз чек арачыларына күнөө тагылып, ошолор ишти козутуп жиберди деген кабар таратыла баштады. Минтип тирешүү улана берсе, Кудай сактасын дечи, учкундан жалын тутанып кетиши оңой. Форс-мажордук ситуациядан чыгуунун бир жолу - бул 1375 чакырым чек аранын тактап, бир жаңсыл жыйынтыкка келүүдө турат. Азыркы кезде андан башка ылаажыны табуу кыйын.




Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
"Жоогазын" талааларын каптаган кара булут. Кыргызстанда өз ден соолугун баарынан жогору койгон адамдар эбактан эле журналисттик кесиптен жаа бою качышат. Бул кесипти аркалагандар ур-токмокко деле көнүп бүтүшкөн. Бирок, белгилүү кыргызстандык журналисттердин бири, 51 жаштагы Геннадий Павлюктун кошуна Казакстанда мыкаачылык менен өлтүрүлүүсү көндүм болгондордун да төбө чачын тургузууда.

Ал өз өлүмүн Казакстандын коммерциялык борбору Алматынын чок ортосунан эки колун артына жабыштыра байланып, алты кабат үйдүн терезесинен ыргытылгандан алты күндөн кийин, 22-декабрда ооруканадан тапты.
Оппозициялык саясатчылардын журналисттин өлүмүнө Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевди айыптоосун анын офиси жакын жууткан жок. Бир нече күндүн ичинде Казакстандын ички иштер министирлиги журналисттин өлүмүнө айрым бир кыргыз жарандарынын тиешеси бар экендигин билдирген. Белгилей кетчү нерсе, ошол күндөрү алматылык жеке телеканал өз атын атабаган казакстандык чалгын кызматынын булагынын оозу менен бул адам өлтүрүүгө Кыргызстандын коопсуздук кызматынын тиешеси бар экендигин айтып чыкты. Кыргыз тарап болсо Бишкектен туруп алып пресса аркылуу бул билдирүүнүн негизсиз экендигин жарыя кылды.
2009-жылы Кыргызстандагы саясий аба ырайы кескин бузулгандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Бул жылы бир гана журналисттер эмес, президенттин үй-бүлөсүнө башкача көз караш менен караган саясатчылар менен комментаторлор дагы белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылышты.
Март айында Бакиев администрациясынын мурдагы жетекчиси Медетбек Садыркулов менен анын эки сапарлашынын кара күйүк денелери капчыгай ичинде өрттөнгөн автомобилден табылган. Алар Алматыдан үйлөрүнө келатышкан. Бийлик аны жол кырсыгына жоруптап койду.
Бакиев кайра шайланган июль айынан кийин бийликти сындагандарга кол салуулардын саны өсө баштады. Оппозициялык "Ата Мекен" партиясы үчүн веб-сайт ачууну максат кылган Павлюк эки жума аралыгында жапа чеккен үчүнчү журналист болуп отурат. Үч журналист тең этникалык орустар болуп чыкты. Ошол күндөрү 2005-жылдагы "жоогазын" революциясынан улам өлкөнү таштай качкан президент Аскар Акаевдин убагындагы ири чиновник, белгилүү саясатчы да кол салуудан катуу жапа чегип калган. Бул көрүнүштү оппозициялык активист Эдил Байсалов "оппозициянын кандай гана түрүнө болбосун каршы тоталдык террор режими" деп атады.
2006-жылы аз жерден өзү курмандыкка чалынып калбаган Байсаловдун пикири боюнча бүгүнкү режим Бишкектин "Манас" аэропортундагы америкалык аскер базасын байланыштырып, өзүн Батыш үчүн өтө эле кадыр-барктуу сезүүдө. Сынчылардын ою боюнча, жоопкерчиликтин жоктугунан улам бүгүнкү бийлик каалаган нерсени жасай берсе болот экен деген ойго бекем ишенип алган.
Буга чейин кыргыз бийлиги сөз эркиндигинин маягы болор-болбосу күмөн Казакстандын колдоосуна ишенип келгендей. Ал жакында эле Европадагы коопсуздук жана өз ара кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) төрагасы болду, бирок ал жөнүндө күдүк ойлор арбын. Анын деле мындай милдетти аркалап, аркалабай жатып, адам укугун тири укмуштай тебелеп-тепсеген мындай фактыларга көз жумуп коюусу күмөн. Ошол эле убакта Байсалов талап кылгандай болуп "Казакстандын өзүнүн аймагында болуп өткөн Павлюкту өлтүргөндөрдү чечкиндүү түрдө таап чыгууга" барарына да ишеним аз.

