email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак
кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
18-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
СУДЬЯ КИМ?
БАКИЕВБИ?

2-бет
Бийликти МУРАСТОО башталдыбы?
3-бет
"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат"
Ошто кош болуу 22 аялдан ВИЧ вирусу табылды

4-бет
Даттануу арызы
5-бет
Бийликтегилерге суроолор...
6-бет
"Эл арманы" партиясынын Саясий кеңешинин
БИЛДИРҮҮСҮ

7-бет
ЧЫЛЫМДЫН ЧЫРЫ
8-бет
Мигранттарга кеңеш
9-бет
Ликбез для...
10-бет
Өлүмдөн өзүн коргойм деп ...Редакциядан:
11-бет
"Адвокат - профи" + ар кандай кеңештер
12-бет
"Жалал-Абадга келгилечи..."
"Урматтуу "Алиби" гезитинин журналисттери!

13-бет
Бийлик жана кримбийлик
14-бет
ИИМ билдирет
15-бет
Кыргыз күрөшүнө
колдоо жетишпейт

16-бет
ЖОЛУГУШУУ


п»ї
  Тапкан экенсиң...

СУДЬЯ КИМ?
БАКИЕВБИ?
Коркунучтуу саясий режим өлкөнү коркок адамдардын түрмөсүнө айлантып койду. Бакиевдердин бийлиги менен макул эместердин же өлкөдөгү абал боюнча өз пикири бар адамдардын, адам укуктары менен эркиндиктери үчүн күрөшкөндөрдүн, ким өз өлкөсүн коррупциядан жана казынага колун матыргандардан эркин көргүсү келгендердин бардыгынын куйругуна калбыр байланып, артынан сая түшүшөт. Эркин жашоо укугуна умтулган, бакиевдерче эмес, андан айрымаланган өз көз карашы бар миңдеген чынчыл адамдардын кара тизмеге "каттоого" алынышын Балыкчыда мыйзамсыз камакка алынып, катуу зордук-зомбулук, кыйноолорго туш болгон жарандардын мисалында айкын көрсө болот.
Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши да азыркы бийликтин күзгүсү. Хан Бакиев жана анын "жан-жөкөрлөрү" өз Мекенине адилет кызмат кылган, КРнын Куралдуу Күчтөрүндө маанилүү реформаларды жүргүзгөн чынчыл адамдын оозун жапкылары келип жатышат. Мунун себеби - генерал Исмаил Исаков Аксыдагы тынч демонстранттарды атууда Бакиевди негиздүү жана ачык айыптаган. Ал ошондой эле өлкөдө бийликти Бакиевдер ээлеп алып жатканына, алардын үй-бүлөсү баш болуп коррупциянын башында тургандыгына каршы үн көтөргөн. Ошентип, Исмаил Исаков мамлекет үчүн коркунучтуу болуп бараткан Бакиевдердин бийлигин алмаштырууга бел байлагандыгы үчүн ага кысым жасалып жатат. Чынчыл офицерди бүт өлкөнү сатып жаткан жана элди караңгыда кармап жаткан бийлик айыптап жатат.
Судья ким? Бакиевби? Аксылыктарды жазалап, башка бирөөлөрдүн артына жашырынып, күнөөнү ошолорго оодара салган адамбы? 2005-жылы мартта Исмаил Исаковго окшогон лидерлер уюштурган толкундун шары менен бийликке келип, бирок кийин улуу идеалдарды сатып, адамдардын жаркын үмүттөрүн өчүргөн адамбы? Мурдагы президенттин үй-бүлөлүк башкаруусун сындап коюп, өзү болсо кыска мезгил ичинде эле аны бул жагынан алда канча ашып түшкөн адамбы? Өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктары үчүн өлкөнүн байлыктарын тынымсыз пайдаланып жана туш келди сатып жаткан адамбы?
Ушундай адам судья боло алабы? Ушундай адамга соттордун составын тандоону кантип ишенсе болот?
Бакиевдердин короосунда сот адилеттиги болот деп ким ишенет? Абийири жана намысы бар бир да адам ишенбейт. Бир да!
Тескерисинче, Бакиев азыркы учурда элдин жана тарыхтын катаал сыноосунун алдында турат. Ал сот адилет жана анын чечими сөзсүз чыгат. Ал мезгил да келет.
АКШ, Канада, Швеция, Бельгия, Германия,
Улуу Британия, Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын
эркиндигин колдогон кыргыз жарандарынын Биримдиги




ТОРГОЙ ИЗДЕЙБИЗ
Өлкө президенти К.Бакиев өткөндө өкмөттүн структурасын чак-челекей чыгарып, президенттик Администрациянын ички түзүлүшүн иритип, "реформа" жасап баштаганда Конституцияны сыйлагандар "алгач Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, бул жагын ырастап албайлыбы" деп чыйпылыкташкан. Ошондо "Алайдан чыккан Арзыкан сулуунун" акаси Ажибай Калмаматов "сунушка макул деп кое бербейлиби, Конституцияны кийин деле тууралап коебуз да" деп "акылдуулуктун" "Ак жол" үчүн мүнөздүү классикалык үлгүсүн көрсөткөн эле. Мына эми, Ажибай аканин айтканы айткандай дал келгени жатат. Көсөм адам экен. Эми Конституцияны Максим Бакиевдин "размерине" ылайыктап бычып-тигип, ултарып бере койгула. Конституция оңдолгондон кийин ары жагында айылдык кыргыздар айтмакчы "ташы калдыбы" - шайлоо-пайлоо деп убара болбой эле Максимди президент кылып, тойс, ханзада кылып алалы. Конституция каалагандай өзгөртүлүп жаткандан кийин шайлоо жөнүндөгү Кодекс анын жанында эмне болуп калыптыр - баса калып жүн-пүнү менен сугунуп жибересиздер да, путбульт тоок жегендей кылып.
Бул иште Ажибай ака жалгыз экем деп камтама болбой эле койсо болот, анткени Максимдин эң мыкты бала болуп, атасынын ордун басаар азамат болуп чоңоерун Акаев заманында эле анын көздөрүнөн билип койгон "көз доктуру" Мамбет Мамакеев деген баатыр аксакалыбыз бар. Ал кишиге кошулуп "дуэт" ырдай койсоңуздар, ал жаңы обонуңуздарды Жогорку Кеңеш колдой койсо, Конституциялык Сот оңдой койсо... Кыргызстанда кой үстүнө жумуртка баса турган торгойлорду гана табыш керек болот. Андай торгойлор Алайда же Ак-Сууда эле эмес, башка бардык аймактарда да бар чыгар.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ,
"Алиби"




Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/09/1218_1.htm on line 71

Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/09/1218_1.htm on line 71

Warning: include(): Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/09/1218_1.htm on line 71








??.??