Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



И.Исаковдун 2010 - ЖЫЛДЫН 11-ЯНВАРЫНДА БИШКЕК ГАРНИЗОНДУК АСКЕР СОТУНДА СҮЙЛӨГӨН акыркы сөзү
Урматтуу сот!
Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Ак үйдүн жетинчи кабатында отурушуп "заказ" бергендер кыбаасы кана, "бизге каршы чыккандар жана сындагандар, ушундай болот" - деп маашырланып отурушат.
Ушундай көрүнүш Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык-элдик бийликтин ордуна үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.
Прокуратура өкүлдөрү, ушул сотко катышып жаткан айыптоочулар мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнүн ордуна Бакиевдердин жеке кызыкчылыктарын коргогон, мыйзамга каршы келген буйруктарын, тапшырмаларын кынтыксыз аткарган, алардын саясатын сындаган, өз ой-пикирлерин ачык айткан жарандарды жазалоо куралына айланып калганы өкүнүчтүү.
Алардын мына ушундай жолго түшүп калганын оппозициялык күчтөрдүн, партиялардын мүчөлөрүнө, алардын жетекчилерине болгон аракеттери, Ноокат, Балыкчы, Петровка окуялары, алар боюнча соттун жыйынтыктары. Азыркы Петровкадагы сот процесстери жана залда отурган айыптоочулардын мен тараптан мыйзам бузуулар жок экендигин билип, көздөрү менен көрүшүп, ички дүйнөлөрү менен туюп туруп, соттук иликтөө учурунда күбөлөрдүн бардыгы Исаковдун кылмыш иштерине тиешеси жок, анын аракеттери мыйзам чегинде дегендерине карабай, мени 8 жылга жазалоону, үй-мүлкүмдү, генералдык чинимди алууну талап кылышкандары жогоруда айткандарды тастыктайт. Жалпы элди да ушундай жыйынтыкка келүүгө аргасыз кылат. Андай болбосо, ''министрдин милдетин шалаакылык менен аткаргандыктан аскер техникалары, тетиктери сатылып, жоголуп 20636 -аскер бөлүгүнүн согуштук, мобилизациялык даярдыгына, Кыргызстандын коопсуздугуна жана мамлекетке 3 млн. 862 миң сомдук өтө чоң зыян келтирилди" - дешип, Кыргызстандын элине эле эмес, дүйнөлүк коомчулукка бир жылдан ашык жарыя кылып, мамлекеттик телерадиолордон кайталап бердирип, мени каралабайт болучу. Исаковдун күнөөсү жок экендигин иш козгогон тергөөчүлөр билген эмеспи? Техникалардын бардыгын мен кеткенден алты ай өткөндөн кийин, 2008 жылдын ноябрь айында аскер бөлүгүнүн эсебинен чыгарып коюшканын билишкен жок беле? Баарын билишкен. Алардын максаты техникаларга түз жооп бербеген, күнөөсү жок Каюмовду атайын отургузуп, мени каралоо гана болгон. Ошондуктан, мага козголгон кылмыш иштин түбү ушул залда каралып жаткан маселелерде эмес, кечеки бийликтин жүргүзгөн саясатына болгон көз карашымда экендигин бир эле биз эмес, мамлекеттик айыптоочулар өздөрү техникалар боюнча күнөөнү менен алып коюшуп, ачыктан ачык көрсөтүштү.
Жогорудагы айтылган сөздөрдү далилдөө катары мага каршы кылмыш иш эмне себептен козголду эле? Мына ошого токтоло кетсем.
Маалым болгондой, 2008-жылдын 10-октябрында Коопсуздук кеңештин катчысы болуп иштеп турган убакта президент Бакиевге төмөнкүдөй арыз менен кайрылган элем:
Ал арыз орус тилинде жазылгандыктан ошол бойдон окуп берейин.
Ошол учурда жазылган арыздын мазмунуна көңүлүңүздөрдү буруп, бүгүнкү өлкөбүздө болуп жаткан азыркы абалыбызга байкоо салып көрүүгө чакырам.
Ыңкылаптан кийин жарандарыбыздын турмушу жакшырдыбы, деги ички саясатта эмнелер болуп жатат?
