"Кокон хандыгы" жана баш вазир

Владимир Путин:
"Кыргызстандагы үй-бүлөлүк эмне болгон бизнес?"
Котормочудан:

Башкаларды билбейм, Елена Авдееванын бул макаласы улуттук намысымды ылай тебелегендей эле тебелеп салды. Ошондон улам "кыргыз бийлиги" деп айткандан да өзүмдү оолактатып, "Бакиев бийлиги өзү менен өзү кетсе экен, дүйнө жүзүнө кыргыздарды шерменде кылбай"-деп шакардай кайнап, булуттай буулугуп турган учурум.
Шордуу кыргызым ай! Сенин тагдырыңды чечип жаткан Бакиевдер менен Үсөновдор тууралуу "бүгүнкү жомокко" көз кырыңды салчы. Булар сенин бүгүнкү күнү, шоркелдей! Эртеңки күнүң кандай болоор экен?..

Орусиянын жетекчилиги менен болгон жолугушуулары жана сүйлөшүүлөрү жөнүндө маалымат берүүгө келгенде биздин үлкөн чиновниктердин апыртып ийүү өнөкөтү бар экенин Парус бир нече жолу жазып чыккан эле. Иш теңирден тескери кетип жатса аларың кемтиги жок келишимдер тууралуу сөз салышат. Бу жолкусунда биз Кыргызстандын баш вазири Данияр Үсөнов менен Орусиянын баш министри Владимир Путиндин жолугушуусунун майда-чүйдөсүн айткыбыз келип турат. Бирок, биздин өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан өңүттө эмес, таптакыр башка, жолугушуу кандай өтсө, так ошол өңүттө. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы иш жүзүндө кандай болгондугун Орусиянын баш министринин администрациясындагы булагыбыз билдирди.
Айланып келип эле болгон чындык ушул - сүйлөшүүлөрдөн эч кандай натыйжа чыккан жок. бул жолугушууну Путин тез жана өтө эле суз бүтүрдү, керек болсо ал протокол эрежелерине да көңүл бурбады. Анын биздин биринчи жактарга жасаган мамилеси эчактан бери эле эч кимге жашыруун сыр эмес. Эгерде, Владимир Владимирович Кыргызстандын мурдагы баш министрине кандайдыр бир деңгээлде түшүнүү менен мамиле жасаса, бүгүнкү баш министрибизди жерүү, сөздүн түз маанисинде айтсак, ачык эле кагып-силкүү менен мамиле жасады.
Мындай болоорун биз мурдатан эле айтканбыз. Тилекке каршы, Ак үйдүн жогору жагындагылар биздин эскертүүлөрүбүзгө кулак салмак турсун, алдыда болуучу расмий жолугушуулардын жол-жобосун аңдап алууга акылдары жетпеди. "Аларың ким экен?" - деп коюшкан окшойт го. Сүйлөшүүлөр башкача нукка түшүп баратса баягы эле көнүмүш адатка салып, алдап кетебиз дешти да. Орусиянын баш министринин администрациясы ошого да баш оорутуп, төгүндөө жиберип отурмак беле!
Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушуунун натыйжасы боюнча мындай билдирүү тараткан: "Жолугушууда Орусиянын баш министри В.Путин "тилекке каршы, товар жүгүртүүнүн деңгээли 30-40 % га төмөндөп кетти, бул кооптуу жагдай, бирок бизде мурдагы деңгээлге кайрадан көтөрүлүп, ишти алдыга жылдырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар" десе, кайтарым жообунда Д.Үсөнов "эки тарап биргелешип иштөөчү долбоорлор, алар бүгүнкү күндө кандай деңгээлде экендигин билдирип коёюн дедим эле. Кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын февраль айында Москвада кол койгон келишимдеги өзүнүн милдеттерин толук аткарып койду. "Дастан" акционердик коомунун 48 % акциясы Росимуществого өткөрүлүп, келишимге кол коюлду" - деп белгилеп отурбайбы.
Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу баш вазир Д.Үсөнов сүйлөшүүлөрдүн достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөндүгүн билдирген. "Биз көптөгөн кыргыз - орус долбоорлорунун ишке ашырылуусу тууралуу пикир алыштык . "Камбар-Ата-1 электр станциялары" акционердик коому биргелешкен ишканасынын абалы жана келечеги жөнүндө сүйлөштүк. Сөз Нарын дарыясына курулуучу кубаттуу станциянын курулушу жөнүндө баратат. Россия тарап бул долбоорго 1,7 млрд доллар каражат чегерип жатат. Биз жыл этегине чейин чечебиз деген уюштуруу-техникалык маселелердин азыртан эле чечилгенин канагаттануу менен белгилеп коюуга тийишпиз"-деген эле Д.Үсөнов.
