Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
Кыргызстан тышкы саясатта эки тоонун отун эңсеген кийиктей эле болуп калды. Байманабыз ашып-ташып, эч бир мамлекеттен көз каранды эместей болуп, "көп векторлуу саясат" жүргүзүмүш этебиз. Муну жалпак тил менен айтканда дөө-шаа кошуна мамлекеттер Кытай, Орусия, океандын ары жагындагы АКШ менен бирдей (тең ата дегенди мындай эле коёлу) мамиле түзөбүз деп коёбуз. Каяктагы бирдей мамиле?
Өткөн жылдын башында атасы Курманбек Бакиев Москвага барып, америкалык "Ганси" базасын чыгарам, Кыргызстандын түштүгүнө дагы бир орусиялык аскер базасын жайгаштырам" деп убада берип, ишенчээк жана жумшагыраак Д.Медведевди Көлгө чакырып киринтип, жамбаш тарта коюп, алардан 150 миллион доллар өзүнчө, 300 миллион өзүнчө жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга деп 1,7 миллиард доллар жардам алууга макулдашкан эле, кашайып АКШ деген үчүнчү дөө кетпей койду. Алданып калган орустардын "кулагына кесме илүүгө" Сочиге эми өкмөт башчы Данияр Үсөнов барды эле, жаңы күйөө бала,кексе чекист Путин "кидальщиктер менен башкача иштешебиз" кыязында кабагын ачпай коюптур. Эми быйылкы жыл башында баласы Максим Бакиев Кытайга барып кредит сурап келди. Өкмөт жаңылыктарын чагылдырган маалымдоо каражаттары Кыргызстанга Кытай темир жол, ГЭСтерди, электр линияларын курат, башка тармактарга да акча берет, дүйнөнү ээлеп бараткан Кытай экономикасы менен байланышта иштесек, эл турмушу гүлдөйт кыязында тебетейди көккө ыргытты.
А бирок Орусия, АКШ менен мамилени кантип жөндөйбүз? "Манасыбызды" тартып алган, Нарындагы Жетим-Тоого, Оштогу Кара-Суу, Бишкектеги Дордой базарларында саны өсүп бараткан, кыз-келиндерибизге тымызын үйлөнүп алып жатышкан миграциялык экспансияны ойлогон бирөө барбы? Эки эмес, үч тоонун отун эңсеп талаада калбасак болду.


АЛАЙДА КАР КАЛЫҢ, АБАЛ КУРЧ, КУРСАК АЧ
Исмаил Исаковду жактоочулардын Сопу-Коргондогу ачкачылык акциясында отургандарга барып келишкен Акыйкатчынын, коомдук жана саясий уюмдардын өкүлдөрү абал бир топ эле кооптуу экенин өз көздөрү менен көрүп келишти. Жергиликтүү эл барган өкүлдөргө бийлик, асыресе милиция куугунтук уюштуруп жатканына нааразылыктарын айтышты. Бүлөлү айылынын тургуну Шайназар Оторовду милиция кызматкерлери уурдап кетип, ар кандай кысым көрсөткөнүн, аны Ош- Эркеч-Там автожолун тосууну үндөгөндүгү үчүн деген шылтоо менен жазага тартууга аракет көрүлгөндүгүн анын апасы Бүсара Оторова билдирген.Күч органдарынын кызматкерлери үймө-үй кыдырып, акцияга катышуучуларды аёосуз жазалай тургандыгын эскертип жүрүшөт. 3төн ашык адам чогулса эле аларды уюштуруучулар катары жазага тартабыз деп коркутушат. Сопу -Коргон айылынын жашоочусу Осмон Турганбаев алайлыктардын акциясын Улуттук телерадио техникабыз жетишпей жатат деген шылтоо менен чагылдырбай жатканын азыркы бийликтин эки жүздүүлүгү деп баалады.
Алайда кар калың түштү, абал курч бойдон калууда, ачкачылыкта отурган сегиз адамдын ден соолугу начар.
