Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Жаратылыш кубулуштары

Үңкүрдүн сырын ким ачат?
Бала кезде уккан кебим көп жылдардан бери жүрөгүмдү өйүп жан дүйнөмдү өйүп жан дүйнөмдү бушайманга салып келе жатат. 1973-жылы Киров атындагы колхоздун бир короо субай коюн өткөрүп алып Күйүк-булактын оозундагы тектирге көчүп барып конуп калдым. Апам: ушул жерде меке таш деген үңкүр бар деп калды. Кызыга түштүм.

Биринчи май күнү асман шаңкайып ачык, тоо гүлдөрү буруксуп керемет учур болуучу. Апамдын да көңүлү көтөрүлүп, жаш чагы көз алдына тартылып, бериле сүйлөп берген. Бизди ээрчитип Шилбинин күн батыш тарабындагы Чон тамчы сайынын үстүрөөк жагындагы чоң жардын астында үңкүрдүн оозу болгонун көрсөткөн. Үңкүрдүн үстүнөн жол өтүп оозуна кум-шагы толуп билинбей калыптыр.
Артка кайтып, көпүрөдөн өтүп боз үйлөрүбүзгө келген соң дасторкон жайып, майрам маанисин кылдык. Дасторкон четинде апам мекеташ үңкүрүнө кантип киришкенин айтып берди.
"Келин болуп келип түшкөн жерим ушул жер. Сарымсак датканын экинчи уулу Шадибектин балдарынын чабыгы эле. Жаз, күз ушул жерге конуп, кышында Сары-жайык кыштоосуна конуучу.
Тээтиги төрт тал Асан атаңдыкы.
Ошол киши отургузган. Жаштар ушул жерге чогулуп, алты бакан тебүүчүбүз. Ал убак биз үчүн жыргал заман эле. Ырас, орустар келип башкарат экен, байларды, даткалардын тукумун куртат экен деген кеп сөз да жүрүп турган. Биз датканын тукумдарынан болгон соң, жүрөгүбүздүн үшү кетип, кооптуу учур эле. Ал өзүнчө узун сөз.
Үңкүргө кирип чыккан бирин-экин адамдар чырак же шам алуу керектигин, азык-түлүк керек болорун айтышкандыктан бир жумадай даярдандык. Үңкүрдүн учу Мекеден чыгат экен дегендиктен эркектер курмандыкка бир кой союп, куран окушту. "Аялдар барбай эле койсун" - дегендер да болду. Бизге баш көз болгон жакшы акемдин (апам тергегендиктен ким экенин айтпай койду) аялы ачык айрым жан эле. "Биз деле көрөбүз. Силер эмне болсоңор ошол болобуз" - деп туруп алгандыктан макул болушту.
Шам чырак, кыл аркандыктарды жете тургандай алдык окшойт. Куржундарга оокат ашыбызды салып, кыл аркан менен белибизден байланып, таңкы багымдатта намаз окуп, чала була шам-шум этип алып жолго чыктык.
Үңкүрдүн оозуна келгенде жүрөктөрүбүз түрсүлдөп, коопсузданып турдук. Мурдагы макулдашканыбыз боюнча жакшы акебиз үңкүргө биринчи болуп кирип кетти. Өзү мергенчи, кеп сөздүү кыйын киши эле. Артынан шам чырак жандырып Батырбек атаң, Капалбек, Акымбек абаларым, андан кийин биз, аялдар, бизден кийин шам кармап Айтмат, дагы эки-үч киши... Адегенде жөрмөлөп, кээде боорубуз менен да сойлоп, акырында туруп басып, анан бир аздан кийин үңкүрдүн ичи кеңейип, экөө үчөөбүз катар басып калдык. Улам тереңдеген сайын кызыгуубуз артып, шамдын жарыгында жалп дей түшкөн жалтырак таштарды кармалап бара