Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Күкүк, күкүк...
Күжүрмөн кыргыз мамлекетинин коомдук саясый чөлкөмүндөгү "анча-мынча" болуп жаткан "жетишкендиктери" жөнүндө, кыргыз элине чыркыраган чын аңгеме-дүкөн куруп берейин десем эле, ал аракетим баягы эле Чолпон Баековасыз болчудай эмес. Чын эле. Ошондуктан каршы болбосоңуздар, балким болсоңуздар дагы "через" Чолпон Баекова аркылуу кепти баштайлы. Калгандары таланттуу жана атактуу Чолпон кызыбыздын артынан "очередге" турушсун.
Ошентип, биздин атактуу кызыбыз Чолпон Баекова мындан бир аз эле мурунураак, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрайымы болуп "күжүрмөн" кызмат кылды эле. Ошол убакта Чолпон кызыбыз элдин алдында, эң жогорку даражадагы мыйзам болуп эсептелген Конституциянын алдында касам ичип ант берген. Берген антынын кыскача мааниси мындайча, "мен жогорку мыйзамды көздүн карегиндей коргойм жана сактайм. Эч кимге Конституцияны бузууга жол бербейм жана өзүм да бузбайм" деген мааниде. Бир сөз менен айтканда, кыргыз элинин жана Конституциянын алдында, эгер мыйзамды бузсам "майнеке" болоюн деген эле кеп.
Бирок таң калыштуусу, убагында чочойгон чоң "чиновница" Чолпон кызыбыз бирөөлөрдөн биринчи өзү эң одоно, оройлук менен, орусча айтканда "сознательно" Конституцияны бузуу жолуна түштү. Шымаланып эмес, этекти түрүп. Конституцияга каршы анын бул "эрдик" иши экс-президент Аскар Акайычтын убагында болуп, коомчулукта өтө чоң нааразычылыкты жараткан, жана 24-март 2005-жылкы элдик толкундоого чоң өбөлгө түзгөн деп эсептейм. Мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө жана кыргыз элинин келечегине эң коркунучтуусу жана жийиркеничтүүсү мына ушунда. Себеби, жогорку билимдүү юрист билип туруп атайын ушундай мыйзам бузуучулукка барган. Эми, бүгүн кыргыз элине эмгеги өтө сиңген чиновник-депутат катары, эки жүздүү Эшимканов айткан "кара жащик" КТРден (жетекчиси Урумкан кызы Катя), "Кош жылдыз" деген шаан-шөкөттү берүүдөн эч тартынбай чыгып, арманын төккөн немедей ыр созуп ырдап коёт. Айтылуу Ак-Мөөрдүн элесин эскертип, Сыймык Бейшекеев кошоктошуп. Чынын айтканда Чолпон Турсуновна элдин алдында урматка эмес, Жогорку Даражадагы мыйзамдын алдында жооп бериши керек эле да, "былык-чылыгы" үчүн. Биздин мамлекетте эле ушундай чар жайыт көрүнүш болуш керек, астын-үстүн болгон. Мынча болгон соң, "болоору болду-боёгу канды" демекчи, экс - президент Акаевди деле кечирип, кызмат берип койсок, туура эле болчудай. Мисалы Кеминдин же Сузактын акимдигин. Жүрө бермек Ак үйдөн чоң чиновниктер барып калса, куйкалап кой союп, коноктоп.
Эми "мал ээсин тартпаса-арам өлөт" дегендей, бүгүнкү консоттун мүдүрү жана мүчөлөрү жаман адатка салышып, "үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" демекчи, бир ууч саясый топтун кызыкчылыгына көздөлгөн Конституцияны өзгөртүүгө дуушар кылышпаса экен деген тилек, урматтуу Курманбек Салиевич. Болбосо алар дагы кыргыз элинин калың катмарынын арасында жаман сөзгө калып, чоң нааразычылык жаратышып, "жыттанып" да кетиштери мүмкүн, урматтуу президент. Минтип шектенип жазып жатканымдын да жөнү бар. Себеби, эмитен эле саясый талаада "анча-мынча" кыймыл-аракеттер баштала баштагандай, кыргыз элдеринин түрүнө жана сөздөрүнө караганда. Ошондуктан жакында өткөн тарыхтагы окуяларды эске алып, сиз дагы бир сыйра зекип койсоңуз, консоттун мүчөлөрүн. Кызмат абалыңардан пайдаланып, мыйзам бузуучулукка барбагыла, бузуку атка коносуңар дегенсип. Сиз дагы кызмат абалыңыздан пайдаланып, Конституциянын гаранты катары.
Ошол "кыймыл-аракеттерге" улай дагы бир жаңылык жана божомол: Бул депутат З.Курмановдун спикерлик кызматка келиши. "Ак жол" фракциясынын депутаттарынан арасынан активдүүрөгү, адептүүрөгү, билимдүүрөгү жана орусча айтканда "адекватныйы" да ушул З.Курманов деген анча-мынча кеп бар коомчулукта. Дагы кептер жүрөт коомчулукта, Баекова Чолпон буту жооругуча жүгүрдү ушул кызматка деген. А бирок мен билбейт экенмин, анын ал кыймыл-аракетин, кимге жүгүргөнүн. "Жүгүргөн албайт, буюрган алат" деген ушу го.
Ушул жерден өтө кызык суроо туулат, урматтуу Курманбек Салиевич. А эмне үчүн айрым саясый төбөлдөр Зайнидин Курмановду спикерлик кызматка так бүгүн алып келишти? Себеби, өзүнүн жеке каалоосу менен келе коюшу күмөн. Бөлөктөр бир жери жооругуча жүгүрүп жүрүшсө дегеним да. Ошондон улам шек жөндүү пайда болуп жатат, төмөндөгүчө.
Жогоруда анча-мынча айтылгандай, Конституцияга чын эле айрым саясый төбөлдөрдүн жеке кызыкчылыктары көздөлгөн максаттагы өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, анда алар жумшагыраак айтканда, аябай өтө саясый айлакерлик менен ушул Зайнидин Курмановду тандашкандары бекеринен эместир. Эгер, жогорудагыдай айтылгандай түзүк сапаттар ага таандык болсо, демек, депутат З.Курманов эң маанилүүсү - кыргыз коомчулугунун алдында жүзү таза, абийирдүү депутаттын жана адамдын образын берет. Азырынча. ОШОНДУКТАН З.КУРМАНОВ БЕРКИ АШЫНГАН АЙЛАКЕР САЯСЫЙ ТОП ҮЧҮН БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ТАБЫЛГЫС ФИГУРА. КИЙИНЧЕРЭЭК, БАЛКИМ САЯСЫЙ САДАГАГА ЧАБЫЛЧЫ ЧОҢ ОЛЖО БОЛУШУ ТОЛУК ЫКТЫМАЛ. КЕЗЕКТЕГИ. ТУУРАБЫ, КУРМАНБЕК САЛИЕВИЧ?,
Абийирдүү, адептүү жана опол тоодой (эң жакшы мааниде айтканда) көрүнгөн спикер Зайнидин Курмановдун мыйзамдарды кабыл алууда, же айрым мыйзамдарга оңдоп-түзөө киргизүүдө кылган кыймыл-аракеттери кыргыз элине келечекте пайда алып келеби, же элге зыянынан башка пайдасы жок, ашынган "шылуун", "айлакер", "мытайым" спикерге айланабы? Убакыт таразалайт.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??