Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
Жумагүл ТАШМАТОВА:
Кыргыз элибиз өзүбүз суунун башында туруп алып аны жакшы пайдалана албайбыз. Биз сууну иштетип ГЭСтерди куруп, электр жарыгына айлантып анан өзүбүзгө кайра жетпей жатканы бул эмнеси? Дагы эле болсо электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Электр энергиясынын кымбатташы мага аябай эле чоң оорчулук алып келди. Мен иштеп айлык албасам, же соода иштери менен алектенбесем кайдан алып төлөйт элем. Балдар, кыздарымдан алып төлөйм да. Демек, аларга да оорчулук түшүрүп жатам. Жок дегенде, 80 - 90 тыйындан болсо деле өкмөт ачка калмак эмес.

Асан ЖАКЫПБЕКОВ:
Мындай чечимге негизги жүйөө катары энергетика системасынын техникалык абалынын начарлыгы, жабдыктарынын эскилиги жана тармактын чыгашалуу болуп жатканы айтылууда. Албетте, бул жөн эле коомдук пикирди чындыктан алыстатуу болуп эсептелинет. Экспорттун эсебинен эле тармак боюнча электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымды толугу менен жабууга болот. Азыркы учурдагы баада деле сатылса энергетика тармагы эч кандай чыгашалуу болбойт. Бул боюнча көз карандысыз эксперттер айтышып эле жүрүшпөйбү. Ал эми жаңы тариф элдин социалдык абалын төмөнкү чекке жеткизет.

Калыс Эшенкулов:
Өкмөттүн бул саясаты - элине кам көрүү эмес. Кыргыз элин жакырчылыкка тез арада түшүрүүнүн бир амалы деп эсептейм. Электр энергиясын бир заматта эле 70 тыйындан 1,50 тыйынга көтөрбөй, акырындап 80, 90 тыйын, анан 1 сомго чыгарыш керек эле. Бул этап-этабы менен ишке ашчу реформа эле. Өкмөт электр энергиясын 1,50 тыйынга көтөрүп жатып, эми эч кандай электр жарыгы өчүрүлбөйт деп айтты эле. Тилекке каршы, дагы деле болсо мезгил-мезгили менен өчүрүлүп жатышын кандай түшүнсөк болот. Мына, 4-5 күндөн бери кыштын ызгаар суугу жандан өтүп жатат. Буга деле карабай өчүрүлүп жатпайбы. Өзгөчө отуну жок, жаңы конуштардагы жарандарыбыздын абалын ким ойлойт? Мына мен шаардын борборунда жашайм. Бардык шарттар болсо деле мен катуу грипп болуп ооруп жатам. Ушундай жашоо -шарты болуп мен ооруп жатсам, ал эми жаңы конуштарда жашаган туугандарыбыз, өзгөчө жаш балалуу үй-бүлөлөр кандай тиричилик өткөрүп жатышты экен деп күндө ойлоном.

Пенсиядагы карыя:
Электр энергиясына тарифтердин баасы эки эсеге, андан алты ай өтүп-өтпөй дагы кымбаттай берилиши күтүлүп, ансыз да итке минген элибиздин ындынын ого бетер өчүргөндөй болуп турат. Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин дагы мамлекетти энергетика менен камсыз кыла албаганы эмнени түшүндүрөт? Бул жылдарга чейин деги эле электр жарыгы өчүрүлгөн эмес эле го. Бул тармакта коррупция күчтүү. Керек болсо электр кубаттуулугунун өздүк наркы 5 тыйынга да турбайт деп аттуу-баштуу азаматтарыбыз айтып жатышпайбы. Алар туура эмес айтса эмне үчүн өкмөт кагаз -калемин алып чыгып цифраларды элге далилдеп бере албайт? Себеби, элди алдап, бар байлыгын саткандары аз келгенсип өндүрүлгөн электр кубаттуулугунан да миллиондогон сомдорду чөнтөктөрүнө солоп жатышат.

Гүлзар МАМЫТОВА:
Менин эки балам бар. Ал балдарыма өкмөт тарабынан эч кандай жөлөк пул албайм. Эмне үчүн төлөп беришпейт, билбейм. Мен өзүм соода менен алектенем. Азыр мурдагыдай соода жок. Эптеп-септеп нан-чайга таап жатам. Балдарымдын кийим-кечеги, курсагы болуп эле акча жетишпей жатканда өкмөттүн электр энергияга бааны көтөрүшү ого бетер жашообузду оорлотту. Күйөөм да иштебейт. Тапкан-ташыганымды бүт эле өкмөткө сууга, газга, жарыкка, соода кылган орунга, салыкка деп төлөп эле жатабыз. Башка өлкөлөрдүн жарандарындай бизде эч кандай эс алуу деген жок. Мамлекеттен бизге эч кандай пайда алып келчү жардам жок. Кыргыз элинин учурда жан дүйнөсү жанчылып, дартка даба таппай турганда элинин келечегин ойлогон татыктуу инсандарыбыз бийликке келсе жакшы болот эле. Эл өзүн-өзү багып жатканда ырыскысын колдон жула качышпаса не... Эл-журтка жок дегенде моралдык жактан жардам дагы керек го.

