Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Аалам айдыңында

ГАИТИДЕГИ АЛААМАТ
Гаитиге эл аралык кошумча коопсуздук күчтөрү киргизилет. Дүйшөмбү күнү аралдын жээктерине АКШнын Аскер-деңиз корпусунан эки миңдей жоокер түшүрүлдү. Бул учурда өлкөдө куткаруу иштери улантылууда. Акыркы күндөрү урандылар алдынан 90 киши тирүү табылды.
Гаитинин борборунан алынган кабарларда табигый кырсыктан кыйрап калган аймактарда каракчылар менен ууру-кескилердин күнү тууп, талоончулук күч алганы, коомдук тартипти камсыздаганга эл аралык күчтөрдүн шайы жетпей жатканы айтылууда. Андыктан,Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык коопсуздук күчтөрүнө жана полицияга кошумча беш миңдей кишини толуктоо иретинде жөнөтүү маселесин Коопсуздук Кеңешине сунуш кылды.
Эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү Гаитидеги зилзаланы "алаамат" деп атап жатышат. Болжолдуу эсептер боюнча эле кырсыктан курман болгондордун саны 200 миңге жетиши ыктымал. Азырынча 70 миңдей кишинин сөөгү көмүлдү.Куткаруу иштерине 1700дөн ашык адамдан турган адистешкен 43 бригада тартылган.


ШАЙЛООНУ ЖАҢЫ САЙТ ЧАГЫЛДЫРАТ
Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасы бул ирет интернеттеги коомдук байланыш түйүндөрүндө да кеңири чагылдырылды. Долбоордун колдоочулары аталган көрүнүштү айкындуулуктун жеңиши катары мүнөздөштү. Ошол эле мезгилде жаңы технология кадимки көрүнүшкө айлануусу үчүн Украинага али убакыт керектигин айтып жаткандар бар.
Бул - Twitter коомдук сайтына Украинадагы шайлоону чагылдыруу боюнча "Интерньюс" эл аралык уюму колдоо көргөзгөн эле. Бул сайттын философиясы - окуянын күбөлөрү эмне кылып жатканы жана сайттан көргөндөрү боюнча кабар берүүгө шыктандырылат.
Баса, 17-январда Бишкектеги 246 украин атуулу Украинадагы президенттик шайлоого катышып, добуш беришти. Ал эми жогорудагы сайтты "Кыргызстанга колдонсо кантет эле?" деген суроого жооп издеп көрөлүчү.


БИЙЛИКТИ - ШАЙЛОО ТАЗАЛАЙТ
Иракта быйыл 7-мартта жалпы улуттук парламент шайланат. Ирактын Боршайлоокому депутаттыкка ат салышкысы келген жарым миңдей кишини жалпы талапкерлер тизмесинен алып салды. Бул маселе адегенде Адилет жана жоопкерчилик комиссиясында чечилген. Комиссияга Саддам Хусейндин мурдагы тарапкерлерин териштирип, алардын бийлик органдарына өтүп кетишине жол бербөө милдети табышталган.
Талапкерлердин көпчүлүгү мурдагы Баас партиясынын мүчөлөрү болгондуктан тизмеден алынды. Комиссия марттагы шайлоодон кийин жергиликтүү бийликтерди тазалаганы жатат. Бул чечим сүннүлөр менен шийиттер арасында саясий аразга тамызгы таштаганга үлгүрдү. Анан калса, тизмеден чыгарылгандардын арасында көрүнүктүү саясатчылар, азыркы коргоо министри Абдулкадир Обейди да бар болуп чыккан.


АКШны СЫНАГАН ЧАБУУЛ
Талип согушчандарынын Кабылдын как ортосундагы мыкты корголгон бөлүгүнө жасаган чабуулу - алардын эл жыш жайгашкан жайга кол салып, кырдаалды курчутууга ынтызар экенин айкын кылды. Жети жанкечти Соода борборун жардырып, бир нече саат ооган аскерлери менен аткылашкан. Атышууда үч ооган жоокери жана эки жаран өлүп, 70 киши жарадар болгон. Талиптердин бул чабуулу өкмөттүн кемчиликтери менен бирге армиянын күчүн да көрсөттү деп айтышууда.


ПАРА БЕРҮҮ - АПИЙИМГЕ ТАТЫЙТ
Ооганстанда бир жылда берилген паранын өлчөмү улуттук дүң өндүрүштүн дээрлик чейрек бөлүгүнө же апийим соодасынан түшкөн жылдык кирешеге барабар экенин БУУ айтып чыкты.
БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси билдиргендей, өлкөнүн чар тарабында өткөрүлгөн сурамжылоо- оогандар 12 ай ичинде төлөгөн паранын өлчөмү 2,5 миллард доллар экенин көргөзгөн. Ал эми апийимден тапкан былтыркы кирешеси 2,8 миллиард доллар деп эсептелинген. Паракорчулук күндөлүк турмуштун бир бөлүгү, аны коомдун жана өлкөнүн эң башкы көйгөйү деп санашат.
Биздин Кыргызстанда пара берүүдөн канча акча түшөрүн эсептеген жан барбы?







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??