"Жалал-Абадга келгилечи..."
"Урматтуу "Алиби" гезитинин журналисттери!
Мен сиздерге Жалал-Абаддан жазып жатам. Сиздердин гезит жылдап чыкпай калганына ичимден капа болуп жүргөмүн. Деги эле азыркы бийлик өз билгенин кылып жатат. Убагында президентибиз К.Бакиев үчүн чуркаганымды танбайм. Себеби, акаевдик бийликти "үй-бүлөлүк" деп баарыбыз тажап, жээрип бүтүп бараткан элек. Кайра эле ошондогу таз кейпибизди кийип отуруп каларыбызды ал убакта билбептирбиз. Бийликти алгандан кийин эле жанына кошоматчы, ичип-жей турган мителерди чогултуп алды да, башка карапайым адамдарды тээп таштабадыбы бул президентибиз. Ооба, дал ошондой болгонун жалпы караламан калк танбайт.
Биздин Жалал-Абадга келгилечи. Кай жерден болбосун былык-чылыктарды чубап чыгарыңарга кепилдик берем. Себеби, алиги коррупция деген нерсе биздин жеген наныбыздай эле болуп калды. Бул турмуштун чындыгын жалган-жаман нерселерден ажырата албай да баратабызбы деп корком.
Ушундай кыйын заманда коомубузга биротоло сиңип бараткан көптөгөн көйгөйлүү нерселерди тайманбай бетин ачканга белсенген силерге ыраазылыгымды айткым келет. Өзүмчө кубанып атканымды жашыра албайм. Коомубузда орун алган терс көрүнүштөрдү ачык айтып, калың элге жеткирген чабарман болуп келген элеңиздер, эми ошол жолуңуздарды андан ары улантарыңыздарга ишенебиз.
Сиздерге ак жол каалап, саламым менен
Анарбай ОРОЗОВ,
Жалал-Абад облусу





МАИчи айымдар "антпейт" дешет, бирок...
Коомубуз илгертен ала таягын колуна кармаган "дядя Степадай" эркек милиция кызматкерлерине, өзгөчө, жол коопсуздугуна көз салган МАИ мырзаларга көнүп бүткөн. Антсе да, акыркы жылдары бели бир тутам болгон татынакай айымдарыбыз бул ишти колго алганын билебиз. Эми, айымдар аралашпаган чөйрө калбады го, анысына деле чочуркабай келебиз. Тескерисинче, колунда ала таягы, оозунда ышкырыгы бар айымдарыбыз суйкайып көчө ортосунда турса, чимирилген төрт дөңгөлөк алар токтотпосо да, өзү эле токтой калып жаткандай...
Анысы - ал дечи. Алгач, "айымдар эркек маичилердей болуп пара албайт, ошондуктан алмаштырып жатышат" дешти. Анан да, "жол коопсуздугуна көзөмөл кылган жигиттерге караганда кыздар "честный" иштегендиктен, алардын айлыгы жыйырма миңден ашат экен" деген да имиштерди угуп калып жүрөбүз. Мейли, ар ким өз таман акы, маңдай тери менен тапкан акчасына үй-бүлөсүн, бала-чакасын бага беришсин дечи, бирок... ушу - адал иштеп жаткандарына күмөнүм бар. Мен муну жөн эле айтып жаткан жерим жок. Себеби, маршруттук унаада баратып өзүм эки-үч жолу күбө болгонумдан улам мен муну сиздерге жазып отурам.
Жүрүп бараткан унааны токтотуп, 100 сом алган формачан айымды өз көзүм менен көргөм. Ошондо айдоочудан сурагам: Сиздин айдоочулук күбөлүгүңүздү неге талап кылган жок?- деп. Айдоочу мага карап күлүп: Кызык суроо берет экенсиз, эмне, маичи айым болсо эле "антпейт" деп ойлойсузбу?- деди. Анча түшүнө бербеген мен: Ал - "антпегени" эмнеси?- десем:
- Ой, алар деле адам да, бала-чакасы, үй-бүлөсү бар дегендей. Бир токтогондо эч болбогондо жүз сом беребиз. Азыр мен аз берип калдым, бирок ал мени түшүндү. Болбосо, токтотуп алып: "көбүрөөк эле таштап кетпейсизби" деп ачык эле айткандары бар. Болгону, айымдар тиги эркектердей болуп жүзүн үйрүп коркутпай, кашкайып күлүп турушат...
Баарыбыз күлүп калдык. Аргасыздыктын күлкүсү болду окшойт. Муну бардык эле айдоочулар билишет. Бирок, алардын иши МАИ кызматкерлери менен түздөн түз байланышып тургандыктан, тилин тишине катып, эрдин кесе тиштеп өздөрүнүн чыдамкайлыгын көрсөтүшүүдө. Антпесе, аларга күн кайда?!