Исмаил Исаковго эркиндик берилип, Жогорку аскердик сотто акталбаса, саясий акция башка формаларда да уланаарын билдиришти. Ал эми абакта отурган И.Исаков адвокаты А.Бекназаров аркылуу аны жактап ачкачылыкта отургандарды бул акциясын токтотууну суранып кайрылуу жолдогон.




БАШ КЕСМЕК ЭЛЕ БАР ЭМЕС БЕЛЕ?
Кайра Жаралуу доорунда Джорджано Бруно деген ойчулду материалисттик көз карашы үчүн өрттөп өлтүрүшкөн.
Бизге жакын кечээги эле XIX-кылымда сүйүүгө кабылган Раймаалы менен Бегимайды да өрттөшкөн.
Өткөн жылдын 13-мартында өлкө президенти К.Бакиевдин эң жакын шакирттеринин бири болгон Медет Садыркуловду президенттен коркпогон, аны тоотуп да койбогон бирөөлөр өрттөтүп жиберишти.Тизме боюнча өлкөдөгү биринчи адам болуп туруп К.Бакиев эч нерсеге таасир эте алган жок, таасир эталбай да баратат, анткени...
Анткени ошол Медет Садыркулов токтогон Алматыдагы "Казакстан" мейманканасы дагы бир шумдуктуу өлүмдүн капканы болду. Журналист Геннадий Павлюк ошол мейманканада кайрымакка илинип өлтүрүлдү. Операцияны даярдагандардын сценарийи боюнча журналисттин калем кармаган манжалары менен эки кулагы, тили кесилип, кимдир бирөөлөрдүн үйүнө жаңы жылдык белек болуп жылтылдаган коробканын ичинде жөнөтүү каралган болсо керек. Тилекке каршы 6-кабаттан ыргытылган журналисттин денеси жерге жетип "былч" этпей, үйдүн кырына түшүп калышы бул операцияны уюштургандардын ойлорун ойрондотту. Байланган Г.Павлюк жерге түшсө, анын денеси да өрттөлүп, куйкаланып, же Балыкчы менен Чолпон-Атанын бир пансионатынын аймагындагы көлгө ташталып, балыктарга жем болмок беле?
Эми жыл жаңыраары менен аскер сотунун судьясы Серик Абиев "кылым карытаар" чечим кабыл алды. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери эң биринчи "коррупционер" Исмаил Исаков болуп чыкты да, ал 8 жылга түрмөгө кесилди. СССР тарай элек кезинде жетишкен аскердик наамынан, орден-медалдарынан ажыратылды. Кыргыз соттору эми судья Серик Абиевдин жосунун жолдоп, Улуу Ата Мекендик жана андан кийинки Ооган, Баткен согуштарынын катышуучуларын деле - эгер алар кокус соттордун кайрымагына илинип калса - орден-медалдарынан, аскер наамдарынан ажыратып коюшка жол ачылды.
Борбор Азия чөлкөмүндө кыргыз эң байыркы,нарк-насилдүү эл элек. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген кыргыздар үчүн жөн эле сөз эмес болучу. Бул жоокерчилик заманда да, жөн-жай заманда да ханынан тарта койчусуна чейин ыйык сактаган адеп эрежеси эле. Эми кыргыз компьютер доорунда жашап жатат. Эл башкарган хандар эл аз билген илимди түшүнгөн, эл аз окуган өндүрүштү өздөштүргөн билимдүү болушканы менен билимсиз хандар менен койчулардан да акылы кемдер экен. Наркты билбеген, салтты сактай албаган, өткөндүн тажрыйбасын өздөштүрө албагандар экен. Илгери баш кесмек эле бар эле, эми башка кошуп кулакты, манжаны,тилди да кесип башташты.
Адамды айыпка жыгуу абалтадан күнөөсүн мойнуна койгондон кийин болчу эле. Азыркы кыргыз соту күнөөнү моюнга коймок тургай, көзүн тазалоо, жалаа жабуу, коркутуу жолуна түштү. Бул жолдун акыры кыргызды каерге алып барып такап коёр экен? Күтөйлүбү, чыдайлыбы?