"Economist" журналы 7-январь 2010-жыл




Чек ара коогалуу болуп калды....
Кыргыз-өзбек чегиндеги чырлуу окуяны иликтеген топ өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагында ок атканын аныктаганын чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Анын айтуусунда, азыркы мезгилде кыргыз жоокери Өзбекстандын ичинде. А жакта ага биринчи жардам көрсөтүлгөн, эми аны коңшу республиканын территориясынан алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Атайын топ окуя болгон жерде ок атылганын аныктады.
Окуянын чоо-жайы мындай болгон: Ноокен районундагы Чек айылына куралчан эки өзбек жоокери өтүп келген. Алар эмне үчүн чек арадан өткөндүгүнүн себебин сураган Момбеков чек ара бекетинин жоокерлерине кол салышкан. Чек ара тилкесинде турган өзбекстандык 15 адам да жардам берип, кыргызстандыктарды таш бараңга алышкан. Өзбекстандык үчүнчү чек арачынын аткан огу кыргыз жоокеринин биринин бутуна тийген. Жарадар жоокерди алар ошол замат өздөрүнүн территориясына алып кирип кетүүгө үлгүрүшкөн.
Окуянын болгон жеринде эки өлкөнүн чектеш райондорунун тиешелүү тармак башчыларынын катышуусу менен талкуулашканда, өзбекстандыктар чек арадагы мыйзамсыздыкты мойнуна алышкан. Өзбекстандын Пахта-Абад районунун акими жарадар жигит айыккандан кийин кайтарылаарын билдирген.
Бул жоокер - Момбеков чек ара бөлүгүнүн сержанты, 1979-жылы туулган Нурбек Орункулов эле.
Өзбекстан менен чек ара маселеси өтө кооптуу болуп калганына чек арада жайгашкан айылдардагылар өтө тынчсызданышат. Айрыкча, акыркы эки жылдан бери чек ара коогалуу болуп калды дешет алар.
Облбийликтен алынган маалыматка караганда, өзбекстандыктар 2-январда да Ала-Бука районундагы чек араны кайтарган эки жоокерди туткунга алып кетишкен. Алар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, арадан 4-5 күн өткөндөн кийин бошотулган. Декабрь айында 12 уй менен аны кайтарган өспүрүм өзбекстандыктардын колунда жүрүп келгени белгилүү.
Андыктан, жалалабаддык жарандарды облус губернатору Кошбай Масиров этият болууга чакырат. Анын айтымында, кенен кыргыз жайыттары турганда облус тургундары Өзбекстандын жерине малдарын агытпай эле койсо болмок. Антсе да, мал деген - мал экен да. Ага кыргызың да, өзбегиң да баары бир, чек араны да билбейт. Оозуна тийген чөптү кубалап оттоп кете берет. Муну губернатор бизден жакшы билер. Андыктан, карапайым калкты каарыгандын ордуна чек араны бекемдеп албайбы десең, акылдуу жана билимдүү аткаминерлерибиз.
Дегинкиси, чек арадагы кыйынчылыктардан жергиликтүү карапайым калк азап тартууда. Андыктан, чек ара аймактарында жашаган эл маселе чече албаган бийликтегилерге нааразы экенин жашырышпайт.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??