Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


БУЙРУГУҢ АТКАРЫЛГАН ЖОК, МЭР МЫРЗА!
...Жыл жаңырып, кабылан-шерди төрүбүзгө өткөрүп отуруп калдык. Баягы, "той болот, тойдун эртеси да болот" дегендей, жаңы жыл тосуу шаан-шөкөт менен өттү. Миңдеген шампандар, миллиондогон жаркырактар асманга атылып, көңүлүбүз көккө учту!
Баса, ошо көккө атылган жаркылдак-фейерверктер жөнүндө сөз кылалы дебедик беле. Жаңы жылга жакын калганда ордо шаарыбыздын мэри Н.Түлеев аксакал "китайский аткычтар, жаркылдактар сатылбасын" деген буйрук чыгарып таштаган болучу. Анысы гезиттерге жарыяланып, тээ Орусиядагы оттуу ааламат бизде - Кыргызстандын жүрөгү болгон Бишкегибизде болбосун деген ак тилегине астейдил ыраазы болгонбуз мэрге. "Эми кытай тарсылдактар сатылбайт тура" деген оюбуз Ош базарына барганда эле түтүндөй түрүлүп жок болду. Базардын сыртына чыга базар болуп, жылдагыдай эле жылтырактар менен кошо тарсылдак-жаркылдактар сатылып жатат...сатыла берди.
Ош базарындагы ички иштер бөлүмчөсүнүн кызматкерлери улам колуна тийген сатармандардан кучак-кучак тарсылдактарды тартып алышып, анан "Эптеп бала-чакамды багып жатат элем, ушуну эле сатып бүтүп алайын, экинчи сатсам өлүп кетейин" деп карганып, этек-жеңинен тартып сурангандарга кайра алгандарын кармата берип жатышты.
- А сиз эмнеге тыюу салынган нерселерди сатып жатасыз?- деп алардын бирине суроо узатсам:
- Ээ, айланайын, киши өлтүргөнгө деле тыюу салынган. Сиз кай жерде жашап жатканыңызды билесизби?Бизде адам өлтүрүп деле тайраңдап эркиндикте жүргөндөр толтура. Ал эми бир тоок уурдагандар түрмөдө чирип отурушат. Көрдүңүзбү, жолун тапкандар жашап эле жатышат. А бул - бир боо тарсылдак менен эшектин тушагы чечилмек беле?!- деп бурк этти.
Жакшылап сүйлөшөйүн деген жаным эч нерсе дей албай туруп калдым. Айтылган сөздүн калети жок эле. Мен болгону, мэр мырзанын сөзүнүн аткарылбай жатканы жөнүндө пикир алышкым келди эле да. Көрсө, өйдө жактан чыккан буйрук,токтомдорду аткарбай деле койсо болот турбайбы. Ой, деги эле аткарылбай эле келатпайбы, тээ эзелтен бери. Эгер кагазга чийилип, ооздон чыккан сөздөр аткарылса, анда эбак эле "коммунизмде жашап" калбайт белек!
Кыргыздын классик обончу-аткаруучусу Рысбай Абдыкадыров маркум убагында: "Ойлонбой чыккан токтом көп,обончулар боктон көп" деп айтканы эл арасында алиге айтылып келет. Айтайын дегеним, бу мэр мырза да ойлонбой токтом чыгарып алган бейм. Кытай тарсылдактарынын жолун тээ кыргыз-кытай чек арасынан бууш керек болучу. Өлкө аймагына кирген товарларды андан ары эптеп сатып жибербей жаны жокпу, кыргыздардын...
Эмнеси болсо да, мэрдин буйругун уруп ойногон киши болгон жок... дал жаңы жыл түнү...
Дилорам Саткеева,
Бишкек шаарынын тургуну


