Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
Эгерде сизге кылмыш, жарандык, экономикалык, административдик иштер боюнча адвокаттар, юристтер керек болсо "Адвокат профи" фирмасына кайрылыңыз. Жогорку деңгээлде укуктук кызмат көрсөтүүгө, шарты туура келсе Кыргызстандын кайсы жерине болсо да барууга биздин кызматкерлер ар дайым даяр.

Тел: (0543) 19-43-10, (0312) 31-33-68

Транспорт каражаттарынын терезелери күңүрттөлгөн болсо, канча өлчөмдө айып төлөөгө алып келет ?

Ү. Таалай. Жалал -Абад шаары.

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 228- беренесинин негизинде
Транспорт каражаттарынын маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринде жана арткы айнегинде жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоочулардын айдоосу- бул буюмдарды (күңүрттөөчү пленкаларды, жапкычтарды ж.б.у.с.) милдеттүү түрдө алып салуу шарты менен эсептешүү көрсөткүчтүн - үч өлчөмүндө административтик айып салууга алып келет.


Келинчегим экөөбүз ортобузда отубуз күйүшпөй ажырашып кеттик. Алты жашаар баламды аябай жакшы көрөм. Ажырашкан соң жалгыз уулумду өзүмө алып калуунун кандай жолдору бар ?
Б.Самат. Аксы району.

Сиздин маселеңиздин чечилиши Кыргыз Республикасынын Үй -бүлө Кодексинин 70,71- беренеси менен жөндөлөт. Кыргыз Республикасынын Үй -бүлө Кодексинин 70- беренесинин 2 -бөлүгүнө ылайык ата- энеси бөлөк жашаган балдардын жашай турган жери, ата-энесинин өз ара макулдугу менен белгиленет. Мындайча айтканда, эгерде уулуңуздун апасы анын сиз менен чогуу жашаарына макул болсо, сиз аялыңыз менен келишим түзүшүңүз керек. Анда уулуңардын жашоо - шарттарынан башка дагы, аны чогуу материалдык жактан камсыздандыруу шарттарын аныктай аласыздар. Эгерде баланын апасы буга макулдугун бербей жатса, анда бул маселе сот аркылуу сиздин талап боюнча, багуу жана кам көрүү органынын катышуусу менен чечилет. Чечим чыгарып жатканда, сот биринчи кезекте баланын кызыкчылыктарын, анын жаш өзгөчөлүгүн, ойлорун, ар бир ата-энеге болгон жакындыгын эске алат. Ошондой эле, ата-энесинин жашоо- шарттарын жана материалдык абалын, уулуна эң жакшы жашоо- шарттарын камсыз кылып бере алчу мүмкүнчүлүгүн да байкайт. Багуу жана кам көрүү органынын көз карашына да көп көңүл бурулат. Андан тышкары, сиздин эсиңизге салып кете турган жагдай, уулуңуз сиз менен жашап калса да, анын энеси менен жолугушуп туруусуна, энесинин аны тарбиялоо жана камсыздандыруусуна тоскоол болбошуңуз керек. Бул шартты кокус аткарбай койсоңуз, энеси арызданса сот уулуңузду энесине берип салышы мүмкүн.


Биз, 1994 -жылдары жер бөлүштүрүү учурунда күйөөм жана эки балам үчүн деп, 2 га жер үлүшүн алганбыз. Ар бир үй -бүлө мүчөсүнө 0.50 га жер үлүшү тийген. Бирок, күйөөм менен 2007 жылы сот аркылуу ажырашып кеткем. Азыркы учурда шаарда турам. Мен өзүмө жана балдарыма таандык 1,50 га жер үлүшүн кантип бөлүп алсам болот ?
А. Жылдыз. Сокулук району.

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 -беренесине ылайык, сиз айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылууңуз абзел. Эгерде, айыл өкмөтү маселеңизди чече албаса, сиз сотко кайрылып 1.50 га жер үлүшүн бөлө аласыздар. Жада калса, 2007- жылдан бери азыркы күнгө чейин жер үлүшүңүздү колдонбой, көрбөй калган пайданы өндүрө аласыз. Ал үчүн 1.50 га жерге дан өсүмдүктөрүн тиксе, канча дан өсүмдүк аларын тактоочу тактама, айыл өкмөттөн 1,50 га жер үлүшү бар деген аныктама жана айыл өкмөтүнө берген арызыңыздын көчүрмөсүн алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 289 беренесинин негизинде 1,50 га жериңизди бөлүү жана ошол эле Жарандык кодексинин 14- беренесине ылайык көрбөй калган пайданы өндүрүү жөнүндө доо арызыңызды тиркеп сотко тапшырасыз.

Биз күйөөм экөөбүз 10 жылдан бери бир никеде чогуу жашап келебиз. Үч жыл мурун жаңы конуштардын бирине турак үй курганбыз. Жолдошум менин уруксатымсыз бул үйдү мураска калтырууга же сатууга укугу барбы ? Же болбосо, жогорудагы маселелерди чечүүдө менин кандай укуктарым бар ?
А. Роза. Бишкек шаары.

Үй-бүлө кодексинин 35- беренесине ылайык, чогуу жашап бир никеде тургандардын үй-мүлкү экөөнө тең таандык. Үй-бүлө кодексинин 36- беренесинде белгилегендей, үй-мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана бөлүштүрүү эрди-аялдын өз ара ынтымактуу сүйлөшүүлөрүнө жараша болот. Мисалы: күйөөсү үй- мүлкүнө тийиштүү буюмдарды сатууда, бирөөгө белекке берүүдө же алмашууда сөзсүз аялынын макулдугу менен кат жүзүндө нотариус тарабынан күбөлөндүрөт. Ал эми турак үйдү сатуу же алмашуу жогорудагыдай жол менен ишке ашырылат. Мураска калтыруу жөнүндө, мурас кыймылсыз жана кыймылдагы мүлккө карата каалаган адамына калтырылат ,бул дагы жазуу түрүндө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүп, колдор коюлуп, мөөр басылат. Чогуу жашагандыктан күйөөсү мурас калтыргысы келсе, мүлктүн же үйдүн 1-2 бөлүгүнө укугу бар. Жубайы да ушундай эле укукка ээ, болгону нотариус тарабынан бекемделиши керек.


Биз, сүйлөшкөн кызым экөөбүз үйлөнбөй эле чогуу жашап жүрүп, балалуу болуп калдык. Эми баламды аталык фамилияга каттай аламбы ?

Ү.Нурбек. Бишкек шаары.

Каттай аласыз. Кыргыз Республикасынын Үй -бүлө Кодексинин 51- беренесине ылайык, баланын энеси болуп биргелешкен арыз менен ЗАГСтын сиз жашаган райондун бөлүмүнө кайрылышыңар керек.









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??