Бетке айткан сөздүн заары жок

Бийликтегилерге суроолор...
Электр тарифинин кымбатташына байланыштуу кыргыз коомчулугунун мамлекет жана өкмөт башчыларына берген суроолорунун жалпы тизмеси.

Тарифтер
1. 1 квт.саат электр кубатына 18,8 тыйынды түзгөн (2009-жылдын 1-январынан тарта) 21 пайыз коромжулуктун; 643.5 сомду түзгөн (2010-жылдын 1-июлунан тарта) 25 пайыз "техникалык" жылуулук коромжулугу качан, эмне үчүн жана качандан бери мыйзамдаштырылган уурулукка чегерилген? Аны "ашап коюучулар" кимдер?
2.Электр кубатын сатуудан түшкөн 11,7 тыйын салыкты, жылуулукту сатуудан түшкөн 28,9 сом салыкты, НДСтен алынган 297,7 сом салыкты кимдер алат?
3.КР энергетика министрлигинин алдындагы Жылуулук-энергетикалык чарбасын жөндөө боюнча мамлекеттик департаменттин директор орунбасары Кубанычбек Турдубаев 2009-жылы 7-декабрда Турак жай кодексинин жаңы долбоорун коомдук угуу маалында "Электрстанциялар" АКсы жаңы тарифтерден 400 миллион сомго жакын киреше алат (43,5 тыйын үчүн жылына иштелип чыккан 12000-14000 квт.саат башка санды берет экен, алар акырында каякка жөнөтүлөт? Анан калса, бул 2010-жылдын 1-январындагы электр кубатынан алынган 10 тыйындын чыныгы наркы - аны Токтогул районунун, Каракөл шаарынын жана Жазы-Кечүү айылынын тургундары төлөйт, анткени, ал "Электростанциялар" АКсы үчүн калган 33,5 тыйын чегерилген Нарын тутуму иштеп чыккан электр кубатынын өздүк наркы боюнча алынат).
4. Ал эми Кыргызстандын Улуттук электр тармактар компаниясы (25,5 тыйын) жана бөлүштүрүүчү станциялар (42,5 тыйын) канча киреше алышат? 2010-жылы жана андан кийинки жылдарда аны эмнеге жумшашат? Кыргыз Улуттук электр тармактар компаниясы жана бөлүштүрүүчү компанияларды реабилитациялоочу орто жана узак мөөнөттөгү программалар кана? Алар качан компаниялардын веб-сайтында жарык көрөт?
5.Көз карандысыз эсептөөлөр: эгер Бишкектин 100миң 238 абоненти 5 айлык жылуулук берүү мезгилинде 15 миң сомдон төлөшсө, бардыгы болуп 15-17 млрд. сом же 400 миң доллар жыйналат, ал эми электр тармагын эксплуатациялоого 80 млн доллар сарпталат. Калган акчалар кайда кетет? Өлкөдөгү калган абоненттер 200 млн. долларга жакын төлөшөт. Бул акчалардын кайда сарпталарын ким айта алат?
6. Энерготарифтердин жогорулашынан кандай сумма алынат жана алар "статьялар боюнча" кайда багытталган? Тарифтердин жогорулашынан алынган жана энерготармактарды модернизациялоого багытталган "инвестициялардын" комплекстүү программасы барбы?
7.Бишкек ТЭЦи (жылуулук берүү борбору) тарифтерди жогорулатуудан чын эле 1 млрд. сом алабы жана аны кайда сарпташат? Сарптоонун бюджети менен ТЭЦти реабилитациялоочу кыска , орто, узак мөөнөттөгү программалар кана? Ар жыл сайын Бишкек ТЭЦин мамлекеттик кайчылаш колдоп каржылоо (субсидирование) кана? Алар кайсы булактардан келди? Өкмөт качан мындай кайчылаш колдоп каржылоону токтотот?
ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ ЖАНА ИЧҮҮЧҮ СУУ
8. Айыл жеринде артезиан кудуктарынан энергонасостору менен чыгарылган суу тарифтерин жогорулатууларга компенсацияны ким төлөйт, деги эле мындай компенсациялар каралганбы? Бул айыл жашоочуларынын же жергиликтүү бюджеттин кимисинин мойнуна илинет? Энерготарифтерди жогорулатуудан кийин ичүүчү сууга айыл жашоочулары бардыгы болуп канча төлөшөрү тууралу өкмөттүн маалыматы барбы?
9. Энерготарифтердин жогорулашы менен сөзсүз түрдө шаарларда электр насостору менен чыгарылган муздак суунун баасы жогорулайт. Бишкекте жана башка шаарларда муздак суунун баасы канча өлчөмгө кымбаттайт?
10.Билим берүү министрлигинде (мектептерди электр менен жылытуу үчүн) 2010-жылга мамлекеттик бюджеттен кандай өлчөмдөгү компенсация каралган? Мунун маалыматтары барбы? Же өкмөт муну бийликтин жергиликтүү органдарына түртүп койгусу келеби? Эгер андай болсо, бийликтин бардык жергиликтүү органдары тарифтерди жогорулатууга байланышкан компенсацияларды өзүнө толук көлөмдө алып жана өз убагында төлөп турууга жөндөмдүүбү?