- Бийлик системасындагы тең салмактуулук тап-такыр жоюлду, бир кишинин өкүмзордугу үстөмдүк кылып, мамлекеттик бийлик бир үй-бүлөнүн менчигине айланып, Баш мыйзамга беш жылга жетпей төртүнчү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө;
- Соттор көз каранды, парламенттин үнү өчүп, "одобрямска" айланды;
- Паракорлук, коррупция өсүп, адам укугу тебеленип, сөз эркиндигине чек коюлууда. Журналист Г.Павлюктун өлүмү буга далил эмеспи?;
- Жарым миллиондон ашык кыргыз жигиттери жана кыздары жумушсуздуктун, зордук-зомбулуктун айынан четте жүрүшөт. Жөн кетпей качып кетип жаткандары канча!? Кетпей калгандары ичкилик, баңгичиликтин тузагына илинүүдө;
- Калктын үчтөн бир бөлүгүнүн жакырчылыкта жашаганына карабай баалар күндөн күнгө өсүүдө;
- Каркыра кетти, сууну жутушту, эми Жетим-Тоону кемиргени калышты;
- Улуу Манасыбызды кытайларга тарттырганы аз келгенсип, борборубуздун чок ортосуна кыргыздарды чилдей таратып, кыргынга алгандардын эстеликтерин койгонго да үлгүрдүк.
Энергетика тармагы оңолдубу? Жок. Бул тармактан ар жылы 4 миллиарддан ашык акча казынага түшпөйт. Ал үчүн бир дагы жетекчи жоопкерчиликке тартыла элек. Четтен келген "шылуундардын" расчетторун элге таңуулап жылуулук менен ысык суунун бааларын бир нече жүз пайызга жана өздүк баасы 3 тыйын турган 1 Квт электроэнергияны 1-январдан 1 сом 50 тыйынга көтөрүштү. Анысы аз келгенсип энерготармагын -кыргыз элинин байлыгын "шылуундарга" сатканы, аларга жиликтеп бергенге жакындап калдык. Бул өз элине каршы саясат десек жаңылышпайбыз. Эгерде бийлик эл үчүн иштесе анда электроэнергиянын баасын 1 сом 50 тыйынга көтөргөндүн ордуна 1 Квт электроэнергиянын баасын 50 же 60 тыйынга түшүрүп, электротармактарын мамлекеттин карамагында гана калтырат эле. Ошондо бийликтин саясатын бардыгыбыз колдоого алмакбыз. Тилекке каршы, бийлик башка жолду тандап алды. Алардын шылтоосу "каражат жетпейт" - деген куру сөз. Эгерде каражат жетпесе анда өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, губернатор, акимдери ж.б. атка минерлери канчалаган каражаттарды коротуп мамлекеттин эсебинен машинелерди минишип эмне кылышат? Кыскартпайбы? Жетекчилери дагы катардагы жарандардай коомдук транспорт менен же жеке менчик машинелери менен жүрүшсө, өз эсептеринен машинелерине май куюшса, ошондо билишет эле турмуштун кандай экендигин.
Президент өзү дагы азыркы президенттин институтуна кирген аппараттарынын, сакчыларынын санын көбөйткөндүн ордуна жок дегенде 60-70 % кыскартса жакшы болмок, илгери Усубалиев Т., Масалиев А.М. бир эле сакчы менен, бир машинанын коштоосу менен жүрүшкөндөрүн эл жакшы билет, ошол учурда аларды эл шайлады беле? Алардын аппараттарында иштегендердин саны көп беле? Кыскасын айтканда, элди кыйнабай эле каражатгы табуу жолдору абдан көп.
Кадрларыбыз кимдер?
Жалаң өз кызыкчылыгын ойлогон, жегенден башканы билбегендер алдыга суурулуп чыгышты. Кээ бирлери кыргыз тилин, дилин билбеген чет өлкөлөрдүн жарандары. Эмне, алардын ордуна Кыргызстандын жарандары-кыргыз, орус,казак, өзбек жана башка улуттардын өкүлдөрү иштей албайт бекен? Биздин жарандарга ишеним жокпу? Эмнеге өз жарандарыбызга иш бербей тентитебиз дагы, башка өлкөлөрдүн жарандарын көкөлөтөбүз?
