Сыйлыгыңыз кут болсун!

Төлөйкан Исмаилова,
"Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
"КЫРГЫЗ - ЭЗЕЛТЕН ЭРКИНДИКТИ СҮЙГӨН ЭЛ"
Жер каймактагандан бери караңгы менен жарык, ак менен кара, байлык менен жакырчылык, бийлик менен күнкорлук, жаман менен жакшылык күрөшүп келет... Дүйнө улам өнүгүп-өскөн сайын мына ушундай табигый факторлордон улам коомдо теңсиздик пайда болуп, бу дүйнө эки лагерге бөлүнүп калганын танууга болбос.


Дагы бир табигат мыйзамы бар: Адам болуп жаралган соң, ар бир адам тең укуктуу. Мейли, сен падышасыңбы, же карапайым адамсыңбы - баары бир пендесиң. Бирок, алдуулар алсыздарды тебелеп-тепсеп келген учурлар көп. Мына, биздин эле өлкөбүздү алалы. Өзүнчө эгемендикти алган күндө дагы өз ичибизде канчалаган укук бузуулар болуп келген жана болуп жатат. Антсе да, ыйлагандын көзүн аарчып соороткон, укугун талашып жардам берген ак ниет, чынчыл атуулдарыбыз бар экенине кудайга шүгүрчү лүк кылалы. Бийликке үнү жакпай, андан да, койгон талабы жакпай канча жолу кагуу жесе да, жапа чеккендерди, тебеленип-тепселгендерди жактап, актап келген кыргыз элинин патриот уул-кыздарыбыздын бири - Төлөйкан Исмаилова. Ал жакында Франциядан сыйлык алып кайтты. Укук коргоочу айымды бул ийгилиги менен куттуктай отуруп, ага бир нече суроолор менен кайрылдык.
- Сыйлыгыңыз кут болсун! Франциядан алып келген бул сыйлыктын маанисин жалпы окурмандарга айтып берсеңиз.
- Бул - тарыхый окуя. Кыргызстанда эң биринчи жолу мамлекеттик эмес уюм, укук коргоочулар граждандардын коррупцияга каршы түйүнү айылдан башталган . Эң негизгиси -Барскоон трагедиясынан (1998-жыл) жапа чеккен 5 айылдын тургундары жана Аксы окуясында (2004-жыл) милициянын колунан атылган ата-энелер, токмок жеген , кыйноодо калган адамдардын маселелери бүгүнкү күндө БУУнун алкагында иштелип жатат. Анткени, адамдардын Конституциялык укугу бузулган. Тынччылыкты, эркиндикти сүйгөн адамдар милиция колунан мертинишип, авторитардык режимдин курмандыктарынан болуп калышкан.
Коррупция күчөп, адам укугу тепселгенден тартып бүгүнкү күнгө чейин биздин система адам үчүн иштей албай калганын моюнга алгылары келишпейт. Мына, күндөн күнгө жакырчылык көбөйүп, бүгүнкү өткөөл мезгилде жалгыз эле экономикалык кризистен тышкары толгон-токой кыйынчылыктар көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө өзүбүздүн идентификациябызды таба албай, "Мен киммин?" деген суроого жооп издеп келебиз. Ислам жолуна барабызбы? Же Теңиризмди кабыл алабызбы? Деги каякка барабыз? - деген маселелер көйгөй маселе бойдон калып жатат.
- А биз эмне, мурда эл катары өз жолубузду тапкан эмес белек?
- Бул жерден адамзат тарыхын, анын ичинен, кыргыз эли басып өткөн доорлорду жокко чыгарбашыбыз керек. 70 жыл СССРдин тутумунда турдук. Албетте, билим алдык, дүйнө тааныдык, а бирок, авторитардык режимдин алкагынан чыга албадык да. Кыргыз эли эгемендик алган жок. Экономикалык жактан көз каранды болуп келебиз бүгүнкү күнгө чейин. Ал эми демократиянын түйүнү - экономика экенин баарыбыз эле түшүнө бербейбиз. Жаштарыбыз - билимдүү, экономиканы, жаңы технологияларды изилдеген жаштардан болушу керек. Ансыз эч качан улут өзгөрүлбөйт, өнүкпөйт.