11.Коргоо министрлигине (казарма ж.б. жылытууларга), Юстиция министрлигине (күзөт, түрмө ооруканаларын жылытууга) 2010-жылга мамлекеттик бюджеттен канча жана кандай өлчөмдөгү компенсация каралган?
12. Бишкек шаар мэриясы качан борбордун социалдык обьектилерин басма сөзгө ачык жарыялайт - коммуналдык кызматтар боюнча компенсация алуучуларга мэрде (2009-жылдын декабрында максаттуу пакеттин 500 млн. сомунун 200дөн кем эмес миллиону 2010-жылга каралган шаардын бюджетинде ушул максатта каралат), каржы жактан жөлөктүн көлөмү ырааттуу маалыматтар менен болсо? Калган 300 миллиондун 150миллиону бюджеттегилер менен башка категориялардагыларга турак-жай субсидиялар Борбору аркылуу берилеби? Ал бир жолку төлөмбү же ай сайын төлөнүп турабы? Эгер ай сайын болсо, бир жылда канча ай төлөнөт? Турак-жай субсидияларын алуучулардын аты-жөнү түзүлдүбү? Компенсацияларды төлөөнүн жүрүшүн кимдер көзөмөлдөйт?
13.Бишкекте жылуулук кубатын пайдаланган абоненттер - 100 миң 238, а турак-жай субсидиялар Борбору 18(?) миң үй-бүлө (абоненттер?) ? Официалдуу маалыматтар боюнча, калктын 20%ынан азыраагын түзгөн борбордун жакыр жашоочуларын коргоо деңгээли жетиштүүбү?
14. Бишкек мэриясы келерки жылдарда да компенсация төлөөнүн көлөмүнүн туруктуулугуна ишенеби? Мэрия эки жылдан кийин каржы компенсациясынын мындай көлөмүн кармап турууга мүмкүн эместигин жарыялап же компенсация алуучулардын тизмесин кескин кыскартып коюшпайбы?
15.Бишкек шаар кеңешиндей эле КР Жогорку Кеңеши, жергиликтүү башка кеңештер компенсация төлөөлөрдүн процессин көзөмөлгө алууну ойлошобу?
16. Кыргызстандын калган 19 шаарында кандай кырдаал түзүлдү? Бир гана Бишкек турак-жай субсидиялар Борбору уюшулганы маалым. Ош,Токмок, Нарын ж.б. шаарлардын жашоочуларына (өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдө) жылуулук үчүн компенсациянын ордун ким толтурат? Ош шаарынын жылуулук кубаттуулугун алуучу абоненттеринин саны - 7 миң 745, калган 48 миң абонент региондор менен облустарда. Өлкөбүздүн 40-60%ына жакынын түзгөн жакыр жана өтө жакыр жашаген калкты коргоо деңгээли жетиштүүбү?
17.Бишкек шаар кеңеши, Ош шаар кеңеши, КР Жогорку Кеңеши Бишкек жана Ош ТЭЦтерин реабилитациялоого 1996-жылдан азыркы мезгилге чейин эл аралык донорлор бөлүп келген дээрлик 100 млн. долларлык аудитти качан талап кылат? Официалдуу маалыматтарга караганда, жалгыз эле Бишкек ТЭЦи 2007-жылдын 1-апрелине карата чет элдик кредит боюнча 1млрд. 567 млн. сом суммасындагы карызы барбы? Бишкек ТЭЦи менчиктештирилсе, бул карызды ким төлөйт?

МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ,
КРЕДИТТЕР, АУДИТТЕР
18. Белгилүү болгондой, 2009-жылдын 29-декабрында "Түндүкэлектр" ж.б. бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүү конкурсу жарыяланган. Менчиктештирилип кетсе, 1994-жылдан бери алынган чет элдик кредиттердин карыздарын ким төлөйт?
19. "Түндүкэлектрдин" башчысы 2009-жылдын декабрында жылына 250 млн. сом алсам жетиштүү деп пресс-конференцияда жар салган. Борбордо эле мэрия тарабынан 350млн.сомдон кем эмес компенсация төлөнөрү каралган.Энерготарифтарифтерди жогорулатпай эле бул сумманы Бишкек, Чүй, Талас облустарына (республиканын калкынын үчтөн бирин түзгөн) "Түндүк электрди" реабилитациялоого багыттаса жеңил болбойт беле?
20. Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Назгүл Ташпаева 1,5 млрд. сом компенсация төлөнүп берилет деп жар салды. Тарифтерди жогорулаткандан көрө, бул зор сумманы өлкөбүздүн энерготармактарын реабилитациялоого багыттаса жеңил эмеспи?