...ЧЫЧКАН АКЕ, СУУ БЕРЧИ
"Чычкан аке, суу берчи" деп эчен жылдардан бери суранып келатышат ананьевдиктер. Бирок, чычкан акебиз бизге эмес, өзүнө суу таба албай келатат. Он беш жылдан бери... байкуш чычкандын оозуна суу тамгыза турган киши жок. Себеби, чоң жолдун асты-үстү болуп бөлүнгөн айылыбыздын биринде бар суу - экинчисинде жок.
Мындан он беш жыл мурун жолдун асты жагында жашагандардын деле огороддорунда жашылча-жемиш өнүп, бактары мөмө байлап, өздөрү таза суу ичип, кирлерин таптаза кылып жууп... эл сыңары жашап жатканбыз. Ал кезди самагандар көп. Баарынан да, тээ илгерки эсил кайран СССР кезиндеги жашоолорун айтып беришсе таңдайыбыздан чаң чыгып, көздөрүбүзгө жаш келет.
...Асманда каалгыган булуттар уюлгуп келатканда эле "Оо, айланайын, күн жааганы турат окшойт. Алып чыккыла табак-кашыгыңарга чейин" дешип, болгон идиштерибизди көккө тосуп турабыз.
Бул, суу маселесин канча көтөрүп чыкпадык . Ысык-Көл районунун экинчи борбору болгон Ананьев селосу канкакшып бозоруп тургандыгын башкаларга айтсаң, таң калып угушат. Аны ошол жергиликтүү элден, бизден артык билген киши жок. Республикабыздын ар кайсы аймагында таза суу проблемасы көтөрүлүп эле жатпайбы. А бирок, алигиче бир майнап чечилбей келгени зээнди кейитет. Айрыкча, акыркы эле айларда электр жарыгына, таза сууга тарифтердин көбөйүшү менен дагы көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлүп атканын жашырууга болбойт. Сууга зар болуп турган элди бул жаңы тарифтер анчалык деле кызыктырган жок. Ансыз деле эч нерсеге жетпей келе жаткан элге улам жаңы төлөмдөрдү киргизе бергени эмнеси?-дешип таң калышкандар көп.
Эгер жол түшүп Ананьев айылына барып калсаңыз, чоң жолдун алды жагындагылар тээ таң саардан туруп алып кезекке туруу үчүн флягаларын томпойтуп артып, түртүп алышып кетип жаткандарын көрсөңүз таң калбай эле коюңуздар. Эртең мененки тогуздан он бирге чейин эле почтонун жана милициянын алдындагы суу түйүнүнөн гана суу агып, анан токтойт. Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү суу келбейт. Ошондо, эптеп түртүшүп жатып алган сууңуздун бир тамчысын да коротпой керегиңизге жумшашыңыз керек. Ичип, кириңизди жууп, жуунуп ...
- Силердин суу түтүгүңөр жарылып калган, сууга акчаны өз убагында төлөбөйсүңөр,- деген жана башка толгон-токой шылтоолор менен жарым айылдын жаагын жап кылып келе жатышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кыйындыгын айтпайсыздарбы!
Баарынан да, өткөндө Ысык-Көл районунун кенже акими Роза айымдын телевизордон "Биздин райондо таза суу маселеси чечилген" деп мактаныч менен сүйлөп жатканын угуп жаныбыз кашайганын айтпайсыздарбы. Аны угуп-көргөндөр "ии, чын эле жакшы турбайбы" деп ишенип алышкандыр. А бирок, Ананьев айылынын анык жашоочулары -биз аны жокко чыгарабыз. Ишенбесеңер, биздин айылга, чоң жолдун алды жагына конокко келип кетиңиздер. Сиздерге болгон меймандостугубузду көрсөтүүгө даярбыз, бир гана... таза суудан тартыш болуп отурганыбыз болбосо.
Аз да болсо арманыбызды айтып алдык. Суу тарифтерин көтөргөнгө жараша суу чыгарып беришсе - бери болгондо адамгерчиликке жатат эле. Ушул жазганыбыз гезит бетине чыкса, чычкандар окушпаса да эл жүгүн мойнуна алган тиешелүү кызматкерлер окушаар деген тилек менен сиздерге кайрылып отурабыз.
Ананьев айылынын жашоочуларынын атынан Марат. Ж.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
15-январь, 2010-ж.:
1-бет
САЯСИЙ ТЕРРОР ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫБЫ?
2-бет
Төрт пансионаттын таржымалы
3-бет
Кан кое бербейт…
4-бет
Бириккен Элдик Кыймылдын
БИЛДИРҮҮСҮ

5-6-бет
И.Исаковдун 2010 - ЖЫЛДЫН 11-ЯНВАРЫНДА БИШКЕК ГАРНИЗОНДУК АСКЕР СОТУНДА СҮЙЛӨГӨН акыркы сөзү
7-бет
САЯСИЙ
АЧКАЧЫЛЫК БАШТАЛДЫ

8-бет
Мурдагы Коргоо министри генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун генералдык наамын алып, 8 жылга соттолгону саясий заказбы
9-бет
Кыргызстандын элине!
Кыргызстандын саясий партияларына,
коомдук жана бейөкмөт уюмдарына!
КАЙРЫЛУУ

10-бет
Сабатсыз юристтердин уясы
11-бет
Жер сатып алгыңыз келсе...
12-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
13-бет
ПРАВДА
И КРИВДА

14-бет
БУЙРУГУҢ АТКАРЫЛГАН ЖОК, МЭР МЫРЗА!
15-бет
Аалам айдыңында
16-бет
ЖИНДИ





Яндекс.Метрика