Мигранттарга кеңеш
Дүйнө жүзүндө жыл сайын болжол менен 600-800 миңге жакын адамдардын укуктары чектелип, эмгек барымтасынын курмандыктары болушат. Миграция боюнча Эл аралык уюм тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча жыл сайын Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө адамдарды сатуунун курмандыктары болуп 5000 ге жакын адам чалдыгат. Булардын көпчүлүгүн аялдар жана кыздар түзүшөт.Суроо-талап көз карашынан алганда адамдарды сатууга таасир тийгизүүчү факторлордон болуп, сексуалдык индустрия жана эмгекти пайдаланууга суроо-талаптын өсүшү эсептелет.Мындай көрүнүштөр арзан жана легалдуу эмес эмгекке таянат.


Албетте, бул эмгек мигранттарынын укуктук сабаттуулугунун төмөндүгүнөн, чет өлкөгө чыгып жаткан адамдардын мыйзамдуу укуктарын үйрөтүү маселелери жеткиликтүү деңгээлде уюшулбагандыктан, эң курч маселелерди жаратып жатат. Алар чет өлкөдө мыйзамсыз эмгектенип, тийиштүү органдардан каттоодон өтпөгөн жарандарыбыз укуктук жагынан катуу жапа чегип жатышат. Коңшу жайгашкан Казакстан менен Россия мамлекеттеринде мыйзамсыз жүргөн мигранттарыбыздын тагдыры эң биринчи өзүнө, үй-бүлө, ата-энесине жана мамлекетибиздин кадырына терс таасирин тийгизип жаткандыгы жан кейитет.Үйдөн жок, же Чүйдөн жок кырдаал эч кимди кубантпаса керек.Бул мезгилге чейин массалык-маалымат каражаттарынан айтылып, жазылып келгендей кээ бир ага-эжелерибиздин аргасыз тагдырын кийинки өсүп келе жаткан жаштарыбыз кайталап калбоо үчүн, дегеле башына мүшкүл түшө элек, бирок мигранттардын катарын толуктайм деген -таризде жүргөн замандаштарыма укук чөйрөсүндө колдон келген маалымат жардамымды берсем, аларга караңгыда шам болуп, туңгуюкта жол болоор.Мыйзамсыз миграциянын пайдасынан зыяны баштан ашып, тагдырды таразалап турганда, сиздерге "Алиби" гезити укук маселелерин түшүндүрүүгө жардамга келет. Анда эмесе, сөз башынан болсун. Эгерде сиз Россия мамлекетинин жарандыгын алып жогорку маяналуу жумушка орношсом же болбосо чоң ишкер болсом деген ниетиңиз бар болсо, төмөнкү документтерди топтогонуңуз оң.


1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004- жылдагы үлгүдөгү паспорту .
2. Россия федерациясынын аймагында убактылуу же туруктуу жашоого ниетиңизди тастыктаган документ (листок убытия к паспорту).
3. Россия федерациясына киргендигиңиз тууралуу чек ара көзөмөлү органынын белгиси коюлган миграциялык карта.
4. ИИМден соттолбогондугуңузду тастыктаган справка.
5. Психоневрология жана наркодиспансерден справка.
6. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
7. Аскердик билетиңиз.
8. Эмгек китепчеңиз.
9. Нике күбөлүгү.
Жогорудагыларды топтоп койсоңуз сиз бара турган шаарыңызга чейин поездге же болбосо аба учагына билет сатып алуу гана калат. Ушул жерден сиз шашпаңыз. Аба учактары кайсыл аэропортко саат канчада конот? Күндүзбү же түнгө туш келип калабы? - ошого көңүл буруңуз.
Ал эми поездге билет сатып алууну 10-15 күн алдын-ала пландаштырганыңыз оң. Себеби, кассадан билет таппай калышыңыз толук мүмкүн.Аларды алдын-ала ортомчулар сатып алышып кайра сатышат.Бул биринчиден сиздин капчыгыңызга зыян алып келет.Экинчиден, шашкан убакта жасалма билет сатып алсаңыз өзүңүз эле ашыкча чыгымга учурайсыз.Ошондуктан, кассадан эрте эле орундук тандап, билет алып койсоңуз эч бир кабатыр болбойсуз.Ошентип, сиз кудай буйруган күнү жолго чыктыңыз дейли. Мына, өмүрүңүздөгү мусапырчылык учурлар эми башталат. "Жол азабы көр азабы" дегендей, 3-4 күндүк жолдо жүрүүдө сиз көргөнүңүздөн көрө элегиңиз көп экенин билесиз.Болжогон жерге чейин аял-эркек, жаш-кары, Аллахтын жазмышындагы тагдыр жана мамлекеттик мыйзамдар алдында баары бирдей жоопкерчилик күтүп турганын жакшы эле түшүнүшөт. Жолдо баратканда паспортуңузду эч кимге ишенип бербеңиз. Бул сиздин инсандыгыңызды күбөлөгөн негизги документ болуп эсептелет. Бир гана мамлекеттик чек арадан өткөндө чек-ара, бажы, жана ички иштер кызматкерлери текшерүүгө акылуу. Жолдо баратканда тааныбаган адамдарга эч бир сырдаш болбоңуз.Биринчи кездешүүдө эле чачылып, төгүлүп сизге боор ооруган тууган катары көрүнгүсү келип, аркы-беркини сурамыш болуп өзү жөнүндө кызыктуу жомоктор менен азгыра баштаса, ал сизди кантип кылтакка илсем деген амалынын бири деп түшүнүңүз. "Эң сонун жумуш шарттары мыкты, жакшы компания, айлыгы чоң" деп рекламалай баштаса, ага түк көңүл бурбаңыз.