21. Кыргыз Республикасына бөлүнгөн эл аралык энергокредиттер аудиттери качан өткөрүлөт? Энергокомпаниянын ишмердүүлүгүнүн толук аудити сыяктуу ал качан жарыяланат? Коом качан донорлордун келишимдери, мезгил-мезгили менен берген отчеттору жана жыйынтыктоочу отчеттору менен таанышат?
22.Энергокомпаниянын жана өкмөттүн сайттарында 1994-жылдан тартып энергокредиттерди алгандан берки бардык циклдин долбоорунун документтер пакетин толук (башынан аягына чейин) мамлекеттик жана официалдуу тилдерде качан жарыялашат?
23.Жогорку Кеңеш 1994-жылдан берки биздин мамлекет алган бардык энергокредиттер (300-400 млн.доллар) боюнча өкмөттөн отчет талап кылайын дейби?
24. Электр сарптоолордун 2004-2005-жылдары 40% жана андан жогору пайыздары, 2009-жылы 31-25(?)пайызга азайышынан улам кирген кирешенин суммасы канча? Алар кайда багытталган?
25. Казакстандан 2008-жылдын декабрында 2009-жылга электр кубаттуулугу менен жайкы экспорттук камсыздоо үчүн алган акчалар (20 (?) млн. доллардан кем эмес) кайда багытталды эле?
26. Январдан кечикпей Казакстандан 2010-жылдын жайкы электр энергиясын экспорттоо үчүн алына турган акчалар (20 (?)млндон кем эмес доллар) кайда багытталат?
27.Тарифтердин жогорулашына эксперт жүргүзүү, анын ичинде социалдык экспертиза качан жана кимдер тарабынан жүргүзүлөт? Монополияга каршы агенттик өлкөнүн мындай компаниялары сыяктуу табигый монополисттерден калкты коргоого качан чыгат?
28.Белгилүү болгондой, 1998-жылдан тартып КР Социалдык фонду "Кыргызэнергонун" (2001-жылдан тартып "Кыргызэнергону" бөлүштүрүүдөн кийин 13,16 % акциясы төмөнкү АКлардын ар биринде: "Электрстанциялар", "Улуттук электр тармактар", "Түндүк электрдин" бөлүштүрүлгөн компанияларынын, "Ош электр", "Жалалабатэлектр" , "Чыгышэлектр" жана Бишкек жылуулук тармагы) акцияга ээ болуп, антсе да бир да жолу андан түшкөн кирешелер тууралуу отчет берген эмес. 1998-жылдан тартып 2009-жылдын декабрына чейин бул акциялардан түшкөн кирешенин көлөмү канчалык?
29.Белгилүү болгондой, 2009-жылдын 1-январынан тартып КР Соцфонду MNW Asset компаниясына ишеним башкармалыгына бардык бөлүштүрүү компанияларынын ("Жалалабатэлектрден" башкасы) өзүнүн акцияларын өткөрүп берген, бирок белгилүү бир суммага эмес, а келечектеги пайданын үлүшүнө. Бул үлүштүн өлчөмү канчалык жана 2009-жылы бул компания канча төлөөгө тийиш? Ишеним башкармалыгы жөнүндөгү келишим канчанчы жылга чейин жарактуу? Бул компания менен түзүлгөн келишим КР Соцфондунун официалдуу сайтында чыгышы керек эле.
30. КР Соцфондунда башка энергокомпаниялардын акциялары ишеним башкармалыгына өткөрүлүшү тууралу пландар барбы?
31.КР Соцфонду жыл сайын эле көмөккө берилген көптөгөн миллиондордун туруктуу бойдон тура берерине ишенеби? 10 жылдан кийин фонддо төлөмдөрдүн күчү жоголуп, КРнын азыркы ишке жарактуу (а эртең - пенсионерлер) башка өлкөлөргө иштеп кеткен атуулдары Соцфондго эч нерсе төлөбөгөндүгүнөн улам проблемалар чыгышы талашсыз. Бүгүнкү 40 жаштагы аялдар менен 50 жаштагы эркектер эртең пенсионерлер, пенсиясыз жана энергокомпенсациясыз калышат. Бул - Соцфонд Бүткүлдүйнөлүк Банкка пенсиялык куракты жогорулатып жана аялдар менен эркектердин пенсияга чыгуу курагын теңдеп бер деген сунуш менен көшөкөрлөнүп кайрыларын айтып турат. Соцфонд бул проблеманы чечүүнү ойлонот болду бекен?
32. 2009-жылдын декабрында өкмөт жеңилдик алуучулардын (льготник) санын 286 миңден 50 миңге чейин кыскартты, биринчи кезекте тоолуу райондордун (Нарын, Алай?) жашоочуларынын эсебинен 156 миң адамды тизмеден чыгарышты. Нарын облусу көз алдыңда эле жашоочулары жок калып жатса, мамлекет ( бийликтин жергиликтүү органдары), өкмөт өзүнүн бийик тоолуу аймактарындагы чек араларынын стратегиялык коопсуздугун кантип камсыз кыла алышарын салмактап көрүштүбү?
Адам укугу боюнча
кыргыз бюросу даярдаган
2009 - жылдын декабры.