Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
Белгилүү кыргыз журналисти Геннадий Павлюктун Алматыда мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн алгач жергиликтүү бандиттердин сырттан келген бизнесменге болгон кордугу катары гана баалашкан.

Алматынын Фурманов көчөсүндөгү №77үйдүн подъездинин кырынан жарым-жан абалында, колу-буту скотч менен чапталган адамды алгач жергиликтүү бандиттердин колунан эптеп качып чыккан бизнесмен экен дешти, өзүн өзү өлтүрүүгө баш койгон жан кечти деп да божомолдошту. Көп өтпөй эле бул адам филология илимдеринин кандидаты, "Аргументы и факты в Кыргызстане" басылмасынын жетекчиси жана "Комсомольская правда" газетасынын өкүлчүлүгү, "Белый пароход" медиа долбоорунун жетекчиси жана "Ибрагим Рустамбек" деген жашыруун ат менен азыркы кыргыз бийлигинин дарегине карата курч макалаларды жазып жүргөн белгилүү журналист экендиги маалым болду.
Бүгүн Г.Павлюкту өлтүргөндөрдүн фамилиясы, аты-жөндөрүнө чейин толук аныкталып, кылмыштын бети дээрлик ачылды. Бирок ишке чекит коюуга Казакстандын тартип сакчыларынын колу кыска болуп жатат. Буга мамлекеттик чек аралар гана тоскоол болуп жаткан жок.

КАЙЫРМАК
Журналистти Алматыга ушундай жол менен азгыруу атайын кызматтын тыкат, алдын ала пландаштырылган ишинин аркасында гана жүзөгө ашырылып жүрөт. Ал кудум детектив китептердегидей. Өмүрү кыл учунда жүргөнүн сезген 51 жаштагы Геннадий Павлюк эстүү адам эле. Өтө сак жүргөнүнө карабай, алдырарда жаздырар болуп, бул кайрымакка илинип калганын сезбей да калса керек. Жаңы интерет-басылма ачам деп жүргөн асыл тилеги ага азгырык, чырга болгондой. Анысы Кыргызстандын азыркы бийлигине сынчыл багытта болоорун жашырчы эмес. Анын үстүнө ал оппозициянын да мойнуна минбей, көзүн карабай, өзү жана баласынын келечегин ойлогон.
Аны азгырган - КМШ жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн эл аралык мамилелерди өнүктүрүү деп аталган фонд. Анын өкүлдөрү Г.Павлюкту "сиз конкурстан утуп, ири грантка талапкер болдуңуз" дешет. Бул айтылгандарды Интернеттен издесе - таш балээ да жок болуп чыгат. Фонддун өкүлдөрү аны менен кайра байланышканда Геннадий шектенип жатканын айтат. Ушуну гана күтүп турушкансып, "ишенбей жатсаңыз анда жолугушалы, бир иштен эки иш деп алгачкы ала турган 50 миң евронун юридикалык жактарын да бүтүрөлү" дешет. "Бишкекте жолуксак атайын кызматтардын көзүнө илинип калбайлы, ошондуктан Алматы оңдуу. Сизге "Казакстан" мейманканасынан орун да даяр" дешет. Журналист дагы бир жолу сактанып, Интернет аркылуу да,телефон аркылуу да байланышса, чын эле мейманкананын №1104 - бөлмөсү 16-18-декабрь күндөргө анын наамына брондолуптур. Шектенүү туман тарагандай эле болду.

ЖЕРГЕ ЖЕТПЕГЕН ДЕНЕ
16-декабрда таң эрте журналист таксиге отуруп, саат 14 чендерде "Казакстан" мейманканасынын №1104 бөлмөсүнө кирет. Администратор кызга кагазга бирөөнүн чөнтөк телефонунун номерин жазып берип, "ушуга чалып, менин келгенимди айтып коюңузчу" деп суранат. Кыз "Сиз өз бөлмөңүздөгү телефондон деле чалсаңыз болот, эгер мага чалса, сизди кошуп коём" дейт. Бир аздан соң эле телефон шыңгырап, кыз чалган адамды №1104 бөлмөнүн телефону менен кошот.
Болжол менен саат 14:50дө мейманканага кепкасын көзүнө баса кийген кара кийимчен бирөө кирип кетет да, ал кайра Г.Павлюк менен бирге чыгып, машинеге отуруп кетишет. Бул мейманкананын видеобайкоо камерасына тартылып калган. Саат 17лер чамасында болсо көчөдөн өтүп бараткандар Фурманов көчөсүндөгү №7 үйдүн короосунда подъезддин кырында адам жатканын көрүшөт. "Тез жардам", куткаруучулар, полиция келет.
Колу-буту байланган,оор абалдагы адамды ооруканага алып кеткенден кийин Алматы полициясы ошол короодо иликтөөнү баштайт. Натыйжада тез эле ошол үйдүн 6-кабатындагы квартираны табышат. Киришсе бөлмөдө "Белый пароход" интернет-басылманын гендиректору Г.Павлюктун наамындагы күбөлүктү, ноутбук салынчы бош портфелди, скотчтун түрмөгүн, "Казакстан" мейманканасынын ачкычын табышат.
Иликтөө башталат. Таксист тез эле табылат. Ал "портфелде ноутбук эмес, буюм-тайымдар эле бар болчу" дейт. Бишкектеги үйүндө болсо ноутбук жок, аны туташтырчы зымдары эле калыптыр.Сыягы, журналист жолго чыкандан кийин ноутбук да киши колдуу болсо керек.