Алтынгүл КАНЫБЕКОВА:
Мен Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин биринчи курсунда окуйм. Шаарда квартирада турабыз. Электр энергиясына өзүнчө төлөйбүз. Эми элестетиңиз, эч жерде иштебей эле электр жарыгына олчойгон акчаны кайдан табабыз. Биз эле эмес, бүтүндөй карапайым эл кыйналып жаткан учуру. Мени таң калтырганы: сууларыбыз жана кен байлыктарыбыз толтура туруп, Кудайдын бейишиндей жерде жашайбыз деп төш каккылаганыбыз менен чындыгында жакыр эле жашап жатпайбызбы. Электр энергиясын иштеп чыкчу ГЭСтерибиз деле толтура. Анан эмне үчүн электрди өзүбүзгө арзан сатууга болбойт. Коңшу мамлекеттерге арзан баада сатылат деп угуп калам. Эмне үчүн аларга кымбатка сатууга болбойт? Электр жарыгынын өчүрүлүп туруусу кышкы суукта элди кыйнап турат.Чоң ата, чоң апаларыбыз жана жаш үй-бүлө курган ага-эжелерибиздин турмушу оор кыйынчылыкка туш келди. Жогору жакта бийликте отургандар кудайдан корксо боло! Мамлекет деген өз элине жардам берчү эле, бул өкмөт кыргыз элин туңгуюкка алып бара жатат. Андай эле тарифти көтөрөт экен, эң оболу эмгек акы, пенсияны Россия жана Казакстан мамлекеттеринин деңгээлине жеткирбейт беле. Мени өтө кызыктырганы, электр тармагынын башкаруучулары жана бийлик өкүлдөрү карапайым элди ойлобойбу. Алар Кыргызстандын келечегин кандай элестетет болду экен?!

Жакшылык Мухамед уулу:
Мен өзүм студентмин. Шаарда чоң энем менен бирге жашайм. Ал 2000 сомго жетпеген пенсия алат. Эми азыркы дүйнөлүк кризистик абалда өкмөттүн энергетикалык жана тарифтик саясаты- калктын басымдуу көпчүлүгүнүн реалдуу кирешесинин өлчөмүн эске албай кабыл алынган. Бизде минималдык керектөө бюджетинин жарымына жетпеген пенсия өлчөмү менен жашоонун өзү бул-жакырчылыктын кесепети. Менин деле күндөлүк чыгашам көбөйүп жатат. Себеби, электр энергиясына байланышкан кызмат көрсөтүүлөр кымбаттагандыктан, менин чөнтөгүмө зыян алып келип жатат. Айылдан ата-энем жиберген акчаны канчалык үнөмдөсөм дагы жеткизе албай жатам. Жанымдагы студент досторумдун дагы жашоосу оорлошту. Квартирада жашаган досторум электр энергиясына эле 800-1000 сом төлөөгө туура келип жатат. Ал эми жашоо үчүн башка нерселерден өзүбүздү кантип четтетебиз? Биз тирүү жан болгондон кийин ичип-жейбиз да. Ал эми чоң энемдин пенсиясы өзүнө толук жетпейт. Ай сайын дары-дармегине эле бир топ акчасы кетет. Азык -түлүккө болгон каражатыбыз нан-чайга эле жетип жатат. Биз ушинтип жашап жаткандан кийин квартирант болуп жашоону улантып жаткандардын абалын айтпаса деле түшүнүктүү.

Алмагүл Исакова:
Мен өзүм пенсиядагы кишимин. Азыркы учурда 2000 сом пенсия алам. Бийликтин жаңы тариф саясаты калктын жарымынан көбүн жакырчылыктын азабына салып, ал эми пенсионерлер менен инвалиддердин абалы адам ыйлаарлык күнгө жетерин шарттайт деп айтууга толук негиз бар. Тариф саясаты өзгөргөнүнө байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөрдү чегерүү жөнүндө указдарын өз элине карата шылдың катары гана кароого болот. Себеби, пенсияга кошкон 200 сом кайсы чыгымды жабат? Мындай караганда ал 200 сом бир жумага жетпеген күндөгү эле электр энергияга төлөм болуп жатпайбы. Ал эми калган үч жумага ким төлөйт? Албетте, менин арзыбаган пенсиямдан төлөйм да. Анан каяктагы компенсациялык жардам болсун. Бүгүнкү күнү бир килограмм кумшекер 52-55 сом болуп отурат. Ал эми күндөлүк керектелүүчү башка азык-түлүк жөнүндө сөз кылуунун кажети деле жок.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
22-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2-бет
ПАВЛЮКТУ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?
3-бет
ЭКИ ТООНУН ОТУН ОТТОЙ АЛАБЫЗБЫ?
4-бет
Кыргыз бийлигинен көз караштары башка кыргызстандыктардын белгисиз себептерден өлүүсү көбөйүүдө
5-бет
ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН
КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

6-бет
Манас - кыргыз элинин,
кыргыз мамлекетинин гана энчиси

7-бет
Мукар Чолпонбаев - коомдук ишмер:
"Азыркы бийлик - криминалдашкан башкаруу системасына өттү"

8-бет
КАЙРЫЛУУ
9-бет
Коомдук Парламенттин резолюциясы:
"2009-жылдагы шайлоо - Кыргызстандагы адам
укуктары боюнча абалдын начарлашын көрсөттү"

10-бет
Электр энергиясынын кымбатташы сизди тынчсыздандырабы?
11-бет
НРАВСТВЕННАЯ КУЛЬТУРА
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
Күкүк, күкүк...
14-бет
Үңкүрдүн сырын ким ачат?
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖАКШЫ АДАМ эле










??.??