Карим Мамажанов




"СУПЕР-ИНФОДОН" БАШКА ГЕЗИТ ЖОКПУ?
Нускасы 100 миңге чамалап барган "Супер-инфо" гезитин эл баса калып окуп жатканы талашсыз чындык. Андан башка өтүмдүү гезит чыгарганга кыргыз журналисттеринин чама-чаркы жетпей жатабы? Бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан өкмөттүк гезиттердин бечел абалы үчүн ал жерде иштеген журналисттер күнөөлүүбү?
Убагында "Агым" да ушинтип бел кырчоодон ылдыйкы да,өйдөкү да теманы тытып, нускасы өсүп, турмуштун бардык чөйрөсүн эл кызыгып окугудай кылып чагылдыра алгандыгы үчүн акчаны күргүштөтүп тапкан ыкмасы дагы деле популярдуу.
"Журналист" коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин пикиринде, Кыргызстанда саясатташкан, жарандык активдүү көз караштагы адамдардын саны өтө аз экен. Ошондуктан саясий багыттагы нускасы көп олуттуу гезиттин пайда болуп, массалык басылмага айланышына шарт бышып жетиле элек имиш.
"Жаңыласыз, жаңыласыз, кайнене" демекчи, жаңыласыз, Марат мырза! "Ак жол" деген гезиттин нускасы 40 миңге жеткенин атайлап көрбөй жатасызбы? Ак үйдүн 7-кабатынан жер төлөсүнө чейинки ар бир кабинеттеги галстукчандар, Кыргызстандын ар бир айыл өкмөтүндө, районунда, областында, мекеме-уюмдарындагы кызматкерлер, ар бир мугалим, балдар бакчасындагы ар бир тарбиячы, ар бир врач менен фельдшер, медсестра, ал турмак ушул мекемелерде иштеген кароолчулар менен шопурларга чейин "тытып","талашып" окуп, "издеп" окуп жатышканын неге көрбөйсүз? Эми 50 миңге чыкса дыйкандар менен фермерлер окуп баштайт. 60 миңге чыкса абактагы эркинен ажыратылгандар окуйт. "Супер-инфого" окшоп 90-100 миңге чыкса, эмки жайда Ысык-Көлгө келген чет элдик эки миллиондой эс алуучулар да окуп башташат окшойт, бир жерге кирип отурганда.




ӨКМӨТТҮК ЭМЕС УЮМДАРГА "ПОДНОЖКА"
Бийликтин чекесине чыккан чыйкан болуп бараткан жарандык коомдун оозун басуу аракети улам күч алууда. Акаев байкуш "Голландия - жоогазындардын өлкөсү болсо, Кыргызстан - өкмөттүк эмес уюмдардын өлкөсү" деп эл аралык бир жыйында барбалаңдап, көңүлүндө кири жок экенин көрсөткөн. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, азыркы бийлик ӨЭУлардын оозун Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын колу менен жапканы жатканына нааразы. Чынчыл Апсамат акенин баласы Исхак Масалиев сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорунда ӨЭУ саясатка аралашпасын деп камчы үрөп жатат имиш. Динара айым болсо өкмөттүк эмес уюмдар эч качан саясатка аралашпайт, бийликке умтулбайт, алар жарандардын үнүн бийликке жеткирүүгө көмөктөшөт деген пикирде.
Жакында профсоюздар үйүндө жарандар, айрыкча коммунисттик партияга ишенгендер укуктары кандай тебеленип жаткандыгын ызылдап айтышты го. Эми ошол элдин үнүн бийликке жеткирип, маселени оң чечкенге коммунисттердин күчү жетээр бекен? Коммунист Исхак Масаалиевдин отчетун да, Жогорку Кеңештин комитетинде артка берилген, эми жаңылана турган мыйзам долбоорун да күтө туралы.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??