Дилорам САТКЕЕВА,
Бишкек шаарынын тургуну




ТАРЫХ МУЗЕЙИ ТАЛАНЫП КЕТПЕСИН
Мамлекеттик тарых музейинде директор болуп иштеген бир жарым жыл ичинде анын директору Ж.Чынаев кадр саясатында жана финансылык-чарба иштеринде мурда буга чейин иштеп келген Таластагы "Манас Ордо" комплексиндегидей "колхозбай" саясатын улантып жатат. Ушул мезгил ичинде кадрлардын дээрлик 60 пайызы алмаштырылды. Алардын көбүнүн атайын илими-билими иштеген кесибине ылайык келбегендер,айрымдары директордун туугандары же тааныштары. Кабыл алынып жаткан илимий кызматкерлердин дээрлик бардыгы тарыхчылар эмес, филологдор. Кадрлар боюнча инспектор өзүнүн "балдызчасы" - Г.Курманалиева. Кызы Венера Чынаева сектор башчы болуп бир аз иштеп эле эки ставка айлык алгандан бери көрүнбөйт. Менеджер У.Давлеталиевге болсо эки ставка айлык төлөйт. Ж.Чынаевдин Таластагы "Манас Ордодо" жеп-ичкендери боюнча ИИМ тергөө жүргүзүп, иш сотто эмне болуп аяктаганы азырынча белгисиз.
Тарых музейинде бир кызматтан экинчисине которуштуруу адамдардын макулдугусуз эле жүргүзүлүп жатат. Эң кызыктуусу - Ж.Чынаев алып келген кадрлардын бардыгы 1,5 - 2 кызматтык айлык алышат.Ал эми жогорку квалификациялуу, накта адистер болсо бир гана ставкада же болор-болбос кошумча төлөөлөрдү алышат. Мисалы, Назира Момунбекова кандидаттык диссертациясын мына-мына жактайм деп жүргөндө кенже илимий кызматкерликке төмөндөтүлдү. Кабыл алынган айрым жаңы "адистер" эшиктен кирээри менен эле бөлүм башчы, окумуштуу-катчы болушуп, атайын билими жана стажы болбосо деле кошумча айлык алышат. Ж.Чынаев өзү да бети чымырап койбостон 2 оклад алат. Мунусуна кошумча - быйылкы жылдын 1-январынан бери музейдин кассасынан квартира акысы үчүн деп ай сайын 7 миң сом нак акча алып турат. Ал эми Маданият министрлиги "байкуш" директор үчүн деп искусство институтунун жатаканасынан 1 секция бөлүп берген. Ал квартирага директор өзүнүн кызын үй-бүлөсү менен жашаттырып, өзү болсо кызынын үйүндө жашап, 7 миң сомду ошого алып жатат. Квартира акысы адатта депутаттар мейманканада же квартирада жашашса төлөнүп берилчи эле. Ж.Чынаев болсо бул жерде көз боёмочулук кылып, кызмат абалынан кыянат пайдаланганы көрүнүп турбайбы. Мындан тышкары музейдин кассасынан директордун өзүнүн көрсөтмөсү боюнча ар ай сайын анын жеке керектөөлөрү үчүн 10-15 миң сомдон акча которулуп жана ал акча акт менен эсептен чыгарылып турат. Мына ушундай ыкма менен быйылкы жылдын август айында директорго 40 миң сомдой накталай акча анын жеке керектөөлөрү үчүн берилген жана ал сумма эч кандай актысы жана сметасы жок эле "ремонт жүргүзүлдү" деп эсептен чыгарылган. Ж.Чынаев иштеген мезгилден бери атайын эсептеги акчадан 300 миң сомдон ашуун каражат максатсыз иштерге жумшалган. Өткөн жылы болсо кызматтык ГАЗ-24 автомашинасы накталай акчага ремонттолуп, ал машина ошондон бери каякта экени белгисиз.
Бир жылга жакын мезгилден бери музейде сигнализация иштебейт жана буга директордун да, маданият агенттигиндегилердин да башы оорубайт. Бул деген ЧП эмеспи? Коңгуроо кагып, маселе көтөрүш керек эле.Бирок эч ким унчукпайт.
Макалага атымды ачык жазсам 37-жылкыдай куугунтук болоорун билем, себеби жетекчибиз өзү "анда менин душманым болуп каласың" деген. Бирок калыстык үчүн тескөөчү органдар ушул фактыларга көңүл бурар деген ойдомун.
Ж. АСАНОВА.


Урматтуу окурман!

Жашоо-тиричиликтин кай сферасында болбосун кезигип жаткан кейиштүү көрүнүштөр болобу, кубанычтуу учурлар болобу, өзүңүздүн сүйүктүү "Алибиге" кат-кабар жөнөтүп туруңуз. Сиздер менен кызматташууга даярбыз. Эшигибиз сиздерге дайыма ачык.


Бетти даярдаган Нурбүбү Бөдөшова