Кечиресиздер, мырзалар, иш жүзүндө андай болбой жатпайбы. Тагыраагы, теңирден тескери болуп жатпайбы. Туура, эки тараптын пикир алышканы ырас. Бирок кандай пикир! Биздин Данияр Токтогулович жупуну, ак көңүл, бетке чабарлыгы менен 1,7 миллиардды качан бересиң таризинде Путинге жабышып жатпайбы. Бул ишти шылдыңга айландырууну көздөгөн бизден башка басылма болгондо Орусиянын баш министринин берген ошондой эле жупуну жообун ачыктан ачык эле жеткирчү жерине жеткирди деп коймок.
Жок-жок, бул, албетте, апыртылган сөз. Владимир Владимирович өзүнө уйгактай жабышкан Үсөнов мырзага сыпайылык менен болгону мындай дебедиби: "Кечиресиз, сиз менен сүйлөшүүгө убактым тартыш болуп турат, мени Юлия Владимировна (Тимошенко-автор) күтүп жатты эле, менин болсо айымдарды күттүрүп койчу адатым жок". (сөзмө-сөз келтирилди).
Иш тууралуу болсо Орусиянын баш министри мындай деди(сөзмө-сөз келтиребиз):
Путин: "Мага Кыргызстанда үй-бүлөлүк бизнестин мамлекеттик деңгээлге чыккандыгы жөнүндө сөздөр жетүүдө. Эмне болуп жатат? Муну кандай түшүнүү керек? Эмне үчүн Кыргызстанга биз тараптан берилген акчалар коммерциялык банктарга түшүүдө? Алардын Камбарата ГЭСине максаттуу пайдалануусунун кепилдиги барбы? Дагы бир жагдайды эсиңизге салып коеюн: кредит алуунун шарттарынын бири-америкалык аскер базаны Кыргызстандан чыгаруу болгон...
Үсөнов: База азыр жок да! Азыр бизде транзиттик жүктөрдү ташуу борбору гана бар!
Путин: Билесизби, мындан жыйырма жыл мурда Фрунзе шаарынын аты Бишкекке айланган, бирок андан анын мааниси өзгөрүлгөн жок да...
Мына ушундай сүйлөшүү болгон. Толук берилбей жаткан Орусия кредити тууралуу маселени Данияр Токтогулович 7-кабатка келген күнүнөн эле көтөрүп келатканын айтып койгонубуз оң. Алгач орус желегинин күнүнө арналган кабыл алууда ал Орусиянын Кыргызстандагы посолу Валентин Власовдун жанын койбой качан, деги качан эми деп жабышып жаткан.
Сурай турган кишини тааптыр! Ал Д.Үсөновго эч нерсе айта алмак эмес, себеби өзү эч нерсе билген эмес. (Мага Кремлдеги ошол эле узун кулактар бир жолу өтө түшүнүктүү кылып айтышкан: кеп Кыргызстандагы посольствонун маалыматтан кур жалак болгондугунда эле эмес. Биздин өлкөгө дипломатиялык корпустун иштиктүү кадрларын эмес, же пенсияга кетүүчүлөрдү, же күнөөгө баткандарды жөнөтүшөт. Акыркы эки-үч жыл ичиндеги посольствонун жүүнү бош, бардыгына эле макулчулдук позициясын карап отуруп мен жогоруда айтылгандардын калети жок экендигине көзүм жетип отурат).
Аркы-беркини аңдабай туруп, анан калса жогорудагыдай "эркин", атан төө менен тайлактын мамилесиндей, үсөновдук манераны колдонуп Владимир Путинге асылуунун кереги жок эле да. Мындай жүрүш-турушунан канча жолу жапа деле чекти, тилекке каршы жыйынтык чыгара албады.
Ага караганда, өз убагында биз туура жыйынтыкка келдик, бүгүн аныбызга көзүбүз жетип отурат. Орус өкмөтүнүн дипломатиялык сыпайычылыгына карабастан ага америкалык авиабаза боюнча Кыргызстандын бет тырмарлык позициясы жакпасы анык. Шериктеш коопсуздук уюмунун келишимине кол койгон өлкөлөр менен авиабазаны чыгаруу боюнча макулдашуу артка кайтпас болуп бекитилген эле, бирок ал бузулуп отурат. Анын атын өзгөртүү маселеси Орусиянын макулдугу менен чечилди дегендер жөн гана сөз болчу, аны эл аралык коомчулуктун алдында өзүн актоо максатында өзүбүздүн эле "Ак үйдүн" учурган өрдөгү эле.