Авторитардык режим керек болсо биздин тилибизди, дилибизди алып койгон. Бүгүнкү күндө кыргыздар кыргызча сүйлөй албай калганга чейин жетип отурабыз. Бирок, бул трагедия эмес. 16-жылдагы Үркүндү трагедия деп айтса болот. Геноцид болуп кете жаздаганда, жаңы саясатты жек көрүп, эгемендүүлүк издеп Кытайга чейин безе качышкан кыргыздар. Мына ушул кандуу окуялар - кыргыздын тарыхында актай калып жаткан барактар. Бул - чоң маселе. Эмне үчүн биз өз тарыхыбызды билбейбиз? Эгемендүүлүк алган 91-жылдан бери канча өттү? Өз тарыхыбызды алигиче түзө албай келебиз. Бирок, өзүбүздү өркүндөтүп, башкаларды басмырлабашыбыз керек.
- Адам укугунда ушулардын баары бар да...
- Адам укугу - мен эркинмин, мен баарын жасайм, бирок башканын укугун тепселебейм деген миссия болуш керек.
Франциядан алган сыйлыктын мааниси - эгемендүүлүк, азаттык, теңдик, бир туугандык дегенди түшүндүрөт.Мунун мааниси өзүнөн өзү эле кыргыз элине шайкеш келип тургандай. Себеби, кыргыз эзелтен эркиндикти сүйгөн эл, көчмөн эл, экологияны сүйүп, табигат менен тагдырлаш болуп, бардыгы балдар, келечек үчүн деп жашап келген элбиз.
- Мына ошол элибиз бүгүнкү күнү үнсүз ыйлап отурбайбы...
- Сууга байбыз деп келебиз. Бирок, ак мөңгүлүү мекенибизди жердеген элибизде энергетика проблемасы чечилбей келет. Бүгүнкү күнү айыл-кыштактардын жашоочулары тээ өткөн кылымдарда жашап жаткандай эле мончону көрбөй келишет. Таза суу, ысык суу, электр, газ - бул, фундаменталдуу эконмикалык үч укук болбосо, жакшы жашоого жол ачылбайт. Ар ким өзүнүн чөйрөсүн жакшырта албаса, башкаларга да жардам бере албайт. Демек, көз карандылыктан арылбай күн карама болуп калып жатабыз. Бүгүнкү күндө жаштар кыргыз элибиздин тилин, тарыхый уюткусун изилдеп тактабаса, бизге эч ким чындыкты ачып бербейт.
Кыргыздарда эркин сөз болгон. Санжыра, комуз менен болсо да жеткизген. "Манасыбызды" эле алалы, кыргыз тили менен дүйнөгө ач айкырык салып чындыкты айткан биздин тилибиз. Бүгүнкү күндө журналисттерде өз укугу, сөз эркиндиги болуш керек. Алар өзүн өзү цензуралабай, кыйноодо калган адамды түрмө ичинде болобу же полигамия деп атпайбызбы, ошолорду ачык, так жазышы керек. Жашы жете элек кыздарын казысы кучак байларга, депутаттарга үчүнчү, төртүнчү аялдыкка берип, жашоолорун жакшырткысы келген ата-энелерибиз да бар. Официалдуу түрдө жылына 17ге чыкпаган курактагы 300 үй-бүлө түзүлөт экен. Жаштар сүйүү деген эмне экенин билбей баратышат. Ата-энесин, аялды, баланы сүйүү деген эмне экенин билишпегендер көбөйдү. Ошон үчүн канча кыздарыбыз көчөдө, балдарыбыз таштандыда калып жатышат.
