"Алиби" кеңеш берет

Жер сатып алгыңыз келсе...
Кийинки мезгилдерде коомубуздагы көптөгөн көйгөйлөрдүн бирине айланган жер талаш маселелери кедей калктын кендирин кесип жаткан чак. Суроо-талап көп болгонуна байланыштуу, айрыкча жеке турак үйдү сатуу, алуу маселелери улам бир чырды жаратууда. Көпчүлүк адамдар абдан ишенчээк болушат.Ошондой ишенчээктигибизди аферист-шылуундар пайдаланып кетишүүдө.


Ага кошумча, өзүбүз укуктук жактан сабатсыз эле болбостон,кенебестигибиз дагы ага шарт түзүп жатат.Таң калыштуусу, кээ бир адамдар таанышына акчасын берип, ажатын ачып жатса,эң жөнөкөй тил кат жаздырышып алышпайт. Кийин таанышы танып кетип жатпайбы. Мындай иштин айынан жакын бир туугандар дагы бет карашпай жат болуп жатканы жалганбы ? Ошон үчүн элибиз "Эсептүү дос айрылбайт"-деп бекеринен айтпаса керек. Акыркы кездерде ички миграциянын толкуну Чүй өрөөнү менен Бишкек шаарына өзгөчө таасирин тийгизди.Бишкектин айлана-тегерегинде бир нече жаңы конуштар пайда болду. Өлкөбүздүн жети дубанынан келген жарандарыбыз алына жараша жаңы конуштарга жайгаша башташты. Айлынан алыс чыкпаган көптөгөн ага-эжелерибиз жана инилерибиз заман агымы менен алпурушуп, үстүнө үй,алдына машина сатып алышты.Бирок,баары эле эмес. Дагы деле болсо, көчүп- конуп канча деген замандаштарыбыз күн өткөрүп жатышат. Бир даары ичип-жебей же айлап-жылдап иштеп тапкан акчасын туура пайдалана алышпай,ортомчу түшкөн-алдамчыларга алдырып, "үйдөн жок же чүйдөн жок" абалдары зээн кейитпей койбойт. Алдырарда- жаздырар болушуп,кеңешип бармак кесишпей,жакшылык көздөн учуп турганда,шашып туура эмес мамиле түзүп алганына кечирээк түшүнүшөт.
Анан албетте,аны кайрып алууда бир топ укук маселелери жаралат. "Жоо кеткенден кийин,кылычыңды ташка чап"-дегендей,чиеленген түйүндү чечиш бир топ убакытты алышы мүмкүн. Өзгөчө, бул жагдай, жер тилкелерин жана турак-жайларын сатып алууда көп жолугуп жатат.Ошондуктан элибиз айтат эмеспи"Өзүңө сак бол, коңшуңду ууру тутпа"-деп. Эң биринчи өзүбүз укугубузду жакшыраак билип,бул жаатта маалыматыбыз бар болсо, алдамчы шылуундарга өзүбүз бөгөт койгон болот элек.
Анда эмесе,сөз башынан болсун.Эгерде сиз иштеп тапкан,чогулткан акчаңызга Бишкек шаарынын тегерегиндеги жайгашкан конуштардын биринен жер тилкелерин сатып алууга ниетиңиз бар болсо,анда төмөнкүлөргө көңүл бурганыңыз оң.
1. Сиз сатып алчу жер тилкеси кайсыл районго караштуу?
2. Ошол райондук башкаруунун жер тилкесине чыгарган токтому.
Ушул жерден ал токтом менен сатуучунун өздүгүн далилдеген документти салыштырыңыз.
3. Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты (Кызыл китеби)
4. Булардын баары такталгандан кийин,өзүңүз үчүн төмөнкүлөргө көңүл буруп,толуктап койсоңуз ашыкча болбойт.Жакын жайгашкан коңшулардан сурап,ээлигин тактап билсеңиз болот.Андан кийин айыл өкмөтүнө жана аймактык тескөөчү-кварталдын жетекчилигине кайрылып,сиз сатып алчу жер тилкеси,ошол аймактын пландык картасында чийилгенби ? Сатып алса болобу? - деп жана башка суроолоруңузга жооп алыңыз.
