Бириккен Элдик Кыймылдын
БИЛДИРҮҮСҮ
2010-жылдын 11-январында Бишкек гарнизондук соту генерал Исмаил Исаковду күнөөлөп айыптаган өкүм чыгарып, аны 8 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратуу менен генералдык наамын алып таштады. Соттун жүрүшүндө Исаковго карата козголгон кылмыш иши толугу менен жокко чыгып, суралган күбөлөр бир добуштан анын күнөөсү жок экендигин тастыктап, Коргоо министри болуп турган мезгилиндеги ишмерлигине жакшы бааларын беришти.
Ал түгүл ишти карап жаткан судья дагы генерал Исаков Коргоо министри катары армиянын согуш жөндөмдүүлүгүн айтаарлык жогорулатканын , солдаттар менен офицерлердин аскердик жигерин көтөрүп, аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртканын сот жүрүшүндө мойнуна алууга мажбур болду. Соттун жүрүшүн тогуз айдан бери дыкат байкап отурушкан коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү генерал Исаков акталып чыгат деген ишенимде болушкан. Анткени сот адилеттигинин калыс жолу ушундай болмок. Биздин мекендештерибиз дагы өз элине ак ниеттен кызмат өтөп келген чыгаан аскер офицери Исаковго карата сот адилет чечим чыгарат деп күтүшкөн. Тилекке каршы, судья аскер прокуратурасы тарабынан коюлган негизсиз айыптоону колдоо менен акылга сыйбас өкүм чыгарды. Генерал Исаков сот залынан камакка алынды.
Генерал Исаковго карата чыгарылган өкүм азыркы бийликке каршы пикирдеги адамдарды гана коркутуу үчүн эмес, учурда бийлик тепкичтеринде отурушкан чиновниктердин да жүрөгүнүн үшүн алууга багытталган. Ачыктан ачык кабыл алынган акыйкатсыз чечим эскертүү катары болуп, аларды бийликтеги үй бүлөнүн айтканын айткандай аткарып турган кызматкер кылып тарбияламакчы. Анткени, генерал Исаковго карата кылмыш иши анын Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматынан өз эрки менен кетип жатып өлкөдө калыптанып жаткан авторитардык режимге, үй бүлөлүк башкарууга, бийлик структураларындагы коррупцияга жана паракорлукка каршы экендигин ачык билдиргенине байланыштуу экенин коомчулук жакшы билет.
Генерал Исаковдун түрмөгө камалышы менен өлкөдө саясий репрессиялардын жаңы этабы башталып, андан ары ачык саясий террорго өтүп бара жатат. Бийлик мыйзам деңгээлинде жарандык эркиндиктер менен укуктарды чектеп, журналисттерди коркутуу жана сабап салуу менен өлкөдөгү сөз эркиндигин жок кылып жатат. Мамлекетибиз жардын кырына барып такалды, андан ары жагында өткөн кылымдардагы зулум замандын көлөкөсү турат. Реформанын шылтоосу менен Конституциялык төңкөрүш ишке ашырылып, өлкөдө Кокон хандыгынын тартиби орнотулууда. Мамлекеттик бийликти эбак эле бир үй бүлө басып алган.
Бириккен Элдик Кыймыл генерал Исаковдун боштондукка чыгарылышын талап кылат, ошону менен бирге өлкөгө жаркын келечек камсыз кыла турган өзгөрүүлөр үчүн күрөштү токтотпой тургандыгын билдирет.
Биз мекендештерибизди акыйкат үчүн күрөштө тилектеш болууга чакырабыз.
БЭКтин Саясий бюросу,
Бишкек, 2010-жылдын 12-январы




  Ак ийилет, бирок сынбайт!

Кезекте - Аликбек
Жекшенкуловбу?
"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго ИИМдин тергөө башкармалыгы "киши өлтүргөн", "оор кылмышка тиешеси бар" жана "курал -жаракты мыйзамсыз алып жүргөн" (Жекшенкулов "Макаров" тапанчасын өкмөттөн белекке алган) деген үч берене менен расмий айып тагып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна абакта кармоо өтүнүчүн келтирген. Ишти караган Биринчи май райондук соту экс-министрдин жактоочусу Нина Зотованын абактан убактылуу бошотуу боюнча өтүнүчүн четке кагып, ИИМ кызматкерлеринин өтүнүчүн канааттандырган чечим чыгарган. Ошентип, экс-министрге карата кылмыш иши козголуп, 2009-жылы 9-мартта камакка алынган. Буга чейин Жекшенкуловдун өзүнө жана төрт тууганына кылмыш иштери козголуп, куугунтуктун кучагында калышкан.

Кыргыз элинин учурда жан-дүйнөсү жанчылып, дартка дабаа таппай турганда, элинин келечегин ойлогон татыктуу инсандарыбыздын соттолуп, камакка алынышы абдан чоң көйгөйдү жаратууда.
Алты ай камакта жатып, акыры ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, убактылуу боштондукка чыккан Жекшенкуловдун соту жаңырган жылдын 12-январында улантылып, анда түрк ишкери Четин Серветтин өлүмүнө байланыштуу Жекшенкуловго карата ачылган кылмыш иши боюнча териштирүү улантылды.
Таласта төө буурчак сатып алып мекенине жөнөтүп турган түркиялык ишкер Четин Сервет кимдердин экономикалык кызыкчылыгына каршы чыгып, анын көзүн тазалоого кызыкдар кишилер ким экени алигиче аныктала элек. Сот процессинде 2002-жылдан бери аны менен чогуу иштешип, түркиялык ишкерге 2007-жылы эки ирет кол салуу учурунда жанында болуп калган өнөктөшү Рамис Кемелбеков сот процессинде көрсөтмө берип, 2007-жылдын 5-июлунда дүкөндө соода кылып жаткан жеринен түркиялык ишкерге тогуз жолу бычак урган жанкечтини жанынан көргөнүн, ал ирет ажалдан аман калган Четин Сервет шек алып жаткан кишисинин атын ачык эле айтканын ырастады. Ошону менен катар Р.Кемелбеков тергөө учурунда ага кысым көрсөтүлгөнүн, күч колдонуу менен узакка созулган түнкү сурактарда тергөөчү айткандарга макул дебештен башка амалы калбаганын маалымдап, С.Четинди атып өлтүргөн кишини караңгыда жакшы көрө албай калганын билдирди.
Жекшенкуловго Тышкы иштер министри болуп турганда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуп, министрлик имаратын кытай эшиктери менен жаңыртканы да күнөө болуп табылган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Аликбек Жекшенкуловдун министрликтин имаратын оңдоо учурунда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды бузбагандыгы ырасталып, ага коюлган айыптын баары түркиялык ишкерди атып өлтүргөн тапанчага такалууда.
Бирок ушул кезге чейин тергөө органдары тапанча тууралуу так далилдерди аныктай албай убара тартып келишет. Чубактын кунундай чубалган сот иштери кандай болуп жыйынтыкталары белгисиз. Тактап айтканда, Исаковдон кийинки кезек Аликбекте болоорунан шек жок. Анткени, кайдагы бир жеке ишкер менен дипломаттын байланышы болоору болбогон кеп эмеспи. Ошондуктан чыныгы жүрөктүү сот болсо, Жекшенкулов толук акталып чыгаары анык.
Назгүл МАМЫТОВА