Тышкы саясаттын туура эместигинен кылымдар бою ынтымакта, тууганча жашап келген коңшу Өзбекстан чек араны бетон менен тостуруп, Израил менен Палестинанын ортосундагыдай адам өткүс дубалдарды куруп, бирдиктүү энергетикалык алкактан, жайында эмес, кычыраган кыш алдында чыгарын жарыя кылды.
Коңшу өлкөнүн бул чечими кандай кейиштүү жагдайларды жаратарын түштүктө жашаган туугандарыбыз, анын айрым райондорунун элдери көрө башташты, дагы көрүшөт. Орус премьери Путиндин айткандарына токтолбой эле коеюн.
2005-жылы элге берген убадалар аткарылбай калды.
- Саясатыбыз туура эмес дегеним үчүн саясий куугунтук башталып, жасалма кылмыш иши козголуп, сот процессти да бүттү. Мен айткандардын эмнеси туура эмес? Калпы барбы? Өзүңөр салыштырып көргүлө.
Бекеринен "Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат"-делбесе керек. Биз айтпасак, чындыкты ким айтат?

Урматтуу сот!
Министр болуп турганда, орун басарларым жана кол алдымда кызмат кылган аскер кызматчылары менен (бул жерде дагы менин катарымда экөө отурат) кыргыз армиясынын деңгээлин жогорку тепкичке көтөрүүгө жетиштик. 2006-2007- жылдары, кыскасын айтканда, эки эле жылда 419 аскер кызматкерлери үйлүү, квартиралуу болушту. Аскер техникалары оңдолуп, учкучтарды алып келдик. Жоокерлердин күжүрмөн даярдыктары артты, жашоо турмуштары жакшырды, бардык шарттар түзүлүп, мамлекетке ишенүү сезими пайда болуп, алардын духу көтөрүлдү. Бул иш үчүн сыймыктанабыз!
Ошону менен бирге кемчилдиктер да болбой койгон жок. Аларды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүп, өз убагында оңдоп турдук.
Сиз азыр менин аткарган иштерим же убагында кол алдымда иштегендердин кетирген кемчилдиктерин єзїм оўдогонум їчїн эмес, жогоруда айтылган чындык сєзїмє єкїм чыгарасыз. Єзїўїз жїргїзгєн соттук иликтєєдє бул жерде отурган айыптоочулар, менин коргоочуларым, сотко катышып жїрїшкєн эл аралык уюмдардын єкїлдєрї жана сот процессине катышкандар, мага койгон дооматтардын жасалма экендигин, суу кечпегенин єз кєздєрї менен кєрїшїп, кулактары менен угушту. Сиз соттук иликтєєнї адилет, мыйзам чегинде єткєрдїўїз. Ал їчїн биз, сизге ыраазычылыкты билдиребиз. Мындан кийин да "Сот адилеттїїлїгїн сот чечет. Судьялар кєз карандысыз жана мыйзамга гана баш ийет" - деген Конституциянын 82, 83 -беренелерине таянсаўыз, биз адилетгїї чечим чыгарына ишенебиз. Эмне себептен дебейсизби? Техникалар боюнча. Айыптоочулар мени бир жыл каралашып, коюлган айыпты єздєрї алып коюшту. Мен кеткенден алты айдан кийин болгон иштерди мага илиштен уялышты окшойт, же кїбєлєрдїн кєбїрєєк болуп калганынан коркуштубу? Квартира боюнча. "Кызматынан кыянат пайдаланып, баласына єзїнїн буйругу менен квартира бердирген" - деген доомат да четке кагылды, "ошол квартира берсин" - деген буйрук эмес, ал "квартираны берип койгулачы" - деп сурабагандыгымды дагы, "Бишкек Курулуштун" ген.директору Молдобаев, генералдар Бєрїбаев, Югай ж.