Андан кийин, сатып алуу маселесин күбөлөрдүн көзүнчө чечиңиз. Аны нотариалдык конторадан тастыктап, документтештириңиз. Саткан адамдын паспортунун көчүрмөсүн сактап коюңуз.Саткандыгы жана күрөөгө коюлган эместиги жөнүндө тил кат жаздырып алыңыз.
Ошентип баары такталган соң,эсептешүүгө өтсөңүз болот. Мына ошондо гана, сиз келечекте үй салууга туура багыт алган болосуз.
Ал эми сиздин капчыгыңыз даяр эле тамды сатып алууга жетсе,анда сиз төмөнкүлөргө көңүл бурганыңыз оң:
1. Сиз сатып алчу үй Бишкек шаарыбыздын кайсыл районуна караштуу болсо,ошол райондук администрациясынын ушул жер тилкесине чыгарып берген токтому.
2. Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты.(Кызыл китеби).
3. Үйдүн техникалык паспорту.
4. Үй китеби (домовая книга).
Булардын баарын тактап, көргөнүңүздөн кийин эсептешүүгө шашпастан, ай сайын электр энергияга, сууга жана таштандыга төлөнгөн төлөм барактарын көрсөтүүнү талап кылып, жогорудагылар менен салыштырыңыз. Газ түтүгү уланган үйлөр болсо,ага төлөнгөн төлөм баракчаларын дагы тактап көрүңүз.
Булардын баарын- ай сайын төлөнгөн төлөмдөрдүн төлөнгөн баракчаларын көрсөтө албаса,анда сиз электр энергиясына, газга, сууга карыз эмес деген справка алып берүүсүн талап кылыңыз. Ошондой эле, үй-мүлкү барымтага коюлган эмес деген мамлекеттик каттоодон справка алып келүүсүн айтыңыз.Жогорудагыларды толуктоо менен өзүңүз үчүн билип коюуга,дагы бир топ нерселер бар. "Керектүү таштын оордугу жок дегендей", кийинки суроолорго жооп издеп,таап койсоңуз сиз үчүн эч бир зыяны тийбейт.Алар төмөнкүлөр болуп эсептелинет.
Жакын жайгашкан коңшулардан ээлигин тактап сурап,эмнеге сатып жаткандыгына кызыгууңузду арттырып,жеке ишкерлерге же тууган-туушкан, тааныштарга ич ара күрөөгө коюлган эмеспи,сатып алсам жаңылышпаймынбы деп,түбөлүк коңшу болоруңузду айтып,сөзгө тартып көрүңүз.Себеби, "Кыздын сыры төркүнүнө маалым "дегендей, сиз сатып алчу үйдү же сатуучу адамды коңшулары жакшы билишет. Мүмкүн, сиз үчүн керектүү маалыматтар болуп калышы ажеп эмес. Андан сырткары, аймактык айыл өкмөтүнө кайрылып, сиз сатып алчу үйдө ким жана канча киши жашаары жөнүндө маалымат алып, сатып алуу жөнүндө кызыккан суроолорду берип жооп алсаңыз болот. Жогорудагылардын баарын тактап болгондон кийин,сатып алуу маселесин күбөлөрдүн көзүнчө чечиңиз. Сиз талап кылган документтердин баары толукталганда гана нотариалдык конторадан тастыктап,сатып алуу келишимин түзсөңүз болот. Андан кийин Мамлекеттик каттоого ал үйдүн документтерин тапшырып,өзүңүздүн наамыңызга жазылган үйдүн жаңы документтерин аласыз. Мына ошентип, сиз сатып алган үй-мүлктүн мыйзамдуу жаңы кожоюну болуп каласыз. Эгерде сизде дагы түшүнбөгөн суроолор пайда болсо, биздин редакцияга кайрылыңыз.
Алмазбек САБЫРБЕКОВ
"Алиби"