БАКИЕВДЕРДИН ОҢ КОЛУ
Алматы полициясы иликтөө учурунда бир нерсеге таң калды. Журналистти Бишкектен азгырып алып чыккандар азыркы техниканын мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билбеген кемпайлар же "биз эч качан колго түшүп, жазаланбайбыз" деп өтө ишенгендер. Себеби, мейманкананын же журналисттин номерине чалынган телефондордон кирген-чыккан номерлерди иликтегенде, ал номерлер Кыргызстандын атайын кызматынын бир нече офицеринин паспортторуна катталганы белгилүү болот. Мындай телефондордун саны 20 чамалаш болуп чыкты. Ал турмак ушул телефондордон Бишкектеги айрым ведомство менен кызматтарга чалышкандыгы да белгилүү болот. Ушул телефондордун артынан Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусунун коопсуздук маселелери боюнча оң колу аталган адамдын фамилиясы кылтыйып чыга келет. Кыргызстандын атайын кызматынын бул ишке аралашкан бардык кызматерлери Казакстандын аймагынан 17-декабрдын түнүнө калбай чыгып кетишет. Бул маалыматтар "Кордай" чек ара жана бажы постторунда катталып калган. Ошентип жөнөкөй эле криминалдык иш катары көрүнгөн бул окуя мамлекеттер аралык жаңжал мүнөзүнө ээ болот. Ээ болбогондочу! Көз карандысыз Казакстандын, болгондо да Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна төрагалык кыла баштаган Казакстандын аймагында кошуна Кыргызстандын атайын кызматы өз үйүндөй сезип, бийликке жакпаган адамынын көзүн тазалап жүрсө. Өткөн жылдын күзүндөгү басма сөз жыйынында жана парламентте Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын контр чалгыны өлкөдөгү чет элдик ондогон шпиондук топтор менен резидентуранын бетин ачты деп мактанганы жалган болуп калабы?
Ошентип жакындан бери Бишкекте чакан оперативдүү-тергөө тобу иштеп баштады. Чакан кадам жасайлы десе эле прокурордун санкциясын алуу үчүн Алматыга кайра чапкылашат. Провокациядан коркушуп,түнөгөндө да чек арадан өтүп барышып, Казакстанга түнөп келишет.
Дагы бир кызыктуу окуя. 16-декабрдан 17-декабрга караган түнү Алматынын полициясы Г.Павлюктун өлүмүнө шектүү деп санаган адамдар Казакстандан Кыргызстанга "Кордайдан" өтүп кетип жаткан мезгилде дагы бир жаран дайынсыз жоголот. Ал жаран - Алматынын "051" куткаруу кызматынын жоокери, жаш, бирок тажрыйбалуу аскага чыккыч жана альпинист Анатолий Юдинских. 25 жаштагы куткаруучу жолдоштору менен Караколдогу тоо лыжа курортуна майрамга баратышкан. Казакстандын чек ара жана бажы текшерүүсүнөн өтүп, бирок негедир кыргыз тарапка жеткен эмес.Эки өлкөнүн постторунун ортосундагы көпүрөнүн узундугу болгону 200 метрдей. Жигиттин кайда житип кеткени белгисиз. Анын куткаруучу - жолдоштору бир нече күн дарыяны тарап да, чыпкалап да чыккандай болду - жок. Ушундай даярдыгы бар спортсмен көпүрөнүн тосмосунан ылдый дайрага кулап түшүп кетти дегенге ким ишенсин? Анын үстүнө, Анатолий Юдинскийдин жанында баалуу эч кандай буюм-тайымдары деле жок экен. Бирок, мындай учурда ойго ар кандай версиялар келе берет эмеспи. Балким алматылык куткаруучу бир нерселерди көрүп же угуп калгандыр. Балким, кимдир-бирөө менен чатакташа калгандыр, ошол "кимдир бирөө" балким, чатакташпай турган адамдыр? Албетте, мунун баары версиялар, божомолдор дечи. Бирок таң калычтуу жагдайда жок болуп кеткен казакстандык жаранды издөөгө Казакстандын тышкы иштер министрлиги менен тартип сактоо органдары негедир илең-салаң мамиле жасап жаткандыгы байкалат. Кыргыз милициясы да бээ көрдүңбү -жок, төө көрдүңбү -жок деген чагы.
Геннадий Бендицкий
www.time.kz/index.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??