б. кызматкерлер ушул жерде ачык айкын тастыкташты. Балама "туура эмес квартира берилген " - деген маалыматты угаар замат єзїмдїн буйругум менен 2007- жылдын сентябрь айында квартираны ордуна койдурганым, Коргоо министрликтин карамагына єткєрїлгєндїгї, мамлекетке эч кандай зыян келтирилбегендиги, ал квартирада башка аскер кызматчысы жашап жаткандыгы ушул жерде такталды. Єкмєттїн буйругун мен эмес, мурунку жетекчилер, тагыраак айтканда, 2005- жылдын 22- мартында "Бишкек Курулуш" менен 5 сотых жер їчїн, 4 млн. акчага келишим тїзгєндїгї, мени Єкмєттїн буйругу менен тааныштырылбаганы дагы такталды. Ошентип, министр катары аскер кызмачыларынын кызыкчылыгын коргоп, мыйзамдуулукту сактап, милдетимди так аткарып, мамлекетке менден мурунку министр убагында тїзїлгєн келишим боюнча 4 млн. сомдун ордуна, 5 сотых жер їчїн, 5 квартира (ошол учурдагы баалар боюнча 3,8 млн. - 4, 5 млн. сом) ага кошумча 1 млн. сом алдырып мамлекетке 800 миў сомдон 1,5 млн. сомго чейин пайда алып келгеним сиздерге ушул жерде далилденди. Министрдин ушундай иштери кылмышпы? Бирєєгє коркунуч барбы? Мамлекетке зыян келтирилдиби? Кылмыш кодексине мындай иштерди "кылмыш" дебегенин сиз жакшы билесиз. Фуршеттер боюнча. Мыйзамдарда бекитилген аскер кызматчыларынын майрамдарында салтанатуу жыйынга катышкан ар бир гарнизондун, жамааттык коопсуздук келишимине кирген єлкєлєрдїн, Шанхай кесиптештик уюмунун, мамлекеттик органдардын жана чет элдик элчиликтердин єкїлдєрїнє, салтанаттуу жыйындан кийин отургучу жок тамак берїїгє (фуршет), аскер калеми конкурсунун жыйынтыгы менен сыйланган журналисттерге, эл аралык 8 -март майрамында Куралдуу Кїчтєрдїн жоокерлеринин атынан депутат айымдарга гїл бергенге жана Жаўы жылда аскер кызматчыларынын балдарына белек бергенге сарпталган каражаттар, Коргоо министрликтин єзгєчє счетунан, єкмєттїн "єзгєчє счеттор" боюнча токтомунун негизинде, атайын ошондой иш-чараларга жумшала турган 22156 астынкы беренесинин 22156100 - єкїлдєр їчїн чыгым жана 22156900 - башка беренелерге кирбеген жана башка чыгымдар їчїн деген беренелердин эсебинен берилгендиги, каражаттарды айлык-акысына, тамак-ашка, соцфондго ж.б. тиешеси бар беренелердин эсебинен берилбегени, бєлїнгєн каражаттар жогорудагы иш-чараларды аткарууга тїздєн-тїз колдонулганын соттук -иликтєєдє езїўїз уктуўуз, кїбєлєр дагы аны тастыкташты, ага тиешелїї документтерди биз сизге тапшырганбыз. Ошолор боюнча Эсеп палатасынын жана Каржы министрликтин текшерїїсїндє мыйзам бузуулар жок экендиги жєнїндєгї алардын текшерїї жыйынтыктарынын актыларын биз сизге бергенбиз, сиз аны окудуўуз. Мамлекетгик айыптоочулардын жана прокуратура єкїлдєрїнїн "ошол учурда айлык акыдан - 8, 7 млн., Соцфонддон - 1,94 млн., тамак аштан - 30 млн. сом карызы болгон, майрамдарды єткєргєндїн ордуна карыздарын бериш керек эле" - деген дооматынын мыйзамга туура келбегени тємєнкї негиздер менен такталды: - министрликтин андай карызын єзгєчє счеттун эсебинен, министр єзїнїн демилгеси менен бергенге - укугу жана андай эреженин жоктугу, мыйзам да руксат бербегени; - єзгєчє счеттон, жогорудагы айтылган карыздарына бериш їчїн атайын "Республикалык бюджет мыйзамына " єзгєртїї жана толуктоо киргизилиши керектиги; - айыптоочулардын айткан карызы 2007 - жылдын аягында же 2008 -жылдын май айына эмес, 2008-жылдын 1-октябрына экендиги. Министр Исаков 2007- жылы жана 2008 -жылдын май айына чейин жогорудагы иш-чараларды єткєрїп жатып, 2008 - жылдын октябрь айында карыз болоорун, ага чейин которулуп кетерин билбегени. Андай болорун бир эле кудай билсе керек. Кыскасын айтканда "атамдын єлєрїн билгенде