- Анан, ушулардын баарын иликтеп, анан Францияга жөнөттүңүздөрбү?
- Ооба,конкурска катышуу үчүн ушулардын баарын иликтедик. Эң биринчи, биз үчүн аябай приоритеттүү эмне? - деген суроого жооп издедик. Биз айттык: Сөз эркиндиги! Акыры, коррупция улам күчөп, сөз эркиндигин иш жүзүнө ашыруу - базалык, фундаменталдык деп таанып-билдик. Анан аны менен конкурска катыштык.
Бул конкурска 150 мамлекеттик уюм катышып, 60 өлкөдөн укук коргоочулар келишти. Анын ичинен 5 өлкөнүн укук коргоочулары сыйлыкка жетишти. Алар: Аргентина, Непал, Россиядан-Грозный, Газа чөлкөмүнөн Палестина жана Кыргызстан. Бул - бир гана Франция мамлекетинин сыйлыгы. Чоң алтын медалды Парижде Тышкы иштер министри мырза Кушнер өзү өкмөттүн атынан тапшырды. Франциянын премьер-министри өз фондунан 15 миң евро берет ар бир уюмга. Анан, биздин өнөктөшүбүз (партнер) - 10 миң евро, ошондой эле өз уюмубуздан 5 миң евро чыгарып, ошентип, баш-аягы 30 миң еврону биздин долбоорго, программабызга жумшайбыз. Проект 2010-жылы башталып, бир жылга уланат: Кыргызстандын 6 регионунан таланттуу 6 журналистти тандап алабыз. Аларга кыргыз мамлекетинен баштап дүйнөгө чейин эң бир жакшы журналисттик тактиканы, методиканы үйрөнүүгө жардам беребиз. Талантын күчөтүп, теманы тандаганды, эл аралык деңгээлде жазганды үйрөтөбүз. Жазган адамдардын темасы - түрмө, аял-полигамия, алтын жана башка кен чыккан жерлерде жабыр тарткан адамдар, чек аралардагы конфликттер болушу керек. Анан да, булардын баары гезит бетинде гана калып калбастан, аны сөзсүз чечүүчү адамдарга жеткирүү. Алсак, жергиликтүү бийликтен тартып жогорку бийликке чейин жеткирип, керек болсо БУУнун мүчөсүн тартууга түрткү берүү. Бул - жаңы методика.
- Жаңы жыл алдында жакшы каалоолоруңуз бардыр...
- Жаңы жыл алдында 80 улуттун өкүлү жашаган Кыргызстандын атуулдарын чын жүрөктөн куттуктайм.Кыргызстанда эң бир акылдуу, толеранттуу, келечекке умтулган адамдар жашайт. Бул - биздин байлыгыбыз. Ошондой эле кыргыздар да өзүбүздүн жүзүбүздү, салт-санаабызды, өз жүзүбүздү дүйнөгө жеткирүүгө аракеттенишибиз керек. Жаңы жылыбыз куттуу болсун! Парижде сыйлык алып жатып француз тилинде сыймыктануу менен "Мен - кыргыз элинин өкүлүмүн, эч бир тоскоолдуктарга карабай жакшылыкка, теңдикке умтулган элбиз" дедим.
Кыргыз элин куттуктай отуруп, өз уюумубуздун активдүү адамдарына чың ден соолук каалап кетер элем. Ар бир адамга дүйнө ачык, бала болобу, чоң адам болобу, баарын эгемендүү адам болууга чакырамын. Анткени, дүйнөгө кыргыз тилин, кыргыз дилин, нукура духовный байлыгын жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар, жол ачык деп айтаар элем.
Сиздердин "Алиби" гезитинин эмгек жамаатына да чыгармачылык ийгиликтерди чын жүрөктөн каалайм.
- Рахмат. Жолборс жылында сиздердин да жолуңуздар ачык болсун!
Маектешкен
Нурбүбү БӨДӨШОВА,

"Алиби"