Анан дагы, эң негизгиси, биз мурдатан эскерткендей, орус жетекчилигине бүтүндөй мамлекеттин болгон байлыгын ээлеп алган Кыргызстанды өнүктүрүү фонду менен болгон оюндар жаккан жок. президенттин уулунун өкмөттөн бийик турган бул орунга дайындалышы жаккан жок. мындай нерсени биз өзүбүздө, ич ара эмне үчүн Курманбек Бакиев мындай тобокелчиликке баргандыгын талашып-тартышсак болот. Мүмкүн анын ой-тилеги таза, ак ниеттен өлкө кызыкчылыгына багытталып жаткан чыгар? Мүмкүн. Бардыгы болушу мүмкүн.
Бирок, Орусиянын баш министри андай философиялык суроого башын оорутуп отурмак беле? Болуп жаткан окуяларды ал кандай айтса, так ошондой гана кабыл алды: Кыргызстанда бардык мыйзамдарды, ал гана эмес Конституцияны да тебелеп-тепсеген бир үй-бүлөнүн бизнеси мамлекеттик деңгээлде мыйзамдашуу жолуна түшүүдө.
Ошол себептен Орусиялык кредиттин биздин өлкөгө бүгүнкүгө чеийн келбей жатышына таң калуунун кереги жок. Ал гана эмес, "эмне үчүн?" деп суроонун өзү күлкү келерлик нерсе. Ошон үчүн Орусия ачык эле жүйөөлүү суроого өттү: берилчү акчалар мамлекеттин казынасына түшөбү же акырындык менен кимдир бирөөлөрдүн жеке чөнтөгүнө кетеби? Азырынча бул маселеде айкындык жок. Орусиядан келчү акчалар, айталы, фонддун башкы "финансисти" Евгений Гуревич тарабынан интернеттеги кумар оюндарына кетпестен, максаттуу жумшалаарына да кепилдик болбой жатпайбы. Жутунган фондучулар менен "царийчилер" өздөрүнө жоопкерчиликти алгандай жалпы фразалар менен бул жерде, биздин кулагыбызга камыр илсе болот. Путин башында турган орус жетекчилиги камгактай жеңил-желпи жаш балдар эмес, эр болсоң лапшаңды илип көр алардын кулагына.
Акырында, "Дастан" жөнүндө. Жумшартып айтсак, бул жерде дагы Д.Үсөнов менен анын кол алдындагылары өлкөгө болгон чындыкты айтпай жатышат. Эч кандай келишимге кол коюлган жок. Кыргыз тарап документти даярдап, Москвага жөнөткөн. Ага ылайык, "Дастандын" 49 % акциясы менен Бишкекте курулуучу соода өкүлчүлүгүнүн курулушу үчүн бөлүнгөн жер участогу үчүн Орусия өкмөтү биздин 182 млн доллар тышкы карызыбызды кечүүгө тийиш эле. Бирок, келишимдин долбоорун орус тарап бизге кайра кайтарды. Иштин жүрүшүнө баам салсак, ага кол коюу узак убакытты талап кылат окшоп калды.
Болгон жөнөкөй жана бизге жакпаган чындык ушундай. Биз айткандарды жокко чыгаргысы келгендер да чыгаарын билебиз. Убара болушпасын. Күбөлөрүбүз жетиштүү. Анан калса, Орсия тараптан гана эмес, биз тараптан дагы. Данияр Токтогулович Путин менен жолугушууга бир үйүр министрлерин ала барган болчу. Бараандуулук үчүн болсо керек, а мүмкүн психологиялык басым жасоо үчүндүр.
Бирок, ал кагаз жүзүндө гана ага баш ийген өкмөттө аны көрө албагандар жетишерлик экенин унутуп коюптур. Алар болсо мүмкүн болгон эле жерден анын көчүгүн чукуштун амалын издебей койбойт. Ошол себептен биздин жупуну жана бетке чабар баш вазирибиз сүйлөгөн сөзүнө, жүрүш-турушуна, төгүлүп-чачылганына сак болбосо болбойт. Бул биздин ага берген ак пейил кеңешибиз...
Елена АВДЕЕВА,
"Назар" гезитинен алып которгон Б.Жээнбеков