алдына саман салат элем " - дегендей болуп жатпайбы же элге айта берсек, эптеп каралай берсек боло берет дешкенби? Бул эпизод дагы техникалардан айырмасы жок болуп калды. Мына сизге алардын жазган справкасын дагы бир жолу далил катары берип койоюн... эў негизгиси, ошол єзгєчє счетгон берилген майрамдарды єткєрїїгє жана башка иш-чараларга жумшалган каражаттарды єкмєттїн 2007-2008 - жылдардагы бюджеттердин аткарылыштары жєнїндє єзїнїн токтомдору менен бекитилди, ошону менен бирге Жогорку Кеўеш дагы 2007-2008 жылдардын бюджеттеринин аткарылыштарын бекитип, Президент колду коюп, мыйзам катары кабыл алышты. Кабыл алынган токтомдордо жана мыйзамдарда жогорудагы кемчиликтер, тагыраак айтканда, "Коргоо министрликте майрамдарды ж.б. иш-чараларды єткєрїїдє каражаттар єзгєчє счеттон мыйзамсыз берилген" - деп да айтылган эмес. Демек, мен жасаган мыйзамдуу иштер дагы бир жолу мыйзамдашдарылды. Токтомдордун жана мыйзамдардын кєчїрмєсїн сизге бергенбиз, сиз таанышып чыксаўыз керек Ошол токтомду жана мыйзамдарды туура эмес деген айыптоочулардын дооматына тїшїнсє болобу? Анда, азыр мени эмес, токтомдорду кабыл алган єкмєттїн мїчєлєрїн, мыйзамдарды кабыл алышкан Жогорку Кеўештин депутаттарын жана мыйзамга кол койгон Президентти жоопко тартыш керек "туура эмес кабыл алдыўар" - деп. Прокуратурага кабыл алынган мыйзамдарды "туура эмес" - дегенге укуктар берилгенби? Менин ишим боюнча ошондой болуп жатпайбы. Конституциянын 77-беренесинде прокуратуранын милдети так жазылган "КР мыйзамдарынын так жана бирдей аткарылышына кєзємєлдїк жїргїзїшї керек" - деп. Алар Конституцияда жазылган милдеттерин так аткарышса, эчак эле менден бул эпизодду алып коюшу керек эле. Министр катары мыйзамдарда бекитилген майрамдарды, мамлекеттик органдарга жїктєлгєн иш-чараларды так аткаргандыгым баарыўыздарга маалым болду, каражаттар мыйзамдын талабына ылайык сарпталганы, мамлекетке зыян келтирбегендигим тастыкталды. Кїнєєнїн жоктугуна карабай айыптоочуларга тапшырма катуу берилсе керек, болбогон нерсе їчїн сизден, мени 8 жылга эркимден ажыратууну жана їй мїлкїмдї, генералдык чинимди алууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, маўдай терим, адилет, таза ишим менен офицердик ємїрїмдї арнап, тапкан кадыр-баркым генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда бїгїнкї байлыктары аз келгенсип Бакиевдерге менин аскердик ар-намысым, кадыр - баркым болгон генерал-лейтенанттык чиним жетпей жатса керек. "Байлык, бийлик колдун кири" - деп бекер айтылбас. Бийлигин мурда єткєрїп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле єз эрким менен генерал-лейтенанттык чинди да єткєрїп берейин. Мїмкїн, ушундан кийин бийлик элди кордогонун, тентиткенин, кїнєєсїз камаганын, кыргыз элинин байлыктарын, жерлерин саткандарын, башка єлкєлєргє бергендерин токтотоор. Ушул эле керек болсо. Сиз дагы адилет эмес єкїм чыгарып,элдин каргышына, Кудайдын каарына калбаўыз. Жєєттєр айткан экен "Кудай берди эле кайра кудай єзї алды" - деп. Кудайдын колдоосу, єз эмгегим менен алдым эле, ушул жерде отурган айыптоочуларга берип коюўуз, сїйїнчї кылышып, айгайлап алып барып беришсин, "буйругуўузду аткардык"- деп жїздєрї тамылжысын. Булар мага жалган кїнєє коюшуп, аскердик ар-намысын булгашты, элге