жаттык. Бир топ жүрүп, чарчай баштаганыбызда чоң жалпак ташка урундук. Ошол таштын үстүнө тамак ашыбызды коюп, тамактанып, эс алдык. Чарчап калгандыктан артка кайтуу жөнүндө да сөздөр болуп жатты. Караңгыга көздөр үйрөнө баштагандыктан ар кандай жаныбарлардын издерин да көрдүк. Баарынан кызыгы, дагы бир аз жүргөндөн кийин көлгө туш болуп, кандайдыр бир канаттуунун сайраганын уктук. Көлдү бойлой издеп жөнөдүк. Жарыктан, дүбүрттөрдөн улам канаттуунун бизден чоочуп уча качканы да угулду. Көрсө, көлдүн жээгиндеги дарактан учкан экен. Көлдүн көлөмүн да биле албадык. Жолубузду андан ары улоого бир тобу көнбөй коюшту. Чаалыгып да калган элек. Илкип кайра артка кайттык.
Жолдо келе жатып баягы жалпак ташка кайрадан өргүдүк. Болгон толгон тамак ашыбызды ортого коюп тамактанып, чаначтарга куюп алган суусундук, айран, сүт, кымыздарыбызды ичтик. Кимдир бирөө бошогон идиштерге жанагы көлдүн суусунан куйуп алууну сунуштап калды. Баарыбыз туура көрүп, эки үч киши кайра барып, көлдүн суусунан куюп келгиче бир топ эле убакыт өттү. Кайра үңкүрдүн оозуна жеткиче жолубуз узарып кеткенсиди. Сыртка чыксак ай ортолоп калыптыр. Баягы жаркыраган таштардан эркектер сындырып алышкан эле. Айдын, жылдыздардын жарыгында ал таштар көп деле жаркырабады.
Аябай чарчап калгандыктан эртеси түш оой турдук. Мария, Калчабү, Дадилкан энелерим, апам Айтолгон ал кезде жаш курагы экен. тез эле тамак даярдашып, дасторкон үстүндө ар кимиси көргөндөрүн айтып отурушту. Жакшы акебиз Назарбек ата өткөн бир убакта үңкүргө дагы бирөөлөр киргенин, алар барган жерге кечээ жетишпегендигин айтты. Көлдөн өткөндөн кийин бир аз жүргөн соң төбөсүнөн суу тамчылап турат экен. бирок, көлчүк же бутка илешкен эч нерсе жок. тамчылар кайда сиңип жатканы белгисиз. Ошол жерден дагы бир топ жүргөн соң, бир адам өтүүчү өткөөл урунмак. Ошол жерге жетпей кайтыппыз".
Апам айтып берген окуянын катышуучулары эбак кайтыш болуп кетишкен. Бирок, көңүлдөн кетпей, жүрөгүмдү өйүп туруп алгандыктан аксакал көксакалдардан сурамжылай баштадым. Көрсө окуя 1932-жылы болуп өткөн экен. Апамдар алып чыккан суудан өзүмдүн акем Капалбек уулу Канийлер ичкенде төрт жашта экен. "Таттуу суу" деп бала-чакаларына ичиришиптир. Сырдуу үңкүрдүн сыры ачылбай бүгүнкү күнгө чейин табышмак. Үңкүрдүн оозу кай жерде экендигин билем. Бел байлап иликтеген адам болсо, же өкмөт өз колуна алып текшерип көрсө деген тилек менен ушул макаламды көпчүлүккө сунуштап олтурам.
Баса, Карабууранын ичинде да бир үңкүр бар. Оозу бар да нары жагы кулап бүтөлүп калган. Анын аягы тиги Курубакайырдан чыгат деп эл оозунда айтылып жүрөт. Аны деле иликтеп, туристтер үчүн жакшылап жасап койсо болот го.

Зайнул ШАДЫБЕКОВ,
Чоңкарабуура айылы
Талас облусу





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??