Алдыраарда жаздыраар болуп убакыттын өтүшүнө чыгымдалган карта, шахмат жана нарда оюндарына акча сайып ойноого катышпаңыз. Шектүү адамдар менен вагондун ресторанына барып тамактанбаңыз.Түнкүсүн тамеки тартуучу жайга жалгыз барбаңыз.Эгерде сиз жолдо Казакстан Республикасынын аймагында баратканда сизди полиция кызматкеримин деп паспортуңузду алып алышса, ал үчүн акча сурап коркутуп-үркүтсө, сиз ойлонбостон туруп жергиликтүү полициянын башчылыгына же Кыргыз элчилигине кайрылыңыз.Бул маселе боюнча жаныңыздагы бараткан сапарлаш ага-эжеге билдирип, кайсы жерде эмне болуп калганын Бишкектеги дос-туугандарыңа кабарлап коюуну өтүнүңүз. Бул маселеңиз чечилген соң Россия федерациясынын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пунктундагы чек-ара көзөмөл кызмат адамы сиздин инсандыгыңызды күбөлөн дүрүүчү документтерди салыштырып миграциялык картага Россия федерациясына киргендигиңиз тууралуу белги коет.Бул Россияда болушуңузду мыйзамдаштыруунун алгачкы кадамы болорун эске алыңыз. Сиз миграциялык картасыз Россия мамлекетине келген жериңиз боюнча каттоого тура албайсыз. Россиянын аймагында жашай турган жерге келгенде, 3 жумушчу күндүн ичинде миграциялык каттоодон өтүшүңүз зарыл. Бул иш боюнча аймактык миграциялык кызмат органына кайрылсаңыз болот. Миграциялык каттоо 90 күнгө чейинки мөөнөткө коюлат. Ал эми сиз ар кандай себептер менен же жөн эле миграциялык каттоого туруунун эрежелерин сактабасаңыз, анда сиз, Россия федерациясынын Административтик Кодексинин 25-ст.1п.жана 188-ст. негизинде 2 миңден 5миң рублга чейинки өлчөмдө администрациялык айып тартып калышыңыз толук мүмкүн.Ал эми мыйзамды одоно бузуу, Россия мамлекетинин чегинен чыгарып салуу менен да коштолушу мүмкүн.Ошентип, сиз өз убагында миграциялык каттоодон өткөндөн кийин аны паспортуңуздун ичине салып, өзүңүз менен кошо алып жүрүшүңүз керек.Бирок бул бардык тарапка иштөөгө укук бербейт.Ал үчүн сиз Россиянын миграциялык кызматынын аймактык органына жумушка уруксат берүү жөнүндө арыз беришиңиз керек.Берилген арыз 10-жумушчу күндүн ичинде каралууга жатат.Эгерде сиз уруксатыңыз жок туруп иштей баштасаңыз, 2 миң рублден 5 миң рублге чейин өлчөмүндө администрациялык айып тартасыз.Ошентип сиз жумушка иштөөгө уруксат кагазын аласыз.Эми бүттү го, эртеңден баштап жумуш таап иштей берем деген оюңуз жарга келип такалат. Себеби, жумушту өз алдынча таап эле иштөөгө мыйзам жол бербейт.Мыйзам боюнча сизге жумуш берген тарап менен эмгек келишимин түзгөндөн кийин гана ачык иштөөгө уруксат берилет.Тилекке каршы, иш берүүчүлөр келишим түзүүдөн качышат.Себеби, алар үчүн мамлекетке белгилүү бир өлчөмдө салык төгүп туруу зарылдыгы келип чыгат. Андыктан, алар ашыкча чыгымга баргылары келишпейт. Эгерде сиз эмгек келишими жок иштеп жүргөн жерден милиция кызматкерлерине кармалсаңыз, административтик айып төлөп убактылуу болуу мөөнөтүңүз кыскартылса сиз Россия өлкөсүнөн 3 күндүн ичинде чыгып кетүүгө милдеттүүсүз же департацияга дуушар болосуз.Бул маселеде укугуңузду коргоп калуу кеч болуп калат.Эгерде милиция кызматкери көчөдөн эле сиздин документтериңизди текшерип, келишими жок иштеп жүрөсүң деп күнөө тагып, коркутуп-үркүтүп, бир топ суммадагы акча талап кылып, темир тордун ар жагына 3 сааттан ашык камап, бирок эч кандай сизди алып келип камоо фактысы тууралуу документ-протокол түзбөсө, түзсө дагы администрациялык укук бузуу тууралуу шарттар аткарылбаса-милиция кызматкерлеринин аракети укуктук негизде эмес.Эгерде сизди мыйзамсыз айып төлөтсө, сиздин ким экендигиңизди ырастоочу документтериңизди алып алса же бузуп койсо сиз Кыргыз Республикасынын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн же консулдук мекеменин кызматкерлерин чакырууну талап кылыңыз. Эгерде эч кандай сиздин талап аткарылбай укугуңуз бузулуп кордолсо, анда сиз ошол эле органдын башкармалыгына же прокуратурага арыз жазып кайрылууңузга укугуңуз бар. Сиз кайрылган арыздын негизинде Россия федерациясынын Кылмыш Жаза Кодексинин 285-ст1п.-286-ст-1п.(Превышение должностных полномочий) негизинде сиздин укугуңузду бузган милиция кызматкерине иш козголот. Ал соттун чечими менен 4-6 айга чейин камоого өкүм чыгат же 4-жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошон үчүн ага-эжелер, өз укугуңуздарды билсеңиздер талаа-түздө кор болбойсуздар.
Алмазбек Сабырбеков
"Алиби"