берген антын бузушту. Качан аскер адамдары мекенине, элине эмес, бийликте отургандардын їй-бїлєсїнє кызмат кылышкан? Биз бїгїн кулчулук же феодалдык коомдо жашап калдыкпы? Же ошондой заманга кетип бара жатабызбы? - Кечиресиз, булардан кєрє жетекчиўиз Абышкаевге бериўиз. Аксы окуясында Акаевдин буйругун абдан жакшы аткарган. "Заказдарды аткарууда тажрыйбасы зор" - деп, Бакиев К. аскердик соттун башчылыгына "менин ишиме кєзємєл жїргїзїп айтканымды так аткарсын " - деп дайындоо менен жакында генералдык чинди бекеринен бербесе керек, болбосо мыйзам боюнча кызматта эки жылдан кем эмес убакытта иштегенден кийин гана генералдык чин берилиш керек эле. Менин погонумду єзї алып барып берсин... Исаков "єзї берди " - деп. Албетте, сизге чечим чыгарыш абдан кыйын. Буйрукту Ак їйдєгїлєр тымызын берип коюшуп, єздєрї билмексен болуп, "сот єзї чечет, биз, сот ишине кирише албайбыз" дешип, жылуу кабинеттеринде отурушат. Ал эми мобуреки айыптоочулар "айт" дегендерин айтышты. Азыр элдин кєзїн карай албай отурушат, мага жалган кїнєє коюшуп, элдин каргышында, кудайдын каарына калышты. Биз тереў ишенебиз, мыйзамга каршы келген буйруктарды бергендер жана аларды аткаргандар ким болбосун эртедир - кечтир эл алдында болбосо дагы кудайдын алдында жооп беришет. Мындан кийин жалпы эл ушундай кєрїнїштєргє кайдыгер мамиле кылбаса керек. Бїгїнкї зордукка, єзїм билемдикке, єз элин кордогон, элдин ой-пикирин эске албаган саясатка бєгєт койбосок эртеў кеч болуп калат. Бїгїн биздин, эртеў силердин їстїўєрдєн иш козгоп, кордой баштайт. Бїрсїгїнї силерди колдой турган бир дагы жаран калбай калат. Коркунуч ар бирибиздин їйїбїздїн босогосуна келди, террор жана репрессия кїчєдї, улутубуздун жоголушуна бийлик шартты толук тїздї. Качан гана Кыргызстанда жалпы элдин кызыкчылыгын ойлогон, эл їчїн кулдай болуп кызмат кылган, мыйзамдуулукту ыйык туткан бийлик орномоюнча элдин турмушу эч качан оўолбойт, адилеттїїлїк болбойт, адам укугу дагы тебеленбейт, прокуратуранын єкїлдєрї азыркыдай мыйзам бузууга, їй-бїлєнїн буйругун аткарууга барбайт, балдар-кыздарыбыз башка єлкєлєргє жумушсуздуктун айынан ата-энелерин, тууган-уруктарыў эў негизгиси Ата-мекенин таштап кетпейт. Ошондуктан, эл-эгемендиктин ээси жана бийликтин жалгыз булагы экендигин тїшїнїп, уйкудан кєздї ачып, кошоматчылыкты, уруучулукту токтотуп бийликти менчиктештирїїгє жол бербей, улуттун кызыкчылыгын туу туткан элдик бийликти тїзїїгє аракет кылалы. Бїгїнкї бийликтин єз элине болгон мамилесин кєрїп жатасыўар. Булар їчїн адамдарга кылмыш ишин козгоо, аларды кїнєєсїз камоо, (башка зомбулуктарын айтпаганда), оюнчук эле болуп калды, мыйзамдарды бузуу, єздєрїнїн тїшїнїгї менен иштєє адатка айланды. Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете "Эркиндик їчїн ким кїн сайын кїрєшсє, мына ошол гана ага татыктуу болот" - деген экен. Ошондуктан, биз дагы кїн сайын аракеттенип, мыйзам чегинде кїрєшєлї, мыйзамдарды бузганга жол бербейли. Ошондо гана мамлекет элге тиешелїї проблемаларды эффективдїї чечет, мамлекеттик органдар эл їчїн иштейт, єлкєдє, мыйзам бузуучуларга баш калкалаганга бир дагы сантиметр нейтралдык зона калтырылбайт, бїгїнкїдєй кордук, зомбулук, їстємдїк жана єзїм билемдик болбойт, єлкєдє мыйзамдуулук орнолот. Сєзїмдїн