"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
Эгерде сизге кылмыш, жарандык, экономикалык, административдик иштер боюнча адвокаттар, юристтер керек болсо "Адвокат профи" фирмасына кайрылыңыз. Жогорку деңгээлде укуктук кызмат көрсөтүүгө, шарты туура келсе Кыргызстандын кайсы жерине болсо да барууга биздин кызматкерлер ар дайым даяр.

Тел: (0543) 19-43-10, (0312) 31-33-68

Мен жеримди былтыр ижарага бердим эле. Ижарачы жеримдин кыртышынын абалын начарлатып салыптыр, аны жоопкерчиликке тартса болобу? Андан бери арендасын да төлөбөй жүрөт.

С.Казымбай, Сокулук району.

Жердин кыртышын химиялык жана өндүрүштук калдыктар менен бузуп салса же жок кылса, Административтик жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин 184-беренесинин негизинде:
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден алты, кызмат адамдарына бештен он беш өлчөмүнө чейин административдик айып салууга алып келет. Ал эми арендатор катары экиден көп жолу аренда акысын төлөбөсө, анда сиз сот аркылуу келишимдин күчүн жоготууга жана аренда акысын төлөтүп алууга укугуңуз бар.


Эмгек Кодексине өзгөрүүлөр киргизилиптир. Анда кызмат берүүчү тарап кызматкерди иштен бошотууда эмгек китепчесин кандайдыр бир мөөнөткө кармаса айып төлөйт деген чынбы?

Ж.Айгерим, Бишкек шаары.

2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан КРнын Эмгек Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган. Ошонун негизинде Эмгек кодексинин 65-беренеси төмөнкү 6-бөлүк менен толукталган:
6. "Кызматкерди бошотууда кызмат берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгек китепчеси өз убагында берилбегендиги үчүн кызмат берүүчү эмгек китепчесин бербей кармаган ар бир күн үчүн кызматкерге ар күндүк орточо эмгек акысын төлөп берет".


Менин машинамдын номерин "гаишниктер" чечип алышты, себеби, алардын айтуусу боюнча техникалык жактан бузуктар бар имиш. МАИ кызматкерлеринин бул иш аракеттери мыйзам чегиндеби? Мен алардын үстүнөн кай жакка арыздана алам?
Т.Руслан, Токтогул району.

"Административдик жоопкерчилик жөнүндө" Кодекстин 223-беренесине ылайык "Айдоочулардын транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуусу" административдик айып салууга алып келет. МАИ кызматкерлери административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүп жатканда, сиздин машинаңызда айдоого болбой турган кандай бузуктар бар экенин аныкташы керек. Андан тышкары, ич ара инструкциялардын негизинде МАИ кызматкерлери кээ бир эреже бузуулар үчүн номерлерин чечүүгө укугу бар. Эгерде, сиз укугуңуз бузулду деп эсептесеңиз, жана номериңиз негизсиз чечилип алынды ойлосоңуз,ошол МАИ кызматкеринин иш-аракеттерине арыз менен Токтогул районунун ИИБнын жетекчилигине же сотко кайрылсаңыз болот.


Мен 10 жылдан бери Ош базарында соода кылам. Базарда иштеп жүрө берсем кийин пенсиямдын өлчөмү канча болот?
М.Айсулуу, Бишкек шаары.

Базарда иштегендер иш жүргүзүү үчүн патент алышат. Базардагы жер үлүшүнө салык төлөшөт. Мына ошолордун 25 пайызы Соцфондго төгүлүп, стажга кетет. Ай сайын мындай салыктарды төлөп турса, ошого жараша пенсия өлчөмү чечилет.

Чогуу иштеген жигит менен үйлөнүүнү чечкенбиз. Бирок, жарандык никеде гана болуп, ЗАГСтан каттоодон өтпөй, экөөбүздүн тапкан акчабызга эмерек сатып алып, анын үйүнө койгонбуз. Көрсө, анын үй-бүлөсү бар экен. Алган оокаттарымды кайтарып бер десем бербей жатат. Эмне кылам?
Самара

Сиз ал адамга эмерек-мүлктөрүңүздү жөндөн-жөн эле карматып коюптурсуз. ЗАГСка тургандан кийин гана жарандык да, үй-бүлөлүк да мыйзам боюнча, эки жубайдын ортосунда келишимдик жоопкерчилик болбосо, анда мүлк тууралуу укуктук кайсы бир жыйынтыктарга келсе болот. Сиздер ЗАГСта никеге туруп бир мүлк сатып алсаңыздар, ошол мүлктүн жарымы сиздики, жарымы күйөөңүздүкү болмок. Сиздин мисалыңызда болсо бардыгы эркектин абийирине көз каранды жана сиз кайрылган сот кандай чечет, ошого байланыштуу болот.
2008 -жылдын 22-февралында коңшум 1 га жер үлүшүн саттым деп тил кат жазып, 40 миң сом алган.Ал жерди мен колдонуп келгем.Бирок, азыркы учурда коңшумдун аялы келип жер биздики, бошот деп жатат. Коңшум жер саткандан кийин эле кайтыш болуп кеткен.
А.Мырзалы, Сокулук району

Бул маселе менен сотко кайрылууңуз абзел. Тактап айтканда, бир га жер үлүшүн сатып алган күн деп кыймылсыз мүлктү каттоочу бөлүмдө сиз жана коңшуңуздун ортосунда түзүлгөн келишим катталган күн эсептелет.
Сиз сотко 1 га жер сатуу боюнча келишим түзүлгөндүгүн таанып берүү жөнүндө кайрыласыз.