акырында айтаарым, урматту сот! Мага коюлган кїнєєлєр негизсиз, айыптарды моюнга албаймын, менин аракеттерим мыйзамдарда бекитилген мамлекеттик органдарга милдеттендирилген иш-чараларды так аткаруу болгон. Мен тараптан мыйзам бузуулар болгон эмес, кызматымды єз кызыкчылыгым їчїн кыянат пайдаланган эмесмин, мага козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук" - деп эсептеймин. Сиз кандай єкїм чыгарасыз, ал сиздин ички дїйнєўїз жана моралдык-нравалык ынанымыўызга жараша болот. Эгерде бийликке кєз каранды болсоўуз, албетте алар берген буйрукка жараша чечим чыгарасыз. Айып этпесеўиз, эсиўизге сала кетейин, орустардын жакшы сєзї бар "Не берите грех на душу" деген, жалган жалаага кошулуп, Кудай алдында кїнєєгє батпаўыз.Сизди дагы бир жолу адилеттїїлїккє чакырам, єзїўїздїн ыйык болгон аскер формаўызды сыйлап, абийи риўизди, ар-намысыўызды булгабай мыйзамга гана баш ийиўиз. Элдин жаман назарынан, Кудайдын каарынан коркуўуз.

Президенту Кыргызской
Республики Бакиеву К.С.

Уважаемый
Курманбек Салиевич!
Последнее время, Вас все больше и больше окружают бывшие "алгинцы" и "белошапошники" господина Акаева, которые привели его к бегству из страны.
Кроме того, не оправдались те ожидания, которых мы добивались во время и после революции по улучшению жизни граждан нашей республики.
Все больше и больше откатываемся назад, особенно по вопросам энергетики. Кроме того, выражаю несогласие с Вашей кадровой, внутренней и внешней политикой. Генералы, истинные патриоты, которые не покладая рук добивались поднятия авторитета Вооруженных Сил и в целом страны, остались выброшенными, такие как генерал Орузбаев К.К., генерал Югай Б.А., Атамбаев А. Ш., Ниязов М.Д., Мадумаров А.К., Асанов Б., Каипов М.Т., Абдылдаев М.Ю. и многие другие.
Все чаще наблюдаются принципы авторитаризма, растет коррупция среди судебных и правоохранительных органов, взяточничество, что ведет не к защите интересов простых граждан, а во благо тех, у кого "денежные карманы".
В течение пребывания в должности Секретаря Совета безопасности Кыргызской Республики, я постарался оказать огромную помощь по устранению выявленных недостатков, однако существующая система не дает возможности устранить эти недостатки.
В связи с этим прошу моей отставки.
С уважением,
Секретарь Совета безопасности
Кыргызской Республики
И. Исаков 10.10.08 г.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
15-январь, 2010-ж.:
1-бет
САЯСИЙ ТЕРРОР ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫБЫ?
2-бет
Төрт пансионаттын таржымалы
3-бет
Кан кое бербейт…
4-бет
Бириккен Элдик Кыймылдын
БИЛДИРҮҮСҮ

5-6-бет
И.Исаковдун 2010 - ЖЫЛДЫН 11-ЯНВАРЫНДА БИШКЕК ГАРНИЗОНДУК АСКЕР СОТУНДА СҮЙЛӨГӨН акыркы сөзү
7-бет
САЯСИЙ
АЧКАЧЫЛЫК БАШТАЛДЫ

8-бет
Мурдагы Коргоо министри генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун генералдык наамын алып, 8 жылга соттолгону саясий заказбы
9-бет
Кыргызстандын элине!
Кыргызстандын саясий партияларына,
коомдук жана бейөкмөт уюмдарына!
КАЙРЫЛУУ

10-бет
Сабатсыз юристтердин уясы
11-бет
Жер сатып алгыңыз келсе...
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
ПРАВДА
И КРИВДА

14-бет
БУЙРУГУҢ АТКАРЫЛГАН ЖОК, МЭР МЫРЗА!
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖИНДИ